> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 1996-жылдын 15-ноябры N 60 

Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө 

(КР 1998-жылдын 2-декабрындагы N 148, 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131, 2002-жылдын 21-январындагы N 9, 2003-жылдын 17-февралындагы N 38, 2003-жылдын 27-мартындагы N 64, 2003-жылдын 24-декабрындагы N 238, 2006-жылдын 27-январындагы N 25, 2009-жылдын 19-январындагы N 7, 2009-жылдын 30-мартындагы N 105 2009-жылдын 24-июлундагы N 245, 2009-жылдын 12-октябрындагы N 265, 2014-жылдын 7-июлундагы N 113, 2015-жылдын 22-майындагы N 115, 2015-жылдын 20-июлундагы N 180, 2016-жылдын 20-майындагы N 68, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

I БӨЛҮК 

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1-статья. Чарбалык шериктик жана коом жөнүндө негизги жоболор 

1. Иш аракеттеринин негизги максаты пайда алуу болуп саналган үлүштөрүнө (салымдарына) бөлүнгөн уставдык капиталы бар коммерциялык уюмдар чарбалык шериктик жана коом деп таанылат. Катышуучулардын салымдарынан түзүлгөн, ошондой эле чарбалык шериктик жана коом тарабынан анын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн жана сатылып алынган мүлк ага менчик укугунда таандык болот. 

2. Чарбалык шериктиктер жана коомдор толук шериктик, коммандиттик шериктик, жоопкерчилиги чектелген коом, кошумча жоопкерчилиги бар коом түрүндө түзүлүшү мүмкүн. 

3. (КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамына күчүн жоготту) 

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы N 238, 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

2-статья. Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамдар 

1. Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. 

2. Уставдык капиталды түзүүнүн жана аны пайдалануунун өзгөчөлүктөрү, мүлктүн укуктук режими, ошондой эле башкаруу органдарынын ишинин өзгөчөлүктөрү, коммерциялык уюмдардын айрым түрлөрүнүн: банктардын, камсыздандыруу коомдорунун, биргелешкен ишканалардын жана башка чарбалык шериктиктердин жана коомдордун чарбалык ишин чектөөлөр ушул Мыйзам менен катар Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акталары менен жөнгө салынат. 

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

3-статья. Чарбалык шериктиктин жана коомдун катышуучулары 

1. Граждандар жана (же) юридикалык жактар толук шериктиктин катышуучулары жана коммандиттик шериктиктеги толук шериктер боло алышат. 

2. Граждан бир гана толук шериктиктин катышуучусу же бир гана коммандиттик шериктиктин толук шериги боло алат. 

3. Чарбалык шериктикте кеминде эки катышуучу болууга тийиш. 

4. Мыйзам чыгаруу, аткаруучу жана сот бийлигинин органдарынан башка, граждандар жана (же) юридикалык жактар жоопкерчилиги чектелген коомдун, кошумча жоопкерчилиги бар коомдун катышуучусу жана коммандиттик шериктиктин салым салуучулары боло алышат. 

Аткаруу бийлигинин мындай максаттар үчүн атайын түзүлгөн органдары чарбалык шериктиктин катышуучусу болгон учурлар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралышы мүмкүн. 

5. Бир жак тарабынан уставдык капиталынын бардык үлүштөрү сатылып алынган учурда жоопкерчилиги чектелген коом, кошумча жоопкерчилиги бар коом бир жак тарабынан түзүлүшү же бир адамдан турушу мүмкүн. 

6. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача белгиленбесе, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамга ылайык түзүлгөн чарбалык шериктиктерге жана коомдорго жалпы негиздерде катышат. 

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы N 238, 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

4-статья. Чарбалык шериктиктин жана коомдун уюштуруу документтери. Чарбалык шериктикти жана коомду мамлекеттик каттоодон өткөрүү 

1. Чарбалык шериктиктин жана коомдун уюштуруу документтери уюштуруу келишими жана устав болуп эсептелет. 

2. Бир жак тарабынан уюштурулган чарбалык коомдун уюштуруу документи устав болуп эсептелет. 

3. (КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамына күчүн жоготту) 

4. Чарбалык шериктиктин жана коомдун уюштуруу келишимине анын бардык катышуучулары кол коюшат. 

5. Чарбалык коомдун уставына катышуучулардын жалпы чогулушу тарабынан ошол коомдун башкаруучусу болуп дайындалган адам кол коет. 

Бир эле жак уюштурган чарбалык коомдун уставына ошол катышуучу кол коет. 

6. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 105 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

7. Катышуучулар уюштуруу келишиминде чарбалык шериктик жана коом түзүүгө, аны түзүү боюнча иштин тартибин белгилөөгө жана: өзүнүн мүлкүн шериктиктин жана коомдун менчигине берүүнүн, анын ишине катышуунун, катышуучулардын ортосунда пайданы жана зыянды бөлүштүрүүнүн, анын ишин башкаруунун, анын курамынан чыгуунун шарттарын; ар-бир катышуучунун үлүшүнүн өлчөмүн; алар тарабынан салым салуунун өлчөмүн, курамын, мөөнөтүн жана тартибин; салым салуу боюнча милдеттерди бузгандыгы үчүн катышуучулардын жоопкерчилигин; уставдык капиталдын өлчөмүн жана курамын аныктоого милдеттенишет. 

Уюштуруу келишиминде мыйзамдар же катышуучулар тарабынан каралган башка маалыматтар камтылышы мүмкүн. 

8. Чарбалык шериктиктин жана коомдун уставы катышуучулар тарабынан бекитилип, уюштуруу келишиминде көрсөтүлөт. 

Чарбалык коомдун уставында, ошондой эле чарбалык шериктиктин уюштуруу келишиминде: шериктиктин жана коомдун түрү, анын аталышы, жайгашкан жери, иштөө мөөнөтү (эгерде ал уюштуруу учурунда белгиленсе), жетекчинин ыйгарым укуктары, башкаруу жана контролдоо органдары, алардын компетенциясы, мүлк түзүүнүн тартиби, пайданы бөлүштүрүүнүн жана зыяндардын ордун толтуруунун тартиби, шериктиктин жана коомдун ишин токтотуунун (кайра уюштуруунун же жоюунун) шарттары, ошондой эле шериктик же коом жана катышуучулардын ортосундагы өз ара мамилелер аныкталат. 

Чарбалык шериктиктин уставында жана чарбалык шериктиктин уюштуруу келишиминде мыйзамдар же катышуучулар тарабынан каралган башка жоболор да камтылышы мүмкүн. 

Чарбалык коомдун уставында ири бөлүмдөрдү жасоо боюнча жалпы жыйналыштын, коомдун аткаруу органынын ыйгарым укуктарын аныктоочу, ошондой эле коомдун аткаруу органы тарабынан уставдык капиталга кирген коомдун мүлкүн ажыратып кетүүгө тыюу салуучу же ага чектөө коюучу жоболор камтылууга тийиш. 

9. Уюштуруу документтеринде ушул статьянын 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн шарттардан башка ушул Мыйзамда шериктиктердин жана коомдордун тиешелүү түрлөрү үчүн каралган шарттар да камтылууга тийиш. 

10. Ушул статьянын 7, 8 жана 9-пункттарында каралган шарттар жок болгондо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында ушундай укук берилген мамлекеттик органдардын талабы боюнча, ошондой эле ишке тиешеси бар башка жактардын талабы боюнча уюштуруу документтери сот тартибинде жараксыз деп таанылат. 

11. Чарбалык шериктик жана коом мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин катышуучулар шериктиктин жана коомдун катышуучулары болуп калат. 

12. Чарбалык шериктик жана коом түрүндө уюштурулуучу коммерциялык уюмдардын айрым түрлөрүнүн ушул Мыйзамда каралбаган уюштуруу документтеринин тизмеси жана мазмуну ушул уюмдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан аныкталат. 

13. Чарбалык шериктиктерди жана коомдорду мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

(КР 1998-жылдын 2-декабрындагы N 148, 2003-жылдын 24-декабрындагы N 238, 2009-жылдын 30-мартындагы N 105, 2009-жылдын 12-октябрындагы N 265, 2014-жылдын 7-июлундагы N 113, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

5-статья. Чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкү 

1. Чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкүн негизги фондулар жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы шериктиктин жана коомдун өз алдынча балансында көрсөтүлгөн башка мүлк түзөт. 

2. Мүлк чарбалык шериктикке жана коомго менчик укугунда таандык болот. 

3. Төмөндөгүлөр: 

1) катышуучулардын уставдык капиталга кошкон салымдары; 

2) анын ишинен алынган кирешелер; 

3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында тыюу салынбаган башка булактар шериктиктин жана коомдун мүлкүн түзүүнүн булактары болуп эсептелет. 

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

6-статья. Чарбалык шериктиктин жана коомдун уставдык капиталы 

1. Уюштуруучулардын салымдарынын жыйындысы чарбалык шериктиктин жана коомдун уставдык капиталын түзөт. 

2. Чарбалык шериктиктин жана коомдун катышуучусунун салымынын курамына Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда чет өлкөлүк валютадагы акчалай каражаттар, ошондой эле имараттар, курулуштар, жабдуулар, чийки заттар, материалдар, товарлар, продукциялар, баалуу кагаздар, материалдык башка баалуулуктар жана ээликтен ажыратылган мүлк укуктары, анын ичинде наркы шериктиктин жана коомдун өз алдынча балансында көрсөтүлө турган интеллектуалдык иштин натыйжаларына болгон укук кириши мүмкүн. 

3. Эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, катышуучу тарабынан мүлк шериктикке жана коомго пайдалануу үчүн гана берилген учурда, салымдын өлчөмү жана катышуучунун тиешелүү үлүшү бул мүлктү пайдалангандык үчүн шериктиктин жана коомдун уюштуруу документинде көрсөтүлгөн бүткүл мөөнөт үчүн же катышуучулар тарабынан белгиленген башка мөөнөт үчүн эсептелген аренда акысына жараша аныкталат. 

Эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, шериктикке жана коомго пайдаланууга берилген мүлктүн кокусунан жок болушу же зыянга учурашы үчүн тобокелге салуу бул мүлктү берген катышуучуга жүктөлөт. 

4. Чарбалык шериктиктин жана коомдун уставдык капиталын азайтууга кредит берүүчүлөрдүн бардыгына кат жүзүндө жеке билдирүү жиберилгенден кийин гана жол берилет. Мындай учурда кредит берүүчүлөр тиешелүү милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда токтотууну же аткарууну жана өздөрүнө келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. 

5. (КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

Ушул статьянын 4-пунктунда белгиленген тартипти бузуу менен уставдык капиталды азайтуу, ишке тиешеси бар адамдардын арызы боюнча соттун чечими менен чарбалык шериктикти жана коомду жоюу үчүн негиз болуп эсептелет. 

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

7-статья. Уюштуруучулардын чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкүндөгү үлүштөрү 

1. Бардык катышуучулардын чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкүндөгү үлүштөрү алардын уставдык капиталга кошкон салымдарына жараша болот. 

2. Катышуучулардын чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкүндөгү үлүштөрү процент менен эсептелет. 

3. Чарбалык шериктиктин жана коомдун катышуучулары өздөрүнүн шериктиктеги жана коомдогу үлүштөрүн аныктоонун ушул статьяга салыштырганда башка тартибин аныкташы мүмкүн. 

4. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, чарбалык шериктиктин жана коомдун катышуучулары өздөрүнүн шериктиктин жана коомдун мүлкүндөгү үлүштөрүн күрөөгө коюуга жана сатууга укуктуу. 

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы N 238, 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

8-статья. Чарбалык шериктикти жана коомду башкаруу 

1. Чарбалык шериктиктин жана коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушу (өкүлдөрүнүн чогулушу) анын жогорку органы болуп эсептелет. Толук жана коммандиттик шериктиктин ишин башкаруу толук шериктердин жалпы макулдугу боюнча жүзөгө ашырылат. 

2. Чарбалык шериктикте жана коомдо анын ишине күндөлүк жетекчиликти жүзөгө ашыруучу жана анын катышуучуларынын жалпы чогулушуна отчет берүүчү аткаруучу орган (коллегиалдуу же жеке) түзүлөт. 

3. Төмөндөгүлөр: 

1) башкарма (дирекция); 

2) байкоо жүргүзүү органы; 

3) чарбалык шериктикке жана коомго катышуучулардын жалпы чогулушунун (өкүлдөрүнүн чогулушунун) чечими боюнча башка органдар түзүлүшү мүмкүн. 

4. Аткаруучу органдын ишине контролдук жүргүзүү үчүн катышуучулардын жалпы чогулушу текшерүү комиссиясын түзүүгө укуктуу. 

5. Чарбалык шериктиктин жана коомдун башкаруу органдарынын компетенциясы, аларды шайлоонун (дайындоонун) тартиби, ошондой эле алар тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана уюштуруу документтери тарабынан аныкталат. 

6. (КР 2003-жылдын 24-декабрындагы N 238 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

(КР 1998-жылдын 2-декабрындагы N 148 мыйзамынын, 2003-жылдын 17-февралындагы N 38, 2003-жылдын 24-декабрындагы N 238, 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

8-1-статья. Туунду чарбалык шериктиктер жана коомдор, филиалдар жана өкүлчүлүктөр 

1. Чарбалык шериктиктер жана коомдор ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында, анын чегинен сырткары жерлерде туунду коомдорду, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө укуктуу. 

2. Эгерде башка башкы (негизги) чарбалык коом же шериктик анын уставдык капиталында артыкчылыктуу катышуунун айынан, болбосо алардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, болбосо башка түрдө мындай коом тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди аныктоого мүмкүнчүлүгү болсо, коом туунду деп табылат. Туунду коом негизги коомдун карыздары боюнча жооп бербейт. 

3. Туунду коом юридикалык жак болуп саналат жана өз алдынча чарбалык уюм катары иштейт; анын башкы (негизги) коом менен мамилелери өз уставынын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде түзүлөт. 

4. Туунду коомго ал үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу башкы (негизги) коом туунду коом башкы (негизги) коомдун көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн түзгөн бүтүмдөр боюнча туунду коом менен тилектеш жоопкерчилигин тартат. 

5. Туунду коомдун катышуучулары анын күнөөсү боюнча туунду коомго келтирилген чыгымдардын ордун тартышын башкы (негизги) коомдон талап кылууга укуктуу. 

6. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр юридикалык жак болуп саналбайт, негизги жана жүгүртүү каражаттары башкы (негизги) коом тарабынан берилип, ал тарабынан бекитилүүчү жоболордун негизинде иштейт жана өз ишин аларды түзгөн коомдун атынан жүзөгө ашырат. Филиалдын жана өкүлчүлүктүн иши үчүн жоопкерчиликти башкы (негизги) коом тартат. 

Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери башкы (негизги) коом тарабынан берилген ишеним каттардын негизинде иштейт. 

(КР 1998-жылдын 2-декабрындагы N 148, 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

9-статья. Чарбалык шериктиктин жана коомдун ишин токтотуу 

Чарбалык шериктиктин жана коомдун иши: 

1) чарбалык шериктик жана коом түзүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин; 

2) түзүлгөн кездеги максатына жеткенден кийин; 

3) катышуучулардын ортосундагы макулдашуу боюнча; 

4) чарбалык шериктик же коом белгиленген тартипте банкрот деп табылган учурда; 

5) ушул мыйзамда, башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же чарбалык шериктиктин жана коомдун уюштуруу документтеринде каралган башка учурларда токтотулат. 

2. Чарбалык шериктиктин жана коомдун ишин токтотуу кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүнүү, кайра уюштуруу) же жоюу аркылуу жүргүзүлөт. 

Чарбалык шериктик жана коом кайра уюштурулган учурда шериктиктин же коомдун уюштуруу документтерине жана юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет, ал эми ал жоюлган учурда - юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу жазылат. 

3. Чарбалык шериктиктер жана коомдор ушул мыйзамдын жоболорун сактоо менен катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча бир түрдөн экинчи түргө жана башка коомго кайра уюштурулушу мүмкүн. 

4. Толук же коммандиттик шериктик, жоопкерчилиги чектелген же кошумча жоопкерчилиги бар коомго кайрадан уюштурулган учурда, жоопкерчилиги чектелген же кошумча жоопкерчилиги бар коомдун уюштуруучусу болуп калган ар бир толук шерик эки жыл бою, жоопкерчилиги чектелген же кошумча жоопкерчилиги бар коомго толук же коммандиттик шериктиктен өткөн милдеттенмелер боюнча өзүнүн бүткүл мүлкү менен субсидиардык жоопкерчилик тартат. Мурдагы толук шерик тарабынан өзүнө таандык болгон акциялардан (үлүштөрдөн) баш тартылганда, бул аны мындай жоопкерчиликтен бошотпойт. 

5. Чарбалык шериктикти жана коомду жоюу анын уюштуруучулары тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан, ал эми соттун чечими боюнча банкрот болгон учурда сот тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. 

(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

6. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалган учурдан тартып ал чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкүн тескөө боюнча ишин контролдоо ыйгарым укугуна ээ болот. Атап айтканда, чарбалык шериктик жана коомдук органдардын аны мүлк ээлигинен ажыратууга же карыздарын тындырууга багытталган бардык актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Кредит берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. 

7. Шериктиктин жана коомдун жумушчуларынын эмгек акысын төлөп берүү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган компенсациялык төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдөн жана бюджеттин жана кредит берүүчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерди аткаруудан кийин чарбалык шериктикте жана коомдо калган мүлк шериктиктин жана коомдун катышуучуларынын уставдык капиталга кошкон салымдарына жараша же уюштуруу документтеринде каралган башка тартипте бөлүштүрүлөт. 

8. (КР 2009-жылдын 12-октябрындагы N 265 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

9. Каттоочу орган тиешелүү буйрук кабыл алган учурдан тартып жоюу аяктады, ал эми чарбалык шериктештик же коом - өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет. 

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы N 238, 2009-жылдын 12-октябрындагы N 265, 2014-жылдын 7-июлундагы N 113, 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

II БӨЛҮК 

 ЧАРБАЛЫК ШЕРИКТИКТЕРДИН ЖАНА КООМДОРДУН АЙРЫМ ТҮРЛӨРҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ 

I бөлүм 

Толук шериктик 

10-статья. Толук шериктиктин түшүнүгү 

Катышуучулары толук шериктиктин мүлкү жетишсиз болгондо анын милдеттенмелери боюнча өзүнө таандык болгон бүткүл мүлкү менен бирдей жоопкерчилик тартса, чарбалык шериктик толук чарбалык шериктик деп таанылат. 

11-статья. Толук шериктиктин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери 

1. Толук шериктиктин уюштуруучулары: 

1) ушул Мыйзамда жана толук шериктиктин уюштуруу документтеринде аныкталган тартипте толук шериктикти башкарууга катышууга, анын ичинде шериктик тарабынан алынган пайданы бөлүштүрүүгө катышууга; 

2) толук шериктиктин иши жөнүндө толук маалымат алууга, анын ичинде шериктиктин бухгалтердик жана башка документтери менен таанышууга; 

3) эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, өздөрүнүн шериктиктин мүлкүнө кошкон үлүштөрүнүн өлчөмүнө жараша толук шериктиктин ишинен алынган пайданы алууга; 

4) белгиленген тартипте толук шериктиктен чыгууга; 

5) толук шериктик жоюлган учурда кредит берүүчүлөр менен эсептешүүлөрдөн кийин калган шериктиктин мүлкүндөгү өзүнүн үлүшүнө ылайык келген мүлктүн бир бөлүгүн же анын наркын алууга укуктуу. 

