Кайта келүү
Түзүлгөн күнү: 2025-01-27
«Саймалуу-Таш» коллекциялык монетасы («Жылдын күмүш монетасы»номинациясындаIII орунду ээлеген)
«Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери» сериясындагы «Саймалуу-Таш» коллекциялык күмүш монетасы 2014-жылы «Уотер Марк» (Россия) басма үйү өткөргөн «Монеталар топ жылдызы - 2014» сынагында «Жылдын күмүш монетасы» номинациясында үчүнчү орунга татыктуу болгон.
Монетанын негизги сюжети катары өзөгүн күн кишинин элеси, тоо эчкисинин жана күндүн элесин көтөрүп тургандай өгүздүн сүрөтү түшүрүлгөн. Бул монетанын өзгөчөлүгү болуп сүрөттөрдүн түстүү аткарылышы саналат, ал кочкул кара көк түстөгү таштын бетиндеги сүрөттөрдү эң реалдуу чагылдырат.