1. Төмөнкү учурларда талапкер банктын жоюучусу ордуна сынакка катыша албайт:
- банктын карызгерине, кредиторлоруна, кызмат адамдарына жана/же акционерлерине карата өз кызыкчылыгы болсо;
- соттолуп, ал акырына чейин өтөлбөсө (чечилбесе);
- ага карата банкроттук ишине тиешелүү жол-жоболор белгиленсе;
- ага башка адамдардын ишин жана (же) мүлкүн тескөөгө чектөөлөр/тыюу салуулар белгиленсе;
- ага карата Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык белгилүү бир мөөнөт ичинде жоюучу кызматын ээлөөгө тыюу салынган жана күчүнө кирген сот актысы/же башка документ болсо;
- банктын жоюучусу позициясы үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербесе.
2. Эгерде талапкер убактылуу администрациялоо режими киргизилген банктын кызмат адамы жана аффилирленген жагы болсо, ошондой эле таламдары каршы келген талапкер болсо, ага сынакка катышууга жол берилбейт. Бул талаптар Улуттук банктын кызматкерлерине да тиешелүү.
3. Банктын убактылуу администратору, банктын жоюучусу кызматына талапкерлер минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Банктын жоюучусуна карата минималдуу талаптар:
- жогорку билимге ээ;
- кеминде эки юридикалык жакты жоюу ишине катышкан;
- Кыргыз Республикасынын банкроттук, анын ичинде банктарды банкроттукка чыгаруу жөнүндө мыйзамдарын билген;
- эгерде жоюучу катары юридикалык жак/жеке ишкер болсо, анда бул адам дайындалганга чейинки беш жыл ичинде ага карата банкроттук процесси белгиленбөөгө тийиш.
Банктын убактылуу администраторуна карата минималдуу талаптар:
- жогору билимдүү;
- финансы-банк системасында кеминде беш жылдык, анын ичинде жетекчилик кызматтарда кеминде эки жылдык эмгек стажы болууга;
- Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салуу, банктык тобокелдиктерди тескөө чөйрөсүндө мыйзамдарын, ошондой эле Улуттук банкын ченемдик укуктук актыларын билүүсү;
- кынтыксыз ишкердик абройго ээ;
- убактылуу администрация киргизилген банктын карыз алуучулары, кредиторлору жана банк менен байланыштуу жактар менен таламдардын каршы келбеши.