> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 30-сентябрында жарыяланган жарандык коргонуу түзүмдөрүн камсыздоого материалдык-техникалык жабдууларды сатып алуу үчүн өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымдайт. 

Баа сунушу (сынак сунушунун наркы) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бюджетинде каралган суммадан ашкандыгына байланыштуу, сынак комиссиясы сынакты өткөрүлбөгөн катары таануу жөнүндө чечим кабыл алды. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) Улуттук банктын оперативдүү радиобайланыш системасын жеткирүү жана орнотуу боюнча ачык республикалык сынак өткөрөт. 

Сынак боюнча документтер 2026-жылдын 16-ноябрында саат 17.30га чейин сынак документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 101 дареги боюнча же tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу берилет. 

Сынакка чейинки конференция 2026-жылдын 10-ноябрында саат 15.00дө өтөт. Конференцияга катышуу маселеси боюнча техникалык координаторго кайрылуу зарыл. 

Сынак боюнча сунуштар 2026-жылдын 19-ноябрында саат 14.00гө чейин Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189 дареги боюнча кабыл алынат. 

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт. Улуттук банктын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде сынак документтерин алган катышуучулардын сунуштары кароого кабыл алынат. 

Сынак боюнча сунуштар катышуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда  

2026-жылдын 19-ноябрында саат 14.00дө Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 101 дареги боюнча каралат. 

Бардык уюштуруу маселелери боюнча +996 (312) 61-52-83 телефон номери же tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу техникалык координаторго кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы диктофондорду сатып алуу жөнүндө жарыялайт. 

Баа котировкалары (сунуштар) 2026-жылдын 6-ноябрында 

саат 15:00дөн кечиктирбестен чапталган конвертте Бишкек ш., Киев көчөсү, 189, 103-кабинет «экспедиция» дарегине «Диктофондорду сатып алууга баа котировкаларын суроо-талап» белгисин коюу менен сунушталууга тийиш. 

Конверттерде ошондой эле уюмдун толук аталышы, юридикалык/иш жүзүндөгү дареги жана уюмдун ИННи көрсөтүлүүгө тийиш. 

Кеңири маалымат алуу үчүн 66 90 15 (кошумча 1516) телефонуна жана mmakenbekov@nbkr.kg электрондук дарегине кайрылууга болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сантехникалык материалдарга 2026-жылдын 18-сентябырында жарыяланган баа котировкаларын сурап билүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаары, Медерова 8/2, жайгашкан «Азамат ДП» ЖЧК жеңүүчү катары аныкталгандыгын маалымдайт. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Konica Minolta» көчүрүү-көбөйтүү жабдууларын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга баа котировкаларын сурап билүүгө катышууга чакырат. 

Баа котировкалары (сунуштар), «Konica Minolta» көчүрүү-көбөйтүү жабдууларын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2026-жылдын 10-ноябрына чейин саат 14:00дөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын Бишкек шаары, Киев көчөсү 189 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 103-иш бөлмөсүнө (экспедиция) сунушталууга тийиш. 

Баа котировкаларын сурап билүүгө катышуу үчүн зарыл документтерди алуу маселелери боюнча +996 (312) 66-90-15 (+1806) телефону же it_gaoo@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы планшеттер үчүн Microsoft Office сатып алууга сунуштоочуларды баа котировкаларын сурап билүүгө катышууга чакырат. 

Баа котировкалары (сунуштар), «Планшеттер үчүн Microsoft Office » белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2026-жылдын  

10-ноябрында саат 14:00дөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 103-иш бөлмөсүнө (экспедиция) тапшырылууга тийиш. 

Баа котировкаларын сурап билүүгө катышуу үчүн зарыл документтерди алуу маселелери боюнча +996 (312) 66-90-15 + 1806 телефону же it_gaoo@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы медициналык кызматтарды кайрадан сатып алуу жөнүндө жарыялайт. Баа котировкалары (сунуштар) 2026-жылдын 30-октябрына чейин саат 14.00 дөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 103-иш бөлмөсүндө (экспедиция) кабыл алынат.  

Толук маалымат алуу үчүн (312) 66-90-15(1432) телефону жана ebibraimova@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кар тазалоочу жабдууларды сатып алуу тууралуу жарыялайт. 

Баа котировкалары (сунуштар), «Кар тазалоочу жабдууларды сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2026-жылдын 2-ноябрына саат 10:00дөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 103-иш бөлмөсүнө (экспедиция) тапшырылууга тийиш. 

