«Тиричилик буюмдары: тай туяк» коллекциялык монетасы - «Жылдын күмүш монетасы» номинациясында III орунду ээлеген
«Тарыхый окуялар» сериясындагы «Тиричилик буюмдары: тай туяк» коллекциялык күмүш монетасы «Монеталар топ жылдызы – 2024» XVIII эл аралык сынагында «Жылдын күмүш монетасы» номинациясында үчүнчү орунду ээледи.
Салмагы 500 г жана диаметри 90 мм болгон «Тай туяк» коллекциялык монетасы улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгаруунун 30 жылдыгына жана акчанын байыркы тарыхына арналып чыгарылган.
Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары тай туяктын («аттын такасы») сүрөтү түшүрүлгөн, бул Кытай менен чек ара аркылуу соода жүргүзүүдө жана ири эсептешүүлөрдө Кыргызстандын аймагында кеңири таралган, акча жүгүртүү чөйрөсүндө XIX кылымда колдонулган күмүштүн куймасы.