> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2002-жылдын 23-июлу N 124 

Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө 

(КР 2005-жылдын 1-декабрындагы N 157, 2009-жылдын 27-мартындагы N 87, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2013-жылдын 24-июлундагы N 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2018-жылдын 6-августундагы N 88, 2020-жылдын 23-мартындагы N 29, 2021-жылдын 9-августундагы N 93, 2023-жылдын 28-февралындагы N 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

Ушул Мыйзам микрофинансы уюмдарынын статусун аныктап, алардын ишин жөнгө салуу менен Кыргыз Республикасындагы микрофинансы ишин жүзөгө ашыруу үчүн укуктук жана уюштуруу жагынан өбөлгөлөрдү түзүүгө багытталган. 

1-Глава 

Жалпы жоболор 

1-статья. Аныктамалар 

1. Жеке жана юридикалык жактар үчүн, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык, микрофинансы кызматтарын көрсөтүү максатында юридикалык жак катары түзүлгөн адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекеме (микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания, микрокредиттик агенттик) микрофинансы уюму болуп саналат. 

Микрофинансы уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде ишке ашырат. Микрофинансы уюму банк болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, айрым банк операцияларын жүргүзө алат. 

Микрофинансы уюму өз ишин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жүзөгө ашырат. 

2. Акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктын лицензиясын алган, юридикалык жана жеке жактарды микрокредиттөөнү жана операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардан ушул Мыйзамда каралган мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме микрофинансылык компания болуп саналат. 

3. Коммерциялык уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган, жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жана ушул Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме микрокредиттик компания болуп саналат. 

4. Ушул мыйзамда белгиленгендерди кошпогондо, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген кредиттик мекеме микрокредиттик агенттик болуп саналат. 

5. Микрофинансы уюмунун аффилирленген жагы болуп - түздөн-түз же кыйыр түрдө чечимди аныктоого же микрофинансы уюму тарабынан кабыл алынган чечимге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошуп алганда) же башка бүтүмдөрдүн күчүнө таасир тийгизе алган ар кандай жеке (инсайдер) же юридикалык жактар (аларга берилген ыйгарым укуктун чегинде микрофинансы уюмунун ишине контролду жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарды эске албаганда), ошондой эле аларга карата ушул аффилирленген жак мындай укуктарга ээ болгон ар кандай адамдар (инсайдер) же юридикалык жактар саналат. Микрофинансы компаниясынын аффилирленген жагы болуп ошондой эле анын аткаруучу кызмат адамдары, анын добуш берүүчү акцияларынын беш жана андан көбүрөөк пайызына ээ болушкан акционерлер (катышуучулар) же ар кандай ишкана таанылат. 

6. "Микрокредит" - бул микрофинансы уюму тарабынан жеке жактарга же микрофинансы уюмунун уставына ылайык алар тарабынан түзүлгөн шериктештиктерге, юридикалык жактарга берилүүчү акча каражаттары. 

Бир эле адамга же байланыштагы жактардын тобуна берүү үчүн микрокредиттин жана лизингдин жыйынды өлчөмдөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет жана жөнгө салынат. 

7. Микрофинансы иши - бул ушул Мыйзамга ылайык микрофинансы уюмдарынын микрофинансы кызматтарын көрсөтүү жагындагы иш. 

8. Микрокредиттерди берүү мыйзамдардын талаптарына ылайык кредиттик келишим боюнча, анын ичинде адамдардын тобунун субсидиардык же тилектештик жоопкерчилиги астында жол-жоболоштурулат. 

9. Финансы-кредиттик уюмдардын дагы башка түрлөрү, анын ичинде кредиттик союздардын иши Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын дагы башка укуктук ченемдик актыларынын негизинде жөнгө салынат. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

2-статья. Микрофинансы уюмунун ишинин максаты 

Микрофинансы уюмдарынын ишинин максаты жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү, иш менен камсыз кылуунун деңгээлин көтөрүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын социалдык мобилизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн микрофинансылоо боюнча калкка жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү берүү болуп саналат. 

Мында микрофинансы уюму анын уюштуруу документтери менен аныкталган жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка максаттарды да көздөөгө укуктуу. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

3-статья. Микрофинансы уюмунун аталышы 

1. Микрофинансы уюму микрофинансы уюмунун уставында айтылган аталышты гана пайдаланууга жана өзүнүн аталышында айтылып турган "микрофинансы компаниясы", "микрокредиттик компания", "микрокредиттик агенттиги" деген сөздөрдү өздөрүнүн ишинин түрүнө жараша, ал эми өзүнүн кыскача аталышына тиешелүү "МФК", "МКК", "МКА" деген аббревиатураларды колдонууга тийиш. 

2. Микрофинансы уюму документтердин, кулактандыруулардын же жарнамалык материалдардын биринде да анын уставында жазылган аталыштан айырмаланган аталышты пайдаланууга укугу жок. 

3. Микрофинансы уюму өз аталышына же символикасына "улуттук", "мамлекеттик", "Кыргыз Республикасы", "Кыргызстан" деген сөздөрдү ар кандай тилде жана ар кандай айкалышта колдонууга укугу жок. 

4. Микрофинансы уюмунун фирмалык аталышындагы "микрофинансы компаниясы", "микрокредиттик компания", "микрокредиттик агенттиги" деген терминдер же "МФК", "МКК", "МКА" деген аббревиатуралар же ушул терминдер кошулуп айтылган кандайдыр бир сөздөр ушул Мыйзамдын чегиндеги лицензияга же күбөлүккө ылайык иш алып барган ошол микрофинансы уюмун гана жарнамалоо максатында колдонулушу мүмкүн. 

5. Микрофинансы уюмунун аталышын өзгөртүү Улуттук банк менен алдын ала макулдашылгандан кийин жүзөгө ашырылат. Микрофинансы уюму аталышы жана/же турган жери өзгөргөндөн кийин үч күндүн ичинде бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарландыруу берүүгө милдеттүү

6. Кыргыз Республикасынын аймагында мурда түзүлгөн же түзүлүп жаткан банктардын же болбосо микрофинансы уюмдарынын аталышы менен бирдей же аларды алмаштырып жиберүү даражасына чейин окшош белгилөөлөрдү аталыш катары пайдаланууга жол берилбейт. 

Ушул тыюу салуу туунду банктарга же туунду микрофинансы уюмдарына негизги банктардын (башкы) же микрофинансы уюмдарынын (башкы) аталыштарын пайдаланууда жайылтылбайт. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

4-статья. Кыргыз Республикасынын жана микрофинансы уюмдарынын жоопкерчиликтерин чектөө 

1. Тараптар өз эрки менен мына ушундай милдеттенмелерди өздөрүнө ала турган учурларды кошпогондо, микрофинансы уюмдары Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ушул сыяктуу эле Кыргыз Республикасы да микрофинансы уюмдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. 

2. Микрофинансы уюмдары Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ушул сыяктуу эле Улуттук банк да микрофинансы уюмдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. 

5-статья. Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдарынын көз карандысыздыгы 

1. Микрофинансы уюмдары өз ишин ушул Мыйзам, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдары аркылуу ыйгарылган компетенциянын чегинде өз алдынча уюштурушат жана жүзөгө ашырышат. 

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына микрофинансы уюмдарынын ишине байланыштуу маселелерди чечүүнүн ар кандай түрлөрүнө кийлигишүүлөрүнө тыюу салынат. 

3. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссиялык сыйакынын жана кызматтар үчүн акынын өлчөмү микрофинансы уюмдары тарабынан кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык өз алдынча белгиленет. 

Пайыздын ставкасынын өлчөмү сүткорлукту чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, микрофинансы уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет. 

(КР 2013-жылдын 24-июлундагы N 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

6-статья. Микрофинансы уюмдарынын бирикмелери 

1. Микрофинансы уюмдары өз ишин координациялоо, коргоо жана жалпы таламдарды билдирүү, биргелешкен долбоорлорду аткаруу жана башка ушул өңдүү максаттарда ассоциацияларды же ушуга окшош башка бирикмелерди түзүшү мүмкүн, алардын мүчөлөрү микрофинансы уюмдары сыяктуу эле башка чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналышкан жеке жана юридикалык жактар боло алышат. 

2. Микрофинансы уюмдарынын ассоциациялары же ушуга окшогон бирикмелери монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын аткарууга тийиш. Атаандаштыкты чектөөгө же рынокту монополизациялоого багытталган пайыздык ставкалардын өлчөмүн, комиссиондук сый акынын же төгүмдүн өлчөмүн белгилөө максатында ассоциацияларды болбосо ушуга окшогон дагы башка бирикмелерди пайдаланууга микрофинансы уюмдарына тыюу салынат. 

7-статья. Микрофинансы уюмдарынын филиалдары менен өкүлчүлүктөрү 

1. Юридикалык жак болуп саналбаган, андан башка жерде жайгашкан жана микрофинансы уюму тарабынан бекитилген жобонун негизинде бардык операцияларды жана/же анын бир бөлүгүн жүргүзгөн микрофинансы уюму тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган анын өзгөчөлөнгөн бөлүгү микрофинансы уюмунун филиалы болуп саналат. 

