Кайта келүү

 

Улуттук валюта банкнотасынын 5-сериясы – «2023-жылдын банкнотторунун мыкты жа ңы сериясы» 

 

2023-жылдын 10-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан улуттук валютанын банкнотторунун жаңы 5-сериясындагы 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы жаңы банкноттору жүгүртүүгө чыгарылган. 

2023-жылдын үлгүсүндөгү ссылке. 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы улуттук валютанын банкнотторунун 5-сериясы Шри-Ланканын Коломбо шаарында «High Security Printing Asia» жогорку деңгээлде корголгон басып чыгаруу боюнча эл аралык конференциянын алкагында «Жылдын банкноту» регионалдык сынагында «2023-жылдын банкнотасынын мыкты жаңы сериясы» номинациясынын лауреаты болду.  

«Жылдын мыкты банкноттор сериясы» регионалдык сыйлыгы банкнотторду көркөм жасалгалоо контекстинде дизайн жана заманбап коргоо элементтерин колдонуу жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн ыйгарылат. Банкнотторду баалоонун негизги критерийи болуп банкноттордун тышкы жасалгалоосунун айкалышы жана анын жогорку деңгээлдеги техникалык татаалдыгы жана коопсуздугу саналат. Мында маданий мурастарды чагылдырууга, ошондой эле эмитент өлкөнүн жалпы дизайнынын жана символдорунун актуалдуулугуна өзгөчө көңүл бурулат