> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2025-жылдын 24-январындагы 

№2025-П-25/3-1-(ВД) 

токтому менен бекитилген 

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

2025-2030-жылдарга каралган  

СТРАТЕГИЯЛЫК ИШ БАГЫТТАРЫ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) өз ишин Кыргыз Республикасынын таламдарында жана анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн жүзөгө ашырат. 

Тиешелүү акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруу жолу менен экономикада баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоо Улуттук банктын ишинин негизги максаты бойдон калууда.  

Банк жана төлөм системаларында алгылыктуу чөйрөнү түзүү, алардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, инновациялык финансылык технологияларды өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдерин сактоо жана финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу финансы секторунун туруктуу өнүгүүсүнүн ачкычы жана Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнүн жана өнүгүүсүнүн ажырагыс шарттары болуп саналат.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында каралган милдеттерди ишке ашыруу максатында Улуттук банк төмөнкү принциптерге таянат: 

- ыйгарым укуктарын ишке ашыруудагы иштин көз карандысыздыгы;  

- максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу жагында кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукка отчёт берүү, ачык-айкындуулук жана маалымат берүү;  

- кыска жана орто мөөнөттүү мезгилдеги аракеттердин болжолдуулугу;  

- кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн колдоо.  

Улуттук банктын 2025-2030-жылдарга карата божомолу:  

Акча-кредит саясаты чөйрөсүндө  

- акча-кредит саясатынын өткөрүү механизминин пайыздык каналын өркүндөтүү;  

- банктар аралык акча рыногун өнүктүрүү;  

- ийкемдүү валюта курсун сактоо. 

Финансы сектору чөйрөсүндө  

- ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;  

- ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү;  

- банк секторун жана микрокаржылоо секторун санариптештирүүнү өркүндөтүү;  

- банк системасынын туруктуулугун жогорулатуу жана чыңдоо;  

- маалымат коопсуздугунун кемчиликтери, коркунучтары жана инциденттери жөнүндө маалымат алмашуу жолу менен компьютердик чабуулдарга каршы аракеттенүү жагында финансылык жана мамлекеттик секторлордун, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын жана эл аралык коомчулуктун катышуучулары менен өз ара иш алып баруу;  

- банк секторунда жана микрокаржылоо секторунда туруктуу каржылоону, анын ичинде жашыл каржылоону өнүктүрүү;  

- ишкер аялдардын финансылык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүү;  

- калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.  

Төлөм системалары чөйрөсүндө  

- санарип финансылык инфраструктураны өнүктүрүү, төлөмдөрдү накталай эмес формада жүргүзүү ыкмаларын кеңейтүү, санарип төлөм технологияларын өнүктүрүү аркылуу накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн 80-90%га чейинки деңгээлге жеткирүү

- санарип сом платформасынын прототибин апробациялоо.  

Накталай акча жүгүртүү чөйрөсүндө  

- накталай акча жүгүртүлүшүнүн үзгүлтүксүздүгүн, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу.  

Улуттук банктын ишин камсыз кылуу чөйрөсүндө  

- Улуттук банктын үзгүлтүксүз иш процессин камсыз кылуу;  

- Улуттук банктын автоматташтырылган жана маалымат системаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы санариптик трансформациялоонун концепциясына ылайык өнүктүрүү

 

АКЧА-КРЕДИТ САЯСАТЫ  

 

Баалардын туруктуулугу узак мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык туруктуулугун жана туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуунун негизги фактору болуп саналат. Орточо төмөн жана туруктуу инфляциянын кармалып турушу калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого жана улуттук валютага жана бүтүндөй финансы системасына болгон ишенимди жогорулатууга өбөлгө түзөт.  

Акча-кредит саясаты мамлекеттин экономикалык саясатынын бир бөлүгү катары Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылат жана алгылыктуу бизнес-чөйрөнү түзүүгө, инвестициялык климатты колдоого, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, чечимдерди кабыл алууда экономикалык субъекттердин белгисиздигин төмөндөтүүгө шарт түзөт. 

Акча-кредит саясаты Улуттук банк тарабынан белгиленген максаттуу көрсөткүчтүн чегинде инфляциянын деңгээлине жетүүгө жана аны кармап турууга багытталат.  