Филиал микрофинансы уюму менен бирдиктүү уставдык капиталга, баланска, ошондой эле микрофинансы уюмунун аталышына толук дал келүүчү, "филиал" деген сөз кошулуп жазылган аталышка ээ. 

Филиалдын жетекчилери аны түзгөн микрофинансы уюму тарабынан дайындалат жана аларга берилген ишеним каттын негизинде белгиленген тартипте иш алып барат. 

2. Микрофинансы уюмунун өкүлчүлүгү катары юридикалык жак болуп саналбаган, микрофинансы уюмунун таламдарын коргогон жана анын атынан иш алып барган, ошондой эле микрофинансы уюмдарынын атынан бүтүмдөрдү түзгөн жана микрофинансы уюму тарабынан бекитилген өкүлчүлүк жөнүндөгү жобого ылайык укук чегиндеги башка иш-аракеттерди ишке ашырган анын өзгөчөлөнгөн бөлүгү саналат. 

3. Микрофинансы уюмунун филиалдарын жана өкүлчүлүгүн ачуунун тартиби Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет. 

4. Микрофинансы уюмунун юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы эсепке алуу каттоосун кошпогондо, жергиликтүү бийлик органдарында каттоодон өткөрүлбөйт. 

5. Микрофинансы уюмунун филиалы менен/же өкүлчүлүгүнүн аталышын, жайгашкан жерин, аткарган ишинин түрүн өзгөртүү бул тууралу Улуттук банкка билдиргенден кийин жүргүзүлүшү мүмкүн. 

6. Улуттук банк микрофинансы уюмдарынын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн ишине тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана ченемдик актыларды чыгарууга укуктуу. 

7. Микрофинансы уюмунун филиалы менен/же өкүлчүлүгүнүн иш-аракети микрофинансы уюмунун иш-аракети катары каралат, мында аларды түзгөн микрофинансы уюму өзүнүн филиалдары менен/же өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

8. Микрофинансы уюмдарынын чет мамлекеттердин аймактарындагы филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши, алар ачылган өлкөнүн мыйзамдарынын жана/же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген тиешелүү эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

8-статья. Микрофинансы уюмдары тарабынан ишке ашырылуучу бүтүмдөр 

1. Микрофинансы уюму микрокредиттөө боюнча негизги ишин жүзөгө ашыруудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ишин камсыз кылуу үчүн дагы башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу, анын ичинде: 

1) күрөө коюучунун күрөөгө коюлган мүлкүн анын микрофинансы уюмунун алдындагы милдеттенмелерин төлөттүрүү үчүн алып коюуга жана сатып өткөрүүгө

2) микрокредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу консультациялык жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүгө

3) коммерциялык банктарда эсептешүү (депозиттик) эсептерин ачууга жана кармап турууга; 

4) юридикалык жактардан каражаттарды карызга алып турууга; 

5) Уюштуруучулардан (акционерлерден) Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чектеринде каражаттарды карызга алып турууга; 

6) туунду финансы аспаптары менен операцияларды Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырууга. 

2. Ушул Мыйзамда келтирилген чектөөлөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жана өзүнүн уставдык документтерине ылайык, микрофинансы уюму менчикке сатып алат, ага ээлик кылат, пайдаланат, ээликтен ажырата алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон микрофинансылоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу дагы башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат. 

3. Микрофинансы уюму тарабынан кардарларга берилүүчү микрокредит күрөө, кепилдик, ар кандай финансы каражаттары же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка каражаттар менен камсыз болушу мүмкүн. 

4. Микрофинансы уюмдары төмөнкүлөргө укуксуз: 

1) ушул Мыйзамга ылайык микрофинансы компаниялары тарабынан кепилдиктерди берүүдөн тышкары, жоопкерчиликтерди алууга жана кепилдиктерди берүүгө

2) ушул Мыйзамда каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка банк операцияларын жана бүтүмдөрүн жүзөгө ашырууга; 

3) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти жүзөгө ашырууга. 

5. Өз ишин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансы уюмдарынын ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

9-статья. Микрофинансы уюмдарынын иши 

1. Микрофинансы компаниясы өз ишин жүзөгө ашырууну баштоо үчүн ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүргүзүү укугуна Улуттук банктан лицензия алууга милдеттүү

2. Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик өз иштерин жүргүзүү үчүн Улуттук банктан микрокредиттик компанияны жана/же микрокредиттик агенттигин эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу Улуттук банктан күбөлүк алууга милдеттүү. Микрокредиттик компанияларга же микрокредиттик агенттиктерге эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилет. 

3. Микрофинансы уюмдары, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жери боюнча өз аталыштарын көрсөткөн көрнөккө ээ болуулары тийиш. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн аталыштары башкы уюмдун аталышына ылайык келиши керек. Микрофинансы уюмдарынын жана алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жайгашкан жери өзгөргөндө микрофинансы уюмдары бул тууралуу өз убагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органына жана Улуттук банкка маалымдоосу керек. 

4. Ишин ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырып жаткан микрофинансы уюмдарына карата монополияга каршы мыйзамдардын талаптарынын сакталышы, бул максаттарда аткаруу үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды чыгара алган Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөөгө алынат. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

10-статья. Микрофинансы уюмдарын кайра уюштуруу жана/же жоюу 

1. Микрофинансы уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же болбосо уюштуруу документтерине ыйгарым укуктуу юридикалык жактын органынын, же Улуттук банктын чечими боюнча кайра уюштурулушу мүмкүн. 

2. Микрофинансы уюму анын катышуучуларынын (акционерлеринин) чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн, мында микрофинансы уюму белгиленген мөөнөттө лицензиянын же күбөлүктүн түп нускасын Улуттук банкка өткөрүп берүүгө жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып лицензияда жана/же күбөлүктө каралган операцияларды жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш. 

Микрофинансы уюмун жоюу боюнча милдеттер, анын ичинде ушул статьянын 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, микрофинансы уюмунун лицензиясы же күбөлүгү Улуттук банк тарабынан чакырып алынганда, анын катышуучуларына (акционерлерине) же болбосо микрофинансы уюмунун уставы менен жоюуга ыйгарым укуктуу башкаруу органына жүктөлөт. 

3. Микрокредиттик агенттик жоюлган учурда кредиторлордун доолорун канааттандыруудан кийин калган бардык мүлк коммерциялык эмес уюмдардын уставдык максаттарын жүзөгө ашырууга багытталат. 

4. Депозиттерди тартуу укугу бар микрофинансы компанияларын мажбурлап жоюу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Депозиттерди тартып келбеген микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания жана микрокредиттик агенттик "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоюлат. 

5. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

(КР 2005-жылдын 1-декабрындагы N 157, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

11-статья. Микрофинансы уюмунун резервдери 

1. Микрофинансы уюму өз активдери менен кредит портфелдерин классификациялайт жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык потенциалдуу жоготуулардын жана тарткан чыгымдардын ордун жабууга резервдерди түзүшөт. 

2. Потенциалдуу жоготуулардын жана тарткан чыгымдардын ордун жабууга резервди түзүү, шектүү жана чыгашалуу карыздарды эсептен алып салуу, ошондой эле потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга резервдерди корректировкалоо Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык жүргүзүлөт. 

3. Потенциалдуу кредиттик жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга резервдерди түзүүгө кеткен чыгымдар микрофинансы уюмунун Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, салык алынуучу базасынан алынып салынган чыгымдары катары каралат. 

 

2-Глава 

Микрофинансы компаниялары 

12-статья. Микрофинансы компаниясынын уюштуруу-укуктук формасы 

1. Микрофинансы компаниясы ачык жана жабык түрдөгү акционердик коом катары түзүлөт жана өз уставынын негизинде, ушул Мыйзамдын, "Акционердик коом жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык иш алып барат. 

2. Микрофинансы компаниясынын бүтүндөй ишине ушул Мыйзамда жана Улуттук банк тарабынан ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик актыларда аныкталган чектөөлөр тиешелүү болот. 

3. Микрофинансы компаниясынын уставдарына жана башка уюмдаштыруу документтерине киргизилген бардык өзгөртүүлөр менен толуктоолор юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Уставдарга жана уюмдаштыруу документтерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр менен толуктоолор аларды юстиция органдарында каттоодон өткөргөнгө чейин Улуттук банк тарабынан жактырылууга тийиш. 

4. Микрофинансы компаниясынын уставдарына жана/же уставдык капиталдын өлчөмүнө байланыштуу уюмдаштыруу документтерине өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген учурда, микрофинансы компаниясы Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздардын эмиссияларын акыркы каттоодон өткөрүүнүн жыйынтыгы тууралу баалуу кагаздарды чыгаруу болуп өткөндүгү таанылган учурдан кийинки бир айдын ичинде Улуттук банкка билдирүүгө тийиш. 

