> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Бүбүсара Бейшеналиева  

(1926-1973) 

5 сом номиналындагы банкноттун алдыңкы бетинде кыргыз элинин туңгуч балеринасы, СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бүбүсара Бейшеналиеванын портрети берилген.  

Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылдын 17-майында жарык дүйнөгө келген. Сымбаттуу, кара чачтуу кызды карыялар «көк көз кыз» деп аташчу: бала кезинде Бүбүсаранын көзү көк боло турган. Эркелетип чакырган аты балеринага бекип калгандай, атактуу инсандын бул аты туулуп-өскөн Таш-Дөбө айылында (Воронцовка) азыр да кеңири белгилүү. 1936-жылы биринчи жолу Кыргызстандын таланттуу балдары окуусун улантуу максатында Неваны жээктеген шаарга жиберилген. Алардын арасында Ленинграддагы А.Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайына кабыл алынган он жаштагы Бүбүсара да бар эле, анын негизги максаты балет искусствосун үйрөнүү болгон. Кыска убакыт ичинде жаш бийчи ага артылган үмүттөрдү актаган. Анын дебюту 1939-жылы Чоң театрдын сахнасында кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында өткөн. 

«Кыргыз балетинин жылдызы!», «Туубаса талант!», «Сахна үчүн жаралган!», «Биздин Бүбүсара!» мунун баары кыргыз элинин легендарлуу тунгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу айтылган. Б. Бейшеналиева Кыргызстандын балет маданиятынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Кыргыз опера жана балет театрында ал ар түрдүү, жогорку көркөм образдарды, татаал жана көп кырдуу бүтүндөй галереяны жараткан. 

Бүбүсара «Чолпон» балетинде башкы партияны аткарган, бул спектакль улуттук хореография искусствосунун өнүгүүсүнө салым кошуу менен бирге Бүбүсаранын балерина катары жылдызынын жанышына да себеп болгон. Бул спектаклди Бүбүсара 1971-жылга чейин адегенде Чолпондун, кийинчирээк - Айдай сыйкырчынын партиясын бийлеген. Б. Бейшеналиеванын дүйнөгө таанытып, атак-дактуу кылган башкы ролдору: Мария менен Зарема («Бахчисарай фонтаны»), Одетта-Одилия («Ак куу көлү»), Тао Хоа («Кызыл жоогазын»), Аврора («Уктап жаткан сулуу»), Зейнеп («Куйручук»), Фанни («Улуу вальс»), Медор («Корсар»), Джульетта («Ромео жана Джульетта»), Лауренсия Франческа («Франческа де Риммини»), Сильфид («Шопиниана»), Китри («Дон Кихот») жана башкалар. 

Элдин сүймөнчүгү болгону менен ал «жылдыз оорусунан» алыс болгон. Андан тышкары, эл Бүбүсараны тамашакөй мүнөзү жана белгилүү инсандарды туураган жөндөмү менен да өтө жакшы көрчү

Көп кырдуу таланттуу Б. Бейшеналиеванын чыгармачылык өмүрү кызыктуу окуяларга бай болуп, ал бир эле учурда артист, балерина, парламенттин депутаты болуп эмгектенип, өлкөнүн маданий турмушундагы бардык коомдук иш-чараларга жигердүү катышкан.  

Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна жана Бишкектин көчөлөрүнүн бирине берилген.