Сынак аркылуу ишке кабыл алуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир кыйла квалификациялуу адистерди, алардын кесипкөй даярдыгын эске алуу менен сынак өткөрүү жолу менен ишке кабыл алат.
- 1 этап - талапкерлердин документтерин коюлган талаптарга ылайык келишине карата анализдөө жана тандоо;
- II этап - талапкерлерди квалификациялык талаптарга ылайык келишине карата баалоо (кесипкөйлүк, адистик, психологиялык жактан тесттен өткөрүү);
- III этап – сынак комиссиясы менен талапкерлердин ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана чечим кабыл алуу.
Сынак өткөрүүнүн этаптары:
Бош кызмат ордуна талапкерлерди тандоо сынагына катышуу үчүн талапкерлер, ошол кызматка карата жалпыга малымдоо каржаттарында жарыяланган талаптарга ылайык келүү менен Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
Талапкерлерге коюлуучу талаптар:
кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү менен (Персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан берилет);
өмүр баяны;
төмөнкү документердин көчүрмөлөрү: билими жөнүндө (диплом тиркемеси менен), илимий даража жана наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдун, сертификаттардын жана квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу башка документтердин;
эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
социалдык коргоо күбөлүгү (эгер бар болсо);
өзү жөнүндө кошумча маалымат (таржымал)- каалоосуна жараша;
паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документтердин, ошондой эле аскердик билетин (аскерга кызмат өтүүгө милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылчу адамдар үчүн) көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн зарыл болгон документтер:
Бишкек шаары, Чуй проспекти, 168 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнүн № 117/1 бөлмөсүнө же (0312) 66 90 18 телефондоруна кайрылсаныздар болот.
Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Документтерди толтуруу үлгүсү Бишкек шаары Т.Үмөталиев атындагы көчө 101-үй дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын 1-аймагынын фоесиндеги маалымдоо дубалында жайгаштырылган.