> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын укуктук статусу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын укуктук статусу жөнүндөгү маселе - бир кыйла татаал жана маанилүү да маселе болуп саналат. Мына ушул маселенин татаалдыгы, Улуттук банктын укуктук статусу - комплекстүү мүнөздү камтуу менен анын кароодо укуктук нормалар гана эмес, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аткарган функциясына таянган экономикалык жактан негиздүүлүгүндө турат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамына ылайык аныкталат. 

Көз карандысыздык принциби - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын укуктук статусунун өзөктүү элементи - эң оболу, Улуттук банк мамлекеттик бийлик органдарынын структурасына кирбегендиги жана акча эмиссиясынын жана акча жүгүртүлүшүн уюштуруу боюнча артыкча укукка ээ болгон өзгөчө институт катары иш алып баргандыгында. 

Кыргыз Банкынын жылдык отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши карайт. 

Улуттук банк юридикалык жак болуп саналат жана аталышы көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө ээ. Улуттук банктын мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча ыйгарым укук Улуттук банктын өзүнө гана таандык жана Улуттук банктын мүлкүн алып коюуга жол берилбейт. Улуттук банк өз статусун жана ыйгарым укуктарын сот тартибинде коргоого укуктуу. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансылык көз карандысыздыгы, өз чыгашаларын өз кирешелеринин эсебинен жаба алгандыгынан көрүнөт жана ал бардык салыктардан, бажы жана башка жыйымдардан, ошондой эле мамлекеттик пошлиналардан бошотулат. Улуттук банктын бюджетин түзүү принциби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген. 

Улуттук банктын укуктук актылары анын укуктук статусун айрымалоочу белги болуп саналат. Улуттук банктын нормативдик актылары анын нормаларды иштеп чыгуу компетенциясына жараша жана ушул компетенциянын чегинде иштелип чыгат, банк мекемелери, алардын кардарлары, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдары үчүн аткарылышы милдеттүү болуп саналат. Улуттук банктын граждандардын укуктарына жана эркиндигине тиешеси болгон нормативдик актылары мамлекеттик каттоодон өткөртүлөт. 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин финансы, банк ишине тиешелүү маселелер боюнча кеңешчиси болуп саналат. Улуттук банк финансы жана банк ишине байланыштуу нормативдик - укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды берет.