Кайта келүү

 

«Улуу Жибек жолу» коллекциялык монетасы – «Бир кыйла тарыхый мааниге ээ монета»

 

«Кыргызстан Улуу Жибек жолунда» сериясындагы «Улуу Жибек жолу» коллекциялык күмүш монетасы Германия өлкөсүнүн Берлин шаарында «World Money Fair 2013» бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында «Krause Publications» (АКШ) басылмасы тарабынан өткөрүлгөн ири эл аралык коллекциялык монеталар сынагында «Бир кыйла тарыхый мааниге ээ монета» номинациясы боюнча лауреаты болуп таанылган. 

Монетада Улуу Жибек жолунун маршруту жана ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас маданий объектилеринин тизмесине кирген белгилүү архитектуралык-маданий эстеликтердин сүрөтү түшүрүлгөн.