(КР 2023-жылдын 28-февралындагы N 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

13-статья. Микрофинансы компаниясы, анын уюштуруучулары жана акционерлери 

1. Жеке жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери аны контролдогон, анын контролундагы кандай болбосун башка юридикалык жактын үлүшү менен чогуу алгандагы же аны менен бирге жалпы контролдо турган юридикалык жактын үлүшү микрофинансы компаниянын добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан ашпаган шартта микрофинансы компаниясынын уюштуруучулары жана акционерлери боло алышат. Көрсөтүлгөн чектөөлөр банк жана/же финансы ишин жүргүзгөн юридикалык жактарга, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келгенде, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмга жайылтылбайт. 

2. Микрофинансы компаниясынын уюштуруучулары же акционерлери (катышуучулары) катары төмөнкү белгилердин бирине же бир нечесине ылайык келген жакка жол берилбейт: 

1) уюштуруучунун же акционердин (катышуучунун) финансылык кудуретсиздиги (банкроттугу); 

2) уюштуруучунун же акционердин (катышуучунун) финансылык же экономикалык кылмыштар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынбаган же жоюлбаган соттуулугунун бар экени; 

3) уюштуруучуга же акционерге (катышуучуга) банктык иш менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечиминин бар экени; 

4) тизмеги Улуттук банк тарабынан белгиленүүчү оффшордук зоналарда катталган же катышуучулар катары оффшордук зоналарда катталган жактары жана/же аффилирленген жактары бар юридикалык жактар же болбосо оффшордук зоналардын аймагында жашаган жеке жактар; 

5) тизмеги Улуттук банк тарабынан белгиленүүчү оффшордук зоналардын резиденти болуп саналган, оффшордук зоналардын аймагында жашаган жеке жактар; 

6) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган юридикалык жактар же ушундай өлкөлөрдө катталган жактарды жана/же аффилирленген жактарды же болбосо ушундай өлкөлөрдүн аймагында жашап турган жеке жактарды катышуучусу катары өзүндө камтыган юридикалык жактар; 

7) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн резиденттери болуп саналган жана/же алардын аймагында жашап турган жеке жактар; 

8) Кыргыз Республикасы кошулган, ошол мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары менен кызматташтыкка тыюу салуу жана/же чектөө каралган санкцияларды колдонуу жөнүндө эл аралык уюмдардын чечимдери (резолюциялары) кабыл алынган мамлекеттерде катталган же катышуучулар катары жактары жана/же аффилирленген жактары бар юридикалык жактар. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана башка мамлекеттик органдары Улуттук банктын суроо-талабы боюнча эл аралык санкциялар жөнүндө болгон маалыматты берет; 

9) Кыргыз Республикасы кошулган, ошол мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары менен кызматташтыкка тыюу салуу жана/же чектөө каралган санкцияларды колдонуу жөнүндө эл аралык уюмдардын чечимдери (резолюциялары) кабыл алынган мамлекеттердин резиденттери болуп саналган жана/же алардын аймагында жашаган жеке жактар. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана башка мамлекеттик органдары Улуттук банктын суроо-талабы боюнча эл аралык санкциялар жөнүндө болгон маалыматты берет. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

14-статья. Микрофинансы компаниясынын капиталы 

1. Микрофинансы компаниясынын капиталынын негизин толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Капиталдын курамына анын уюмдаштыруучулары (акционерлери) тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүү микрофинансы компаниясынын милдеттенмеси болбогон уставдык капитал гана кирет. 

2. Микрофинансы компаниясынын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана уюмдаштыруучулардын (акционерлердин) каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Микрофинансы компанияларынын уставдык капиталын негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эсебинен топтоого жол берилбейт. 

3. Лицензия алганга чейин микрофинансы компаниясы Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылуучу топтоо эсебине минималдуу уставдык капиталды салууга милдеттүү. Коммерциялык банктагы топтоо эсебине уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн төгүү жөнүндө талап микрофинансы компанияларына кайра уюштурулган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөгү капиталга ээ болгон жана Улуттук банк тарабынан коюлган талаптар боюнча аудиттен өткөн микрокредиттик компанияларга жайылтылбайт. Эгерде микрофинансы компаниясына кайра уюштурулган микрокредиттик компаниянын уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн аз болсо, анда анын уюштуруучулары жетпеген сумманы коммерциялык банктагы топтоо эсебине төгүүгө тийиш. Улуттук банк тарабынан уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча коюлган талаптардын сакталышын бышыктоо үчүн микрокредиттик компаниянын уставдык капиталынын түзүлүшүнө атайын текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн. 

4. Улуттук банк иштеп жаткан жана жаңыдан түзүлгөн микрофинансы компанияларынын капиталынын шайкеш стандартын, уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн аныктоо боюнча экономикалык ченемдерди белгилейт, ошондой эле микрофинансы компаниясынын капиталынын түзүмүн аныктайт. 

5. Микрофинансы компаниясынын уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген минималдуу талаптардан төмөн болбоого тийиш. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

15-статья. Микрофинансы компаниясын лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү 

Аманатчы менен сүйлөшүлгөн шарттарда өз атынан депозиттерди тартуу укугуна лицензия алууга (лицензияда көрсөтүүгө) талаптанган микрофинансы компаниясы ушул мыйзамдын 23-статьясында көрсөтүлгөн документтерге кошумча банк лицензиясын алуу үчүн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтерди берет. Мында микрофинансы компаниясынын жайлары жана жабдуулары аманатчылардын каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

16-статья. Микрофинансы компаниясы тарабынан жүргүзүлүүчү операциялар 

1. Эгерде ушул пунктта башкача каралбаса, микро каржы компаниясы төмөндөгү операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен мына бул банк операцияларын жүргүзө алат: 

1) камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүү

2) жеке жана юридикалык жактардан кардарлардын өздүк жыйымдарын топтоо максатында кайтарып берүү шарты менен мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу; 

3) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алуу жана сатуу; 

4) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

5) кардарларга микрофинансы компаниясында эсеп ачпастан - банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу; 

6) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү ченеминен ашпаган өлчөмдө кепилдиктерди берүүгө

1-1. Улуттук банктын кошумча лицензиясы (лицензияда көрсөтүү) болгондо микрофинансы компаниясы чет өлкөлүк валютада ушул статьянын 1-пунктунун 1-3 жана 6-пунктчаларында саналган операциялардын баарын же айрымдарын жүзөгө ашырууга, ошондой эле чет өлкөлүк валютаны өз атынан сатып алууга жана сатууга укуктуу. Мында Улуттук банк микрофинансы компанияларына карата кошумча лицензия алуу үчүн талаптарды белгилөөгө укуктуу. 

1-2. Микрофинансы компаниясынын карыз алуучусу (лизинг алуучусу) же карыз алуучуларынын тобу микрокредитти (лизингди) микрокредитти төлөөгө кредиттин негизги суммасын, микрокредитти төлөө менен байланышкан пайыздарды жана (же) башка төлөмдөрдү кошуп алганда, микрокредит чет өлкөлүк валютада алынган бөлүгүндө чет өлкөлүк, ошондой эле улуттук валютада төлөй алат. Микрокредитти (лизингди) төлөөдө карыз алуучу (лизинг алуучу) же карыз алуучулардын тобу мында улуттук валютада төлөөлөрдү, эгерде келишим менен башка курс белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген төлөө күнүнө чет өлкөлүк валютанын расмий курсу боюнча жүзөгө ашырат. 

2. Микрофинансы компаниясы өз ишин баштаган учурдан тартып алгачкы эки жыл ичинде төмөндөгү учурларды эске албаганда, ушул статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө укук ала албайт: 

1) эгерде уюм өз ишин ушул мыйзам күчүнө киргенге чейин жүргүзүп келген болсо жана ушул лицензияны алганга чейинки эки жыл ичинде мыйзамдык негизде аманаттарды кабыл алып жана кредиттерди берип келсе жана микрофинансы компаниясы катары лицензия алуу максатында уюштуруу-укуктук формасын өзгөртсө жана Улуттук банк бул мурдатан бери эле иштеп келген ошол эле юридикалык жак экенине көзү жетсе; 

2) "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кредиттик союз катары түзүлгөн жак жигердүү иштесе жана эки тараптуу негизде аманаттарды кабыл алып, ушул мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып эки жыл ичинде кредиттерди берсе жана микрофинансы компаниясы катары лицензия алуу максатында уюштуруу-укуктук формасын акционердик коомго өзгөртсө жана Улуттук банк бул мурдатан бери эле иштеп келген ошол эле юридикалык жак экенине көзү жетсе; 

3) микрокредиттик компания же агенттик катары түзүлгөн жак Улуттук банк тарабынан берилген күбөлүктүн негизинде эки жыл иштеп жана ал мөөнөттүү аманаттарды тартуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банктын квалификациялык жана башка талаптарына ылайык келсе. 

3. Ушул статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн, ушул статьянын 2-пунктунун талаптарына ылайык келген шартта да, микрофинансы компаниялары операцияларды жүзөгө ашыруу укугун ала алышпайт, эгерде: 

1) алар төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таанылса жана жоюлууга жана/же кайра уюштурулууга тийиш болсо; 

2) аларга карата Улуттук банктын эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулган болсо, ошондой эле алар Улуттук банктын ченемдик актыларын жана башка бузууларга жол берсе; 

3) иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими болсо; 

4) мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банктын квалификациялык же дагы башка талаптарына ылайык келбесе. 

