Кайта келүү

 

«Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары монеталарда» сериясындагы коллекциялык күмүш монеталар 

 

«Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары монеталарда» сериясындагы коллекциялык күмүш монеталар Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн «Монеталар топ жылдызы 2010» эл аралык эстелик монеталарынын IV сынагынын алкагында «БИБЛИО-ГЛОБУС» соода үйү тарабынан ардак грамотага ээ болгон. 

«Ч. Айтматов», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Гүлсарат» жана «Ак кеме» эстелик коллекциялык монеталары азыркы замандын эң көп окулган жазуучуларынын бири болгон дүйнөгө кеңири таанымал улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналып чыгарылган. Анын чыгармалары дүйнө элдеринин 170тен ашуун тилине которулуп, жүздөн ашык өлкөдө 60 миллиондон көп нускада басылып чыккан.