> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Жусуп Баласагын  

(ХI к.) 

1000 сом номиналындагы банкноттун алдыңкы бетине акын, орто кылымдын улуу ойчулу Жусуп Баласагындын портрети түшүрүлгөн. 

Улуу ойчул, акын, түрк поэзиясынын негиздөөчүсү, окумуштуу-энциклопедист Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы (болжол менен 1015-1018-ж.) азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан Баласагын шаарында туулган.  

Жусуп Баласагын ошол кездеги таанымал маданий борборлор Фараб, Кашкар, Бухара шаарларында билим алган. Араб жана фарс тилдеринде эркин сүйлөп, илимдин түрдүү тармактары боюнча философиялык жана илимий эмгектерди жазган. Жусуп Баласагын, өз убагында атагы чыгып, саясий жана маданий борбор аталган Отрарды (Фарабды), Шашты (Ташкент), Таразды, Чүй өрөөнүн, Ысык-Көл областын, Фергананы жана Кашгарды камтыган аймактан чыккан адам. 

Жогорку билимдүү, турмуштук тажрыйбасы бай, жалпы түрк акыны жана илимпоз- энциклопедист Жусуп Кашкарга келип, 50 жашында түрк тилинде классикалык поэма жаза баштаган. Жусуп Баласагын он сегиз ай эмгектенип «Кут билим» деген ири көлөмдүү поэтикалык чыгармасын жазуу менен дүйнөлүк поэзияда биринчи түрк поэмасын жараткан. 

Дал ушул поэма өзүнүн авторун адегенде Караханиддер мамлекетинин каганынын кеңешчиси кызматына көтөрсө, кийинчерээк Жусуп Баласагынды түрк элинин улуу ойчулу, акыны катары тарыхта түбөлүккө атын калтырган. «Кут билим» поэмасы формасы, философиялык мазмуну жагынан эле эмес, көлөмү жагынан да өтө маанилүү чыгарма, ал 13 434 ыр саптан турат. Бул поэманын маңызы жалпы адамзат өмүр бою бардык мезгил доорунда издеп келген түбөлүктүү идеяларды камтыйт, бул идеялар жогорку көркөм сөз өнөрү менен берилген. Жусуп Баласагын ыр саптарында адилеттүү башкаруучу жана ар бир адам бактылуу жашай ала турган гүлдөп-өскөн мамлекет жөнүндө баяндаган. Поэманын ыр саптары абдан белгилүү болуп, элдик макал-лакаптарга айланган. 

Азыркы кыргыз тилинде бул поэма «Кут билим» деп аталат. Ал эки сөздөн жаралган: «Кут» - «бакыт», «жыргалчылык», жана «билим» - «билим алуу», башкача айтканда, «Бакыт тартуулаган билим». ХI кылымда Ала-Тоо жеринде жаралган бул поэма орус, кыргыз жана башка тилдерге которулуп, дүйнөгө Чыгыштын көркөм поэзиясынын жаңы кырларын ачып, бизди Азия элдеринин руханий маданиятындагы мыкты жетишкендиктердин мураскорлоруна айландырат.