Толук маалымат алуу үчүн (0312) 66-92-86 телефон номери же dprikop@nbkr.kg электрондук почтасы боюнча кайрылсаңыздар болот. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2026-жылдын 6-октябрында жарыяланган Adobe Creative Cloud жана CorelDraw стандарттык программалык камсыздоолорун сатып алуу үчүн котировкаларды сурап билүүнүн жыйынтыгы боюнча баа котировкаларын сурап билүү өткөрүлгөн жок деп таануу чечими кабыл алынгандыгын маалымдайт. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Adobe Creative Cloud жана CorelDraw стандарттык программалык камсыздоолорун сатып алууга баа котировкаларын сурап билүүгө катышууга чакырат. 

Баа котировкалары (сунуштар) «стандарттык программалык камсыздоолорун сатып алуу боюнча котировка сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2026-жылдын 6-ноябырында саат 14:00дөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 103-иш бөлмөсүнө (экспедиция) тапшырылууга тийиш. 

Баа котировкаларын сурап билүүгө катышуу үчүн зарыл документтерди алуу маселелери боюнча +996 (312) 66-90-15 (+1806) телефону же it_gaoo@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы накталай акча каражаттары менен иштөө үчүн жабдууларды сатып алуу үчүн төмөнкү эки лоттон турган эл аралык ачык сынак өткөрөт: 

- № 1 лот. Банкнотторду жок кылуу системасы; 

- № 2 лот. Жүктөө жана түшүрүү жумуштарынын жабдуулары. 

Сынак боюнча документтер 2026-жылдын 30-ноябрында саат 17.00гө чейин сынак документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу берилет. 

Катышуучулар үчүн сынакка чейинки видеоконференция 2026-жылдын  

12- ноябрында саат 15.00дө өтөт. Конференцияга катышуу маселелери боюнча техникалык координаторго кайрылуу зарыл. 

Сынак боюнча сунуштар 2026-жылдын 3-декабрында саат 14.00гө чейин Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189 дареги боюнча кабыл алынат. 

Белгиленген убакыттан кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт. Улуттук банктан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде сынак документтерин алган катышуучулардын сунуштары кабыл алынат. 

Сынак боюнча сунуштар катышуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда  

2026-жылдын 3-декабрында саат 14.00дө Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 101 дареги боюнча каралат. 

Бардык уюштуруу маселелери боюнча +996 66 90 15 (+1228) телефон номери же tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу техникалык координаторго кайрылсаңыздар болот.». 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү лоттордон турган күндөлүктөрдү сатып алуу үчүн баа котировкаларын сурап билүү тууралуу жарыялайт. 

- № 1 лот. Премиум класстагы күндөлүктөр;  

- № 2 лот. Начальниктер үчүн күндөлүктөр; 

- № 3 лот. Кызматкерлер үчүн күндөлүктөр. 

Баа котировкалары (сунуштар), «Күндөлүктөрдү сатып алууга баа котировкалары» белгисин коюу менен чапталган конверт түрүндө 2026-жылдын 2-ноябрына чейин саат 10:00дөн кечиктирилбестен, Улуттук банктын Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 103-иш бөлмөсүнө (экспедиция) тапшырылууга тийиш. 

Толук маалымат алуу үчүн (+996) 555 85-57-68 телефон номери же rmambetakunova@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот». 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сатып алуу процессин автоматташтыруу системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кызматтарды сатып алууга эл аралык ачык сынак өткөрөт.  

Сынак боюнча документтер 2026-жылдын 03-ноябрында саат 17:00гө чейин tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу сынак документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде берилет. 

Катышуучулар үчүн сынакка чейинки конференция 2026-жылдын 15-октябрында саат 14:00дө видеоконференция байланышы режиминде өтөт. Конференцияга катышуу маселеси боюнча суроолор менен техникалык координаторго кайрылуу зарыл. 

Сынак боюнча сунуштар 2026-жылдын 06-ноябрында саат 14:00гө чейин Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189 дареги боюнча кабыл алынат.  

Белгиленген мөөнөттөн кечиктирилип берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт. 

Сынак боюнча сунуштар катышуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2026-жылдын 06-ноябрында саат 14:00дө каралат. 

Уюштуруу маселелери боюнча +996 (312) 66 90 15 (+1226) телефону же tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу техникалык координаторго кайрылсаңыздар болот.