> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

коллекциялык монеталары 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алгачкы нумизматикалык эстелик монеталары 1995-жылы чыгарылып, Кыргызстандын нумизматика рыногунун түптөлүшүнө жол салган. Республикада нумизматика рыногу белгилүү бир өнүгүү баскычынан өтүп, өлкө чегинен тышкары чыгуу менен өнүгө баштаган. Тажрыйба көрсөткөндөй, нумизматика рыногу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жалпы стратегиясына ылайык план чегинде, комплекстүү ыкмада ишке ашырылган шартта, аны кыйла натыйжалуу жана тез өнүктүрүүгө жетишүүгө болот. Улуттук банк бир жагынан нумизматикалык монеталарды даярдап чыгарат, экинчи жагынан аны сатууну жүзөгө ашырат. Бүгүнкү күндө, Кыргызстанда эстелик монеталары рыногун өнүктүрүүдө Улуттук банк сыяктуу эле, аларды сатып алуучулар да чечүүчү ролду ойнойт.  

Кыргызстандын коллекциялык монеталары сувенир же нумизматикалык баалуулук гана болуп эсептелбестен, маалымат булагы болуп да саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө байланыштуу маданий эстеликтер, маанилүү даталарды даңазалоо, маданият жана спорт жаатында жетишкендиктерди, улуттук үрп-адаттарды жана оюндарды кайра жандандыруу, Кыргызстанда жок болуп бара жаткан флора жана фауналардын түрлөрүн жайылтуу максатын көздөйт. Улуттук банк чыгарып жаткан коллекциялык монеталардын тематикасы Кыргызстандын кооздугун, кайталангыс өзгөчөлүгүн даңазалоого багытталган. Буга чейин: “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы», «Тарыхый окуялар», «Кыргыз мамлекеттүүлүгү», «Кыргыз каганатынын доору», «Эл аралык тоолор жылы», «Кыргызстан Улуу Жибек жолунда», «Чынгыз Aйтматовдун чыгармалары», «Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери», «Улуттук спорт жана элдик оюндардын түрлөрү», «Улуттук музыкалык аспаптар» «Кыргызстандын Кызыл китеби» серияларына арналган монеталар чыгарылган. ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын баалуу металдан жасалган коллекциялык монеталарды чыгаруу боюнча эл аралык программасынын алкагында Улуттук банк тарабынан: "ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борборлору", "ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн жаныбарлар дүйнөсү", “ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн элдеринин жөрөлгөлөрү жана салт-санаалары”, “ЕврАзЭСке 10 жыл”, “Аруулук уялаган балдар дүйнөсү”, "Улуу Жибек Жолу" серияларындагы күмүш монеталары чыгарылган. 2015-жылы монеталык программанын алкагында Улуттук банк тарабынан Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктары тарабынан күмүштөн жасалган «Евразия экономикалык союзу» монетасы чыгарылган.  

Улуттук банк монета чыгарууда алтын жалатуу, голограмма, тампондук мөөр басуу, кычкылдануу, ар түрдүү таштарды чөгөрүү (асыл таш, Сваровски кристаллы) сыяктуу заманбап технологияларды пайдаланат. Жаңы эстелик монеталарды чыгарууну пландаштыруу менен Улуттук банк ар кандай категориядагы керектөөчүлөрдүн жана коллекционерлердин арасында кыйла популярдуу темалардын рейтингин изилдөөгө алат. Монеталар сериясын чыгаруу концепциясы жана тематикасы Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат. Коллекциялык монеталардын долбоорунун үлгүсүн иштеп чыгуу үчүн кесипкөй сүрөтчү-дизайнерлер ишке тартылат.  

Кыргызстандын коллекциялык монеталары эл аралык мелдештерде сыйлыктарга ээ болгон. Айтсак, “Чынгыз Айтматовдун чыгармалары” сериясындагы монеталар Санкт-Петербург шаарында өткөн “Монеталар даражасы - 2010” эл аралык эстелик монеталарынын төртүнчү сынагынын алкагында «БИБЛИО-ГЛОБУС» соода үйү тарабынан ардак грамотага ээ болгон. Ал эми “Улуу Жибек Жолу” монетасы 2013-жылы өткөн Берлин шаарындагы «Krause Publications» басылмасы тарабынан “Бир кыйла тарыхый мааниге ээ монета” номинациясы боюнча уюштурулган “Жылдын монетасы” сынагынын жеңүүчүсү болуп таанылган. "Саймалуу-Таш" коллекциялык күмүш монетасы Москва шаарында өткөн “Монеталар даражасы 2014” сынагында “Жылдын күмүш монетасы” номинациясында үчүнчү орунга татыктуу болгон.  

Кыргызстандын коллекциялык монеталарына болгон кызыгуу жыл сайын артып келет. Бүгүнкү күндө аларды нумизматиканы кызыктуу хобби катары көргөн кесипкөй-коллекционерлер гана сатып албастан, жөнөкөй жарандар да кызыгуусун артып инвестиция катары сатып алып жатышат. Монеталар коллекциясын топтоодо аларды талапка ылайык шарттарда сактоо зарыл, б.а. монеталар аба, нымдуулук, жылуулуктун таасиринен өз нумизматикалык баалуулугун жоготушу мүмкүн. Монеталарды зыянга учуратпоо үчүн аларды акрил капсуласында сактап, абалын алгачкы чыгарылган түрдө сактап калууга болот. Монеталарды капталынан (гурт) гана кармоо зарыл. Монета бир аз гана тилинип же ага манжанын изи түшүп калса ал өз нумизматикалык баалуулугун жоготот. Ушул себептерден, биз монетаны акрил капсулада сактоону жана аны капсуладан албоону сунуш кылабыз.