4. Микрофинансы компаниясы Улуттук банк тарабынан жол берилген чектерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды (облигацияларды жана векселдерди) чыгарууга укуктуу. 

5. Улуттук банк микрофинансы компаниясы үчүн чектөөлөрдү белгилеген ченемдик актыларды чыгарат, анын ичинде: 

1) депозиттер менен иштөөнүн ыкмалары боюнча; 

2) жеке жактардын аманаттарын андан ары кредиттөө үчүн пайдалануу боюнча; 

3) тартылган депозиттердин көлөмү боюнча; 

4) милдеттүү резервдик талаптардын өлчөмүн сактоо тартиби боюнча; 

5) инвестициялардын өлчөмү боюнча; 

6) кепилдиктерди жана башкаларды берүү боюнча. 

6. Микрокаржы компаниясы каржылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашыра алат. 

7. Микрофинансы компаниясы ушул статьяда каралбаган банктык операцияларды жүргүзүүгө укуксуз. 

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

17-статья. Каражаттарды жайгаштыруу 

1. Микрофинансы компаниясы каражаттарды жайгаштырууну ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, ошондой эле бекитилген ички кредиттик саясатка жараша белгиленген тартипте, иштин ушул Мыйзамда аныкталган максаттарына жүзөгө ашырат. 

2. Микрофинансы компаниясы микрофинансы компаниясынын өзү чыгарган же баалуу кагаз катары бул максаттарга баалуу кагаздарды сатып алганга үчүнчү жактарга кредиттерди бербөөгө тийиш. 

3. Микрофинансы компаниясы аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырууга жана мүлктү ишенимдүү башкарууга укуксуз. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

18-статья. Кызыкчылыктардын кагылышуусун чечүү 

1. Микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөсү кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо максатында: 

1) микрофинансы компаниясынын таламдарында иш алып баруу менен, микрофинансы компаниясынын кызыкчылыгын коргоо үчүн күч-аракеттерди жасоого, өз милдеттерин аткаруу учурунда негиздүү жана алгылыктуу чечимдерди сунуш кылууга, ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарбай коюу кесепетинен микрофинансы компаниясына келтирилген чыгашалар үчүн материалдык жоопкерчилик тартууга тийиш; 

2) бир эле учурда Директорлор кеңешинин же Башкармасынын мүчөсү же микрофинансы компаниясынын Кыргыз Республикасында иштеп жаткан ар кандай аффилирленген компаниянын кызматкери болушу мүмкүн эмес; 

3) жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын кошуп алганда, мамлекеттик бийликтин ар кандай органынын бир эле учурда кызмат адамы же кызматкери катары кызмат ордун ээлөөгө тийиш эмес; 

4) жеке кызыкчылык менен добуш берүү процессине катышууга же кандайдыр бир жолдор менен добуш берүүгө таасир көрсөтүүгө тийиш эмес. 

2. Микрофинансы компаниясынын башкармасынын мүчөсү жеке өзүнүн кызыкчылыгында эмес, микрофинансы компаниясынын кызыкчылыгында иш алып барууга жана микрофинансы компаниясынын таламдарын коргоо боюнча бардык күч-аракеттерди жумшоого, ошондой эле өз милдеттерин аткарууда негиздүү жана алгылыктуу чечимдерди сунуш кылууга, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарбай коюунун кесепетинен микрофинансы компаниясына келтирген чыгымдары үчүн материалдык жоопкерчилик тартууга тийиш. 

19-статья. Аффилирленген жактар менен жүргүзүлүүчү операциялар 

1. Микрофинансы компаниясы менен ар кандай аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлгөн ар кандай операция микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Улуттук банк микрофинансы компаниясы менен аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлүүчү операцияларга карата талаптар боюнча ченемдик актыларды кабыл алууга тийиш. 

2. Микрофинансы компаниясы аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операцияларга активдерди жайгаштыруу боюнча:  

(1) ар кандай аффилирленген жакка карата операциялардын жалпы суммасы микрофинансы компаниясынын капиталына жана резервдерине карата белгиленген пайыздык катыштан ашпаган (Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу ченемдик актыларда белгиленгендей) жана  

(2) мына ушундай операциялардын чогуу алгандагы суммасы микрофинансы компаниясынын капиталына жана резервдерине карата белгиленген пайыздык катыштан ашпаган (Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу ченемдик актыларда белгиленгендей) шарттарда катыша алат. 

3. Микрофинансы компаниясы менен аффилирленген жактын ортосунда жүргүзүлүүчү операциялар менен байланышкан, Директорлор кеңеши добуш берүүдөн баш тарткан же ошол маселе боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк болбогон ар кандай учурларда Директорлор кеңеши көпчүлүк добуш менен ошол маселени акционерлердин кийинки кезексиз чакырылган жалпы жыйналышынын же акционерлердин жылдык жыйналышынын кароосуна берүү тууралу чечим кабыл алышы мүмкүн. 

4. Микрофинансы компаниясы тарабынан микрофинансы компаниясынын аффилирленген жактарынын пайдасына микрокредиттерди берүү же дагы башка операцияларды жүргүзүү Улуттук банк тарабынан белгиленген ченемдик актылардын талаптарына ылайык ишке ашырылууга тийиш. 

20-статья. Микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жана аткаруучу кызмат адамдарынын квалификациясы 

1. Улуттук банк депозиттерди тартууну ишке ашырган микрофинансы компаниясынын төмөндөгү кызматтары боюнча квалификациялык талаптарды белгилөөчү ченемдик актыларды кабыл алууга укуктуу: Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Башкарманын мүчөлөрү, ири түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери жана башкы бухгалтер. 

2. Депозиттерди тартуучу микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Башкармасынын мүчөлөрү тиешелүү кесиптик квалификацияга жана мыкты абройго ээ болууга тийиш. 

21-статья. Микрофинансы компаниясынын акционерлеринин курамын өзгөртүү жол-жобосу 

1. Тике жана кыйыр түрдө контролду ишке ашырууга укук берүүчү микрофинансы компаниясынын акцияларынын пакетин сатып алууга ниеттенишкен же башка жактар же бирикмелер менен бирдикте иш алып барышкан ар кандай жеке же юридикалык жактар акцияларды сатып алуунун болжолдонгон күнүнө чейинки отуз күнгө чейин Улуттук банкка жазуу жүзүндө табыштама берүүгө милдеттүү

Ушул статьядагы сатып алуу деген түшүнүктө микрофинансы компаниясынын акцияларын сатып алуу, өткөрүп берүү, күрөөгө коюу же ажыратуунун дагы башка түрү же түйшүгү түшүндүрүлөт. 

Ушул статьядагы контроль деген сөздөн улам микрофинансы компаниясынын Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүн тике же кыйыр түрдө шайлоону контролдоого, ошондой эле микрофинансы компаниясын башкарууга кандайдыр бир башка жолдор менен таасир көрсөтүү жагындагы жөндөмдүүлүктү түшүнсө болот. Контроль микрофинансы компаниясы тарабынан чыгарылган добуш берүүчү ар кандай акциялардын беш жана андан ашык пайызына ээлик кылуу же башкаруу чечимдеринин кабыл алынышына таасир көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү жолдор аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. 

2. Акцияларды ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте сатып алуу табыштамаларын микрофинансы компаниясынын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында тике же кыйыр түрдө акциялардын контролдук пакетине ээлик кылуучу болуп калган жактар да бере алышат. 

3. Улуттук банк табыштаманы алган учурдан тартып отуз күндөн кечиктирбестен, ал эми акциялар резидент эместер тарабынан сатып алынган учурларда алтымыш күндүн ичинде, өзүнүн (макулдугун же баш тарткандыгын) чечимин табыштамачыга жазуу жүзүндө билдирет. Баш тартуунун жүйөөсү айтылууга тийиш. Эгерде Улуттук банк көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө билдирбесе, микрофинансы компаниясынын акцияларын сатып алуу боюнча бүтүмдөр ишке ашырылды деп эсептелинет. 

4. Улуттук банк өзүнүн көзөмөлдүк иш-милдетин жүзөгө ашыруунун чегинде алар тарабынан микрофинансы компаниясынын акцияларынын беш пайызынан ашыгыраагы сатып алынган учурда, микрофинансы компаниясынын финансылык абалы жана акционерлеринин ишкердик аброю жөнүндө маалыматтарды талап кылышы жана алышы мүмкүн. 

5. Улуттук банк төмөндөгү учурларда табыштаманы канааттандыруудан баш тартышы мүмкүн: 

1) эгерде акциялардын пакетин сатып алуу монополияга алып келиши мүмкүн болсо; 

2) эгерде сатып алуучу тараптардын финансылык абалы микрофинансы компаниясынын туруктуу абалын коркунучка дуушар кылса; 

3) эгерде микрофинансы компаниясынын сунуш кылынган жетекчилигинин компетенциясы, иш-тажрыйбасы, квалификациясы белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

4) эгерде сатып алуучу тараптар керектүү маалыматтарды толук беришпесе болбосо бурмаланган же туура эмес маалыматтарды беришсе. 

6. Табыштамаларды берүүнүн жана кароонун тартиби Улуттук банктын ченемдик актылары тарабынан регламенттелинет. 

22-статья. Микрофинансы компаниясынын ишинин айкындуулугу 

Микрофинансы компания кварталына кеминде бир жолу массалык маалымат каражаттарында отчеттордогу маалыматтарга түшүндүрмөлөрдү берүү менен баланстык отчетторун жана көз карандысыз тышкы аудитор тарабынан тастыкталган жылдык финансылык отчетторун жыл сайын жарыялап турат. 

 

3-Глава 

Микрофинансы компанияларынын ишин лицензиялоо 

23-статья. Лицензия алууга керектелүүчү документтер 

1. Микрофинансы компаниясынын операцияларын жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн табыштамачы Улуттук банкка төмөндөгү документтерди эки нускада берүүгө тийиш: 

1) Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген формада лицензия алууга арызын; 

2) нотариус тарабынан тастыкталган микрофинансы компаниясын түзүүчү уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрүн; 

3) микрофинансы компаниясынын жалпы уюштуруу түзүмүн; 

4) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүгүнүн көчүрмөсүн; 

5) микрофинансы компаниясынын башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн тизмесин жана Улуттук банк тарабынан белгиленген кесиптик жактан дал келүү талабына алардын жооп бериши тууралу маалымдамалар; 

6) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ; 

7) коммерциялык банктын топтоо эсебине микрофинансы компаниясынын уставдык капиталы катары каражат салгандыгын тастыктаган документ; 

8) микрофинансы компаниясын түзүү тууралу техникалык-экономикалык (бизнес-план) негиздөөлөр; 

9) уюштуруучулардын микрофинансы компаниясынын уставдык капиталы катары киргизилген акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтар. 

2. Улуттук банк лицензия алуу үчүн табыштамачылар берүүгө тийиш болгон кошумча маалыматтарды аныктоого укуктуу. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2020-жылдын 23-мартындагы N 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

24-статья. Лицензия алууга жазылган арызды кароонун шарттары 

1. Арызды жана микрофинансы компаниясына керек болгон бардык документтерди алгандан кийин Улуттук банк эки айдын ичинде лицензия бериши керек, болбосо лицензия алуу арызына макул болбогонун билдирүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөткө микрокредиттик компанияны юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон (кайра каттоодон) өтүүнүн убактысы кирбейт. 

2. Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу финансы-кредиттик мекемелер үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген формада жана тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өтүүгө (кайрадан каттаалууга) макулдук билдирген кат микрофинансы компаниясына оң жооп болуп саналат. 

3. Улуттук банкка берилген ар кандай маалыматка өзгөртүүлөр киргизилген учурда табыштамачы бул тууралу Улуттук банкка токтоосуз билдирип, өзгөртүүлөр камтылган документтерди өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин 3 күндүн ичинде Улуттук банкка берүүгө тийиш. Улуттук банк арызды жана талап кылынган бардык документтерди кароо мезгилин 10 жумуш күнүнө узарта алат. Эгерде Улуттук банк өзгөртүүлөр маанилүү деп эсептесе, ал алгачкы берилген маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизүү зарылдыгын билдирген билдирмени алган күндөн тартып арызды жана талап кылынган бардык документтерди кароо мөөнөтүн кайрадан баштоого укуктуу. 

4. Эгерде Улуттук банкка берилген документтер лицензия берүүгө Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга ылайык келбесе, документтерди кароо мөөнөтү коюлган талаптарды канааттандырган документтер алынган күндөн тартып башталат. 

5. Микрофинансы уюмунун лицензиясын берүүдөн баш тарткан же микрофинансы уюмунун уюмдаштыруучуларынын лицензиясын алуу арызын кайра кайтарып алган учурда, лицензия алуу үчүн берилген документтердин бир нускасы кайтарып берилбейт. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

25-статья. Лицензияны берүүдөн баш тартуунун негиздери 

1. Улуттук банк төмөндөгү себептердин кайсынысы боюнча болбосун лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн: 

1) берилген документтердин ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына дал келбей калганда; 

2) лицензия алуу үчүн берилген документтерде так эмес маалыматтар камтылса; 

3) лицензиянын берилиши үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлбөсө

4) табыштамачынын бул иштин түрү менен алектенишине тыюу салган соттун чечими болсо; 

5) ушул Мыйзамды аткаруу максатында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда аныкталган башка жоболорго ылайык келбей калганда; 

6) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка себептер боюнча. 

2. Улуттук банк табыштамачыга лицензия берилбей калганынын себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирме жөнөтүүгө тийиш. 

(КР 2020-жылдын 23-мартындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

26-статья. Лицензия алгандан кийин документтердеги маалыматтарды өзгөртүү 

1. Лицензия алуу жана микрофинансы компаниясын түзүү үчүн берилген маалыматтарга карата төмөндөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө Улуттук банктын алдын ала жактыруусу талап кылынат: 

1) микрофинансы компаниясынын уюмдаштыруу документтерине киргизилген ар кандай толуктоолорго; 

2) лицензия алууга берилген документтердин тизмесине киргизүү үчүн талап кылынган документтерге же маалыматтарга ар кандай өзгөртүүлөргө

3) микрофинансы компаниясынын башкаруу органынын курамына карата өзгөртүүлөргө

4) Улуттук банктын ченемдик актыларында көрсөтүлгөн башка өзгөртүүлөргө

2. Улуттук банк болжолдонуп жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө билдирме алгандан кийинки 15 жумуш күнү ичинде макулдук берет же аларды киргизүүгө макул эместигин билдирет. 

3. Болжолдонгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн каралган негиздер сыяктуу эле Улуттук банк тарабынан четке кагылышы мүмкүн. 

 

4-Глава 

Микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салуу 

27-статья. Жөнгө салуу жана көзөмөл органы 

1. Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Улуттук банкка жүктөлгөн иш-милдеттери менен талаптарды аткаруу, туруктуу финансы тутумун колдоо, керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо, ошондой эле микрофинансы компаниялары тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салат жана аларга карата көзөмөлдү жүзөгө ашырат. 

2. Улуттук банк ушул Мыйзамдын жоболоруна толуктоо иретинде микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салуучу, ошондой эле пруденциалдык жөнгө салуу маселелерин караган ченемдик актыларды иштеп чыгат, анын ичинде төмөндөгүлөрдү

1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн; 

2) капиталдын түзүмүн жана курамын; 

3) активдерди классификациялоо жана кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун толтурууга резервдерди түзүүнү

4) экономикалык ченемдер (капиталдын төп келгендиги, бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү, ликвиддүүлүк, ачык валюталык позициялардын лимиттери жана башкалар); 

5) депозиттер (аманаттар) жана карыздык баалуу кагаздар менен иштөөнүн чектөөлөрү жана эрежелери; 

6) милдеттүү резервдик талаптардын өлчөмүн сактоо тартибин. 

3. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

28-статья. Улуттук банктын ыйгарым укуктары 

(Статьянын аталышы КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

Улуттук банк микрофинансы компанияларына карата төмөндөгү чараларды колдонуу укугуна ээ: 

1) баштапкы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө, уставдык капиталдын түзүмүнө жана мүнөздөмөсүнө, резервдерге тиешелүү стандарттарды кошуп алганда, финансы стандарттарын; капиталдын шайкештигинин коэффициентин; өтүмдүүлүктү; ар кандай жактар менен иш алып баруунун түрлөрүнө чек коюучу эрежени жана мындай ишкердиктин чөйрөлөрүн, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган же Улуттук банктын көз карашы боюнча микрофинансы компаниялары жана кредиттик агенттиктер тарабынан ишке ашырылуучу иштердин алгылыктуулугун камсыз кылуу максатында зарыл болгон жана башка финансы стандарттарын белгилөө

2) микрофинансы компанияларынын жана алардын филиалдарынын ишин текшерүү

3) микрофинансы компанияларынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштамаларды берүү

4) Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде алардын ишинен табылган, ушул Мыйзамга же Улуттук банктын ченемдик актыларына карама-каршы келген кемчиликтерди жана катачылыктарды четтетүүгө милдеттүү болгон нускамаларды жана/же жазма буйруктарды иштеп чыгуу; 

5) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир кылуу чараларын колдонуу; 

6) микрофинансы компанияларынын балансын, отчетторун жана алар тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан иштер же операциялар жөнүндө жана башка документтерди же маалыматтарды суратуу жана алуу; 

7) микрофинансы компаниясынын лицензиясын токтото туруу же кайтарып алуу же микрофинансы компаниясына ушул Мыйзам тарабынан уруксат берилген операцияларды жүргүзүүсүн убактылуу токтото туруу же тыюу салуу; 

8) микрофинансы компаниясы төлөөгө кудуретсиз болгон учурда ага карата банкроттук, анын ичинде банктардын банкроттугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш-аракеттерди көрүү

9) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

29-статья. Микрофинансы компанияларынын ишин текшерүү 

1. Улуттук банк микрофинансы компаниялары тарабынан берилүүчү финансы отчетторун жана башка маалыматтарды текшерүүнү, инспекциялык текшерүүнү пайдалануу менен микрофинансы компанияларынын ишине көзөмөлдү жүзөгө ашырат. 

Улуттук банк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрофинансылык компаниялардын ишин инспекциялоону жүргүзөт жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

2. Улуттук банк текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча кесипкөй көз карандысыз аудиторлорго ыйгарым укуктарды ыйгарууга укуктуу. 

Микрофинансы компаниясынын кызмат адамдары Улуттук банк тарабынан дайындалган текшерүүчү адамдарга көмөктөшүүгө милдеттүү

3. Текшерүүчү адамдар өзүнүн дайындалгандыгы жөнүндө далилдерди бергенден кийин текшерүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөргө укуктуу: 

1) байкоо жүргүзүү органынын, башкаруу органдарынын, администрациянын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүктөрдүн начальниктери же эсепке алууга жооптуу болгон адамдар иш учурунда микрофинансы компаниясынын ар кандай жайларына (башкы офисине, филиалына, өкүлчүлүгүнө) иш учурунда, жумуш күнү же ар кандай убакытта кирүүгө

2) иш убагында микрофинансы компаниясынын байкоо жүргүзүү органынын жана администрациянын мүчөлөрү, анын кызматкерлери менен маектешүүгө

3) кайсы гана документтер жана жазып алмалар (компьютердик жазууларды кошо эсептегенде) болбосун иликтөөгө жана алардан көчүрмө алууга жана ушулар же жазуулар боюнча микрофинансы компаниясынын кызмат адамдарынан, кызматкерлеринен, анын мурдагы негизги уюмдаштыруучулары, акционерлери, (катышуучулары) болгон же ошол учурда болушкан башка жактардан түшүнүк берүүнү талап кылууга; 

4) түңүлткөн карыздарды эсептен чыгаруу боюнча же жетиштүү резервдерди түзүү жана колдоо үчүн же экономикалык башка ченемдердин же ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзам жана ченемдик актыларынын талаптарынын сакталышы үчүн нускамаларды даярдоого; 

5) микрофинансы компаниясынын ишин текшерүүгө байланышкан дагы башка зарыл чараларды көрүүгө

4. Улуттук банктын микрофинансы компаниясынын ишин текшерүү боюнча ыйгарым укуктары (ушул өңдүү ар кандай текшерүүлөргө байланышкан бардык ыйгарым укуктар да) микрофинансы компаниясы менен анын туунду компанияларына таламдары айкалышкан кандай гана компанияларга да болбосун (инсайдерлер жана аффилирленген компаниялар) жайылтылат. 

Микрофинансы компаниясын текшерүүнү ишке ашыруу максатында Улуттук банк микрофинансы компаниясынын жана анын бардык туунду компанияларынын жалпы финансылык абалын чагылдырган консолидацияланган балансты талап кылууга укуктуу. Ушул Мыйзамды жана/же банк мыйзамдарын бузууга жол берилген учурларда Улуттук банк микрофинансы компаниясына карата ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында каралган санкцияларды жана чараларды колдонушу мүмкүн. 

Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу микрофинансы компанияларына карата консолидацияланган көзөмөл боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында аныкталат. 

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Улуттук банктын текшерүүчү кызматкерлерине (аудитордук компанияга) текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды башкаларга айтууга же үчүнчү тарапка берүүгө тыюу салынат. 

6. Текшерүү жүргүзгөн адамдар текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды мыйзамсыз башкаларга айткандыгы же үчүнчү тарапка бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР 2009-жылдын 27-мартындагы N 87, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

30-статья. Лицензияны токтото туруу жана кайтарып алуу 

1. Улуттук банк микрофинансы компаниясынын операцияларын токтото туруу же чектөө жөнүндө же мыйзамдарда аныкталган шарттарды сактоо менен төмөндөгүдөй учурларда лицензиянын колдонулушун токтото туруу же кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, эгерде: 

1) ушул Мыйзамды, ушул Мыйзамга ылайык иштелип чыккан Улуттук банктын ченемдик актыларынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын жана ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берилсе; 

2) микрофинансы компаниясы Улуттук банктын сунуштамаларын, эскертүүлөрүн, нускамаларын же дагы бөлөк санкцияларын аткарбаса; 

3) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык жана башка ченемдерин бузган учурда; 

4) микрофинансы компаниясынын төлөө кудурети кооптонууну туудурганда же төлөө кудуретсиздигине дуушар болгондо; 

5) берилүүгө тийиш болгон маалыматтар Улуттук банкка берилбей калса же так эмес, толук эмес маалыматтар берилген болсо; 

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген башка учурларда. 

2. Микрофинансы компаниясынын белгилүү бир операцияларын токтото туруу же чектөө, лицензияны токтото туруу же кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимде, бул чечимдин кабыл алынышына себеп болгон белгилүү фактыларга түшүндүрмөлөр камтылууга тийиш. Операцияларды токтото туруу же чектөө же лицензияны токтото туруу учурунда төмөндөгү чараларды камтууга тийиш, бирок булар менен гана чектелип калбаш керек: 

1) микрофинансы компаниясына же анын Кыргыз Республикасында жайгашкан ар кандай туунду компанияларына дивиденддерди төлөөсүнө чек коюуну; 

2) микрофинансы компаниясынын өсүп-өнүгүшүнө филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, туунду же дагы башка компанияларды түзүүсүнө тыюу салуу аркылуу чектөөнү

3) микрофинансы компаниясынын көрсөтүлгөн активдерди сатуусуна жана алынган суммаларды пайдалануусуна талапты; 

4) микрофинансы компаниясынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн белгилүү бир контракттарды же макулдашууларды жокко чыгаруу же оңдоолорду киргизүү талабы же келечекте мындай контракттарды түзүүнү токтото туруу жөнүндө талабы; 

5) лицензиясынын (күбөлүгүнүн) чегинде уруксат берилген иштин белгилүү бир түрлөрүн токтото турууга микрофинансы компаниясына коюлган талапты; 

6) кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча башка чараларды кабыл алуу жөнүндө микрофинансы компаниясына коюлган талапты; 

7) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "банкроттук, анын ичинде банктардын банкроттугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жол-жоболорун колдонууну. 

3. Лицензияны кайтарып алган учурдан тартып Улуттук банк микрофинансы компаниясын микрофинансы уюмунун реестринен чыгарып салат. Бул учурда микрофинансы компаниясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу жоюлууга тийиш. 

Микрофинансы компаниясынын лицензиясынын токтотула турушу же кайтарып алынгандыгы жөнүндө кардарларга билдирүүнүн жолу Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленүүгө тийиш. 

4. Эгерде микрофинансы компаниясынын операцияларын токтото турууга жана чектөөгө алып келген кырдаал оңолсо, анда Улуттук банк микрофинансы компаниясына карата коюлган чектөөлөр алынып салынгандыгы же лицензияны токтото туруу алып салынгандыгы жөнүндө микрофинансы компаниясына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

31-статья. Маалымат жана документтер 

1. Улуттук банк микрофинансы компаниясынын же анын туунду компанияларынын колундагы маалыматтарды, микрофинансы компаниясынын кардарлары жана аларды каржылоонун булактары жөнүндөгү маалыматтарды кошо алганда, суратууга жана алууга укуктуу. 

2. Өз ыйгарым укуктарын пайдалануу жол-жобосу менен Улуттук банк тарабынан алынган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды эске албаганда, үчүнчү тарапка берилүүгө тийиш эмес. 

5-Глава 

Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер 

32-статья. Микрокредиттик компания менен микрокредиттик агенттигинин уюмдаштыруучулары жана уюмдаштыруу документтери 

1. Жеке жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 2-пунктунун 1-9-пунктчаларында саналган белгилердин бирине же бир нечесине ылайык келбеген шартта, микрокредиттик компаниянын уюштуруучулары (катышуучулары, акционерлери) жана микрокредиттик агенттиктин уюштуруучулары (катышуучулары) болушу мүмкүн. 

2. Микрокредиттик компаниялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан коммерциялык уюмдар үчүн каралган кандай гана болбосун уюштуруу-укуктук формада уюшулушу мүмкүн. 

3. Саясий партияларды, кесиптик кошундарды, диний уюмдарды кошпогондо, микрокредиттик агенттиги Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар үчүн мыйзамдарында каралгандан башка кандай гана болбосун уюштуруу-укуктук формасында уюшулушу мүмкүн. 

4. Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттиги ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары тарабынан каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандык мыйзамдарга ылайык талап кылынуучу негизги маселелерди камтыган уставга ээ болууга тийиш. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

33-статья. Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер жүзөгө ашыруучу операциялар 

1. Микрокредиттик компания өз каражаттарынын жана юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын эсебинен гана Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чегинде, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарды улуттук валютада микрокредиттөөнү (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттерди берүүнү), Улуттук банктын күбөлүгү болгондо жүзөгө ашырат. 

2. Микрокредиттик компания Улуттук банк тарабынан микрофинансы компанияларын лицензиялоонун тартибине ылайык берилген лицензияда бул операциялар көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банк операцияларын кошумча жүзөгө ашыра алат: 

1) карыз милдеттенмелерин сатып алууну жана сатууну (факторинг); 

2) кардарларга микрокредиттик компанияда эсептерди ачпастан - банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү

3) өз атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алууну жана сатууну. 

3. Микрокредиттик агенттик өз каражаттарынын, финансы-кредиттик мекемелерден жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен гана, микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарга микрокредиттерди (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттер) улуттук валютада берүүнү Улуттук банктын күбөлүгү болгондо жүзөгө ашырат. 

4. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн банктык операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясын алган микрокредиттик компания өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. 

Улуттук банк ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруучу ушул микрокредиттик компанияга карата ушул Мыйзамдын төртүнчү главасында микрофинансы компанияларына карата каралган жөнгө салуу чараларын жүзөгө ашырууга укуктуу. 

5. Микрокредиттик компания же микрокредиттик агенттик акционердик коомдор формасында микрокредиттик компаниялар тарабынан чыгарылуучу акциялардан тышкары, баалуу кагаздарды чыгарууга укугу жок, ошондой эле финансылык лизинг операцияларын кошпогондо, ушул статьяда каралбаган башка банк операцияларын жүзөгө ашырууга укуксуз. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

34-статья. Микрокредиттик компаниянын капиталы 

1. Микрокредиттик компаниянын капиталын толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Капиталдын курамына анын уюмдаштыруучулары, акционерлери, катышуучулары тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүү боюнча микрокредиттик компаниянын милдеттенмеси болбогон уставдык капитал гана кирет. 

2. Микрокредиттик компаниянын уставдык капиталы уюмдаштыруучулардын, акционерлердин, катышуучулардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана түзүлөт. Микрокредиттик компаниянын уставдык капиталын негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эсебинен топтоого жол берилбейт. 

3. Микрокредиттик компания күбөлүк алганга чейин Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылуучу топтоо (депозиттик) эсебине минималдуу уставдык капиталды салууга милдеттүү

4. Улуттук банк иштеп жаткан жана кайрадан түзүлүп жаткан микрокредиттик компаниялардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн белгилейт. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

35-статья. Микрокредиттик компаниялар менен микрокредиттик агенттиктердин иштөө өзгөчөлүктөрү 

1. Микрокредиттик агенттиктер өз ишин ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат. 

2. Өз иштерин жана/же донорлордун агенттик иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга киришээрден мурда микрокредиттик компания менен/же микрокредиттик агенттик Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык, Улуттук банктын күбөлүгүн алууга милдеттүү

3. Микрокредиттик компания менен/же микрокредиттик агенттиги эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу күбөлүк алуу үчүн төмөндөгү документтерди эки нускада берет: 

1) Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген формада күбөлүк алууга арызды; 

2) уюмдаштыруу документтеринин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн; 

3) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн; 

4) микрокредиттик компаниянын жана/же микрокредиттик агенттиктин башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн тизмесин, микрокредиттик компаниянын жана/же микрокредиттик агенттиктин ишинин тартибин; 

5) микрокредиттик компаниянын уставдык капиталы катары коммерциялык банктын топтоо эсеп-чотуна (микрокредиттик агенттиктен тышкары) каражаттардын салынганын тастыктаган документти; 

6) микрокредиттик компаниянын уставдык капиталы катары төгүлгөн акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу уюштуруучулар тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды. 

4. Арызды жана эсепке алуу каттоосуна керектелүүчү бардык документтерди алгандан кийин Улуттук банк бир айдан кийин эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу күбөлүк берүүгө болбосо аны алууга макулдук берилбегенин билдирүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөткө микрокредиттик компанияны жана/же микрокредиттик агенттикти юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон (кайра каттоодон) өтүүнүн убактысы кирбейт. 

5. Эгерде күбөлүк алуу үчүн Улуттук банкка берилген документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга ылайык келбесе, анда кароо мөөнөтү талапка жооп берген документтер алынган күндөн тартып башталат. 

6. Күбөлүк берүүгө макулдук берилбесе, болбосо күбөлүк алууга берилген арыз кайтарылып алынса, күбөлүк алуу үчүн берилген документтердин бир нускасы кайтарылып берилбейт. 

7. Улуттук банкка берилген кандай болбосун маалыматка тийиштүү өзгөртүүлөр болгон учурда, арыз берүүчү бул жөнүндө Улуттук банкка токтоосуз кабарлоого жана өзгөртүүлөрдү камтыган документтерди алар пайда болгон учурдан тартып үч күндүн ичинде Улуттук банка берүүгө тийиш. Улуттук банк арызды жана талап кылынган бардык документтерди кароонун мезгилин он жумушчу күнгө узартышы мүмкүн. 

8. Микрокредиттик компанияга жана микрокредиттик агенттикке күбөлүк берүүнүн же берүүдөн баш тартуунун жана күбөлүктү кайтарып алуунун тартиби Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет. 

9. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак), микрокредиттик компаниянын жана микрокредиттик агенттигинин ишине тиешелүү ар кандай маалыматтарды тышкы көзөмөлдү жана инспекторлук текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга, талап кылууга жана алууга укуктуу. 

Улуттук банк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин инспекциялоону жүргүзөт жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

10. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак) ушул Мыйзамдын 30-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда микрокредиттик компаниянын же микрокредиттик агенттиктин операцияларын жана бүтүмдөрүн чектөөгө, эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн колдонулушун токтото турууга жана кайтарып алууга укуктуу. Эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктү чакыртып алуу ушул Мыйзамдын 10-статьясына ылайык жүзөгө ашырылуучу микрокредиттик компаниянын же микрокредиттик агенттиктин жоюлушуна алып келет. 

11. Улуттук банк микрокредиттик компанияны жана микрокредиттик агенттикти Улуттук банк тарабынан жөнгө салынуучу финансы-кредиттик жана кредиттик мекемелер үчүн каттоо органы менен макулдашуу боюнча Улуттук банк тарабынан белгиленген форма боюнча жана тартипте каттоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук катын берет. 

12. Улуттук банк микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге карата ушул Мыйзамда каралган жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана таасир көрсөтүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

5-1-глава 

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана микрофинансы уюмдарынын жоопкерчиликтери 

(Глава КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

35-1-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматтарга карата талаптар 

1. Пайыздардын ставкаларынын (пайыздык ставкалардын), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сыйакылардын жана тарифтердин өлчөмдөрү жөнүндө маалымат ачык болууга тийиш жана коммерциялык же банктык жашыруун сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. Берилүүчү микрокредиттердин (лизингдин) ар бир түрү боюнча пайыздын ставкасы кардарлар үчүн мезгил үчүн пайыздык ставка менен катар жылдык номиналдуу туюнтмасы жана пайыздын натыйжалуу ставкасынын усулу боюнча жылдык эсептөөдө берилиши керек. Пайыздын номиналдуу ставкасы кредиттин негизги суммасынын азайып бара жаткан калдыгына карата эсептелүүгө тийиш. Кардарларга берүү максаттары үчүн пайыздын натыйжалуу ставкасын аныктоо жана эсептөө усулу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 

2. Пайыздын номиналдуу жана натыйжалуу ставкасы жөнүндө маалымат менен катар микрофинансы уюму кардар менен микрокредит (лизинг) боюнча келишим түзүүгө (кол коюуга) чейин кардарга микрокредит боюнча келишимди түзүү жана аны аткаруу менен байланышкан микрокредиттин негизги суммасын, пайыздарын, комиссиялык жыйындарды жана башка төлөөлөрдү өз өзүнчө көрсөтүү менен микрокредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты кардарга берүүгө милдеттүү. Микрофинансы уюму кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө толук маалымат берүүдөн баш тартууга укуксуз. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалоочу жана кредит боюнча төлөөлөрдү кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индекстештирүүнү караган кредиттик продукцияларды пайдаланууга жол берилбейт. 

3. Берилүүчү микрокредиттер (лизинг) боюнча пайыздардын ставкалары жөнүндө маалыматты жарнамалоодо, жарыялоодо жана таратууда микрофинансы уюмдары пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларын көрсөтүүгө милдеттүү. Пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкалары, комиссиялык сыйакынын өлчөмдөрү жана тарифтери микрофинансы уюму менен кардардын ортосунда түзүлүүчү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. Келишимге ылайык депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын чоңдугу тараптардын өз ара макулдугу боюнча экономикада түзүлгөн кырдаалды эсепке алуу менен, мезгил-мезгилинде кайра каралып турушу мүмкүн. 

4. Микрофинансы секторундагы үстөмдүк абалды болтурбоо, ошондой эле микрофинансы уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын транспаренттүүлүгүн микрофинансы уюмдары тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында Улуттук банк тарабынан контролдукка алынат. Бул максаттарда Улуттук банк ченемдик укуктук актыларды чыгарууга жана монополияга каршы мамиле жасоо чараларын көрүүгө укуктуу. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

35-2-статья. Кредиттөөгө карата минималдуу талаптар 

1. Микрофинансы уюмдары кредиттөөнү жана башка кызматтарды көрсөтүүнү кардарларга карата ак ниеттүүлүк, ачыктык, аныктык принциптеринде, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, коммерциялык жана банктык жашыруун сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырат. 

Микрофинансы уюмдары коммерциялык кредиттер катары тартылган каражаттарды жайгаштырууда алардын ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн иштин максаттарына ылайык келүүсүн камсыз кылууга милдеттүү

2. Микрофинансылык уюмдар кредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүдө төмөнкү минималдуу талаптардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

1) микрофинансы уюму тарабынан берилүүчү кредит боюнча натыйжалуу пайыздык ставкасы кредитти берүү датасына декларацияланган (жарыяланган) натыйжалуу пайыздык ставканын маанисинен ашпоого тийиш; 

2) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин кардарлар (мүмкүн болуучу карыз алуучулар) үчүн кредиттик продукциянын толук наркы жөнүндө маалыматты кошуп алганда, кредиттерди берүүнүн шарттары тууралуу маалыматтарды кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилде толук ачуу камсыз кылынууга тийиш. Маалыматтын формасы ар түрдүү кредит берүүчүлөрдүн кредиттик продукцияларын салыштыруунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн унификацияланган жана тутумдаштырылган болууга тийиш; 

3) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин, өзгөчө карыз алуучунун жалгыз турак жайы күрөө катары берилгенде, карыз алуучунун иш менен камсыз болуу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелеринин көрсөткүчтөрү, чыгымдарынын көлөмү, багуусундагы адамдардын саны ж.у.с. кошуп алганда, карыз алуучунун иш жүзүндөгү төлөө жөндөмдүүлүгү иликтенүүгө тийиш; 

4) кредиттик келишимдин шарттарына кошумча жыйымдарды, микрофинансы уюмдары алуучу жана төлөнүүчү комиссиялык жана башка төлөмдөрдү жана жарыялангандан тышкаркы микрокредит боюнча келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу, ошондой эле карыз алуучу менен келишилгенге көз карандылыктан тышкары акы алынуучу негиздеги башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат; 

5) типтүү кредиттик продукциялар жана аларга карата келишимдер унификацияланган болууга тийиш; 

6) кредиттик келишимдин тексти кабылдоо жана түшүнүү үчүн так жана жеткиликтүү болууга тийиш. Мында келишимдин тили - мамлекеттик же расмий тил карыз алуучунун тандоосу боюнча аныкталууга тийиш; 

7) келишимде тиешелүү келишим түзүлгөндөн кийин, кардар акча каражатын алганга же болбосо келишим боюнча лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү жүзөгө ашырган учурга чейинки мезгилде кардардын кредит алуудан (лизинг боюнча сунушталган кызмат көрсөтүүдөн) акысыз негизде баш тартууга укугу каралуусу тийиш; 

8) келишимде алган кредитти (лизингди) кайтарып берген күнгө чейин отуз күн мурда бул тууралуу микрофинансы уюмуна маалымдоо менен кандай болбосун убакытта кандайдыр бир айыптык санкцияларсыз кредиттин (лизингдин) ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга кардардын укугу каралууга тийиш; 

9) кардарга кол койдурулуп келишим боюнча өзү кабыл алган милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай аткарбоонун бардык кесепеттери түшүндүрүлүүгө тийиш; 

10) карыз алуучулар кайрылганда иш жүзүндөгү карыздын өлчөмү жөнүндө так маалымат жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - төлөмдөрдүн жаңы графиги берилүүгө тийиш; 

11) кардар - жеке жак, анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкер менен кредиттик келишимде белгиленген негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз үчүн бышмана (айып акылар, туумдар) боюнча пайыздын өлчөмү кредит боюнча келишимде көрсөтүлгөн номиналдуу пайыздык ставкадан ашык болбошу керек. Мында кредиттин колдонулушунун бүткүл мезгили үчүн эсептелген бышмананын (айып акылардын, туумдардын) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынын ашпоого тийиш; 

12) кардар даттанууларды кароонун жол-жобосу жөнүндө жана микрофинансы уюмунда суроо-талаптарды, даттанууларды алуу жана аларды кароо үчүн жооп берүүчү байланыш адамы тууралуу маалымдалган болушу керек; 

13) эгерде бул карыз алуучунун укуктарын жана милдеттерин начарлатса, микрофинансы уюму кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө же толуктоого укуксуз; 

14) келишимге ылайык карыз алуучуга күрөө мүлкүн сатып алууга артыкчылыктуу укук берилүүгө тийиш. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

35-3-статья. Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик 

1. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансы уюмдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат. 

2. Керектөөчүлөрдүн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда каралган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандык үчүн Улуттук банк микрофинансы уюмуна карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган таасир кылуу чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

6-Глава 

Корутунду жоболор 

36-статья. Жалган жарнамаларга тыюу салуу 

1. Микрофинансы уюмдарына жалган же чаташтырган жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. 

2. Эгерде Улуттук банк микрофинансы уюмунун атынан жарыяланган кулактандыруу же маалымат туура эмес же чаташтырууга алып келет деп эсептесе, Улуттук банк микрофинансы уюмунан жарнамалык кулактандырууну же анын иши же аталышы жөнүндө жарыяланган маалыматты Улуттук банк көрсөткөн мезгил ичинде өзгөртүүнү же жокко чыгарууну талап кылууга укуктуу. 

3. Эгерде Улуттук банктын койгон талабы ушул статьянын 2-пунктуна ылайык Улуттук банк тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде аткарылбаса, Улуттук банк микрофинансы уюмунун атынан жарыяланган кулактандыруулар же маалыматтар туура эмес берилгендиги же алар кардарларды жана коомчулукту чаташтыра тургандыгы тууралу билдирүүнү микрофинансы уюмунун каражаттарынын эсебинен жарыялоого укуктуу. Бул учурда Улуттук банк микрофинансы уюмунан кеткен чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу, анткени алар микрофинансы уюму тарабынан төлөнүп берилүүгө тийиш. 

4. Микрофинансы уюму тарабынан жалган же чаташтыруучу маалыматтардын атайылап жарыяланып кетишине байланыштуу келип чыккан башка милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталууга тийиш. 

37-статья. Микрофинансы уюмунун аудити 

1. Микрофинансы уюму эсептердин аныктыгын текшерүү, ошондой эле өзүнүн ички контролдоо тутумунун төп келгендигин жана натыйжалуулугун текшерүү жана ага баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ички аудитти жүзөгө ашырат. Бул үчүн микрофинансы компаниясы өзүнүн ички аудит кызматын түзүүгө милдеттүү, ал эми микрокредиттик компания (микрокредиттик агенттик) түзүшү мүмкүн. 

2. Микрофинансы компаниясы көз карандысыз аудиторлордун күчү менен ар жылдык көз карандысыз аудит жүргүзүшү керек. Микрофинансы компаниясы жетекчиликке катты жана финансылык отчетторду кошуп алганда, тышкы аудитордун толук отчетунун бир нускасын өзгөртүүсүз, жыл сайын микрофинансы уюмунун тышкы аудитору тарабынан отчет берилген күндөн тартып отуз күндүн ичинде, бирок отчеттук жылдан кийинки 30-апрелден кечиктирбестен Улуттук банкка берип турууга милдеттүү

3. Микрокредиттик агенттик өз ишине тышкы аудитти жүргүзө алат. Микрокредиттик компания өз ишине тышкы аудитти жүргүзүүгө жана Улуттук банк тарабынан белгиленген форма жана мөөнөттөр боюнча Улуттук банкка отчет берүүгө тийиш. 

4. Улуттук банк ар жылдык көз карандысыз аудитти жүргүзүү боюнча минималдуу талаптарды белгилеген ченемдик укуктук актыларды чыгарат. 

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

38-статья. Микрофинансы уюмунун эсепке алуусу жана отчеттуулугу 

1. Микрофинансы уюмунун финансы жылы 1-январдан башталат жана 31-декабрда бүтөт. Эгерде микрофинансы уюму 1-январдан кийин каттоодон өткөн болсо, анда биринчи финансы жылы мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып башталат жана ошол эле жылдын 31-декабрында бүтөт. 

2. Микрофинансы уюмдарынын отчетторунун мүнөзү, көлөмү, формаларынын тизмеси жана берүү мөөнөттөрү Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленүүгө тийиш. 

3. Микрофинансы уюму берилген маалыматтардын жана отчеттордун тактыгы жана толуктугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

4. Микрофинансы уюмунун жылдык отчетторунун түзүмү жана мөөнөттөрү Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет. 

5. Микрофинансы уюмдары ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүшөт жана финансылык отчетту түзүшөт. 

(КР 2021-жылдын 9-августундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

39-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонулсун. 

2. Иштеп жаткан микрофинансы уюмдары ушул Мыйзам колдонула баштаган учурдан тартып 6 ай ичинде өз иштерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө милдеттүү

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Акаев 

  

  

  

2002-жылдын 11-июнунда 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган 

  

  

  

2002-жылдын 3-июлунда 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылган