> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Алтын куймаларды сатуу  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары  Улуттук банк) Борбордук жүгүртүү касса тобу жана областтык башкармалыктарынын жүгүртүү кассалары аркылуу жеке адамдарга жана юридикалык жактарга алтын куймаларды сатуу иш күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин нак же нак эмес формада төмөнкү даректер боюнча ишке ашырылат: 

 

1-таблица. Улуттук банктын алтын куймаларды сатуу/сатып алууну ишке ашырган мекемелеринин дареги:   

  №  

Башкармалыктардын аталышы  

Дареги  

1  

Борбордук аппарат  

Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө 101, тел. 0 312 66 91 42,  

66 91 41  

2  

Ош областтык башкармалыгы  

Ош шаары, Курманжан датка атындагы көчө 119, тел. 0 3222 2 26 25, 

2 12 20  

3  

Нарын областтык башкармалыгы  

Нарын шаары, Жамгырчы уулу Абас атындагы көчө 6, тел. 0 3522 5 04 71, 0 3522 5 04 69  

4  

Ысык-Көл областтык башкармалыгы  

Каракол шаары, Токтогул атындагы көчө 265, тел. 0 3922 5 12 58, 5 12 79  

5  

Жалал-Абад областтык башкармалыгы  

Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү 13, тел. 0 3722 2 39 94, 2 27 72  

6  

Талас областтык башкармалыгы  

Талас шаары, Бердике баатыр көчөсү 291, тел. 0 3422 5 54 21, 5 21 03  

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга алтын куймалар алардын инсандыгын тастыктаган документтердин (паспорт, аскердик билет, аскер кызматчысынын ким экендигин тастыктаган күбөлүк) негизинде сатылат. Өлчөнгөн куймаларды сатуу алардын келип чыгышын тастыктаган сертификатты милдеттүү түрдө кошо тиркөө менен ишке ашырылат. Жеке адамдар жана юридикалык жактар куймаларды нак эмес формада сатып алууда алар Улуттук банктын төмөнкү эсептерине акча каражаттарын которууга тийиш.  

 

2-таблица. Улуттук банктын мекемелеринин нак эмес эсептешүүлөр үчүн каралган эсептери тууралуу маалыматтар  

№№  

Эсептердин номери  

Башкармалыктардын аталышы  

БИК  

ИНН  

1  

1013930100000165  

Бишкек шаары, Борбордук аппарат  

101001   

01212199210017  

2  

1013930100000569   

Ош шаары, Ош областтык башкармалыгы  

101001   

01212199210017  

3  

1013930100000266  

Талас шаары, Талас областтык башкармалыгы  

101001   

01212199210017  

4  

1013930100000367  

Нарын шаары, Нарын областтык башкармалыгы  

101001   

01212199210017  

5  

1013930100000468  

ЖалалАбад шаары, Жалал-Абад областтык башкармалыгы  

101001   

01212199210017  

6  

1013930100000670  

Каракол шаары, Ысык-Көл областтык башкармалыгы  

101001   

01212199210017  

  

Улуттук банктын тиешелүү эсептерине нак акча келип түшкөндөн кийин алтын куймалар:   

- акча каражаттары чегерилгендиги тууралуу төлөм тапшырмасынын жана алардын инсандыгын тастыктаган документинин негизинде жеке адамдарга;   

- акча каражаттары чегерилгендиги тууралуу төлөм тапшырмасынын, куймаларды алууга ишеним каттын жана кайсы уюм экендигин тастыктаган документтин негизинде гана юридикалык жактарга берилет.   

Нак эмес эсептешүү шартында куймалар Улуттук банктын эсебине акча каражаты түшкөндөн кийинки жумушчу күнүнөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.   

Куймалар үчүн төлөөнү Улуттук банктын мекемелеринин жүгүртүү кассаларында орнотулган пос-терминалдар аркылуу төлөм картын пайдалануу менен нак эмес формада жүзөгө ашырууга да жол берилет. Учурда Элкарт улуттук системасынын жана VISA эл аралык системасынын төлөм карттары да төлөөгө кабыл алынып жатат. Мында, сатылып алынып жаткан куймалардын наркы төлөө ыкмасынан көз каранды эмес, б.а төлөм карты аркылуу төлөөдө карт ээсинен эч кандай кошумча төлөм кармалып калбайт.   

Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу баасы Улуттук банк тарабынан күн сайын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын (LBMA) мурунку жумуш күнүндөгү кечки фиксингинин негизинде белгиленет жана Улуттук банктын расмий сайтынын башкы баракчасында жарыяланып турат.   

Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу баасы ар бир куйманын түрүнө (салмагына) жараша өз алдынча аныкталат.   

Куймаларды кайра сатып алуу  

Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан алтын куймаларды кайра сатып алууну Улуттук банктын Борбордук жүгүртүү кассасы жана областтык башкармалыктарынын жүгүртүү кассалары ишке ашырат.   

Куймаларды кайра сатып алуу жеке адамдардын жана юридикалык жактардан ким экендигин тастыктаган документтердин (паспорт, аскердик билет, аскер кызматчысынын ким экендигин тастыктаган күбөлүк, ж.б.) негизинде жүргүзүлөт.   

Куймалар сертификаттары болгон шартта гана кайра сатылып алынат. Сертификаты жок же ал булганган жана анда камтылган маалыматтарды аныктоого мүмкүн болбогон жагдайларда куймалар кылдат экспертиза жүргүзүү үчүн Улуттук банктын эксперттерине жөнөтүлөт.   

  

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы салмагы 31,1035 жана 100 грамм болгон аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларын жооптуу сактоого кабыл алуу кызмат көрсөтүүлөрү токтотулгандыгын маалымдайт. Жооптуу сактоо келишимдери боюнча мурда кабыл алынган аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймалары алар боюнча тиешелүү келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин жооптуу сактоодо сакталат.»