> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасында финансылык платформа (маркетплейс) түзүү «Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык ишке ашырылат. 

финансылык платформа (маркетплейс) - бул финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун электрондук онлайн-платформасы/витринасы, анда финансылык кызматтарды сунуштоочулардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалымат жайгаштырылган жана жеке кабинет аркылуу жана/же финансылык кызматтарды сунуштоочунун өзүнүн финансылык платформасы аркылуу шилтеме келтирүү же ушул платформадагы башка технологиялык чечимдерди колдонуу менен бүтүмдөрдү ишке ашыруу боюнча техникалык мүмкүнчүлүк бар;  

финансылык платформанын (маркетплейс) кызмат көрсөтүү оператору - ачык программалык интерфейстер (API) аркылуу бир платформада финансылык кызматтарды сунуштоочулардын жана/же финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун эрежелерине кошулушкан финансылык кызматтарды сунуштоочулардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучунун платформага 24/7 онлайн-режиминде кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган юридикалык жак;