Банк секторунун өнүгүү тенденциялары
(2024-жылдын 30-сентябрына карата1)
2024-жылдын 30-сентябрь карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 21 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 305 филиалы иштеп турган. Беш коммерциялык банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана/же чет өлкө валюталарында кызматтарды сунуштаган.
Жыл башынан бери банк сектору 24 115,9 млн сом таза киреше алган2.
Банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып 25,5 пайызга өсүү менен 770,8 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында – 614,3 млрд сом).
Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү3 жыл башынан 16,7 пайызга өсүү менен 300,8 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында – 257,8 млрд сом), анын ичинде тармактар боюнча:
- өнөр жайына берилген кредиттер 12,7 млрд сомду түзгөн (5,1 пайызга азаюу менен);
- айыл чарбасына берилген кредиттер 47,1 млрд сомду түзгөн (11,6 пайызга өсүү менен);
- соода чөйрөсүнө кредиттер 77,9 млрд сомду түзгөн (5,3 пайызга өсүү менен);
- курулушка берилген кредиттер 13,2 млрд сомду түзгөн (11,2 пайызга өсүү менен);
- ипотекага берилген кредиттер 35,5 млрд сомду түзгөн (18,3 пайызга өсүү менен);
- керектөө үчүн берилген кредиттер 81,1 млрд сомду түзгөн (45,3 пайызга өсүү менен);
- жана башкалар боюнча берилген кредиттер 33,2 млрд сомду түзгөн (8,9 пайызга өсүү менен).
Ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү жыл башынан бери 18,8 пайызга өсүү менен, 7,2 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырына карата – 6,1 млрд сом), анын ичинде тармактар боюнча:
- өнөр жайды каржылоо – 0,3 млрд сомду түзгөн (94,2 пайызга өсүү менен);
- айыл чарбаны каржылоо – 1,1 млрд сомду түзгөн (77,9 пайызга өсүү менен);
- сооданы каржылоо – 0,8 млрд сомду түзгөн (12,8 пайызга өсүү менен);
- курулушту каржылоо – 0,5 млрд сомду түзгөн (8,3 пайызга өсүү менен);
- ипотеканы каржылоо – 2,2 млрд сомду түзгөн (116,2 пайызга өсүү менен);
- керектөөнү каржылоо – 1,3 млрд сомду түзгөн (48,3 пайызга азаюу менен);
- башка максаттар – 0,8 млрд сомду түзгөн (86,2 пайызга өсүү менен).
Банк секторунун кредит портфелиндеги классификацияланган кредиттердин үлүшү 11,3 пайызды же 33,9 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында – 9,2 пайыз же 23,8 млрд сом). Мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин көлөмү жыл башынан бери 0,8 млрд сомго же 12,7 пайызга көбөйүү менен 7,2 млрд сомду же банк системасынын кредит портфелинин 2,4 пайызын түздү.
Ислам принциптери боюнча берилген мөөнөтүндө төлөнбөгөн каржылоонун көлөмү 0,4 млрд сомду же банк тутумун каржылоонун жалпы көлөмүнүн 1,9 пайызын түзүп, жыл башынан бери 0,1 млрд сомго же 57,8 пайызга өскөн.
Банк секторунун кредит портфелиндеги классификацияланган кредиттердин үлүшү 11,3 пайызды же 33,9 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында – 9,2 пайыз же 23,8 млрд сом).
Банк секторунун жалпы милдеттенмелеринин көлөмү жыл башынан 27,0 пайызга өсүү менен 648,0 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында – 510,0 млрд сом).
Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы4 жыл башынан 28,8 пайызга өсүү менен 555,4 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында – 431,3 млрд сом), алардын ичинен:
- юридикалык жактардын депозиттери 230,2 млрд сомду түзгөн (40,7 пайызга өсүү менен);
- жеке адамдардын депозиттери 188,4 млрд сомду түзгөн (15,0 пайызга өсүү менен);
- бийлик органдарынын депозиттери 63,9 млрд сомду түзгөн (63,8 пайызга өсүү менен);
- резидент эместердин депозиттери 69,6 млрд сомду түзгөн (11,8 пайызга өсүү менен);
- башка финансы-кредит уюмдарынын депозиттери 3,4 млрд сомду түзгөн (30,1 пайызга өсүү менен).
Банк секторунун кредит портфелинин долларлашуу деңгээли 2024-жылдын башталышынан тартып 2,1 п.п. азайып, 19,9 пайызды түзгөн. Банк секторунун депозиттик базасынын долларлашуу деңгээли 2024-жылдын башталышына салыштырганда 1,8 п.п. азаюу менен 43,9 пайызды түзгөн.
Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн колдонулган банк секторунун таза суммардык капитал көрсөткүчү жыл башынан бери 16,7 пайызга өсүү менен 124,0 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында – 106,3 млрд сом). Банк секторунун капиталында чет өлкөнүн катышуусунун үлүшү банк секторунун төлөнгөн уставдык капиталынын 21,2 пайызын же 16,2 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында – 20,3 пайыз же 12,2 млрд сом).
Банк сектору боюнча суммардык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти 12,0 пайыз ченеминде 23,9 пайыз чегинде катталган (2023-жылдын акырында – 24,8 пайыз), ал эми левераж коэффициенти 6,0 пайыз ченеминде 12,0 пайызды түзгөн (2023-жылдын акырында – 12,4 пайыз).
Банк системасы боюнча ликвиддүүлүк коэффициенти 45,0 пайыз ченеминде 78,7 пайызды түзгөн (2023-жылдын акырында – 77,4 пайыз).
Банк секторунун активдеринин кирешелүүлүгү (ROA) 4,7 пайызды (2023-жылдын акырында – 4,4 пайыз), ал эми салынган капиталдын кирешелүүлүгү (ROЕ) 34,0 пайызды (2023-жылдын акырында – 32,4 пайыз) түзгөн.
Финансылык ортомчулук деңгээлинин көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдү түзгөн:
- активдер / ИДӨ деңгээли 57,3 пайызды түзгөн (2023-жылдын акырына – 50,0 пайыз);
- кредиттер3 / ИДӨ деңгээли 22,4 пайызды түзгөн (2023 жылдын акырына – 21,0 пайыз);
- депозиттер4 / ИДӨ деңгээли 41,3 пайызды түзгөн (2023-жылдын акырына – 35,1 пайыз).
_____________________________
1 Алдын ала алынган маалыматтар.
2 Маалымат үчүн: 2023-жылдын ушул эле мезгилинде 18 571,3 млн сом өлчөмүндө киреше алынган.
3 Банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттерди эске албаганда. Ислам принциптери боюнча каржылоону эске алуу менен.
4 Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын депозиттик жана эсептешүү эсептериндеги акча каражаттарын эске албаганда.