> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кан Манас 

 

2000 сом номиналындагы банкноттун алдыңкы бетине чачыранды урууларды бириктирип, түпкүлүктүү кыргыз элинин уюткусун кураган айкөл Манас атабыздын Аккуласын минип, жоо-жарагын кийип, эл четинде, жоо бетинде турган элеси түшүрүлгөн. 

Кан Манас өз элинин аскер башчысы, өлкөнүн саясий абалына жооптуу мамлекет башчысы, журт атасы. Манас канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей чачылган бардык кыргыз урууларынын башын бириктирип, бүтүн мамлекетти түптөгөн, элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн, сырткы душмандардан коргогон, элдин ынтымагы, жылгалчылыгы үчүн күйүп-бышкан акылман, айкөл, тайманбас эр жүрөк, көк жал баатыр, кыргыз урпагы болгон. 

Кыргыз элинин легендарлуу «Манас» эпосу эрдикти, аскердик ар-намысты, мекенге болгон сүйүүнү даңазалаган уникалдуу кайталангыс, зор чыгарма.