> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Саякбай Каралаев  

(1894-1971) 

500 сом номиналындагы банкноттун алдыңкы бетине кыргыз элинин атактуу манасчысы Саякбай Каралаевдин портрети түшүрүлгөн.  

Саякбай Каралаевдин манасчылык өнөрү, анын замандаштары бир добуштан белгилегендей, улуттук эпикалык маданияттын эволюциясынын туу чокусу болуп саналат. Укмуштуудай зор чыгарманы жатка айтып, аны кайра мыкты актёрдук чеберчиликте угуучуларга аткарып берүү таланты үчүн замандаштары атактуу манасчыны «улуу рапсодист» жана «XX кылымдын Гомери» деп аташкан. 

Саякбай Каралаев Ысык-Көл өрөөнүндө кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Манасчынын сөз өнөрүнө болгон кызыгуусу бала күнүнөн эле билинген. Аны буга дилгирленткен жомокчу жана кошокчу чоң энеси Дакиш болгон. Ал киши көптү көргөн, узак жашаган нускалуу адам болгон. Манасчы чоң энесинин жана башка манасчылардын аңгемелерин кызыгуу менен угуп, эсине бек тутуп алар эле. Саякбайдын манасчы болуп калыптанышына эпосту аткаруу техникасы боюнча бир топ кеңештерин берген белгилүү манасчы Чоюке Өмүр уулу чоң таасир тийгизген. 

Саякбайдын эс тутуму мыкты болгон жана кыргыздын улуттук фольклорун жакшы билген. Саякбай Каралаев 1925-жылдан баштап эпостон үзүндүлөрдү өз алдынча айта баштаган, ал эми 1930-жылдан тартып чыгаан манасчы катары элге кеңири таанылган. 1935-жылы С. Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үч илтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. «Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500 553 ыр саптарынан турат. 

Саякбайдын эбегейсиз зор эпосту эсине тутуп, анын сюжетин учурда чыныгы болуп жаткан окуядай көркөм чеберчиликте толук айтып берүү жөндөмдүүлүгү таң калтырат. Ал Манас айтуу өнөрүн актёрдук талант жана жомокторду, поэмаларды, аңгемелерди жараткан жазуучулук өнөрү менен айкалыштырган. 

Саякбай Каралаевдин оозунан жазылып алынган эпосту дүйнө элинин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссей» чыгармаларынан 20 эсе, «Шахнамеден» беш эсе, «Махабхараттан» 2 эсеге чоң. Ал «Манас» эпосун бир нече айлар бою токтобой айта алган. Алп манасчы Саякбай Каралаев ХХ кылымдын Гомери аталган.  

С. Каралаевдин кыргыз элине сиңирген эмгеги жогору бааланып, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган: 1939-жылы Саякбай Каралаев Кыргыз ССРинин Эл артисти наамын, үч Эмгек Кызыл Туу орденин, «Ардак Белгиси» орденин, «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каармандык эмгеги үчүн» медалын алган.  

Чыңгыз Айтматов С.Каралаев жөнүндө макаласында: «Саякбай Каралаев мамлекеттик денгээлдеги чебер сүрөтчү болгон... Байыркы доордогу уламыштын бүтүндөй тереңдигин, кенендигин түшүнүү, «Манас» жөнүндөгү сөздү өткөн доор алдында сактап, азыркы учурга жеткирүү үчүн айтуучу укмуштуудай интеллектке, феноменалдык эс тутумга, эбегейсиз фантазияга жана көркөм талантка ээ болушу керек. Саякбай Каралаев бүт өмүрүн «Манас» айтуу өнөрүнө арнаган ушундай инсан болгон».