Улуттук банктын акча-кредит саясаты келечекке багытталган саясат болуп саналат, анткени өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө акча-кредит саясаты жагында кабыл алынган чечимдердин таасири белгилүү бир кечигүү менен пайда болот. Акча-кредит саясатын иштеп чыгуу Кыргыз Республикасында жана тышкы чөйрөдө экономикалык кырдаалды өнүктүрүүнүн макулдашылган жана экономикалык негизделген болжолунун натыйжасында алынган кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилге инфляциянын болжолдоолорунун негизинде жүзөгө ашырылат.  

Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө төмөнкү принциптерге таянат: 

- акча-кредит чечимдеринин ырааттуулугу, болжолдуулугу жана ачык-айкындуулугу; 

- ийкемдүү валюта курсун сактоо;  

- акча-кредит саясаты жагындагы чечимдердин: пайыздык, валюталык, кредиттик жана коммуникация каналдары аркылуу баа динамикасына таасир этүү процессин мүнөздөгөн акча-кредит саясатынын өткөрүп берүү (трансмиссиялык) механизмин өркүндөтүү;  

- банктар аралык акча рыногунун тереңдигин өнүктүрүү;  

- Улуттук банктын акча-кредит саясаты маселелери боюнча активдүү коммуникациялык саясаты.  

 

УЛУТТУК БАНКТЫН ЭЛ АРАЛЫК РЕЗЕРВДЕРИНИН ЖЕТИШТҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН КАМСЫЗ КЫЛУУ 

 

Эл аралык резервдер Улуттук банктын менчигинде турган жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында каралган милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн пайдаланылган активдер. 

Улуттук банктын эл аралык резервдеринин жетиштүү деңгээлин камсыз кылуу Улуттук банктын акча-кредит жана валюта саясаттарын жүргүзүү үчүн зарыл болгон негизги стратегиялык багыттарынын бири.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин өз убагында тейлөө, Улуттук банктын чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин аткаруу жана аталган банктын операциялык ишин камсыз кылуу максатында эл аралык резервдердин жетиштүү деңгээлинин болушу зарыл.  

Улуттук банктын эл аралык резервдеринин жетиштүү деңгээлине жетүү үчүн негизги иш-чаралар:  

- баалуу металлдарды өндүрүү субъекттеринен Кыргыз Республикасынын ички рыногунда баалуу металлдарды сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү;  

- бүтүмдөрдү түзүү жана инвестициялык операцияларды жүргүзүү;  

- тышкы финансы рынокторунда баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү

Ошентип, Улуттук банк 2025-2030-жылдар мезгил ичинде эл аралык резервдердин жетиштүү деңгээлин камсыз кылуунун алкагында төмөнкүлөргө умтулат: 

- улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жана баалардын туруктуулугун сактоо;  

- Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу;  

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин өз убагында тейлөө;  

- кеминде үч айлык импортту жабуу үчүн жетиштүү болгон эл аралык резервдердин деңгээлин кармап туруу;  

- тышкы экономикалык кризистерге жана глобалдык таасирлерге даяр болуу;  

- Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингин жогорулатууга көмөк көрсөтүү

 

УЛУТТУК БАНКТЫН АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН  

ТООРУК СИСТЕМАСЫН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын финансы системасын өнүктүрүүдө башкы ролду ойнойт. Банктар аралык операциялардын ар кандай түрлөрүн колдонууга киргизүү жана өнүктүрүү Улуттук банктын маанилүү милдетинен болуп саналат.  

Улуттук банк өлкөнүн банктар аралык финансы рыногунда бир нече функцияларды аткарат:  

- сооданы уюштуруучу жана автоматташтырылган тоорук системасынын оператору/администратору катары иш алып барат;  

- мамлекеттик баалуу кагаздарды баштапкы жайгаштыруу жана ордун жабуу, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздардын депозитардык эсебин жүргүзүү жагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин агенти болуп саналат;  

- акча-кредит жана валюта саясатын жүргүзүүчү ички финансы рыногунун тике катышуучусу болуп саналат.  

