Кайта келүү

 

«Улуттук банктын банкнотторду чыгаруу боюнча инновациялык жана ар тараптуу ыкмасын таануу»  

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү бешинчи сериясындагы банкнотторунун чыгарылышы БАЭнин Дубай шаарында банкнотторду басып чыгаруу жана монеталарды чегүү боюнча өткөн «Mint & Print Conference» эл аралык конференциясында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банкнотторду чыгаруу боюнча инновациялык жана ар тараптуу ыкмасын таануу» категориясында атайын сыйлык менен белгиленген.  

Атайын сыйлык Улуттук банкка нак акча жүгүртүү тармагында индустрияны өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу жана көз карандысыз эл аралык эксперттик кеңеш тарабынан жаңы банкнотторду даярдоо жана жүгүртүүгө чыгаруу боюнча долбоорду уникалдуу ишке ашыргандыгы үчүн ыйгарылган, бул банкноттордун тышкы көрүнүшүн жана алардын коргоо белгилерин жакшыртууга мүмкүндүк берген.