> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Абдылас Малдыбаев  

(1906-1978)  

 

1 сом номиналындагы банкноттун алдыңкы бетине биринчи кыргыз композитору Абдылас Малдыбаевдин портрети түшүрүлгөн.  

Ар бир улуттун маданиятынын тарыхында алгачкы кадам таштап, негиздөөчү катары кадырлуу жана ардактуу миссияны ишке ашырган инсандар бар. Кыргызстандын профессионалдык музыка маданиятынын негиздөөчүсү, композитор, автор, ырчы А.Малдыбаев ыр, романс, хор, кантата, оратория, музыкалык комедия, музыкалык драма, опера сыяктуу жаңы замандын алгачкы чыгармаларын жараткан, 60-жылга чейин бардык опера спектаклдеринде ырдап, бир катар ролдордо ойноп келген.  

Абдылас Малдыбаев 1906-жылдын 7-июнунда туулган. Ал бала кезинен музыканы өтө сүйгөндүктөн, мектептин бардык концерттеринде ыр ырдап, «Ырчы бала» деген атка конгон. Ошол кезде күтүүсүз жерден эле Абдылас алгачкы «Акинай» деген ырын жараткан. Анда улуттук мелодия жаңырып, бала кездеги таза сүйүү тууралуу айтылган.  

А. Малдыбаев театрга өтө кызыкчу, бирок ырды, музыка жазуу анын көздөгөн максаты эле. Биринчи жолу сахнага ооруп калган актёрдун ордуна ойноп чыккандан кийин көп узабай, Гоголдун «Ревизор», Фурмановдун «Козголоң» жана Р. Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасов» чыгармаларында ролдорду ойногон.  

А. Малдыбаев спектаклдердин музыкалык коштоосунда, кийинчерээк театралдык оюндарды коюуда өз күчүн сынаган. Алсак, бул чөйрөдө аткарган орчундуу иштердин бири катары П. Шубин менен биргеликте «Карачач» спектакли боюнча жазылган музыканы айтууга болот.  

1930-жылы Фрунзе шаарында биринчи музыкалык техникум ачылып, ага А.Малдыбаев директор болуп дайындалат, ал эми театралдык студия мамлекеттик театр болуп түзүлөт. А. Малдыбаев музыкалык окуу жайындагы жумушун театрдагы актёрдук иши менен айкалыштырган, бирок кийинчерээк театрга иштөөгө өткөн. Ошол учурдан тартып музыканттын ишмердигинин үч багыты белгиленет: А. Малдыбаев композитор, А. Малдыбаев ырчы, А. Малдыбаев актёр. А. Малдыбаев кыргыздын массалык ырында, хордо, романста, музыкалык драмада, кантата менен ораторияда биринчи болуп сөзүн айткан авторлордун бири болгон. 

Кыргыз театры биринчи музыкалык «Алтын кыз» спектаклинен «Ажал ордуна» музыкалык драмасына, андан кийин А.Малдыбаев, В.Власов жана В.Фере менен бирге жазган «Айчүрөк» биринчи улуттук операсын коюуга чейинки баскычтарды басып өттү. 1939-жылдын 12-апрели «Айчүрөк» операциясынын премьерасы кыргыз улуттук операсынын туулган күнү болуп калды. 

А. Малдыбаев СССРдин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты сыйлыгы, Ленин ордени менен сыйланган. 

Композитордун чыгармачылык мурасы 300гө жакын ар түрдүү чыгармаларды, анын ичинде 200дөн ашык ырларды жана хорлорду камтыйт. 

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры А.Малдыбаевдин ысымы менен 1978-жылдан бери аталып келет. А. Малдыбаевдин ысымы Бишкек шаарындагы көчөгө ыйгарылган.