Улуттук банктын ишин ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн негизги шарттардын бири болуп тиешелүү инфраструктуранын тоорук системасынын болушу саналат. Улуттук банктын финансы рыногунда катышуусу банктар аралык рыноктун ролун жана маанисин жогорулатууга мүмкүндүк берет.  

Улуттук банктын иштеп жаткан автоматташтырылган тоорук системасын модернизациялоо учурдагы бизнес-процесстерди жакшыртуу жана анын жаңы функционалын киргизүү, маалымат коопсуздугунун жаңы чараларын киргизүү, натыйжалуулукту жогорулатуу, тобокелдиктерди жана кемчиликтерди азайтуу зарылчылыгы менен шартталган. Азыркы учурда, ISO 20022 стандартын SWIFT системасына киргизүүгө байланыштуу, аталган системанын бүткүл коомчулугун МТ форматындагы эски билдирүүлөрдөн МХ жаңы форматына өткөрүү иши жүрүүдө. Бул өтүү дагы модернизациянын себептеринин бири болуп саналат, анткени учурдагы система маалыматтарды жаңы форматта иштеп чыгууну колдобойт. 

Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасынын модернизациялоосунун негизги милдеттеринин бири болуп төмөнкүлөр саналат:  

- алтын жана баалуу металлдар менен операциялар үчүн жаңы тоорук секцияларын түзүү, туунду инструменттердин линейкасын кеңейтүү;  

- ислам каржылоо принциптерине ылайык финансылык инструменттер секциясын/модулун түзүү

- мамлекеттик баалуу кагаздарды баштапкы жайгаштыруу аянтчасына карабастан, Улуттук банк менен тышкы депозитарийлердин ортосунда «депозитардык көпүрөнү» түзүү аркылуу экинчи рынокто пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; 

- учурдагы функцияларды жана тоорук механизмдерин жакшыртуу.  

Системаларды жана бизнес-процесстерди модернизациялоо финансы секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу шартында зарыл болуп саналат, ал төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт: 

- акча-кредит саясатын ишке ашырууну жакшыртуу жана аны натыйжалуу ишке ашыруу, акча-кредит саясатынын жаңы инструменттерин колдонууга киргизүү

- кредиттик жана операциялык тобокелдиктерди, ликвиддүүлүк тобокелдигин жана төлөм тобокелдигин төмөндөтүү

- Кыргыз Республикасынын банк секторуна болгон ишенимди жогорулатуу, ошондой эле өлкөнүн финансы системасын өнүктүрүү жана чыңдоо;  

- ички инфраструктурага жагымдуулукту жана ишенимди жогорулатуу, ошондой эле келечекте банктарга алардын операцияларын жана продукттарын жакшыртуу үчүн түрткү берүү

Жалпысынан, финансы рыногунун инфраструктурасын модернизациялоо натыйжалуулукту гана жогорулатпастан катышуучулардын финансылык операцияларды жүргүзүүдөгү тобокелдиктерин азайтат, ошондой эле мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны киргизүүгө өбөлгө түзөт. 

 

ФИНАНСЫ СЕКТОРУН ӨНҮКТҮРҮҮ  

 

Улуттук банктын иши калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү баскычтарын санариптештирүү жолу аркылуу алардын ишенимдүүлүгү жагында мыкты эл аралык тажрыйбаларды колдонууга киргизүүгө багытталат.  

2025-2030-жылдарга негизги артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр болот:  

1. Төмөнкүлөргө тиешелүү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү:  

өлкөнүн мыйзамдарына, эл аралык стандарттарга жана мыкты тажрыйбаларга ылайык, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган уюмдардын ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу;  

- инновациялык финансылык продукттарды жана технологияларды тестирлөө үчүн атайын жөнгө салуучу режимдерди (жөнгө салуучу аянтчаны) түзүү;  

- микрофинансылык уюмдардын ишине санарип технологияларын киргизүү (мобилдик банкинг, онлайн-кредиттөө, санарип технологияларын пайдалануу менен кредиттик тобокелдикке баа берүү);  

- электрондук формада толук тейлөө шарттарын түзүү үчүн электрондук идентификациялоо инструменттери менен финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын санарип профилин киргизүү;  

- алдамчылык аракеттерге жана санкцияланбаган операцияларга каршы аракеттенүү;  

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү;  