2. Толук шериктиктин катышуучулары ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана шериктиктин уюштуруу документтеринде каралган башка дагы укуктарга ээ болушу мүмкүн. 

3. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, анын ичинде шериктиктин катышуучуларынын макулдашуусу боюнча толук шериктиктин уюштуруучулары үчүн каралган укуктардан баш тартуу же аларды чектөө жараксыз деп табылат. 

4. Толук шериктиктин катышуучулары: 

1) толук шериктиктин уюштуруу документтерин сактоого; 

2) уюштуруу документтеринде аныкталган тартипте толук шериктиктин ишине катышууга, анын ичинде шериктиктин атынан иш жүргүзүүгө же ишти жүзөгө ашырууда ага көмөк көрсөтүүгө

3) толук шериктиктин уюштуруу документтеринде каралган тартипте, ыкмада жана өлчөмдө салымдарды кошууга; 

4) өзүнүн атынан жана өз таламдарында шериктиктин ишинин предметине окшош иштер боюнча бүтүмдөрдү түзүүдөн өзүн токтотууга; 

5) толук шериктик тарабынан коммерциялык сыр деп жарыяланган маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү

5. Толук шериктиктин катышуучулары ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана уюштуруу документтеринде каралган башка милдеттерди дагы аткарышы мүмкүн. 

6. Катышуучулардын толук шериктиктин катышуучуларын ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана уюштуруу документтеринде каралган милдеттерге кирбеген аракеттерди жасоого милдеттендирген макулдашуусу жараксыз болуп эсептелет. 

7. Толук шериктиктин катышуучусу ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана уюштуруу документтеринде каралган өз милдеттерин аткарбаган учурда, ал шериктикке же анын катышуучуларына зыян келтирген учурда, башка катышуучулар мындай катышуучудан зыяндын ордун толтурууну, ал эми олуттуу зыян келтирилген учурда аны шериктиктен сот тартибинде чыгарууну талап кылууга укуктуу. 

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

12-статья. Толук шериктиктин уставдык капиталы. Катышуучулардын толук шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрү 

1. Толук шериктиктин уюштуруучулары шериктиктин уставдык капиталын түзүшөт. 

2. Толук шериктиктин уставдык капиталынын өлчөмү, түзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү шериктиктин уюштуруу документтери тарабынан аныкталат. 

3. Катышуучулардын толук шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрү ушул Мыйзамдын 7-статьясынын эрежелери боюнча аныкталат. 

13-статья. Толук шериктиктин иштерин жүргүзүү 

1. Эгерде уюштуруу келишиминде анын бардык катышуучулары ишти чогуу жүргүзө тургандыгы белгиленбесе, же ишти жүргүзүү айрым катышуучуларга тапшырылса, толук шериктиктин ар бир катышуучусу шериктиктин атынан аракеттенүүгө укуктуу. 

Толук шериктиктин ички маселелери боюнча чечимдер бардык катышуучулардын жалпы макулдашуусу боюнча кабыл алынат. 

Толук шериктиктин уюштуруу документтеринде чечим катышуучулардын көпчүлүк добушу менен кабыл алына турган учурлар каралышы мүмкүн. Эгерде уюштуруу келишиминде анын катышуучуларынын добуштарынын санын эсептөөнүн башкача тартиби каралбаса, толук шериктиктин ар-бир катышуучусу бир добушка ээ болот. 

Катышуучулар ээ боло турган добуштардын саны алардын шериктиктин уставдык капиталындагы үлүштөрүнө жараша аныктала тургандыгы уюштуруу документинде каралышы мүмкүн. 

2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболорун эске алуу менен толук шериктикти башкаруу толук шериктиктин аткаруу органдарына жүктөлүшү мүмкүн. 

Башкаруу органдарынын түрлөрү, аларды түзүүнүн тартиби жана алардын компетенциялары уюштуруу документтери тарабынан аныкталат. 

3. Толук шериктиктин уюштуруучусу башка катышуучулардын макулдугусуз өзүнүн атынан жана өзүнүн таламдарында же үчүнчү жактардын таламында шериктиктин ишинин предметин түзгөн иштерге окшош иштер боюнча бүтүмдөрдү жасоого укуксуз. Бул эреже бузулган учурда шериктик өзүнүн тандап алуусу боюнча мындай катышуучудан шериктикке келтирилген зыяндардын ордун толтурууну же ушундай бүтүмдөр боюнча алынган бардык кирешелерди шериктикке өткөрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. 

4. Толук шериктиктин иштерин алып баруу тапшырылган шериктиктин органдары анын бардык катышуучуларына алардын талабы боюнча өзүнүн иши жөнүндө толук маалымат берүүгө милдеттүү

5. Ыйгарым укуктарга ээ болбой туруп жалпы таламдарда аракеттенген катышуучунун аракеттери калган бардык катышуучулар тарабынан жактырылбаган учурда, өзүнүн аракеттеринин натыйжасында шериктик мүлкүн сактап калгандыгын же шериктик тарткан чыгымдардын наркынан ашкан мүлк алгандыгын далилдеген шартта, шериктиктен өзү тарткан чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. 

14-статья. Толук шериктиктин катышуучуларынын курамын өзгөртүү 

1. Эгерде шериктиктин уюштуруу документинде башкача каралбаса же калган уюштуруучулардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, катышуучу шериктиктен чыккан учурда, ал банкрот деп табылганда же кредит берүүчү (кредит берүүчүлөр) шериктиктин мүлкүндөгү анын үлүшүнөн өндүрүп берүү жөнүндө кайрылган учурда, толук шериктиктин катышуучусу өлгөн, өлдү деп жарыяланган, дайынсыз жоголгон деп табылган, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган учурда толук шериктик ишин токтотууга тийиш. 

2. Толук шериктик өзүнүн ишин уланткан учурда, ошондой эле катышуучунун шериктиктин мүлкүндөгү үлүшү башка катышуучуларга же үчүнчү жактарга өткөн учурларда, катышуучу шериктиктен чыгарылганда же шериктикке жаңы катышуучулар кабыл алынганда, уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү менен толук шериктик кайра каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. 

15-статья. Катышуучунун толук шериктиктен чыгышы 

1. Толук шериктиктин катышуучусу шериктикке катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө билдирип, андан чыгып кетүүгө укуктуу. 

2. Толук шериктикке катышуудан баш тартуу катышуучу тарабынан шериктиктен иш жүзүндө чыкканга чейин кеминде алты ай калганда билдирилүүгө тийиш. 

3. Толук шериктиктин уюштуруу документтеринде катышуучунун шериктиктен чыгуу жөнүндө арыз беришинин ушул статьяда белгиленгенге салыштырганда башка мөөнөтү каралышы мүмкүн. 

Шериктиктин катышуучуларынын ортосунда шериктиктен чыгуу укугунан баш тартуу жөнүндө макулдашуусу жараксыз болот. 

16-статья. Катышуучунун толук шериктиктен чыгышынын натыйжалары 

1. Толук шериктиктен чыккан уюштуруучуга бул катышуучунун шериктиктин уставдык капиталына кошкон салымынын өлчөмүнө жараша келген шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы төлөнүп берилет. 

2. Шериктиктен чыккан катышуучуга бериле турган толук шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы уюштуруучу шериктен чыккан учурга карата түзүлгөн шериктиктин балансына ылайык аныкталат жана катышуучу шериктиктен иш жүзүндө чыккан күндөн тартып 30 күндүн ичинде төлөнүп берилет. 

3. Шериктиктен чыгып жаткан катышуучунун калган катышуучулар менен макулдашуусу боюнча толук шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркын төлөп берүү мүлктү накталай берүү менен алмаштырылышы мүмкүн. 

4. Шериктиктен чыккан катышуучуга ошондой эле толук шериктик ошол жылы алган пайданын ага тиешелүү бөлүгү, анын шериктиктеги акыркы жылы үчүн төлөнүп берилет. 

5. Эгерде уюштуруу документтеринде же катышуучулардын макулдашуусунда башкача каралбаса, толук шериктиктин уставдык капиталына өз салымын жарым-жартылай кошкон катышуучуга ал шериктиктен чыгып жаткан учурда салымдын ушул бөлүгүнүн наркы гана төлөнөт. 

6. Эгерде шериктиктин уюштуруу документтеринде башкача белгиленбесе, шериктиктен чыгып жаткан катышуучу тарабынан толук шериктикке пайдаланууга берилген мүлк кайтарылат. 

7. Эгерде уюштуруу документтеринде же катышуучулардын макулдашуусунда башкача каралбаса, катышуучу шериктиктен чыгып жаткан учурда калган катышуучулардын толук шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрү катышуучу шериктиктен чыгып жаткан күнгө карата белгиленген алардын алгачкы өлчөмүнө жараша жогорулайт. 

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы N 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

17-статья. Толук шериктиктин катышуучусунун үлүшүнүн (үлүшүнүн бир бөлүгүнүн) башкага өтүшү 

1. Катышуучу тарабынан өзүнүн үлүшүн (үлүшүнүн бир бөлүгүн) шериктиктин башка катышуучуларына же үчүнчү жактарга бериши калган бардык катышуучулардын макулдугу менен гана мүмкүн болот. 

2. Үлүштү шериктиктин башка катышуучусуна же үчүнчү жакка берүү менен бир эле мезгилде толук шериктиктен чыгып жаткан катышуучуга таандык болгон укуктардын жана милдеттердин бүткүл жыйындысы да өтөт. 

