> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Касым Тыныстанов  

(1901-1938) 

10 сом номиналындагы банкноттун алдыңкы бетинде кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү Касым Тыныстановдун портрети түшүрүлгөн.  

Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысык-Көл аймагында туулган. Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтунда окуп жүргөн он сегиз жаштагы студент кезинде эле алгачкы ырлары жарык көргөн. Акын, тилчи-окумуштуу, коомдук ишмер К. Тыныстанов уюштуруу иштерине да өтө шыктуу болгон.  

Кыргыздын туңгуч профессору, кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү, тилчи К.Тыныстановдун ысымы көпкө чейин айтылбай жүргөн ал 1937-жылы август айында репрессияга кабылган. Кийин партия менен өкмөттүн токтому менен А. К.Тынынстанов укуктук (1957) жана партияга (1964) болгон мамилеси боюнча реабилитацияланган. 1988-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюросу Касым тууралуу маселени кайрадан карап чыгып, адабий мурастарына карата «тарыхый чындыкты калыбына келтируу зарылдыгын» белгилеген. Касым Тыныстановдун кыргыз тил илиминин грамматикасы боюнча эмгектери, пьесалары, поэмалары, адабият таануусу кыргыз адабиятына кайтарылган. 

Поэзия, проза же драматургия жаатында болбосун, Касым Тыныстанов кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгондугу талашсыз. Грамматика, синтаксис, лексикология тармагында көп эмгектери жарык көргөн, ошондой эле кыргыз алфавитин түзүүгө да жигердүү катышкан.  

К.Тыныстанов жаңы кыргыз интеллигенциясынын арасында жанган жылдыз болгон. Орус тилинде сабаттуу болгон, казакча ыр жазган, өзбек, уйгур, азербайжан тилдериндеги тексттерди кыйналбай окуган. Анын табиятынын көп кырдуулугун музыкалык аспаптарды мыкты өздөштүргөндүгү, «Манас» эпосунан көлөмдүү үзүндүлөрдү жатка айтканы, ошондой эле кыргыз адабият таануучулардын ичинен биринчи болуп «Интернационал» гимнин жана И.А. Крыловдун тамсилдерин кыргыз тилине которогону далилдеп турат. 

1926-жылы Баку шаарында өткөн түркологдордун 1-съездинде жасалган «Жаңы алфавитти түзүүнүн негизги принциптери» деген доклады жаңы кыргыз жазуусун калыптандырууда жана өнүктүрүүдө фундаменталдуу документ болуп, кыргыз тил илиминде алгачкы илимий ачылыш болуп калган. К.Тыныстанов кыргыз адабий тилинин орфографиясынын долбоорун, «Окуу китеп», «Чондор үчүн алиппе», «Биздин тил», «Кыргыз тилинин морфологиясы жана синтаксиси» аттуу кыргыз тилинин алгачкы окуу китептерин иштеп чыккан. Ошондой эле, ал 1933-жылы жарык көргөн тил таануу илими боюнча терминдердин сөздүгүн да түзгөн. 

К.Тыныстановдун ысымы Бишкектеги көчөлөрдүн бирине жана Каракол шаарындагы педагогикалык институтка ыйгарылып, аты түбөлүккө калтырылган. Касым Тыныстановдун туулуп өскөн Ысык-Көлдөгү Чырпыкты айылында айкели орнотулуп, үй-музейи ачылды.