> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Улуттук валютанын банкноттору 

 

Кыргызстандын банкноттору өлкөнүн тарыхый-маданий мурасын жана улуттук колоритин чагылдырат, ошондой эле жасалмалуулуктан коргоо боюнча заманбап жана эффективдүү системаны колдонуу менен эл аралык сапат стандарттарына ылайык даярдалат. 

Эң жөнөкөй коргоо элементтеринин минималдуу топтому бар банкноттордон баштап, банкнот өндүрүшүнүн акыркы жетишкендиктерин колдонууга чейин, улуттук валюта банкноттору дүйнөдөгү эң кооз жана сапаттуу банкноттордун бири болуп эсептелет.  

30 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандын банкноттору көркөм жасалгасы, заманбап дизайны жана жасалмадан эң жогорку деңгээлде корголгону менен эл аралык деңгээлде бир нече жолу таанылган. 

 

 

Коллекциялык монеталар  

 

Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталар Кыргызстандын кооздугун жана кайталангыс өзгөчөлүгүн чагылдырып, көркөм жасалгалоонун жогорку деңгээли жана чегүү сапаты менен айырмаланат.  

Бардык алтын жана күмүш монеталар «Proof» жогорку коллекциялык сапатына ээ жана алар алтын жалатуу, түстүү басып чыгаруу, кычкылдануу, асыл таштарды чөгөрүү, түстүү эмалдаштыруу сыяктуу заманбап технологияларды пайдалануу менен даярдалат. 

Кыргызстандын коллекциялык монеталары республикабыздын ичинде сыяктуу эле, жана анын чегинен тышкары да таанылган жана туруктуу суроо-талапка ээ. Бул тууралуу Улуттук банк тарабынан ар түрдүү адистештирилген нумизматикалык басылмалардан жана уюмдардан алынган эл аралык сыйлыктар тастыктап турат.