> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары 

 

Кыргыз Реcпубликасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарынын түрлөрү:   

МКВ - Мамлекеттик казына векселдери    

МКО - Мамлекеттик казына облигациялары   

КМ - Казына милдеттенмелери   

  

МКВ  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кыска мөөнөттүү (3, 6, 12 ай) дисконттук баалуу кагаздары. 1 МКВ - 100 сом. Бул баалуу кагаздар документсиз формада чыгарылат, алар эсептерде чагылдырылат.   

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги МКВнын эмитенти, ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (Улуттук банк)  МКВнын чыгарылышын тейлөөгө алган башкы агент болуп саналат. МКВ Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондор аркылуу жума сайын жайгаштырылып турат. Аукциондорго Улуттук банк менен мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып барууга тиешелүү келишим түзгөн тике катышуучулар (коммерциялык банктар, Институционалдык инвесторлор жана «Борбордук депозитарий» ЖАКсы) катышууга укуктуу. Кыргыз Республикасында юридикалык жактар жана жеке адамдар МКВга ээлик кылуучулардан боло алышат. Чет өлкө инвесторлорунун МКВ рыногуна аралашуусуна чек коюлган эмес. Инвесторлор МКВны тике катышуучулар аркылуу гана аукциондордо (аларды алгачкы жайгаштырууда), же экинчилик рыногунда сатып ала алышат. МКВнын экинчилик рыногунда бүтүмдөр Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу жүзөгө ашырылат. Ал тике катышуучуларга жана алардын кардарларына өз жумуш ордуларында МКВны сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Улуттук банк Борбордук депозитарийдин милдетин аткарат.  

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары боюнча милдеттенмелерди өзүнө албайт.   

 

МКО - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайыздык киреше алууга (купондук) мүмкүндүк берген жүгүртүү мөөнөтү 1 жылдан ашкан мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздары. Бул мамлекеттик баалуу кагаздардын номиналдык наркы жана алардын параметри чыгаруу учурунда эмитент тарабынан аныкталат. МКО документсиз жана документ түрүндө чыгарылат.   

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги МКОнун эмитенти, ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (Улуттук банк)  МКОнун чыгарылышын тейлөөгө алган башкы агент болуп саналат. МКОнун Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондор аркылуу жума сайын жайгаштырылып турат. Аукциондорго Улуттук банк менен мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып барууга тиешелүү келишим түзгөн тике катышуучулар (коммерциялык банктар, Институционалдык инвесторлор жана «Борбордук депозитарий» ЖАКсы) катышууга укуктуу. Кыргыз Республикасында юридикалык жактар жана жеке адамдар МКОго ээлик кылуучулардан боло алышат.  

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары боюнча милдеттенмелерди өзүнө албайт.   

 

Казына милдеттенмелери  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казына милдеттенмелерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө тартиби жөнүндө” жобого ылайык Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар. Казына милдеттенмелери жеке өзүмдүк, документ түрүндөгү баалуу кагаз болуп саналат.   

Казына милдеттенмелерин экинчилик рыногунда баштапкы жайгаштырууну жана аны менен келишилген бүтүмдөрдү каттоону түздөн-түз Финансы министрлиги ишке ашырат. 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары боюнча милдеттенмелерди өзүнө албайт.   

 

Улуттук банктын ноталары 

 

Улуттук банктын ноталары  бул, Улуттук банк тарабынан кагазсыз формада чыгарылган жана жүгүртүүдөгү акча массасын жөнгө салуу үчүн каралган, акча-кредит саясатынын инструменти катары колдонулган мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар. Бир нотанын номиналдык наркы 10 000 сом. Ноталар мөөнөтүүндөн 364 күнгө чейин жүгүртүүгө чыгарылат жана дисконт менен жайгаштырылып, номиналдык наркы боюнча төлөнөт. Ноталар жумалык аукциондор аркылуу жайгаштырылат. Тике катышуучулар (Улуттук банк менен келишим түзгөндөр) коммерциялык банктар) аукциондорго катышууга укуктуу.   

Кыргыз    Республикасынын    Өкмөтү    Улуттук банктын ноталары боюнча милдеттенмелерди өзүнө албайт.