Чыгармачылык сынактар
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы келерки жылга карата коллекциялык монеталарды чыгаруу планына ылайык, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында ачык сынактарды туруктуу негизде өткөрүп турат.
Сынактын шарттары:
Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш:
- берилген темага шайкеш келүү;
- жогорку деңгээлде көркөм аткаруу;
- маданий жана эстетикалык ченемдерге ылайык келүү;
- жеке чыгармачылык.
Эскиздердин долбоорун тариздөө боюнча талаптар:
Эскиздердин долбоору төмөнкүдөй берилүүгө тийиш:
- коллекциялык монетанын рельефи нукура өлчөмүндө иштелип чыккан көркөм сүрөт жана чоңойтулган түрдөгү көркөм сүрөт (150 мм);
- электрондук каражатта JPG форматында.
Ар бир эскиздин долбооруна коллекциялык монетанын сунушталган дизайны боюнча мазмунун чечмелеген түшүндүрмөлөр кошо тиркелүүгө тийиш.
Сый акы
Сынактын жеңүүчүсүнө монетанын алдыңкы жана арткы бетине 50 000 (элүү миң) сомдон эсептегенде, бир монетага 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө сый акы төлөнөт. Сый акы Улуттук банк Башкармасы бекиткен эскиздердин долбооруна гана төлөнөт.
Эскиздердин долбоору төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168, № 117 «экспедиция» иш бөлмөсүнө тапшырылат.
Кошумча маалыматты (312) 66-92-24, 66-92-25 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.