> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасында нак акча жүгүртүлүшүнүн 2023-жылдын  

IV - чейрегиндеги абалы тууралуу 

 

2024-жылдын 1-январына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 207 251,0 млн сомду түзгөн, анын ичинен 12 805,7 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 194 445,4 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда турган (өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндегиге салыштырганда 36,3 млн сомго же 0,02 пайызга көбөйгөн). 

2023-жылдын IV - чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бүтүндөй аймагынан 1 310 222,4 млн сом келип түшкөн, бул көрсөткүч 2022-жылдын IV - чейрегине салыштырганда 79 566,6 млн сомго же 6,5 пайызга көп.  

Коммерциялык банктар мекемелеринин кассаларына нак акчанын келип түшүүсүнүн өзгөрүүсү, төмөндө келтириген 1-графикте чагылдырылган:  

1-график. Коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын келип түшүүсү 

 

Коммерциялык банктардын кассаларынан 2023-жылдын IV - чейрегинде 1 313 855,6 млн сом берилген, бул 2022-жылдын IV - чейрегиндегиге салыштырганда 72 381,5 млн сомго же 5,8 пайызга көп.  

Коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчаларды берүүдөгү өзгөрүүлөр, төмөндө келтирилген 2-графикте чагылдырылган: 

2-график. Коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчаны берүүлөр 

Коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 2023-жылдын IV -чейрегинде 99,7 пайызды түзгөн (2022 жылдын IV - чейрегине салыштырганда 0,6 пайызга көбөйгөн). 

 

Коммерциялык банктардын кассаларына 2023-жылдын IV-чейреги ичинде акча кайтарымдуулугунун областтар боюнча өзгөрүүсү, төмөндө келтирилген 1-таблицада чагылдырылган

 

1-таблица (пайыз) 

 

 

2022- жылдын 

IV - чейреги 

2023- жылдын 

IV - чейреги 

Четтөөлөр 

Бардыгы болуп республика боюнча: 

99,1 

99,7 

0,6 

Бишкек шаары 

99,9 

101,0 

1,1 

Баткен обл. 

100,5 

100,1 

-0,4 

Жалал- Абат обл. 

94,9 

95,6 

0,7 

Ысык-Kөл обл. 

96,2 

96,5 

0,3 

Нарын обл. 

95,5 

98,4 

2,9 

Ош обл.  

99,9 

100,1 

0,2 

Ош шаары 

99,2 

97,9 

-1,3 

Талас обл. 

94,3 

93,2 

-1,1 

Чүй обл.  

100,6 

100,9 

0,3