> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында милдеттенмесин убагында аткарбаган, ишенимсиз контрагенттер (товар сунуштоочулар/иш бүткөрүүчүлөр) боюнча маалымат базасы топтолуп, жөнгө салынгандыгын билдиребиз. Маалымат базасы сатып алуу чүйрөсүндө орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди кыскартуу жана сатып алуу процессин оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.  

Маалымат базасына киргизилген контрагенттер Улуттук банк тарабынан уюштурулган сатып алууларга эки жыл аралыгында катышууга укугу жок.   

Маалымат базасына төмөнкүлөр киргизилет:  

 сатып алуу келишиминин талаптарын аткарбаган жана/же талаптагыдай аткара албай калган контрагенттер;   

 аларга карата банкроттук жол-жобосу колдонулуп же түзүлгөн келишимди аткаруу процессинде аларды жоюу чечими кабыл алынган, демек Улуттук банк алдындагы мелдеттенмелерин аткарууга кудуретсиз контрагенттер;   

 сынакка катышууга билдирме берген, Улуттук банктын кызматкерине же мурда иштеп кеткен кызматкерге кандай болбосун формада тике же кыйыр түрдө сый акы сунуштаган же ага макул болгон же болбосо сатып алуу жол-жоболсун өз кызыкчылыгында же бакша контрагенттердин таламында өткөрүүгө таасир этүү максатында кызмат көрсөтүүнү сунуштап,ишти акыйкат чегинде жүргүзүүдөн четтеген контрагенттер;  

 Улуттук банктын контрагенттери, анын ичинде сатып алуу келишимин түзүү максатында жалган маалыматтарды же бурмалаганы фактыларды, квалификациялык маалыматтар боюнча адашууга алып келген маалыматтарды сунуштаган контрагентттин кызматкерлери.  

- мамлекеттик сатып алуулар боюнча ишенимсиз товар сунуштоочулар базасына киргизилген контрагенттер (www.zakupki.gov.kg мамлекеттик сатып алуулар порталында);  

 Товарларды сунуштаган, иштерди аткарган же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган, сатып алуу жол-жобосуна байланыштуу кылмыштуу иштерге жол бергендиги үчүн соттолгон жеке адамдар;   

Базага киргизүү буга чейин түзүлгөн башка келишимдер боюнча жогоруда белгиленген контрагенттерди Улуттук банк алдындагы милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.  

Милдеттенмесин убагында аткарбаган, ишенимсиз контрагенттер (товар сунуштоочулар /иш бүткөрүүчүлөр) боюнча маалымат базасы зарылчылыкка жараша, бирок жарым жылда кеминде бир жолу жаңыланып турууга тийиш.   

Контрагенттер төмөнкү учурларда маалымат базасынан чыгарылат:  

 маалымат базасына киргизилгенден 2 жыл өткөндөн кийин жана Улуттук банк ага карата кине койбогон шартта.  

Эгерде ал, түзүлгөн келишимди аткарбай коюунун жана/же талаптагыдай   

аткарбоонун кесепетинен Улуттук банкка келтирилген зыяндын же чыгымдын ордун жапкан болсо жана чыгым орду толукталып бергенден кийин Улуттук банк ага карата кине койбосо, эки жылга чейин эле маалымат базасынан чыгарылышы мүмкүн;   

 соттун чечиминин негизинде жана ошол чечим мыйзамдуу күчүнө кирген шартта;   

 мамлекеттик сатып алуулар боюнча милдеттенмесин убагында аткарбаган, ишенимсиз контрагенттер (товар сунуштоочулар /иш бүткөрүүчүлөр) базасында көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө.   

Контрагент маалымат базасынан чыгарылгандан тартып Улуттук банк тарабынан уюштурулган жана өткөрүлгөн сатып алууларга жалпы негиздерде катышууга укуктуу. Улуттук банк контрагент маалымат базасынан чыгарылгандыгы тууралуу ага үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө маалымдоого тийиш.   

2022-жылдын 21-июлу абалында  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН  

милдеттенмесин убагында аткарбаган, ишенимсиз контрагенттер (жеткирүүчүлөр / подрядчылар) боюнча маалымат Базасы 

 

 

 

 

 

 

№ 

Контрагенттин-уюмдун аты / жеке ишчинин толук аты-жөнү  

Базага киргизилген күнү 

Базага киргизүүгө негизи 

Базадан чыгарылган күнү 

"Электроналадка" ЖЧКсы  

06.08.2010 

Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн кызматтарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн «Электроналадка» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) Базага киргизилген. Азыркы учурда тапшыруучу карата соттук иштер жүргүзүүдө 

контрагентке Улуттук банк тарабынан талаптарын алуудан кийин 

Индивидуальный предприниматель «Солтонбеков Ислам Жалилович»  

15.02.2022 

«Кызматташтык үчүн» медалдарын даярдоо боюнча келишимдик милдеттенмелерин адилетсиз аткаргандыгына байланыштуу жеке ишкер «Солтонбеков Ислам Жалилович» Базага киргизилген.  

мөөнөтү аяктагандан кийин (15.02.24) жана Улуттук банктын контрагентке карата талаптары жок болгон учурда 

ОсОО "Асайко"  

21.07.2022 

КНС боюнча счет-фактура убагында берилбей калганына жана келишимдин шарттарын бузганына байланыштуу «Асайко» ЖЧКсы Базага киргизилди.  

мөөнөтү аяктагандан кийин (21.07.24 ж.) жана Улуттук банктын контрагентке карата талаптары жок болгон учурда