Сүймөнкул Чокморов
(1939 – 1992)
5000 сом номиналындагы банкноттун алдыңкы бетине атактуу кыргыз актёру жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун портрети түшүрүлгөн.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда туулган. Анын балалыгы катаал согуш жылдарына туура келген. Сүймөнкул бала кезинде катуу ооруган. Алгач аны сүрөт тартууга улуу агасы Намырбек үйрөткөн. Баарынан да Сүймөнкул атактуу сүрөтчүлөрдүн репродукция альбомдоруна кызыккан. Балалыктын кубанычтарынан четте калган бала, аларды кайра көчүрүп тарта баштаган, бир аз убакыттан кийин анын ийгилигин башкалар да байкашкан.
Сүймөнкул өзүн жакшы сезип калган кезде, дарыгерлер спорт менен машыгууну сунушташат. Сүймөнкул Чокморов Ленинградда окуп жүргөндө волейбол боюнча спорт чебери наамын алып, Нева боюндагы шаардын студенттик командасынын мүчөсү болгон.
Көркөм билимдин негиздерин Фрунзе көркөм окуу жайынан алып, аны аяктагандан кийин бул багытта билим алууну И.В.Репин атындагы Ленинград көркөм институтунда уланткан. СССР Эл сүрөтчүсү Е. Моисеенко С.Чокморовдун устаты болгон.
С. Чокморовдун сүрөт тарткан өнөрү анын актёрдук талантына да таасирин тийгизген. Сүрөт тартуу өнөрү анын киного тартылып, талантынын андан да ташкындап өсүшүнө, артист катары кеңири таанылышына жол салган.
Боёк менен образ жараткан С. Чокморов кино тармагында таң каларлык образдары жарата алган. Ал киного 1967-жылы келген, «Караш ашуусундагы атыш» тасмасына биринчи жолу тартылып, башкы каармандын ролун мыкты аткарган. Актёр тарыхый тасмаларда («Жетинчи ок», «Дерсу Узала», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары») да, учурдун талабына туура келген көйгөйлөрдү чагылдырган драмалык тасмаларда да («Кызыл Алма») ролдорду аткарган. 1970-80-жылдары С. Чокморов тарыхый тасмалар менен революция темасында тартылган советтик кино тармагында эң эле популярдуу актёрлордон болгон.
Кыргыз искусствосуна кошкон зор салымы үчүн С. Чокморов Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык, Бүткүл Союздук Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзунун сыйлыгы менен сыйланган. Ал Кыргызстандын кино ишмерлеринин ичинен биринчилерден болуп «СССРдин Эл артисти» ардак наамын алган. Ошондой эле, С. Чокморовго Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү ардак наамы ыйгарылган.
С. Чокморов болгону 53 жыл жашаган. Бирок, бул мезгилде ал кыргыз киносунун өнүгүшү үчүн көп иштерди жасаган, живописчи катары пейзаж, натюрморт, портреттерди тарткан. Сүймөнкул Чокморов 400дөн ашык сүрөт жараткан, анын каармандары негизинен чыгармачыл адамдар болгон. Анын негизги сүрөттөрү Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сакталып турат.