- кредиттик-кепилдик мамилелердин алкагында каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында кепилдик фонддордун инструменттеринин тизмегин кеңейтүү;  

- аялдардын ишкердигин каржылоого дем берүү;  

- банктык жана микрофинансылык секторлордо ESG принциптерин колдонууга киргизүү;  

- туруктуу өнүктүрүү жана климаттык тобокелдиктердин таасири боюнча банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын маалыматтарынын ачып көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;  

- жашыл долбоорлорду верификациялоону кошо алганда, эл аралык стандарттарга ылайык жашыл долбоорлор үчүн критерийлерди белгилөө

 

2. Ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү  

Улуттук банк калкка сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн келечектүү багыты катары ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүнү улантат.  

Калктын ислам каржылоо принциптери жөнүндө маалымат алуусун жогорулатууга көңүл бурулат. Калктын узак мөөнөттүү келечекте ислам финансылык продукттар рыногуна катышуусу жана билиминин жогорулатылышы анын экономика чөйрөсүндө жакшы ыңгайлашуусуна мүмкүндүк берет, бул банк кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууда көз карандысыз тандоо жасоого өбөлгө түзөт.  

Улуттук банк ченемдик укуктук актыларына ислам каржылоо принциптери боюнча мыкты эл аралык тажрыйбаларды киргизүүнү улантып, ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Бул ислам банк кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган финансы-кредит уюмдарынын жана ислам банк кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн санынын өсүшүнө өбөлгө түзөт, бул жыйынтыгында финансылык ортомчулукту жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

 

3. Банк секторун жана микрокаржылоо секторун санариптештирүү боюнча иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:  

- микрофинансылык уюмдардын ишине санарип технологияларын киргизүү үчүн укуктук базаны өркүндөтүү (мобилдик банкинг, онлайн-кредиттөө, санарип технологияларды пайдалануу менен кредиттик тобокелдикке баа берүү); 

- электрондук кол тамганы пайдалануунун укуктук базасын түзүү жана анын электрондук формада толук тейлөө шарттарын түзүү үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын санарип профили менен байланышы;  

- маалымат коопсуздугун стандартташтыруу жана жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен маалымат коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча укуктук базаны өркүндөтүү;  

- алдамчылык аракеттерди азайтуу үчүн укуктук базаны өркүндөтүү;  

- инновациялык финансы продукттарды жана технологияларды тестирлөө үчүн атайын жөнгө салуучу режимдерди (жөнгө салуучу аянтча) түзүүгө карата талаптарды өркүндөтүү;  

- туруктуу каржылоону (жашыл каржылоо) өнүктүрүү;  

- ишкер аялдардын финансылык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү

- көзөмөлдө турган уюмдардын форма-борборлуктан дата-борборлук мониторингге өтүшү

- маалымат коопсуздугунун көзөмөлдөө ишинде тобокелдикке багытталган ыкмага өтүү

- кредиттик уюмдун тобокелдик профилин түзүү жана аны талдоо. 

4. Төмөнкүлөр аркылуу банк системасынын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын туруктуулугун жогорулатуу жана чыңдоо: 

системалуу маанилүүлүк өлчөмдөрүнө жана көрсөткүчтөрүнө жараша коммерциялык банктарды баскыч-баскычы менен капиталдаштыруу; 

өлчөмдөрүнө жана көрсөткүчтөрүнө жараша банк эмес финансы-кредит уюмдарын баскыч-баскычы менен капиталдаштыруу; 

коммерциялык банктарга капиталдын жетиштүүлүгүн баалоонун ички жол-жоболорун (ICAAP) жана көзөмөл баяндамасы жана баалоо процессин (SREP) ишке ашыруу боюнча талаптарды белгилөө, алар Базель II маанилүү элементи жана банктык көзөмөлдүн эң мыкты тажрыйбалары болуп саналат, ошондой эле тобокелдикти тескөө, корпоративдик башкаруунун сапатын андан ары жакшыртууга жана менеджменттин, капиталдын жана ликвиддүүлүк тобокелдиктерин азайтууга жана коммерциялык банктардын ишинин туруктуулугуна өбөлгө түзөт.  

