> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уюштуруу түзүмү 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык Кыргыз Банкы тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугуна жетишүү жана кармап туруу максатын көздөйт. Кыргыз Банкынын иш максатынан улам, анын негизги милдеттери жана функциялары аныкталган. Функциялардын аткарылышы жана жоопкерчилик Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлүп, алар жалпысынан Улуттук банктын уюштуруу түзүмүн түзөт.   

Улуттук банктын уюштуруу түзүмү эки негизги принциптин негизинде түзүлөт: 

- функционалдык түзүмдүн негиздүүлүк принциби; 

- үзгүлтүксүз өнүгүү жана өркүндөтүү принциби. 

Негиздүүлүк принциби бардык обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөр жана звенолор Улуттук банктын тиги же бул функциясына түздөн-түз байланыштуу милдетти аткарууга жана анын максаттарына жетүүгө өбөлгө тийиш. 

Үзгүлтүксүз өнүгүү жана өркүндөтүү принциби Улуттук банктын учурдагы түзүмү туруктуу болбостон, өзгөрүүдө жана негизги максаттардын, өнүгүү артыкчылыктарынын өзгөрүүсүнө, өлкөдө жүрүп жаткан экономикалык өзгөрүүлөргө жана реформаларга байланыштуу өзгөрүп турарын билдирет. 

Экономиканын ушундай шарттарына жана талаптарына ылайык Улуттук банкта төмөнкүдөй уюштуруу түзүмү түзүлгөн: 

Экономика башкармалыгы  

Акча - кредиттик операциялар башкармалыгы 

Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы 

Банктык көзөмөл башкармалыгы  

Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 

Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы 

Лицензиялоо башкармалыгы 

Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы 

Төлөм системалары башкармалыгы 

Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы 

Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы 

СВИФТ сервис бюросу бөлүмү 

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү 

Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарын тескөө бөлүмү 

Коопсуздук жана маалыматтык коргоонуу башкармалыгы 

Административдик-чарбалык ишти камсыздоо башкармалыгы 

Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы 

Пландаштыруу, бюджет түзүү жана контролдоо башкармалыгы 

Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгы 

Ички аудит бөлүмү 

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү 

Ревизорлор бөлүмү 

Финансылык тобокелдиктерди контролдоо бөлүмү  

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү 

Башкарманын катчылыгы бөлүмү 

Курулуш жана ремонт иштери бөлүмү 

Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмү 

Операциялык тобокелдиктер жана бизнес-процесстер бөлүмү 

Окуу-ден соолукту чыңдоо борбору ("Толкун" пансионаты) 

Областтык башкармалыктар жана Улуттук банктын өкүлчүлүгү