> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Нумизматикалык музейи 

Улуттук банктын Нумизматикалык музейи алгач 1998-жылы улуттук валютанын колдонууга киргизилишинин 5 жылдыгына арналган нумизматикалык көргөзмө катары уюштурулуп, көргөзмөгө келгендердин, өзгөчө студенттер жана чет өлкөдөн келген коноктор арасында кызыгууну жараткан. 

Кыска мезгил ичинде көргөзмөнүн коллекциясы чет мамлекеттердин өкүлдөрү жана жеке адамдар тапшырган банкноттордун, монеталардын жана башка баалуулуктардын эсебинен кыйла толукталып, 1998-жылдын акырында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нумизматикалык музейи түзүлгөн.  

Музейдин негизги максаты катары Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасын топтоо, сактоо, көргөзүү, системага салуу жана жалпыга маалымдоо, ошондой эле улуттук валютанын жаралуу, калыптануу жана өнүгүү тарыхы жөнүндө документтерди жана материалдарды топтоо саналат. 

Музей өз ишин кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизүү боюнча тарыхый материал катары байыркы унутулгус буюмдарды топтоо жана сактоо гана эмес, алардын илимий жана маданий маанилүүлүгүн жайылтуу принциптеринин негизинде алып барат. Анткени, мамлекеттин борбордук банкы катары Улуттук банк өлкөдө акча жүгүртүү тарыхы боюнча калкка маалымат берүү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

Азыркы учурда Нумизматикалык музейден төмөнкүдөй экспозициялар менен таанышууга болот: 

· Кыргызстандын аймагында, анын ичинде Улуу Жибек жолу мезгилинде табылган кайталангыс байыркы монеталар; 

· Улуттук банк тарабынан 1995-жылдан тартып чыгарылып келген коллекциялык эстелик монеталар; 

· Улуттук валютанын өнүгүү тарыхы, анын ичинде банкнотторду жана монеталарды чыгаруудан тартып жок кылууга чейинки маалымат; 

· «Сом Кыргызстандын жүзү» маалымат берүү агартуу кампаниясынын материалдары; 

· Улуттук банк тарабынан чыгарылган өлчөнгөн алтын куймалар; 

· Улуттук банк тарабынан чыгарылган ар түрдүү сувенирдик буюмдар; 

· Чет мамлекеттердин борбордук банктары тарабынан чыгарылган акча белгилеринин ар кандай үлгүлөрү

 

 Өз элинин тарыхына, акчанын келип чыгышы жөнүндө тарыхый маалыматтарга жана учурдагы банкноттор менен монеталарга кызыккандар үчүн Нумизматикалык музейдин эшиги дайым ачык. 

                 Иштөө убактысы: 

                 Дүйшөмбү жума күндөрү саат 10.00дөн 16.00гө чейин (түшкү тыныгуу саат 12.00-13.00 чейин) 

                 Кирүү акысыз.  

                Экскурсия өткөрүү маселеси боюнча: 0312 66 90 08, 61 24 14 телефон номерлери же mail@nbkr.kg электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.