 

5. Компьютердик чабуулдарга каршы аракеттерди көрүү бөлүгүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын жана эл аралык коомчулуктун, финансы жана мамлекеттик секторлорунун катышуучулары менен өз ара иш алып барууну күчөтүү

 

6. Инспектирлөө, регулятивдик отчётторду топтоо жана уюмдун операциялык туруктуулук көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы боюнча кредиттик уюмдардын тобокелдик профилин калыптандыруу жолу менен маалымат коопсуздугу жагында көзөмөлдөө ишине тобокелдикти аныктоого багытталган ыкмага өтүү

 

7. Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу 

Улуттук банк финансылык жактан сабаттуу жарандык коомду калыптандыруу үчүн калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды улантат. Финансылык сабаттуулук финансылык инструменттерди колдонуу натыйжалуулугун жогорулатууга, финансылык продукттардын артыкчылыктары жана тобокелдиктери жөнүндө калктын маалыматы болушун жана жайылтылышын жогорулатууга көмөк көрсөтөт, бул банк системасында депозиттердин өсүшүн, кредит портфелинин сапатынын жакшырышын жана инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейишин шарттайт. 

Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун баалоо методикасы боюнча 21 баллдын ичинен 12 баллдан жогору көрсөткүчкө жетишүү үчүн калктын финансылык сабаттуулук деӊгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу (2021-жылдагы изилдөөгө ылайык көрсөткүч 11.6 баллды түзгөн, бул Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин өлкөлөрү боюнча орточо маани болуп саналат). 

 

8. Учурда виртуалдуу активдер рыногу Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан жөнгө салынат. Өз кезегинде, финансылык операциялар барган сайын виртуалдуу активдерди колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Улуттук банк көзөмөл органы катары да аталган активдерди банк жана банк эмес секторлорго интеграциялоо шартында, атап айтканда, алмашуу операцияларын жүргүзүүдө бул багытты изилдөөсү зарыл. Бүгүнкү күндө төмөнкү операцияларды жүргүзүүдө виртуалдуу активдер колдонулуп жаткандыгы байкалат: 

- төлөм жана топтоо каражаты катары; 

виртуалдуу активдерди сатып алуу жана сатуу аркылуу акча которуулар катары; 

- алмашуу операцияларын жүргүзүү учурунда. 

Жогоруда көрсөтүлгөн операциялар банк/банк эмес/төлөм системаларындагы тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана тескөө максатында, Улуттук банк тарабынан жөнгө салынууга жана/же көзөмөлгө алынууга тийиш. Бүгүнкү күндө биз бул чөйрөдө алдамчылык операцияларынын ар кандай түрлөрүн байкоого болот, атап айтканда, жарандар Улуттук банкка виртуалдуу активдерди колдонуу менен операцияларды жүргүзгөндөн кийин суроолор менен көп кайрылат. Буга байланыштуу Улуттук банк келечекте виртуалдуу активдерди колдонуу менен операцияларды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө зарылчылыгы жөнүндө маселени кароого алат. 

 

9. Банк кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо системасын жакшыртуу.  

Улуттук банк көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу жана финансы-банк кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган мыйзам ченемдерин жакшыртуу боюнча ишин улантат. Улуттук банк тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө финансы-кредит уюмдарынын ички жол-жоболорун жакшыртуу жана даттануулардын баштапкы себептерин аныктоо үчүн чаралар көрүлөт.  

Банк кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочулардын рыноктук аракеттерине көзөмөл жүргүзүүнү ишке киргизүүдө финансы рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталышын эле эмес, кардарга карата анын аракетин дагы текшерүүгө жана банк уюмдарынын керектөөчү менен болгон иш-аракетин көзөмөлдөөгө шарт түзүлөт.  

Жалпысынан, аракеттерге көзөмөлдү киргизүү финансылык уюмдун мыйзамсыз гана эмес, туура эмес аракеттерин да аныктоого мүмкүндүк берет, бул финансылык уюмдардын өз ара атаандашууга кызыкдар болуусун жана керектөөчүлөрдүн маалыматынын жетишсиздигин жана калктын финансылык сабаттуулугунун төмөндүгүн кыянаттык менен пайдаланбастан, кыйла жогорку сапаттагы продукттарды жана кызматтарды көрсөтүүсүнө өбөлгө түзөт. 

