Кайта келүү


2000 сом номиналындагы банкнота – «2018-жылдын мыкты регионалдык банкнотасы» 


2000 сом номиналындагы эстелик банкнотасы 2017-жылдын 17-ноябрында жүгүртүүгө чыгарылган жана өлкөнүн тарыхындагы бир катар маанилүү окуяларга арналган: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 25 жылдыгына карата чыгарылган. 

2000 сом номиналындагы эстелик банкнотасы Польшанын Варшава шаарында High Security Printing Europe жогорку деңгээлде басып чыгаруу боюнча эл аралык конференциянын алкагында Борбордук жана Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында «2018-жылдын мыкты регионалдык банкнотасы» эл аралык сынагынын «Жылдын мыкты регионалдык банкнотасы» сыйлыгы дизайн, көркөм жасалгалоо контекстинде заманбап коргоочу элементтерди колдонуу, ошондой эле банкноттун технологиялык жабдылышы жана корголушу жагында мыкты жетишкендиктери үчүн ыйгарылат. Мында маданий мурастарды чагылдырууга, ошондой эле эмитент өлкөнүн жалпы дизайнынын жана символикасынын актуалдуулугуна өзгөчө көңүл бурулат.