> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

10 тыйын номиналындагы жүгүртүү монетасы  

 

 

 

Монетанын алдынкы бетинде кыргыз элинин кол өнөрчүлүк чеберчилигинде байыртан эле кездешип келген, аруулук менен керемет сулуулукту туюндурган назик гүлдүн сүрөттөлүшү чагылдырылган. 

 

Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби жана монета чыгарылган жыл орун алган. 

 

Монеталардын техникалык мүнөздөмөсү

Номиналы 

Жүгүртүүгө чыгарылган күнү 

Металлы 

Диаметри 

Салмагы 

Кыры 

10 тыйын

2008-жылдын 1-январы 

Латунь капталган болот 

15 мм 

1,3 г 

Жылмакай 

 

10 тыйын номиналындагы жүгүртүү монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.