 

ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫ 

 

Улуттук банктын төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында аныкталган милдеттердин бири болуп саналат.  

Улуттук банк коммерциялык банктар, төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле мамлекеттик органдар менен биргеликте Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү боюнча ишти улантат, ал накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүнүн 2030-жылдын аягына чейин 80-90% деӊгээлге жетишүүгө багытталган. 

Бул милдетти аткаруу үчүн Улуттук банктын аракеттери жаӊы санарип жана финансы технологияларын киргизүү аркылуу жогорку технологиялык деңгээлде төлөм системаларынын ишин колдоого багытталат.  

Финансы секторун санариптик трансформациялоону системалуу жана баскыч-баскычы менен өнүктүрүүнү улантуу максатында, Улуттук банк төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын, анын ичинде өлкөнүн деңгээлинде өнүктүрүү багытында иш алып барууда. 

Учурда ыӊгайлуу жана жеткиликтүү төлөм инструменттери менен керектөөчүлөрдү камсыз кылуу, анын ичинде чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн өз ара иш алып баруу операторунун функционалын өнүктүрүү актуалдуу бойдон калууда. Бул үчүн Улуттук банк жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому (мындан ары «БПБ» ЖАК) чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен жаңы идентификаторлорду (QR-коддоруна кошумча) колдонуу аркылуу тез төлөмдөрдү жана которууларды ишке ашыруу үчүн төлөм системасынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүүнү улантат.  

Улуттук банк, «БПБ» ЖАК жана төлөм системаларынын катышуучуларынын айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн жаңы идентификаторлорду колдонуу менен QR-коддору аркылуу тез которуулардын жана төлөмдөрдүн функционалы менен бирдиктүү төлөм мейкиндигин өнүктүрүү иши улантылат. 

Керектөөчүлөрдүн керектөөлөрүнө жооп берген жана келечекте атаандаштыктын жогорулашына өбөлгө түзгөн жаңы продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу максатында, банк секторунун катышуучуларынын ортосунда корголгон жана коопсуз маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасында ачык банкингди өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкты. Ачык банкинг принциптерин киргизүү Кыргыз Республикасында финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга алып келүүгө тийиш.  

Ошондой эле, Улуттук банк жаӊы маалымат технологияларын өздөштүрүү ишин улантат. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын  

29-декабрындагы № 737/67-7 токтому менен бекитилген 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 16-декабрындагы № 680/66-6 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу менен катар, жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө жетишүүгө төмөнкү иш-чараларды толугу менен ишке ашыруу өбөлгө түзөт:  

- агенттик тармакты кеӊейтүүнү, аралыкта орнотулган жабдууну:  

POS-терминалдарын, төлөм терминалдарын, орнотулган QR-коддорду, башка түзүлүштөрдү көбөйтүүнү кошо алганда, улуттук төлөм системасын, накталай эмес түрдө төлөмдөрдү кабыл алуу/жүргүзүү боюнча кардарларды тейлөө аркылуу төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү. Ошону менен бирге келечекте өлкөдө банкоматтардын саны бара-бара азайып, банкоматтар аркылуу акча каражаттарын накталай алууга комиссия көбөйөт; 

- төлөм кызматтарын көрсөтүү георгафиясын кеӊейткен жана калкка жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге алардын наркын төмөндөтүүчү инновациялык технологияларды, атап айтканда, аларга банк кызматтарын аралыктан колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу ыңгайлуу шарттарды түзүү жана көмөктөшүү. Ошентип, мисалга алсак, мобилдик тиркемелерге жаӊы төлөм чечимдери, анын ичинде накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн башка тиркемелер жана өнөктөштөрдүн интернет сайттары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүү киргизилет. Накталай эмес төлөө үчүн жаӊы сервистер менен интеграциялоо туруктуу негизде жүргүзүлүп турат, бул жалпысынан кардарлар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү ыӊгайлуулугун жана ылдамдыгын жогорулатат; 

- накталай эмес төлөмдөрдү, ошондой эле чыгашалардын белгилүү бир категорияларына кэшбектердин программасын колдонгон калк үчүн ар кандай бонустук программалар жана арзандатуулар аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өбөлгөлөө

- заманбап тенденцияларды жана санарип төлөм технологияларынын тез өнүгүп жаткандыгын эске алуу менен төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- төлөм системаларынын компоненттерин, финансы жана чекене рынокту өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик жана жеке секторлор менен өз ара иш алып баруу; 

- мамлекеттик органдардын, бюджеттик уюмдардын, бизнес субъектилеринин, төлөм инструменттеринин ар кандай формаларын колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөргө которуу үчүн шарттарды түзүү боюнча төлөм системасынын катышуучулары менен өз ара иш алып баруу; 

- банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, QR-коддорду жана эл аралык стандартка ылайык обочо туруп банктык тейлөөнүн башка системаларын колдонуу менен операциялардын коопсуздугунун зарыл деӊгээлин камсыз кылуу; 

- санарип сом платформасынын прототибин апробациялоо; 

- санарип төлөм технологияларын өнүктүрүү

- төлөм рыногунун катышуучуларынын ишин жөнгө салуу. 

 

САНАРИП СОМ ПЛАТФОРМАСЫНЫН 

ПРОТОТИБИН АПРОБАЦИЯЛОО 

 

Санарип сом бул Улуттук банктын улуттук санарип валютаны иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү демилгеси. Санарип сомду иштеп чыгуу финансы секторун санариптештирүүнүн кеңири стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат жана өлкөдөгү финансы кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жакшыртууга багытталган. 

Санарип сом блокчейн-платформасынын негизинде иштеп, коопсуз жана тез төлөмдөрдү камсыз кылат, финансы жана мамлекеттик системалар менен интеграциялоо аркылуу смарт-контрактылар түрүндө финансы сектору үчүн макулдашуулардын жаңы тездетилген шарттарын түзөт.  

Санарип сомду түзүүнүн максаты («санарип сом» улуттук валютасын санарип формада эмиссиялоо) бул өлкөдө төлөмдөрдүн финансылык инклюзивдүүлүгүн, коопсуздугун жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, муну менен Кыргыз Республикасында санарип экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.  

2025-2030-жылдар мезгилине санарип сом долбоорун ишке ашыруу Эл аралык валюта фонду сунуш кылган 5 Р методологиясына негизделген негизги баскычтарды камтыйт. 

Тестирлөөнүн биринчи баскычында платформанын базалык функцияларын тестирлөө жана реалдууга жакын шарттарда анын мүмкүнчүлүктөрүн талдоо менен санарип сом концепциясынын (Proof of Concept) натыйжалуулугу тастыкталат.  

Тестирлөөнүн экинчи баскычы колдонуучулардын чектелген чөйрөсүндө аны апробациялоо үчүн санарип сомдун прототибин (Prototypes) иштеп чыгууну болжолдойт, бул мүмкүн болгон техникалык жана уюштуруу маселелерин аныктоого, ошондой эле колдонуудагы төлөм системалары менен шайкештигин текшерүүгө мүмкүндүк берет.  

Долбоор экинчи баскыч аяктагандан кийин пилоттук режим стадиясына (Pilot) өтөт, анын алкагында P2P (жеке адамдар ортосунда төлөмдөр), B2B (бизнестер ортосунда төлөмдөр) жана G2C (мамлекеттик транзакциялар) кошо алганда, айкын төлөмдөр менен тесттик операциялар ишке ашырылат. Пилоттук баскычтын маалыматтарын талдоонун негизинде отчёт даярдалып, анын жыйынтыгы боюнча, оң баа берилген учурда, долбоор төлөм системаларынын катышуучуларын туташтырууну жана санарип сомду толук киргизүүнү болжолдогон натыйжалуу режимге (Production) өтөт. 

Төмөнкүлөрдү кошо алганда, 2027-2030-жылдардагы кийинки баскычтарда платформанын функционалдуулугун кеңейтүү пландаштырылууда:  

- чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр үчүн интеграцияны. Башка өлкөлөрдүн ушундай платформалары менен өз ара иш алып баруу мүмкүнчүлүгү каралууда, бул чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты жакшыртат жана жарандар жана бизнес үчүн финансылык операцияларды жөнөкөйлөтөт;  

- смарт-контрактыларды колдоо. Ал бүтүмдөрдүн шарттарын аткарууну автоматташтырган жана транзакциялардын ачыктыгын камсыз кылган смарт-контрактыларды ишке ашырууну пландаштырууда. Бул программалануучу төлөмдөрдү ишке ашырууга жана процесстерди оптималдаштырууга, операциялардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет; 

- платформаны ыңгайлаштыруу жана оптималдаштыруу. Платформаны өркүндөтүү боюнча үзгүлтүксүз иш операцияларды иштетүү ылдамдыгын, киберкоопсуздукту жана оорчулукка туруктуулукту жогорулатууга багытталган. Платформа жаңы технологияларга жана колдонуучулардын муктаждыктарына ылайык жаңыртылып, анын узак мөөнөттүү актуалдуулугун камсыз кылат.  

Ошону менен катар операциялык эрежелер, санарип сом платформасынын операторунун иш регламенти жана төлөм системасынын катышуучуларын туташтыруу эрежелери маселеси боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү жагында иштер жүргүзүлөт. 

 

НАКТАЛАЙ АКЧА ЖҮГҮРТҮҮ  

 

Кыргыз Республикасында накталай акча жүгүртүүнүн үзгүлтүксүздүгүн, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Улуттук банк төмөнкүлөрдү камтыган накталай акча жүгүртүүнүн технологиялык процесстерин өркүндөтүү ишин улантат: 

- улуттук валютанын банкнотторун иштеп чыгуу боюнча «адам фактору» тобокелдигин минималдаштыруу, бул нак акчаны автоматташтырылган иштеп чыгууда жана таңгактоодо операциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталат;  

- эскилиги жеткен банкнотторду жана кетилген монеталарды жок кылуу технологиясын оптималдаштыруу;  

- жүгүртүүдөгү «таза акча» саясатын калыптандырууга жана банкнотторду иштеп чыгуунун алгачкы баскычында жасалма банкнотторду табууга багытталган акчаны иштеп чыгуунун коопсуздугун жана сапатын жогорулатуу, бул республиканын аймагында улуттук валютанын жасалма банкнотторунун таралышынын алдын алуу чарасы болуп саналат.  

 

УЛУТТУК БАНКТЫН ИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ   

 

Улуттук банктын ишин камсыз кылуу үчүн төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүлөт: 

- Улуттук банктын ишине ESG принциптерин киргизүү

- Улуттук банкты туруктуу өнүктүрүү жагында маалыматтарды ачып көрсөтүү;  

- коомчулуктун Улуттук банкка болгон ишенимин жогорулатуу, калктын күтүүлөрү менен ишти жакшыртуу; 

- максаттуу топтордун керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алуу менен тышкы жана ички коммуникация каналдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу;  

- Улуттук банкта маалымат жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу системасын, ошондой эле маалымат коопсуздугунун башкаруу системасын дайыма жакшыртуу жана өркүндөтүү;  

- Улуттук банктын маалымат инфраструктурасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы-кредит жана төлөм секторунун корголуу абалын камсыз кылуу жана колдоо үчүн киберкоопсуздук системасын түзүү;  

- интеграциялык бирикмелердин жана эки тараптуу мамилелердин алкагында өнүктүрүү максатында Улуттук банктын эл аралык уюмдар жана өнөктөш өлкөлөрдүн борбордук банктары менен өз ара иш алып баруусун чыңдоо;  

-  Улуттук банктын бизнес-процесстерин башкарууну жакшыртуу, банктын алдына коюлган стратегиялык максаттарга жетүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон потенциалдуу операциялык жана башка тобокелдиктерди өз убагында аныктоо зарыл; 

- Улуттук банкта иш үзгүлтүксүздүгүн башкаруу системасын дайыма өркүндөтүү;  

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды аткаруу;  

- Улуттук банктын автоматташтырылган жана маалымат системаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана аларды Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн суроо-талаптарына ылайык өнүктүрүү;  

- электрондук санариптик кол тамганы киргизүү бөлүгүндө электрондук документ жүгүртүүнүн автоматташтырылган системасын модернизациялоо аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен документтерди алмашуу ишин кеңейтүү жана өркүндөтүү