3. Шериктиктин катышуучусу өлгөн же ал өлдү деп жарыяланган учурда укуктук жолун жолдоочу (мурасчы) калган бардык катышуучулардын макулдугу менен шериктикке өтө алат. 

4. Укуктук жолун жолдоочу (мурасчы) толук шериктикке кирүүдөн баш тарткан же шериктик укуктук жолун жолдоочуну (мурасчыны) кабыл алуудан баш тарткан учурда, укуктук жолун жолдоочулуктун негизинде ага таандык болгон ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген тартипте катышуучу өлгөн же өлдү деп жарыяланган күнгө карата аныкталган шериктиктин мүлкүндөгү үлүштүн наркы төлөнүп берилет. 

18-статья. Катышуучу толук шериктиктен чыгаруу 

1. Толук шериктиктин катышуучуларынын бири дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган учурда, ал шериктиктин калган катышуучуларынын бир добуштан кабыл алынган чечими боюнча шериктиктен чыгарылышы мүмкүн. Соттун чечими боюнча кайра уюштуруу жол-жоболору ачылган анын катышуучусу болгон юридикалык жак шериктиктен ушундай эле тартипте чыгарылышы мүмкүн. 

2. Жүйөлүү себептер болгондо, атап айтканда алар өздөрүнүн милдеттерин одоно бузганда же ишти туура жүргүзүүгө жөндөмсүз экендиги билингенде, толук шериктиктин катышуучулары калган катышуучулардын бир добуштан кабыл алынган чечими боюнча бир же бир нече катышуучуну шериктиктен сот тартибинде чыгарууну талап кылууга укуктуу. 

3. Толук шериктиктен чыгарылган катышуучуга ушул Мыйзамдын 16-статьясында аныкталган тартипте шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы төлөнүп берилет. 

4. Шериктиктен чыгуу учурунда толук шериктиктин мүлкүнүн бөлүгүнүн катышуучуга төлөнө турган наркынан чыгарылган катышуучу тарабынан шериктикке келтирилген бардык зыяндар соттун чечими боюнча өндүрүлүп алынышы мүмкүн. Зыяндардын наркынын жетпей калган бөлүгү шериктиктен чыгарылган катышуучунун башка мүлкүнөн өндүрүлөт. 

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

19-статья. Толук шериктиктин катышуучусунун үлүшүнөн өндүрүп алуу 

1. Катышуунун жеке карыздары боюнча толук шериктиктин мүлкүндөгү анын үлүшүнөн өндүрүп алууга анын карыздарын жабуу үчүн башка мүлк жетишсиз болгон учурда гана жол берилет. Мындай катышуучунун кредит берүүчүлөрү бул мүлктөн өндүрүп алуу максатында шериктиктин мүлкүнүн карызкордун шериктиктин уставдык капиталына кошкон салымына жараша бөлүгүн ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген тартипте бөлүп берүүнү толук шериктиктен талап кылууга укуктуу. Шериктиктин мүлкүнүн бөлүнүүгө тийиш болгон бөлүгү же анын наркы кредит берүүчүлөр тарабынан бөлүштүрүү жөнүндө талап коюлган учурга карата түзүлгөн баланс боюнча аныкталат. 

2. Толук шериктиктин мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнөн өндүрүлүп алынганда ал шериктикке катышуусун токтотот жана ушул Мыйзамдын 14, 18 жана 23-статьяларында каралган натыйжаларга алып келет. 

20-статья. Толук шериктиктин катышуучусун дайынсыз жоголгон, ара кетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуунун натыйжалары 

1. Эгерде толук шериктиктин катышуучусун аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголгон деп табуу учурунда шериктик сакталып калса, анда бул уюштуруучунун же анын мүлкүнүн көзөмөлчүсү шериктиктин ишине шериктиктин калган бардык мүчөлөрүнүн макулдугу менен гана катыша алат. 

Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган катышуучунун шериктиктин ишине катышуусуна шериктиктин бардык катышуучуларынын ушундай эле макулдугу талап кылынат. 

2. Дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп табылган катышуучунун көзөмөлчүсү бул катышуучунун атынан толук шериктиктин ишине катышуудан баш тарткан же шериктиктин өзү өзүнүн ишине мындай катышуудан баш тарткан учурда, бул катышуучунун мыйзамдуу өкүлү катары көзөмөлчүсүнө шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн ушул Мыйзамдын 16-статьясында аныкталган тартипте таандык болгон наркы төлөнүп берилет. 

Шериктик аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган катышуучудан баш тарткан же бул катышуучунун мыйзамдуу өкүлү шериктиктин ишине катышуудан баш тарткан учурда бул катышуучуга ушундай эле тартипте шериктиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы төлөнүп берилет. 

21-статья. Толук шериктикке жаңы катышуучуларды кабыл алуу 

1. Жаңы катышуучуларды кабыл алуу толук шериктиктин бардык катышуучуларынын макулдугу менен гана мүмкүн болот. 

2. Жаңы катышуучуларды кабыл алууда толук шериктиктин уюштуруу документтерине: 

1) шериктиктин катышуучуларынын үлүштөрүнүн жаңы өлчөмү

2) шериктикти башкаруунун тартиби; 

3) шериктиктин жаңы катышуучусу тарабынан өз салымын кошуунун өлчөмү, тартиби, мөөнөтү жана ыкмасы; 

4) жаңы катышуучуну кабыл алууга байланыштуу башка шарттар жагындагы өзгөртүүлөр киргизилет. 

22-статья. Толук шериктиктин пайдасын жана зыяндарын бөлүштүрүү 

1. Эгерде уюштуруу документинде же катышуучулардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, толук шериктиктин пайдасы жана зыяндары катышуучулардын ортосунда алардын шериктиктин уставдык капиталына кошкон салымдарынын өлчөмүнө жараша бөлүштүрүлөт. 

2. Толук шериктиктин катышуучуларынын кимдир-бирөөнү пайданы бөлүштүрүүдөн жана зыяндарды жабуудан четтеткен макулдашуулар жараксыз болуп эсептелет. 

23-статья. Катышуучулардын толук шериктиктин карыздары боюнча жоопкерчилиги 

1. Эгерде толук шериктик жоюлган учурда болгон мүлк бардык карыздарды жабууга жетпесе, шериктиктин карызынын жетпей калган бөлүгү үчүн анын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык өндүрүп алуу мүмкүн болгон өздөрүнүн бүткүл мүлкү менен бирдей жоопкерчилик тартышат. 

2. Үлүштөрдү берүү же укуктук жолун жолдоочулук тартибинде бекигенден кийин шериктикке кирген толук шериктиктин катышуучусу башка уюштуруучулар менен бирдей, анын ичинде өзү шериктикке өткөндөн кийин келип чыккан милдеттенмелер боюнча да жооп берет. 

Өзү жаңы уюштуруучуну кабыл алуу тартибинде бекигенден кийин шериктикке кирген толук шериктиктин катышуучусу өзү шериктикке киргенден кийин келип чыккан милдеттенмелер боюнча гана жооп берет. 

3. Үлүшүн башка катышуучуга же үчүнчү жакка берүү тартибинде толук шериктиктен чыккан, кредит берүүчү (кредит берүүчүлөр) тарабынан анын шериктиктин мүлкүндөгү үлүшүнөн өндүрүлүп алынган же калган катышуучулар анын шериктиктин ишине катышуусунан баш тарткан катышуучу, ошондой эле өлгөн же өлдү деп жарыяланган катышуучунун шериктикке кабыл алуудан шериктиктин калган катышуучулары баш тарткан укуктук жолун жолдоочусу (мурасчысы) шериктиктин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. 

4. Толук шериктиктин карыздарын толугу менен же жарым-жартылай тындырган уюштуруучу анын алдында шериктиктин мүлкүндөгү өз үлүштөрүнө жараша үлүштүк жоопкерчиликте болгон калган катышуучуларга карата мүлктүн тиешелүү бөлүгү боюнча регресстик талап менен кайрылууга укуктуу. 

5. Толук шериктиктин иши токтотулган учурда, катышуучулар шериктиктин ал токтотулганга чейин келип чыккан милдеттенмелери боюнча шериктик токтотулган күндөн тартып эки жыл бою жоопкерчиликте болот. 

6. Катышуучулардын ушул статьяда каралган толук шериктиктин милдеттенмелери боюнча алардын жоопкерчилигинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин өзгөрткөн макулдашуулары жараксыз болуп эсептелет. 

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

24-статья. Толук шериктиктердин ишин токтотуунун өзгөчөлүктөрү 

1. Толук шериктиктин иши ушул Мыйзамдын 9-статьясында көрсөтүлгөн негиздерден башка учурларда, шериктикте жалгыз катышуучу калган учурда да токтотулат. 

2. Толук шериктиктин катышуучусу өзү шериктиктин жалгыз уюштуруучусу болуп калган учурдан тартып алты айдын ичинде жаңы катышуучуларды кабыл алууга жана толук шериктикти сактап калууга укуктуу. 

3. Уюштуруучу шериктиктин бирден-бир катышуучусу болуп калган учурдан тартып алты айдын ичинде: 

1) шериктик жүзөгө ашырган ишти финансылоо жөнүндө салым салуучулар менен келишим түзүүгө жана коммандиттик шериктик уюштурууга; 

2) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо менен кошумча жоопкерчилиги бар коом, жоопкерчилиги чектелген коом уюштурууга укуктуу. 

