Кайта келүү

 

 

«Өмүр сакчыларына таазим!» коллекциялык монетасы - «Жылдын монетасы» номинациясында III орунду ээлеген  

 

Саламаттыкты сактоо, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчыларга жана COVID-19 пандемиясына каршы иш жүргүзгөн бардыгына алкыш катарында Улуттук банк тарабынан чыгарылган «Өмүр сакчыларына таазим!» коллекциялык монетасы «Монеталар топ жылдызы 2022» эл аралык сынагында «Жылдын монетасы» номинациясында үчүнчү орунду ээледи. 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары коронавирус инфекциясынын пандемиясын жеңүү үчүн өз жанын аябастан эмгектенген ар кандай кесиптердин ээлери менен ыктыярчылардын өкүлдөрүнүн элеси чагылдырылган. Монетанын жогору жагында табияттын ойгонуп келе жаткандыгын, таңды жана жаңы жашоону чагылдырган шүүдүрүм менен күндүн чыгышынын сүрөтү түшүрүлгөн.