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы N 238, 2014-жылдын 7-июлундагы N 113, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

II бөлүм 

Коммандиттик шериктиктер 

25-статья. Коммандиттик шериктиктин түшүнүгү 

1. Өзүнүн бүткүл мүлкү менен шериктиктин милдеттенмелери боюнча кошумча жоопкерчиликти чогуу тарткан бир же бир нече уюштуруучу (толук шериктер) менен катар жоопкерчилиги шериктиктин уставдык капиталына кошкон салымынын суммасы менен чектелген жана шериктиктин ээлик кылуу ишин жүзөгө ашырышына катышпаган бир же бир нече катышуучуну (салым салуучуларды) камтыган чарбалык шериктик коммандиттик шериктик деп таанылат. 

2. Коммандиттик шериктикке катышкан толук шериктердин укуктук абалы жана алардын шериктиктин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген толук шериктиктин катышуучулары жөнүндө эрежелер тарабынан аныкталат. 

3. Коммандиттик шериктиктерге карата ушул Мыйзамдын толук шериктиктер жөнүндө нормалары (10-24-статьялар) колдонулат, анткени бул ушул главанын жоболоруна карама-каршы келбейт. 

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

26-статья. Коммандиттик шериктиктин салымчыларынын укуктары жана милдеттери 

Коммандиттик шериктиктин салым салуучулары: 

1) уюштуруу документтеринде каралган тартипте өздөрүнүн мүлктөгү жана уставдык капиталдагы үлүштөрүнө жараша шериктиктин пайдасынын бир бөлүгүн алууга; 

2) шериктиктин жылдык баланстык отчеттору менен таанышууга, ошондой эле алардын туура түзүлгөндүгүн текшерүүгө

3) ушул Мыйзамда жана шериктиктин уюштуруу документтеринде каралган тартипте өзүнүн мүлктөгү үлүшүн же анын бир бөлүгүн башка салым салуучуга же үчүнчү жакка берүүгө

4) ушул Мыйзамдын 30-статьясынын 2-пунктунда жана шериктиктин уюштуруу документтеринде каралган тартипте шериктиктен чыгып кетүүгө укуктуу. 

2. Коммандиттик шериктиктин салым салуучулары ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана уюштуруу документтеринде каралган башка укуктарга да ээ болушу мүмкүн. 

3. Коммандиттик шериктиктин катышуучулары үчүн ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган укуктардан баш тартылса же алар чектелсе, анын ичинде бул салым салуучулардын жана толук шериктердин макулдашуусу боюнча жасалса алар жараксыз болот. 

4. Коммандиттик шериктиктин салым салуучулары: 

1) шериктиктин уюштуруу документтеринин шарттарын сактоого; 

2) шериктиктин уюштуруу документтеринде каралган тартипте, ыкмада жана өлчөмдөрдө салым кошуп турууга; 

3) шериктиктин уюштуруу документтеринде каралган учурларда шериктиктин ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде шериктикке кызмат көрсөтүүгө милдеттүү

5. Эгерде салым салуучу коммандиттик шериктиктин таламдарында тиешелүү ыйгарым укуктары болбой туруп бүтүм жасаса, анын аракети шериктик тарабынан жактырылса, ал кредит берүүчүлөрдүн алдында бүтүм боюнча толук көлөмдө жооп берет. Эгерде анын аракети жактырылбаса, ал үчүнчү жактын алдында өзүнүн бүткүл мүлкү менен жооп берет, мыйзамдар боюнча анын мүлкүнөн өндүрүлүп алынышы мүмкүн. 

6. Коммандиттик шериктиктин салым салуучулары ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана шериктиктин уюштуруу документтеринде каралган башка милдеттерди да аткарышы мүмкүн. 

7. Толук шериктердин жана салым салуучулардын коммандиттик шериктиктин салым салуучуларынын милдеттерине кирбеген, ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана уюштуруу документтеринде каралган милдеттерине кирбеген аракеттерди жасоого милдеттендирген макулдашуулары жараксыз болот. 

8. Коммандиттик шериктиктин салым салуучусу ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана уюштуруу документтеринде каралган өз милдеттерин аткарбагандыгынын натыйжасында шериктикке жана анын катышуучуларына зыян келтирилгенде, толук шериктер мындай салым салуучудан зыяндын ордун толтурууну, ал эми олуттуу зыян келтирилген учурда аны шериктиктен сот тартибинде чыгарууну талап кылууга укуктуу. 

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

27-статья. Коммандиттик шериктиктин уставдык капиталы. катышуучу лардын коммандиттик шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрү 

1. Коммандиттик шериктиктин уставдык капиталы толук шериктердин жана салым салуучулардын кошкон салымдарынан түзүлөт. 

2. Салым салуучулардын уставдык капиталдагы үлүштөрүнүн дүң өлчөмү 50 проценттен ашпоого тийиш. Мында коммандиттик шериктиктин уюштуруу документтеринде толук шериктердин салымдарын (салымдарынын бир бөлүгүн) төлөө боюнча салым салуучунун милдети каралышы мүмкүн. 

3. Коммандиттик шериктиктин уставдык капиталынын өлчөмү, аны түзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү шериктиктин уюштуруу документтери тарабынан аныкталат. 

4. Катышуучулардын коммандиттик шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрү ушул Мыйзамдын 7-статьясынын эрежелери боюнча аныкталат. 

28-статья. Коммандиттик шериктиктин уюштуруу документтеринин мазмуну 

1. Коммандиттик шериктиктин уюштуруу документтеринде анын фирмалык аталышы болууга тийиш, анда бардык толук шериктердин аттары, ошондой эле "коммандиттик шериктик" деген сөздөр же "жана компания" деген сөздөр кошулган толук шериктин кеминде биринин аты, ошондой эле "коммандиттик шериктик" деген сөздөр камтылууга тийиш. 

2. Коммандиттик шериктиктин уюштуруу документтеринде ушул Мыйзамдын 4-статьясынын 7 жана 8-пункттарында каралган маалыматтар камтылууга тийиш. 

29-статья. Коммандиттик шериктиктин ишин башкаруу 

Коммандиттик шериктиктин ишин башкаруу толук шериктер тарабынан жүзөгө ашырылат. Коммандиттик шериктиктин ишин толук шериктер тарабынан башкаруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде аныкталган толук шериктиктер жөнүндө эрежелер боюнча белгиленет. Салым салуучулар коммандиттик шериктиктин ишин башкарууга катышууга, ошондой эле анын атынан ишеним катсыз чыгууга укуксуз. Коммандиттик шериктиктин салым салуучулары шериктиктин ишин башкаруу боюнча толук шериктердин аракетин талашууга укуксуз. 

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

30-статья. Коммандиттик шериктиктин салым салуучуларынын курамын өзгөртүү 

1. Эгерде шериктиктин уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, салым салуучу тарабынан коммандиттик шериктиктин мүлкүндөгү өзүнүн үлүшүн (үлүшүнүн бир бөлүгүн) башка салымчыларга, толук шериктерге же үчүнчү жактарга бериши бардык толук шериктердин макулдугу менен гана мүмкүн болот. 

Үлүштү башка салым салуучуларга, толук шериктерге же болбосо үчүнчү жактарга берүү учурунда коммандиттик шериктиктен чыгып жаткан салымчыга таандык болгон укуктардын жана милдеттердин бүткүл жыйындысы бир эле мезгилде өтөт. 

2. Коммандиттик шериктиктин салым салуучусу финансылык жыл аяктагандан кийин шериктикке катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирип, андан чыгып кетүүгө укуктуу. 

Эгерде шериктиктин уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, коммандиттик шериктикке катышуудан баш тартуу салым салуучу тарабынан финансылык жыл аяктаганга чейин кеминде 6 ай калгандан кечиктирилбестен билдирилүүгө тийиш. 

Салым салуучу коммандиттик шериктиктен чыккан учурда ушул Мыйзамдын 16-статьясында каралган натыйжалар келип чыгат. 

3. Кредит берүүчү (кредит берүүчүлөр) тарабынан коммандиттик шериктиктин мүлкүндөгү салым салуучунун үлүшүнөн өндүрүп алуунун тартиби ушул Мыйзамдын 19-статьясында аныкталат. 

4. Толук шериктер бир же бир нече салым салуучу тарабынан шериктиктин уставдык капиталына мүлктүк төлөмдөр өз убагында кошулбаган учурда бардык толук шериктердин бир добуштан чыгарылган чечими боюнча аларды сот тартибинде бошотууну талап кылууга укуктуу. 

Эгерде шериктиктин уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, коммандиттик шериктиктен чыгарылган салым салуучуга шериктиктин уставдык капиталына кошулган салымдардын суммасы төлөнүп берилет. 

Эгерде шериктиктин уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, эгерде салым салуучу коммандиттик шериктиктин уставдык капиталына салымын такыр кошпосо, анда салымдарды кошуу үчүн шериктиктин уюштуруу документтеринде белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып 30 күндөн кийин шериктикке мүчө болуу токтотулат. 

5. Коммандиттик шериктиктин салым салуучусу - юридикалык жактын иши токтотулган (жоюлган же кайра уюштурулган) же шериктиктин салым салуучусу болгон граждан өлгөн же өлдү деп жарыяланган учурда - укуктук жолун жолдоочулук Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат. 

31-статья. Катышуучулар коммандиттик шериктиктен чыккан учурдагы натыйжалар 

Эгерде уюштуруу документтеринде же катышуучулардын макулдашуусунда башкача каралбаса, уюштуруучу (толук шерик же салым салуучу) коммандиттик шериктиктен чыккан учурда калган катышуучулардын шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрү катышуучу шериктиктен чыккан күнгө карата белгиленген алардын алгачкы өлчөмүнө жараша жогорулайт. 

32-статья. Коммандиттик шериктикке жаңы катышуучуларды кабыл алуу 

1. Коммандиттик шериктикке жаңы толук шериктерди жана салым салуучуларды кабыл алуу бардык толук шериктердин макулдугу менен гана мүмкүн болот. 

2. Жаңы толук шериктерди же салым салуучуларды кабыл алуу учурунда коммандиттик шериктиктин уюштуруу документтеринде төмөндөгүлөргө тиешелүү болгон: 

1) катышуучулардын шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрүнүн жаңы өлчөмүнө

2) шериктиктин башкаруу тартибинин өзгөрүшүнө

3) жаңы толук шериктиктер жана салым салуучулар тарабынан шериктиктин уставдык капиталына өз салымдарын кошуунун өлчөмүнө, тартибине, мөөнөттөрүнө жана ыкмаларына тиешелүү болгон; 

4) жаңы уюштуруучуну кабыл алууга байланыштуу башка шарттарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. 

33-статья. Коммандиттик шериктиктин пайдасын жана зыяндарын бөлүштүрүү 

1. Эгерде шериктиктин уюштуруу документтеринде же катышуучулардын макулдашуусунда башкача каралбаса, коммандиттик шериктиктин пайдасы жана зыяндары анын бардык уюштуруучуларынын ортосунда алардын шериктиктин мүлкүндөгү үлүштөрүнүн өлчөмүнө жараша бөлүштүрүлөт. 

2. Катышуучулардын кимдир бирөөнү пайданы бөлүштүрүүгө же шериктиктин зыяндарын жабууга катышуудан четтетүү жөнүндө макулдашууга жол берилбейт. 

34-статья. Катышуучулардын коммандиттик шериктиктин карыздары бо юнча жоопкерчилиги 

1. Толук шериктер ушул Мыйзамдын 23-статьясында аныкталган тартипте коммандиттик шериктиктин милдеттенмелери боюнча өзүнүн бүткүл мүлкү менен кошумча жоопкерчиликти чогуу тартышат. 

2. Салым салуучулар коммандиттик шериктиктин милдеттенмелери боюнча өздөрү шериктиктин уставдык капиталына кошкон салымдардын суммасынын чегинде жооп берет. 

35-статья. Коммандиттик шериктиктин ишин токтотуунун өзгөчөлүктөрү 

1. Коммандиттик шериктиктин иши ушул Мыйзамдын 9-статьясында көрсөтүлгөн негиздерден башка учурларда, андан бардык толук шериктер же бардык салым салуучулар чыгып кеткен учурда да токтотулат. 

Эгерде коммандиттик шериктикте эң жок дегенде бир толук шерик жана бир салым салуучу калса, ал сакталып калат. 

2. Коммандиттик шериктикте калган толук шериктер акыркы салым салуучу чыккан учурдан тартып алты айдын ичинде же шериктикте калган салым салуучулар акыркы толук шерик чыккан учурдан тартып алты айдын ичинде шериктикти сактап калуу максатында шериктикке жаңы катышуучуларды кабыл алууга укуктуу. Мындай учурда толук шериктер же салым кошкон граждандар коммандиттик шериктикти толук шериктикке кайра түзүүгө да укуктуу. 

3. Эгерде коммандиттик шериктикке жалаң гана толук шериктер же жалаң гана салым салуучулар калса, анда алар ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 3-пунктунда каралган аракеттерди жасоого укуктуу. 

4. Коммандиттик шериктик жоюлган учурда толук шериктерге караганда салым салуучулар шериктиктин кредит берүүчүлөрүнүн талаптарын канааттандыргандан кийин калган анын мүлкүнөн салымдарды алууда артыкчылык укугунан пайдаланат. Эгерде уюштуруу документтеринде башкача тартип белгиленбесе, коммандиттик шериктиктин ушундан кийин калган мүлкү толук шериктер менен салым салуучулардын ортосунда алардын шериктиктин мүлкүнө кошкон салымына жараша бөлүштүрүлөт. 

III бөлүм 

Жоопкерчилиги чектелген коом 

36-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун түшүнүгү 

Катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча жооп бербеген жана коомдун ишине байланыштуу зыяндар үчүн өздөрү кошкон салымдардын наркынын чегинде тобокелге салган чарбалык коом жоопкерчилиги чектелген коом болуп эсептелет. 

Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталга толугу менен салым кошпогон катышуучулары коомдун милдеттенмелери боюнча уставдык капиталдын төлөнбөгөн наркынын чегинде мүлктүк жоопкерчиликти чогуу тартышат. 

37-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышууларынын укукта ры жана милдеттери 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары: 

1) ушул Мыйзамда жана жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтеринде аныкталган тартипте жоопкерчилиги чектелген коомду башкарууга катышууга, анын ичинде коом тарабынан алынган пайданы бөлүштүрүүгө катышууга; 

2) жоопкерчилиги чектелген коомдун иши жөнүндө толук маалымат алууга, анын ичинде шериктиктин бухгалтердик жана башка документтери менен таанышууга; 

3) эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жылдын жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн коомдун мүлкүнө кошкон үлүштөрүнүн өлчөмүнө жараша жоопкерчилиги чектелген коомдун ишинен пайда алууга; 

4) белгиленген тартипте жоопкерчилиги чектелген коомдон чыгууга; 

5) жоопкерчилиги чектелген коом жоюлган учурда кредит берүүчүлөр менен эсептешүүлөрдөн кийин калган шериктиктин мүлкүндөгү өзүнүн үлүшүнө ылайык келген мүлктүн бир бөлүгүн же анын наркын алууга укуктуу. 

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтеринде каралган башка дагы укуктарга ээ болушу мүмкүн. 

3. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, анын ичинде шериктиктин катышуучуларынын макулдашуусу боюнча жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары үчүн каралган укуктардан баш тартуу же аларды чектөө жараксыз деп табылат. 

4. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары: 

1) жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтерин сактоого; 

2) уюштуруу документтеринде аныкталган тартипте жоопкерчилиги чектелген коомдун ишине катышууга, анын ичинде коомдун атынан иш жүргүзүүгө же ишти жүзөгө ашырууда ага көмөк көрсөтүүгө

3) жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтеринде каралган тартипте, ыкмада жана өлчөмдө салымдарды кошууга; 

4) жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан коммерциялык сыр деп жарыяланган маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү

5. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана уюштуруу документтеринде каралган башка милдеттерди да аткарышы мүмкүн. 

6. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана уюштуруу документтеринде каралган өз милдеттерин аткарбаганда, мунун өзү коомго же анын катышуучуларына зыян келтиргенде, башка катышуучулар мындай катышуучудан зыяндын ордун толтурууну, ал эми олуттуу зыян келтирилген учурда аны сот тартибинде шериктиктен чыгарууну талап кылууга укуктуу. 

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

38-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталы. Катышуучулардын жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүштөрү 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары уставдык капиталды түзүшөт, анын өлчөмү катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталат. 

2. Катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталган уставдык капиталдын өлчөмү мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып коомдун ишмердүүлүгүнүн биринчи жылы ичинде анын катышуучулары тарабынан толук көлөмүндө төлөнүп берилет. 

Бул милдеттер бузулган учурда коом же өзүнүн уставдык капиталынын азайгандыгы жөнүндө кулактандырууга жана анын азайышын белгиленген тартипте каттоодон өткөрүүгө, же өз ишмердүүлүгүн жоюу жолу менен токтотууга тийиш. 

3. Катышуучулардын жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүштөрү ушул Мыйзамдын 7-статьясынын эрежелери боюнча аныкталат. 

4. Эгерде экинчи жана андан кийинки ар-бир финансы жылы аяктаганда жоопкерчилиги чектелген коомдун накта активдерин наркы уставдык капиталдан аз болуп калса, коом ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 4-пунктунун талаптарын сактоо менен өзүнүн уставдык капиталынын азайгандыгын жарыялоого жана белгиленген тартипте каттоодон өткөрүүгө милдеттүү

5. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталын жогорулатуу бардык катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде билдирилген коомдун уставдык капиталына өз салымдарын кошкондон кийин гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

6. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүшү же азайтышы мүмкүн. 

Катышуучулардын уставдык капиталды өзгөртүү жөнүндө чечими жоопкерчилиги чектелген коом кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет. 

(КР 1998-жылдын 2-декабрындагы N 148, 2006-жылдын 27-январындагы N 25, 2009-жылдын 30-мартындагы N 105, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

39-статья. Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды чыгаруу 

1. Коом өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага, иштешинин үчүнчү жылынан эрте эмес жана ушул убакытка карата коомдун эки жылдык балансын тийиштүү түрдө бекиткен шарттарда облигацияларды чыгарууга укуктуу. 

Облигацияларды чыгаруу үчүн коом төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) акыркы отчеттук жыл үчүн жана акыркы үч жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болуу; 

2) акыркы жылдын ичинде өз ишин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу; 

3) коомдун финансылык отчету көз карандысыз аудитордун корутундусу менен ырасталышы керек; 

4) башкаруунун төмөнкү органдарына ээ болушу: 

а) катышуучулардын жалпы чогулушу; 

б) Директорлор кеңеши; 

в) аткаруу органы; 

г) текшерүү комиссиясы; 

5) корпоративдик башкаруу кодексине ээ болушу. 

Облигацияларды чыгаруу үчүн кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн коом кайра уюштурулгандан кийин бирден кем эмес жылдык балансын бекитүүгө, ошондой эле ушул статьянын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

Коом квалификациялуу инвесторлор үчүн облигацияларды чыгарууга укуктуу, мында коомдун ишинин мөөнөтүнө карата ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген талаптар колдонулбайт. 

2. Коом өзү берген камсыздоонун чоңдугуна же болбосо ушул максатта коомго үчүнчү жактар тарабынан берилген чоңдукка камсыздалган облигацияларды чыгарууга укуктуу. Мында, ушул статьянын 1-пункту менен коомдун өздүк капиталынын өлчөмүнө жана иштешинин мөөнөтүнө коюлуучу талаптар колдонулбайт. 

3. Облигациялардын эмитенти болуп саналган чарбалык коомдордо корпоративдик башкаруу кодекси - катышуучулардын жалпы чогулушу менен бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган жана коомдун органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлердин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындасын камтыган коомдун ички документи колдонулат. 

(КР 2009-жылдын 19-январындагы N 7, 2016-жылдын 20-майындагы N 68, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

40-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомду башкаруу 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун жогорку органы болуп анын катышуучуларынын жалпы чогулушу эсептелет. 

2. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча жоопкерчилиги чектелген коомдо Директорлор кеңеши түзүлүшү мүмкүн. Директорлор кеңешин түзүү жана ишмердүүлүгүнүн тартиби, анын компетенциясы, ошондой эле Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби, анын ичинде коомдун Директорлор кеңешинин төрагасынын компетенциясы ушул Мыйзам жана коомдун уставы тарабынан аныкталат. 

3. Жеке жак гана Директорлор кеңешинин мүчөсү боло алат. Директорлор кеңешинде добуш берүүдө Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. 

Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөсү бир эле убакта коомдун аткаруучу органынын (коллегиалдуу же жеке) мүчөсү, ошондой эле коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчү) мүчөсү боло албайт. 

4. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө алар өз милдеттерин аткарган мезгилде сыйакылар төлөнүшү жана (же) алардын өз милдеттерин аткарууга байланышкан чыгымдары компенсацияланышы мүмкүн. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрү коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими менен белгиленет. 

5. Коомду башкаруу органдарынын компетенциясы, ошондой эле алар тарабынан чечимдерди кабыл алуунун жана коомдун атынан иш алып баруунун тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана коомдун уюштуруу документтери менен аныкталат. 

6. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет: 

1) коомдун уставын өзгөртүү, анын ичинде анын уставдык капиталынын көлөмүн өзгөртүү

2) коомдун аткаруучу органын түзүү жана кайра чакырып алуу (коомдо Директорлор кеңеши жок болсо), ошондой эле коом уюштурулган жана жоюлган учурда коомдун аткаруучу органын түзүү жана кайра чакырып алуу; 

3) коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү жана анын пайдалары менен зыяндарын бөлүштүрүү

4) коомду өзгөртүп уюштуруу же жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; 

5) коомдун текшерүү комиссиясын (текшерүүчүнү) шайлоо; 

6) коомдун Директорлор кеңешин түзүү жана кайра чакырып алуу. 

Коомдун уставында жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясына башка маселелерди чечүү киргизилиши мүмкүн. Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына кирген маселелер алар тарабынан коомдун аткаруучу органынын же Директорлор кеңешинин чечүүсүнө берилиши мүмкүн эмес. 

7. Коомдун уставында Директорлор кеңеши бар коомдордо катышуучулардын жалпы чогулушу ушул статьянын 6-пунктунун 3-пунктчасында аталган көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимди Директорлор кеңеши коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын алдын ала жактыргандан кийин жана Директорлор кеңешинин коомдун пайдаларын жана зыяндарын бөлүштүрүү жагынан сунуштамалары болгон учурда кабыл ала тургандыгы каралышы мүмкүн. 

8. Эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун ар бир катышуучусу жалпы чогулушта коомдун уставдык капиталындагы өзүнүн үлүшүнө пропорциялуу сандагы добуштарга ээ болот. 

9. Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунда чечим добуштардын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгү менен, ал эми ушул статьянын 6-пунктунун 1-пунктчасында каралган маселе боюнча добуштардын жалпы санынын үчтөн экиси менен кабыл алынат. Ушул статьянын 6-пунктунун 4-пунктчасында каралган маселе боюнча чечим бардык катышуучулардын бир добуштан чечими менен кабыл алынат. 

Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтеринде катышуучулардын жалпы чогулуштарында чечимдерди кабыл алуунун ушул статьяга салыштырмалуу башкача тартиби каралышы мүмкүн. 

10. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары жалпы чогулушта өздөрүнүн ыйгарым укуктарын коомдун башка катышуучусуна өткөрүп берүүгө укуктуу. 

11. Жалпы чогулушка жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусунун атынан айрым мөөнөткө дайындалган анын өкүлү катыша алат. 

12. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу ушул статьянын 10- жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын ыйгарым укуктарын, бул тууралуу аларга билдирүү, ошондой эле башка катышуучуларга же аткаруучу органга билдирүү менен каалаган мезгилде токтото алат. 

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы N 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

40-1-статья. Директорлор кеңешинин компетенциясы 

1. Коомдун Директорлор кеңешинин компетенциясы ушул Мыйзамга ылайык коомдун уставы менен аныкталат. Коомдун Директорлор кеңешинин компетенциясына төмөнкүдөй маселелер кириши мүмкүн: 

1) коомдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын аныктоо; 

2) коомдун аткаруучу органын түзүү жана кайра чакырып алуу (буга коом уюштурулган жана жоюлган учурлар кирбейт); 

3) коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткаруучу орган тарабынан аткарылышын контролдоо; 

4) коомдун жеке аткаруучу органына, коомдун коллегиалдуу аткаруучу органынын мүчөлөрүнө, башкаруучуга сыйакынын жана акчалай компенсациялардын өлчөмүн белгилөө

5) коммерциялык уюмдардын ассоциацияларына жана башка бирикмелерине коомдун катышуусу тууралуу чечимдерди кабыл алуу; 

6) коомдун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрүн ачуу; 

7) коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын алдын ала жактыруу жана анын пайдаларын жана зыяндарын бөлүштүрүү

8) коомдун уставында каралган башка маселелер. 

Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөсү добуш берүү укугун өткөрүп беришине, анын ичинде коомдун Директорлор кеңешинин башка мүчөлөрүнө өткөрүп беришине жол берилбейт. 

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы N 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

40-2-статья. Коомдун Директорлор кеңешин шайлоо 

1. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү анын катышуучуларынын жалпы чогулушунда ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган тартипте, катышуучулардын жалпы чогулушунда аныкталган мөөнөткө шайланышат. 

Эгерде Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап, ал эми Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайлана элек болсо, анда Директорлор кеңеши өз милдеттерин Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин аткарат. 

Коомдун Директорлор кеңешинин курамына шайланган адамдар чексиз көп жолу кайрадан шайланышы мүмкүн. 

Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими боюнча коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Директорлор кеңешинин кайра чакырып алынган (чыгып кеткен) мүчөсүнүн ордуна Директорлор кеңешинин курамына кирген мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Директорлор кеңешинин бүткүл курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда токтотулат. 

Директорлор кеңешинин курамындагы ар кандай өзгөрүүлөр, эгерде Директорлор кеңешинин курамынын калган саны анын курамынын жарымынан азыраак болсо, Директорлор кеңешинин бүткүл курамын шайлоо аркылуу жүзөгө ашырылат. 

2. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун катышуучусу болуп саналбашы мүмкүн; коомдун Директорлор кеңешинин курамына шайлануучу адамдарга коюлуучу талаптар коомдун уставы же анын катышуучуларынын жалпы чогулушу бекиткен ички документ менен белгилениши мүмкүн. 

3. Коомдун Директорлор кеңешинин сандык курамы так санда болууга, коомдун уставы же катышуучулардын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталууга тийиш жана мүчөлөрүөн аз жана 7ден көп болбойт. 

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы N 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

40-3-статья. Коомдун Директорлор кеңешинин төрагасы 

1. Коомдун Директорлор кеңешинин төрагасы коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан алардын ичинен Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. 

Коомдун Директорлор кеңеши каалаган учурда Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен өзүнүн төрагасын кайрадан шайлоого укуктуу. 

2. Коомдун Директорлор кеңешинин төрагасы анын ишин уюштурат, коомдун Директорлор кеңешинин жыйналыштарын чакырат жана аларга төрагалык кылат, жыйналыштарда протокол жүргүзүүнү уюштурат. 

3. Директорлор кеңешинин төрагасы жок учурда, анын иш милдеттерин коомдун Директорлор кеңеши тарабынан андай ыйгарым укук берилген Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн бири аткарат. 

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы N 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

41-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу органынын ишине контролдук жүргүзүү 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушу коомдун аткаруучу органынын ишине контролдук жүргүзүү максатында текшерүү комиссиясын түзүүгө укуктуу. 

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун текшерүү комиссиясынын курамына коомдун катышуучулары, мыйзам актыларына ылайык аудиттик иш жүргүзүүгө укугу бар адамдар, финансы жана бухгалтердик эсеп жагындагы көз карандысыз эксперттер жана башка адамдар кириши мүмкүн. 

Коомдун аткаруучу органынын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү текшерүү комиссиясынын мүчөсү боло алышпайт. 

3. Текшерүү комиссиясы жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу органынын финансы-чарбалык ишин текшерүү учурунда аткаруучу органдын мүчөлөрүнөн бардык зарыл материалдарды, бухгалтердик жана башка документтерди берүүнү жана жеке түшүндүрмөлөрдү талап кылууга укуктуу. Текшерүү комиссиясы өзү жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжаларын жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушуна жиберет. 

4. Жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу органынын финансы-чарбалык ишин текшерүү катышуучулардын жалпы чогулушу тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт. 

5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда же жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими менен текшерүү комиссиясы коомдун жылдык балансы жана башка отчеттору боюнча корутунду чыгарат. Мындай учурда катышуучулардын жалпы чогулушу текшерүү комиссиясынын корутундусу болмоюнча коомдун жылдык балансын жана башка отчетторун бекитүүгө жана анын пайдасы менен зыяндарын бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө укуксуз. 

6. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары коомдун аткаруучу органынын ишине контролдук жүргүзүүнүн ушул статьяга салыштырганда башкача тартибин кароого укуктуу. 

7. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларындакаралган учурларда коомдун ишин көз карандысыз аудиттик текшерүүнү уюштурууга милдеттүү

8. Коомдун кандай гана болбосун катышуучусунун талабы боюнча жоопкерчилиги чектелген коомдун ишине аудиттик текшерүү жүргүзүлүүгө тийиш. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, аудиттик текшерүүнү өткөрүү боюнча чыгымдарды төлөө аудиттик текшерүү өткөрүүнү талап кылган катышуучунун жана коомдун эсебинен бирдей үлүштөрдө жүзөгө ашырылат. 

9. Мыйзам актыларында же коомдун уюштуруу документтеринде каралгандан башка учурларда, жоопкерчилиги чектелген коомдун калк алдында отчет бериши талап кылынбайт. 

(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 113, 2015-жылдын 20-июлундагы N 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

42-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын кура мын өзгөртүү 

Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын курамы өзгөргөн учурда уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилүүгө тийиш. 

(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы N 265 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

43-статья. Катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдон чыгышы 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары каалаган мезгилде башка катышуучулардын макул же макул эместигине карабастан коомдон чыгууга укуктуу. Коомго катышуудан баш тартуу катышуучу тарабынан коомдон иш жүзүндө чыгууга чейин алты ай калгандан кечиктирилбестен билдирилүүгө тийиш. 

Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтеринде катышуучу тарабынан коомдон чыгуу жөнүндө арыз берүүнүн башка мөөнөтү каралышы мүмкүн. 

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдон чыккан катышуучуга ушул Мыйзамдын 16-статьясында каралган тартипте, ыкмада жана мөөнөттөрдө коомдун мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы төлөнүп берилет. 

44-статья. Катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүшүнүн башкага өтүшү 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу коомдун мүлкүндөгү, коомдун уставдык капиталындагы өзүнүн үлүшүнө ылайык келген үлүшүн аталган коомдун бир же бир нече катышуучусуна сатууга же башка жол менен берүүгө укуктуу. 

Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу уставдык капиталга өзүнүн салымын толук төккөнгө чейин анын үлүшүнүн салым төлөнгөн бөлүгү гана ээликтен ажыратылышы мүмкүн. 

2. Уюштуруучуларга жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү өзүнүн үлүшүн (анын бир бөлүгүн) үчүнчү жакка ээликтен ажыратууга жол берилет. 

Эгерде коомдун уставында, анын катышуучуларынын макулдашуусунда бул укукту жүзөгө ашыруунун башкача тартиби белгиленбесе, жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары коомдун мүлкүндөгү өзүнүн үлүштөрүнүн өлчөмүнө жараша катышуучунун үлүшүн (анын бир бөлүгүн) сатып алууда артыкчылык укугунан пайдаланышат. 

Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары кабарлангандан кийин бир айдын ичинде, же коомдун уставында же анын катышуучуларынын макулдашуусунда каралган башка мөөнөттө өздөрүнүн артыкчылык укуктарынан пайдаланышпаса, катышуучу өзүнүн үлүшүн каалаган үчүнчү жакка берүүгө укуктуу. 

3. Эгерде уставга ылайык катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүшүн (анын бир бөлүгүн) үчүнчү жакка ээликтен ажыратууга жол берилбесе, ал эми коомдун калган мүчөлөрү аны сатып алуудан баш тартса, коом катышуучуга анын чыныгы наркын төлөп берүүгө же мындай наркка барабар келген накталай мүлк берүүгө милдетүү

4. Уюштуруучунун үлүшүн (анын бир бөлүгүн) жоопкерчилиги чектелген коомдун өзү сатып алган учурда, ал аны башка катышуучуларга үчүнчү жактарга коомдун уюштуруу документтеринде каралган мөөнөттөрдө жана тартипте сатууга, же ушул Мыйзамдын 38-статьясынын 4-пунктуна ылайык өзүнүн уставдык капиталын азайтууга милдеттүү. Бул мезгилдин ичинде пайданы бөлүштүрүү, ошондой эле жогорку органда добуш берүү коом сатып алган үлүштү эсепке албастан жүргүзүлөт. 

5. Жоопкерчилиги чектелген коомдо катышкан граждан өлгөн же өлдү деп жарыяланган же коомдун катышуучусу - юридикалык жак ишин токтоткон (жоюлган же кайра уюштурулган) учурда анын коомдун мүлкүндөгү үлүшү анын укуктук жолун жолдоочуларга (мурасчыларга) өтөт. 

Эгерде жоопкерчилиги чектелген өлгөн же өлдү деп жарыяланган граждан-коомдун катышуучусу же өзүнүн ишин токтоткон юридикалык жак - коомдун катышуучусу коомдун уставдык капиталына өз салымдарын толугу менен кошпосо, эгерде коомдун уставында башкача белгиленбесе, анда алардын укуктук жолун жолдоочусуна (мурасчысына) салымдын кошулган бөлүгүнүн суммасы гана төлөнөт. 

(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы N 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

45-статья. Катышуучуну жоопкерчилиги чектелген коомдон чыгаруу 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу коомго же анын башка катышуучуларына олуттуу зыян келтиргенде гана, соттун чечими боюнча гана коомдон чыгарылышы мүмкүн. 

2. Катышуучуну жоопкерчилиги чектелген коомдон чыгарып салуу ушул Мыйзамдын 18-статьясынын 3 жана 4-пункттары тарабынан каралган тартипте жүргүзүлөт. 

(КР 1998-жылдын 2-декабрындагы N 148, 2009-жылдын 24-июлундагы N 245 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

46-статья. Катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүшүнөн өндүрүп алуу 

1. Катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүшүнөн анын жеке карыздары боюнча өндүрүп алууга бул катышуучунун өз карыздарын жабуу үчүн башка мүлкү жетишсиз болгон учурда гана жол берилет. Мындай катышуучунун кредит берүүчүлөрү жоопкерчилиги чектелген коомдон карыздардын уставдык капиталдагы үлүшүнө жараша коомдун мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркын төлөп берүүнү, же андан өндүрүп алуу максатында мүлктүн ушул бөлүгүн бөлүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Коомдун мүлкүнүн бөлүнүп берилүүгө тийиш болгон бөлүгү же анын наркы кредит берүүчүлөр тарабынан талап коюлган учурга карата түзүлгөн баланс боюнча аныкталат. 

2. Эгерде катышуучу жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталына өз салымын жарым-жартылай кошсо, эгерде коомдун уставында башкача белгиленбесе, анда кредит берүүчүлөр ушул салымдын суммасын бөлүп берүүнү талап кылууга укуктуу. 

3. катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү бүткүл үлүшүнөн өндүрүлүп алынганда ал коомго катышуусун токтотот. 

47-статья. Гражданды-жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусун дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуунун натыйжалары 

1. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, граждан - жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда анын көзөмөлчүсү коомдун ишине бул катышуучунун мыйзамдуу өкүлү катарында катыша алат. 

2. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, граждан - коомдун катышуучусу аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган учурда, ал камкорчунун макулдугу менен коомдун ишине катыша алат. 

48-статья. Катышуучулардын жоопкерчилиги чектелген коомдон чыгы шынын натыйжалары 

Эгерде уюштуруу документтеринде же коомдун катышуучуларынын макулдашуусунда башкача каралбаса, катышуучу жоопкерчилиги чектелген коомдон чыккан учурда калган уюштуруучулардын үлүштөрү алардын катышуучу коомдон чыккан күнгө карата белгиленген өлчөмүнө жараша жогорулайт. 

49-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомго жаңы катышуучуларды ка был алуу 

1. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун жаңы катышуучуларын кабыл алуу коомдун бардык катышуучуларынын макулдугу менен гана мүмкүн болот. 

2. Жаңы катышуучуларды кабыл алуу учурунда жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтерине: 

1) уставдык капиталдын жана коомдун катышуучуларынын үлүштөрүнүн жаңы өлчөмүнө

2) жаңы катышуучулар тарабынан өз салымдарын коомдун уставдык капиталына кошуунун өлчөмүнө, тартибине, мөөнөттөрүнө жана ыкмасына; 

3) жаңы катышуучуну кабыл алуу үчүн зарыл болгон башка шарттарга тиешелүү болгон өзгөртүүлөр киргизилет. 

50-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын кошум ча салымдары 

Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими боюнча кошумча салымдарды кошуу каралышы мүмкүн. Эгерде коомдун уставында бардык катышуучулардын бир добуштан макул болушу каралбаса, бул маселе боюнча чечим коомдун бардык катышуучуларынын үчтөн экисинин квалификациялуу көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Мында катышуучулардын үлүштөрү өлчөмүнө жараша өзгөртүлүшү мүмкүн. 

51-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун ишин токтотуунун өзгөчөлүктөрү 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун ишмердиги ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган негиздер боюнча токтотулат. 

2. Жоопкерчилиги чектелген коом акционердик коомго гана кайра түзүлүшү мүмкүн. 

IV бөлүм 

Акционердик коом 

(КР 2003-жылдын 27-мартындагы N 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

80-статья. Бул Мыйзамды күчүнө киргизүүнүн тартиби 

1. Бул Мыйзам 1997-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин. 

2. 1992-жылдын 17-декабрындагы N 1084-XII, 1994-жылдын 11-январындагы N 1367-XII, 1994-жылдын 28-майындагы N 1563-XII, 1995-жылдын N 21 жана 28-ноябрындагы N 38-1 өзгөртүүлөр менен 1991-жылдын 26-июнундагы N 513-XII "Кыргыз Республикасындагы акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ушул Мыйзам колдонууга киргизилген учурдан тартып күчүн жоготту деп табылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин; 

- ушул Мыйзам тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча зарыл болгон нормативдик актыларды кабыл алсын. 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Акаев 

  

  

  

1996-жылдын 5-июнунда 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган