> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ 

Бишкек шаары, 2003-жылдын 27-марты N 64 

Акционердик коомдор жөнүндө 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128 2004-жылдын 9-декабрындагы N 189, 2006-жылдын 27-январындагы N 15, 2006-жылдын 31-июлундагы N 145, 2007-жылдын 6-августундагы N 132, 2008-жылдын 23-майындагы N 95, 2008-жылдын 2-июнундагы N 110, 2008-жылдын 28-июлундагы N 181, 2009-жылдын 19-январындагы N 7, 2009-жылдын 11-майындагы N 152, 2009-жылдын 24-июлундагы N 245, 2009-жылдын 12-октябрындагы N 264, 2011-жылдын 5-октябрындагы N 162, 2011-жылдын 5-октябрындагы N 163, 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39, 2012-жылдын 29-майындагы N 70, 2015-жылдын 22-майындагы N 115, 2016-жылдын 22-мартындагы N 25, 2016-жылдын 20-майындагы N 68, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2017-жылдын 28-июлундагы N 154, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41, 2020-жылдын 3-апрелиндеги N 33, 2021-жылдын 12-майындагы N 62, 2021-жылдын 9-августундагы N 93, 2021-жылдын 29-ноябрындагы N 141, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

I Глава 

Жалпы жоболор 

1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү 

1. Ушул Мыйзам акционердик коомдорду түзүүнүн тартибин жана укуктук абалын, алардын акционерлеринин укуктары менен милдеттерин аныктайт, ошондой эле акционерлердин укуктары менен таламдарын коргоону камсыз кылат. 

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы белгиленбесе, бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана түзүлүп жаткан бардык акционердик коомдорго жайылтылат. 

Мамлекеттин колунда акциялардын үчтөн эки бөлүгү болгон стратегиялык объектилердин, электроэнергетиканы бөлүштүрүү компанияларынын базасында уюшулган акционердик коомдордун мүлктөрүн концессияга берүү менен байланышкан укук жагындагы мамилелердин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү концессиялык келишим менен аныкталат. 

Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун укуктук жоболорунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат. 

3. Ушул Мыйзамдан келип чыгуучу корпоративдик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу жана аларга көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат. 

4. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондду, инвестициялык фондду түзүүнүн, камсыздандыруу иштерин жүзөгө ашыруучу акционердик коомдордун ишинин өзгөчөлүктөрү бул коомдордун иштерин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарга карама-каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. 

5. Банктык ишти же айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу акционердик коомдорду түзүүнүн жана алардын иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128 2004-жылдын 9-декабрындагы N 189, 2007-жылдын 6-августундагы N 132, 2008-жылдын 23-майындагы N 95, 2016-жылдын 22-мартындагы N 25, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

2-статья. Ушул Мыйзамда пайдалануучу негизги түшүнүктөр 

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: 

акция - аны кармоочунун (акционердин) акционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгүн дивиденд түрүндө алууга, акционердик коомдун иштерин башкарууга катышууга жана ал жоюлгандан кийин калган мүлккө болгон укугун ырастоочу баалуу кагаз; 

акционер - коомдун жок эле дегенде бир акциясына ээлик кылган, акционердик коомдун мүлкүнө анын милдеттүү укугун берүүчү жана ага байланыштуу ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген укуктар милдеттенмелерге ээ болгон жеке же юридикалык жак; 

өртүнчү абзац КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

дивиденддер - акционердин ага тиешелүү болгон бул коомдун акцияларынан киреше түрүндө анын акционердик коомдун бөлүштүрүлүүчү кирешесинен (пайдасынан) алган бөлүгү

жабык коом - акциялары анын катышуучуларынын же күн мурунтан аныкталган адамдардын ортосунда гана жайгаштырылып жана жүгүртүлө турган акционердик коом; 

(жетинчи абзац КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

корпоративдик башкаруунун кодекси - акционерлердин жалпы чогулушу менен бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган жана коомдун органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлердин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын камтыган коомдун ички документи; 

конвертирленген баалуу кагаз - акционердик коом тарабынан чыгарылган баалуу кагаз, ал ушул акционердик коомдун башка түрдөгү баалуу кагазына конвертирленген баалуу кагазды чыгарууда белгиленген шартта алмаштырылат; 

кумулятивдик добуш берүү - добуш берүүнүн түрү, мында добуш берүүгө катышкан ар бир акцияга коомду башкаруунун коллегиалдуу органынын мүчөлөрүнүн жалпы санына барабар болгон добуштардын саны туура келет; 

көз карандысыз реестр кармоочу - энчилүү баалуу кагаз ээлеринин реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча иш алып баруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу. 

директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - ошол акционердик коомдун аффилирленген жагы болуп эсептелбеген жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде аффилирленген жак болбогон (ошол акционердик коомдун көз карандысыз директорунун кызмат ордун ээлеген учурду кошпогондо), ошол акционердик коомдун аффилирленген жактарына карата аффилирленген жак болуп саналбаган; ошол акционердик коомдун же уюмдардын - ошол акционердик коомдун аффилирленген жактарынын кызмат адамдарына көз каранды эмес жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде бул адамдарга көз каранды болбогон; мамлекеттик кызматчы болуп саналбаган; ошол акционердик коомдун органдарынын жыйындарында акционердин өкүлү болуп саналбаган жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде анын өкүлү болбогон; аудитордук уюмдун курамында иштеген аудитор катары бул акционердик коомдун аудитине катышпаган жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде мындай аудитке катышпаган директорлор кеңешинин мүчөсү

ачык коом - акционердик коомдун акционерлери өздөрүнө таандык болгон акцияларын ушул акционердик коомдун башка акционерлеринин макулдугусуз ажыратып алууга укуктуу; 

облигацияларды тындыруу - акционердик коомдун мурда чыгарылган облигацияларын номиналдык наркында сатып алышы же ушул акционердик коомдун акцияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конвертирлөө

(он үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

жайгаштырылган акциялар - акционерлерге таандык болгон акциялар; 

уставдык капитал - коомдун уюмдаштырылып жаткан учурдагы минималдуу капиталы, анын өлчөмү ушул Мыйзам менен белгиленген. 

(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39, 2016-жылдын 20-майындагы N 68, 2017-жылдын 28-июлундагы N 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

3-статья. Акционердик коомдун укуктук абалы 

1. Акционердик коом (мындан ары - коом) - пайда табуу максаты менен иш жүргүзгөн жана акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен каражаттарды тартуучу юридикалык жак болуп саналат. Коом акцияларды чыгарууга милдеттүү, салым кийирүүнүн түрүнө карабастан анын наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүлөт. 

Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дагы башка баалуу кагаздарды чыгарууга укуктуу. 

Акционерлер коомдун милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт жана өздөрүнө таандык болгон акциялардын наркынын чегинде анын иши менен байланышкан чыгымдарды тартууга тобокелдик кылат. 

Мамлекет жана анын органдары коомдун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошол сыяктуу коом да мамлекет менен анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. 

2. Акционердик коом өз менчигинде өзүнүн балансында турган өзгөчө мүлктүн ээси, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алат жана ишке ашыра алат, жоопкерчилик тартат, сотто доочу жана жоопкер болот. 

Коом өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнө таандык болгон мүлкү менен жоопкерчилик тартат. 

Коом өз акционерлеринин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. 

3. Коом мыйзамдар менен тыюу салынбаган иштердин ар кандай түрлөрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон жарандык укуктар менен милдеттерге ээ. Тизмеси мыйзамдар менен аныкталуучу иштердин айрым түрлөрү менен коом атайын уруксаттын (лицензиянын) негизинде гана алектене алат. 

4. Коомдун акцияларын күрөөгө коюшуна чек коюлушу же уставдын жоболору менен алып салынышы мүмкүн эмес. Эгерде күрөөнүн келишиминин шартында башкасы каралбаса, акционер күрөөгө коюлган акциялары боюнча да добуш берүү укугуна ээ болот. Акционердик коомдордун айрым түрлөрүнүн акцияларын күрөөгө өткөрүп берүүнүн өзгөчөлүктөрү атайын мыйзам актылары менен жөнгө салынат. 

5. Коомдун өзү чыгарган акцияларын күрөөгө алышына тыюу салынат. 

6. Коом юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап юридикалык жак катары түзүлдү деп эсептелет. Коомдун уставында башкасы каралбаса, анын иштөө мөөнөтүнө чек коюлбастан түзүлөт. 

7. Коом белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан тышкары жерлерде банк эсептерин ачууга укуктуу. 

8. Коомдун кыргыз жана орус тилдериндеги фирмалык аталышын камтыган мөөрү болууга тийиш. Мөөрдө ошондой эле коомдун фирмалык аталышы ар кандай чет тилде жана Кыргыз Республикасынын элдеринин тилдеринде көрсөтүлүшү мүмкүн. Фирмалык аталыштан тышкары мөөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка да реквизиттер болушу мүмкүн. 

Коом өз аталышы жазылган штамптар менен бланктарга, өзүнүн эмблемасына, ошондой эле белгиленген тартипте катталган товардык белгиге жана боолголоп окшоштуруучу башка каражаттарга ээ болууга укуктуу. 

9. Коом филиалдар менен өкүлчүлүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдун туунду ишканаларын ачууга укуктуу. 

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

4-статья. Коомдун аталышы жана турган жери 

1. Коомдун өзүнүн фирмалык аталышы болот, анда анын уюштуруу-укуктук түрү менен тиби (жабык же ачык) жана анын ишинин мүнөзү камтылууга тийиш. 

Коом кыргыз жана орус тилдериндеги толук жана кыскартылган аталышка ээ болууга милдеттүү жана чет тилдерде жана Кыргыз Республикасынын элдеринин тилдериндеги толук жана кыскартылган аталышка ээ болууга укуктуу. 

Фирмалык аталышы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте катталган коом аны пайдалануу жагынан өзгөчө укукка ээ болот. 

2. Башка мыйзамдарга ылайык коомдун уставында башкасы каралбаса, коомдун турган жери ал мамлекеттик каттоодон өткөн жер менен аныкталат. 

3. Коомдун өзүнүн байланышын ишке ашыра турган почта дареги болууга тийиш жана өзүнүн почталык дарегинин өзгөргөндүгү тууралу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү органдарга, ошондой эле коомдун баалуу кагаздарын чыгарышын каттап туруу органдарга кабарлоого милдеттүү

5-статья. Коомдун филиалдары менен өкүлчүлүктөрү 

1. Коом ушул Мыйзамдын жана дагы башка мыйзамдардын талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды түзүп жана өкүлчүлүктөрдү ача алат. 

Коом Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде филиалдарды түзүүнү жана өкүлчүлүктөрдү ачууну, мындан тышкары, эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимде башкасы каралбаса, ал филиалдар менен өкүлчүлүктөр турган жердеги чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык ишке ашырат. 

2. Филиал менен өкүлчүлүк юридикалык жак болуп саналбайт, коом бекиткен жобонун негизинде иштейт. Филиал менен өкүлчүлүк аларды түзгөн коомдун мүлкүнө ээ, алар коомдун балансында тургандай эле өзүнчө айрым баланс катары да эсептелет. 

Филиалдар менен өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери коом тарабынан дайындалат жана коом берген ишеним каттын негизинде иштейт. 

3. Филиалдар менен өкүлчүлүктөр аларды түзгөн коомдун атынан иш жүргүзөт. Филиалдар менен өкүлчүлүктөрдүн иши үчүн аларды түзгөн коом жоопкерчилик тартат. 

6-статья. Туунду жана көз каранды коомдор 

1. Коом Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактын укугу берилген, ушул Мыйзамга жана дагы башка мыйзамдарга ылайык түзүлгөн, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде - эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимде башкасы каралбаса, туунду же көз каранды коомдор турган жердеги чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык туунду жана көз каранды коом түзө алат. 

2. Эгерде башка (негизги) чарбалык коом (шериктештик) анын уставдык капиталына катышканда басымдуулук кылгандыгынан улам, же алардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, болбосо дагы башка жагдайлар менен мындай коом тарабынан кабыл алына турган чечимди аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, туунду коом деп таанылат. 

3. Туунду коом негизги коомдун (шериктештиктин) карыздары боюнча жооп бербейт. 

Келишим боюнча негизги коом (шериктештик) туунду коом аткарууга милдеттүү болгон мындай көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу мындай көрсөтмө аткаруу үчүн туунду коом тарабынан түзүлгөн бүтүмгө аны менен биргелешип жооп берет. 

Негизги коомдун (шериктештиктин) күнөөсү боюнча туунду коом банкрот (кудуретсиз) болгон учурда негизги коом туунду коомдун карыздары боюнча субсидиардык жоопкерчилик тартат. Негизги коом (шериктештик) өз укуктарын жана (же) мүмкүнчүлүктөрүн туунду коомдун аракеттери аны банкротко (кудуретсиздикке) алып келерин алдынала билип туруп пайдаланган учурда гана, анын кесепетинен негизги коомдун (шериктештиктин) күнөөсү боюнча туунду коом банкрот (кудуретсиз) болду деп эсептелинет. 

Туунду коомдун акционерлери (катышуучулары) негизги коомдун (шериктештиктин) күнөөсү боюнча туунду коомдун тарткан чыгымдарын төлөп берүүнү негизги коомдон (шериктештиктен) талап кылууга укуктуу. Негизги коом (шериктештик) өз укуктарын жана (же) мүмкүнчүлүктөрүн туунду коомдун аракеттери аны банкротко (кудуретсиздикке) алып келерин алдынала билип туруп пайдаланган учурда гана анын кесепетинен негизги коомдун (шериктештиктин) күнөөсү боюнча туунду коом (шериктештик) чыгаша тартты деп эсептелинет. 

Туунду коом негизги коомдун акцияларын сатып ала албайт. 

4. Эгерде башка катышуучу коом анын добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан көбүрөөгүнө ээ болсо, көз каранды коом деп таанылат. Башка коомдун добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан көбүрөөгүн сатып алган коом бул жөнүндө баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте маалыматтарды токтоосуз жарыялоого милдеттүү

(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39, 2017-жылдын 28-июлундагы N 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

7-статья. Ачык жана жабык коомдор 

1. Коом ачык же жабык болушу мүмкүн, бул анын уставында жана фирмалык аталышында чагылдырылат. 

2. Ачык коом өзү чыгарган акцияларды ачык жайгаштырууга жана ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен аларды эркин сатууга укуктуу. Акциялардын эркин сатылышын чектеген жоболордун уставда каралышы мүмкүн эмес. 

Ачык коомдордун акционерлеринин саны чектелбейт. 

Жабык акционердик коом ачык коом болуп кайра түзүлгөндө жабык коомдо колдонулуучу чектөөнүн жобосу ачык акционердик коомдо жараксыз болот. 

3. Жабык коом өзү чыгарган акцияларды ачык жайгаштырууга, дагы башка жол менен аларды сатып алууну адамдардын чексиз чөйрөсүнө сунуш кылууга укуксуз. 

Жабык коомдун акционерлеринин саны элүүдөн ашпоого тийиш. 

Эгерде жабык коомдун акционерлеринин саны ушул пунктта белгиленген чектен ашып кеткен учурда, аталган коом бир жылдын ичинде ачык коомго кайра түзүлүүгө тийиш. Эгерде анын акционерлеринин саны азайбаса, анда коом сот тартибинде жоюлууга тийиш. 

4. Жабык акционердик коомдун акционерлери ошол эле коомдун башка акционерлери саткан акцияларды сатып алууда артыкчылык укугуна ээ. 

Эгерде акционерлердин эч кимиси жарыя кылынган күндөн тартып беш күндүн ичинде же коомдун уставында каралган башка мөөнөттүн ичинде өзүнүн артыкчылык укугунан пайдалана албаса, же алардын баасы тууралу макулдаша албаса, акционердик коомдун өзү акциялардын ээси менен макулдашылган баада бул акцияларды сатып алууга укуктуу. Акцияны сатып алуудан акционердик коом баш тартканда же алардын баасы боюнча макулдаша албаганда акциялар ар кандай үчүнчү жакка ажыратылып берилиши мүмкүн. Үчүнчү жакка сунуш кылынган баа акционерлерге жана коомдун өзүнө сунуш кылынган баадан кем болбоого тийиш. Андай болбосо бүтүм жараксыз деп таанылышы мүмкүн. 

5. Жабык акционердик коомдун акциялары күрөөгө коюлганда жана кийин жүгүртүлгөндө күрөө кармоочу тарабынан аларга өндүрүп алуу талабы коюлганда ушул статьянын 4-пунктунун эрежеси колдонулат. Бирок күрөө кармоочу акцияларды үчүнчү жакка ажыратып берүүнүн ордуна аны өзүнө калтырууга укуктуу. 

6. Жабык коомдун акциялары жеке жактын мураскорлоруна же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционер болуп саналган юридикалык жактын укук мураскоруна өтөт. 

7. Мыйзамда белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары уюмдаштыруучу катары чыккан коомдор гана ачык болушу мүмкүн. 

 

II Глава 

Коомду түзүү жана жоюу 

8-статья. Коомду түзүү 

Коом уюмдаштыруу же иштеп жаткан юридикалык жакты кайра уюштуруу (кошулуу, бөлүнүү, бөлүнүп чыгуу, кайра түзүү) жолу менен түзүлүшү мүмкүн. 

Коом юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап түзүлдү деп эсептелет жана юридикалык жак болуп саналат. Акционердик коомду уюмдаштырган учурда анын бардык акциялары уюмдаштыруучулардын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш. Коомдун уюмдаштыруучу акцияларын чыгаруу Мыйзамда белгиленген тартипте баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталууга тийиш. 

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

9-статья. Коомду уюмдаштыруу 

1. Уюмдаштыруу жолу менен коомду түзүү уюмдаштыруучулардын (уюмдаштыруучунун) чечими боюнча ишке ашырылат. 

Коомдун уюмдаштыруучулары коомду уюмдаштыруу жагынан биргелешип иш жүргүзүүнүн тартибин, коомдун капиталынын өлчөмүн, уюмдаштыруучулардын ортосунда жайгаштырыла турган акциялардын категорияларын жана типтерин, аларды төлөөнүн өлчөмүн жана тартибин, коомду түзүү боюнча уюмдаштыруучулардын укуктары менен милдеттерин аныктаган аны түзүү жөнүндө нотариуста тастыкталган өз ара жазуу жүзүндөгү уюмдаштыруу келишимин түзүшөт. Коомду жалгыз адам түзгөн учурда аны уюмдаштыруу тууралу чечим жалгыз гана ушул адам тарабынан кабыл алынат. 

2. Уюмдаштыруу чогулушунда уюмдаштыруучулар уставды бекитип, башкаруу органын шайлашат. Коомду түзүү тууралу уюмдаштыруу келишими кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана уюмдаштыруу акциясын чыгаруу жыйынтыгын баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салып туруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттаган учурга чейин колдонулат. 

10-статья. Коомдун уюмдаштыруучулары 

1. Коомду уюмдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алган жеке жана (же) юридикалык жактар анын уюмдаштыруучулары болуп саналышат. 

Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомду уюштурат же анын тең уюштуруучусу катары чыга алат же акцияларды сатып алат жана коомдун акционери боло алат. 

2. Ачык коомду уюмдаштыруучулардын санына чек коюлбайт. Жабык коомдордун уюмдаштыруучуларынын саны элүүдөн ашпоого тийиш. 

3. Коомдун уюмдаштыруучулары аны түзүү менен байланышкан жана ошол коомду мамлекеттик каттоого чейин келип чыккан милдеттенмелер боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат. 

(КР 2009-жылдын 11-майындагы N 152, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

11-статья. Коомдун уставы 

1. Коомдун уставы коомдун уюмдаштыруу документи болуп саналат. Уставдын жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. 

2. Коомдун уставынын талаптарын коомдун бардык органдары менен анын акционерлери аткарууга милдеттүү

3. Коомдун уставы төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

- коомдун толук жана кыскартылган фирмалык аталышын; 

- коомдун турган ордун; 

- коомдун тибин (ачык же жабык); 

- коом жайгаштырган акциялардын санын, категорияларын (жөнөкөй, артыкчылыктуу); 

- ар бир категориядагы акция ээлеринин-акционерлердин укуктарын; 

- коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн; 

- коомду башкаруу органынын түзүмүн жана компетенциясы менен алардын чечим кабыл алуу тартибин; 

- акционерлердин жалпы чогулушун даярдоонун жана өткөрүүнүн тартибин. 

Коомдун уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн. 

4. Коомдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү же коомдун уставын жаңы редакцияда бекитүү акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен ишке ашырылат. 

Коомдун уставына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө акционердин жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбөөгө тийиш. 

Коомдун уставында акционерлердин укуктарын начарлаткан жоболор белгиленбөөгө тийиш. 

5. Кандай гана жак болбосун коомдун уставы менен таанышууга укуктуу. Коом ага устав менен таанышууга мүмкүндүк берип, анын талабы боюнча коомдун колдонулуп жаткан уставынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү, ага төлөнгөн акы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш. 

(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы N 264 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

12-статья. Коомду кайра уюштуруу 

1. Коом ушул Мыйзамда каралган тартипте ыктыярдуу түрдө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте соттун чечими менен кайра уюштурулушу мүмкүн. 

2. Коомду кайра уюштуруу кошулуу, бөлүнүү, бөлүнүп чыгуу жана кайра түзүү түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн. 

Ажыраткан (бөлүнүп чыккан) учурда кайрадан уюштурулуп жаткан коомдун бардык укук мураскорлорунун уюштуруу-укуктук түрү коомду кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин колдонулган анын уюштуруу-укуктук түрүнө дал келүүгө тийиш. 

Коомду кайра уюштуруу жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө жана (же) коммерциялык уюм түрүндө түзүлгөн кооператив болушу мүмкүн. 

3. Кошулуу түрүндөгү кайра уюштуруудан тышкаркы бардык учурларда коом жаңыдан пайда болгон юридикалык жактар мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап кайра уюштурулду деп эсептелинет. 

Коомду башка коомго бириктирүү жолу менен кайра уюштурууда алардын биринчиси кошулган коомдун ишин токтотуу жөнүндө жазуу юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине мамлекеттик каттоо органы тарабынан киргизилген учурдан баштап кайра уюштурулду деп эсептелинет. 

4. Коомдорду кайра уюштуруунун натыйжасында жаңыдан пайда болгондордун мамлекеттик каттоо жана кайрадан уюшулган коомдордун ишин токтотушу жөнүндөгү жазууну киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей тартипте ишке ашырылат. 

5. Коомду кайра уюштуруу расмий басма сөздө бул тууралу билдирүү жарыялангандан кийин эки айлык мөөнөткө жеткирбей жүргүзүлөт. Коомду кайра уюштуруу жөнүндөгү маалымат жарыяланган учурдан тартып кредиторлор мөөнөтүнөн мурда токтотуу же тиешелүү милдеттенмелерди орундатуу тууралу эки айдын ичинде коомго талап коюуга укуктуу, ал эми коом алардын талаптарын канааттандырууга милдеттүү

6. Эгерде кайра уюштуруунун натыйжасында кайра уюшулган коомдун капиталы ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмдөн аз болсо, коом кайра уюштурулбайт. 

7. Коомду кайра уюштурууда анын жөнөкөй, ошондой эле артыкчылыктуу акцияларын, конвертирленүүчү акцияларды анын эмиссиясынын проспектине ылайык жөнөкөй акцияларга, мүлккө же дагы башка мүлк укуктарына алмаштырууга жол берилбейт. 

8. Кошулуу жөнүндөгү жана кошулууга өткөрүп берүү тууралу келишимдеги акты, бөлүнүү же бөлүнүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган чогулуштун протоколу, бөлүнүү же бөлүнүп чыгуудагы ажыратуу балансы жаныдан түзүлгөн чарбалардын уюмдаштыруу келишимин алмаштыруучу документ болуп саналат. 

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

13-статья. Коомдордун кошулушу 

1. Эки же бир нече коомдордун бардык укуктары менен милдеттерин жаңы пайда болгон коомго өткөрүп берип, натыйжада акыркыларынын ишинин токтотулушуна алып келген аракет коомдун кошулушу деп таанылат. 

Коомдорду кошуу алардын мүлкүн бириктирүү жана бириктириле турган коомдун акцияларын жаңыдан түзүлгөн коомдун акциялары менен алмаштырып, алардын баланстарын консолидациялоо жолу менен ишке ашырылат. 

2. Кошулууга катышкан коомдор кошулуу тууралу келишим түзүшөт, анда төмөнкүлөр аныкталат: 

- кошулуунун тартиби жана шарты; 

- ар бир коомдун акцияларын жаны коомдун акцияларына жана (же) дагы башка баалуу кагаздарына конвертациялоонун тартиби. 

Кошулууга катышкан ар бир коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөй иштей турган болсо) аткаруу органы өз коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна бириктирүү түрүндө кайра уюштуруу жана кошулуу жөнүндөгү келишим менен өткөрүп берүү актын бекитүү тууралу маселени коет. 

3. Жаңыдан түзүлгөн коомдун уставын бекитүү жана башкаруу органдарын шайлоо кошулууга катышкан акционердик коомдордун биргелешкен чогулушунда жүргүзүлөт. Добуш берүү тартиби акционерлердин биргелешкен жалпы чогулушунда коомдорду кошуу жөнүндөгү келишим менен аныкталат. 

4. Коомдорду кошкон учурда алардын ар биринин бардык укуктары менен милдеттери өткөрүп берүү актына ылайык жаңыдан түзүлгөн коомго өтөт. 

5. Эгерде Мыйзамда башкасы каралбаса, акционердик коом жоопкерчилиги чектелген коом менен (же) коммерциялык уюм катары түзүлгөн кооператив менен кошулууга укуктуу. Акционердик коомду жоопкерчилиги чектелген коом жана (же) коммерциялык уюм катары түзүлгөн кооператив менен кошкондо аларды кошкон учурда түзүлгөн коом акционердик коом гана боло алат. 

14-статья. Коомдун биригиши 

1. Бир же бир нече коомдордун ишинин токтотулушу менен алардын бардык укуктары менен милдеттерин башка коомго өткөрүп берген иш-аракет коомдордун биригиши деп таанылат. 

Акционердик коомдорду бириктирүү алардын мүлкүн бириктирүү жана бириге турган коомдун акцияларын иштешин уланткан коомдун акциялары менен алмаштыруу, алардын баланстарын консолидациялоо жолу менен ишке ашырылат. 

2. Биригүүчү коом менен бириктирип ала турган коом биригүү тууралу келишим түзүшөт, анда төмөндөгүлөр аныкталат: 

- биригүүнүн тартиби жана шарттары; 

- биригүүчү коомдун акцияларын бириктирип ала турган коомдун акцияларына жана (же) дагы башка баалуу кагаздарына конвертациялоонун тартиби. 

Ар бир коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөй иштей турган болсо) аткаруу органы өз коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна биригүү түрүндө кайра уюштуруу жана биригүү тууралу келишимди бекитүү жөнүндө маселени коет. Биригүүчү коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөй иштеп турган болсо) аткаруу органы да акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна өткөрүп берүү актын бекитүү жөнүндөгү маселени коет. 

3. Бир коом экинчи коомго бириккен учурда өткөрүп берүү актына ылайык бириге турган коомдун бардык укуктары менен милдеттери акыркысына өтөт. 

4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, жоопкерчилиги чектелген коом жана (же) коммерциялык уюм түрүндө түзүлгөн кооператив акционердик коомго биригүүгө укуктуу. 

Акционердик коом чарбалык шериктештикке же уюштуруу-укуктук формасындагы акционердик коомго караганда башкачараак коомго биригүүгө укуксуз. 

15-статья. Коомдун бөлүнүшү 

1. Коомдун ишинин токтотулушу менен анын бардык укуктары жана милдеттеринин жаңыдан түзүлө турган коомго өткөрүп берилиши коомдун бөлүнүшү деп таанылат. 

2. Кайра уюшулуп жаткан коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) аткаруу орган акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна төмөндөгүдөй маселелерди коет: 

- коомду бөлүп кайра уюштуруу жөнүндө

- кайра уюштуруунун тартиби жана шарттары жөнүндө

- жаңы коомдорду түзүү жана кайра уюшулган коомдун акцияларын түзүлүп жаткан коомдун акцияларына жана (же) башка баалуу кагаздар менен конвертациялоонун тартиби жөнүндө

3. Бөлүү жолу менен коомду кайра уюштурганда жаңыдан түзүлгөн коомдун капиталын кайра уюшулган коомдогу акционерлердин үлүшүнө пропорционалдуу кылып алардын ортосунда бөлүштүрүлөт. 

4. Кайра уюшулган коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу бөлүү түрүндө коомду кайра уюштуруу, жаңы коомдорду түзүү жана кайра уюшулган коомдун акцияларын жаңыдан түзүлгөн коомдун акциялары жана (же) башка баалуу кагаздары менен конвертациялоонун тартиби жөнүндө чечим кабыл алат. 

Ар бир жаңыдан түзүлгөн коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу анын уставын бекитүү жана башкаруу органдарын шайлоо жөнүндө чечим кабыл алат. 

16-статья. Коомдун бөлүнүп чыгышы 

1. Коомдун бөлүнүп чыгышы деп кайра уюшулган коомдун укуктары менен милдеттеринин бир бөлүгүн анын ишин токтотпостон эле бөлүүчү баланска ылайык өткөрүп берүү менен бир же бир нече коомдорду түзүүгө алып келген аракет таанылат. 

2. Кайра уюшулган коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) аткаруучу органы акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна төмөнкүдөй маселелерди коет: 

- бөлүнүп чыгуу түрүндө коомду кайра уюштуруу жөнүндө

- бөлүнүүнү ишке ашыруунун тартиби жана шарттары жөнүндө

- жаңы коомду түзүү жана коомдун акцияларын бөлүнгөн коомдун акциялары жана (же) башка баалуу кагаздары менен конвертациялоонун тартиби жөнүндө

- бөлүүчү балансты бекитүү жөнүндө

3. Бөлүнүп чыгуу жолу менен коомду кайра уюштурганда кайра түзүлгөн коомдун акционерлери кайра уюшулган коомдун капиталындагы өз үлүштөрүнө пропорционалдуу кылып бөлүнгөн коомдун капиталындагы үлүштөрүнө ээ болушат. 

17-статья. Коомду кайра түзүү 

1. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен жоопкерчилиги чектелген коомго же коммерциялык уюм түрүндө түзүлгөн кооперативге кайра түзүлүүгө укуктуу. 

2. Кайра түзүлүүчү коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) аткаруу органы акционерлердин жалпы чогулушунун чечимине коомду кайра түзүү жөнүндөгү, кайра түзүү жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары, коомдун акцияларын жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын салымдарына же коммерциялык уюм түрүндө түзүлгөн кооперативдин мүчөлөрүнүн пайына алмашуу тартиби жөнүндөгү маселени коет. 

3. Кайра түзүлүүчү коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу коомду кайра түзүү, кайра түзүүнүн тартиби жана шарттары, коомдун акцияларын жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын салымдарына же коммерциялык уюм түрүндө түзүлгөн кооперативдин мүчөлөрүнүн пайына алмашуу тартиби жөнүндө чечим кабыл алат. Кайра түзүүдө пайда болгон жаңы юридикалык жактын катышуучулары өзүнүн биргелешкен жыйналышында анын уюмдаштыруу документтерин бекитүү жана ал уюмдар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык башкаруу органдарын шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алат. 

4. Коомду кайра түзгөн учурда жаңыдан пайда болгон юридикалык жакка кайра уюшулган коомдун бардык укуктары менен милдеттери өткөрүп берүү актына ылайык өтөт. 

18-статья. Коомдун жоюлушу 

1. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Мыйзамдын жана коомдун уставынын талаптарын эске алуу менен ыктыярдуу түрдө жоюлушу мүмкүн. 

Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча соттун чечими менен жоюлушу мүмкүн. 

Коомду жоюу укук мурастоо иретиндеги укуктар менен милдеттерди башка адамдарга өткөрүп берүүсүз токтотулушуна алып келет. 

Коомду жоюунун тартиби, ошондой эле кредиторлорго төлөп берүүлөрдүн кезек күтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык коом тарабынан жүргүзүлөт. 

2. Төлөө жөндөмдүүлүгү бар коом ыктыярдуу түрдө жоюлган учурда жоюлуп жаткан коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) аткаруу органы акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна коомду жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындоо жөнүндө маселени коет. 

Ыктыярдуу түрдө жоюлуп жаткан коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу коомду жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат. 

3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалган учурдан тартып ал коомдук органдардын мүлкүн тескөө боюнча ишин контролдоо ыйгарым укугуна ээ болот. Атап айтканда, коомдук органдардын аны мүлк ээлигинен ажыратууга же болбосо карыздарын тындырууга багытталган бардык актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. 

(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы N 264, 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

19-статья. Ыктыярдуу түрдө жоюлуп жаткан коомдун мүлкүн анын акционерлеринин ортосунда бөлүштүрүү 

1. Жоюлуп жаткан коомдун кредиторлор менен эсептешип бүткөндөн кийинки мүлкү жоюу комиссиясы (жоюучу) тарабынан акционерлердин ортосунда төмөнкүдөй кезек менен бөлүштүрүлөт: 

биринчи кезекте артыкчылыктуу акциялар боюнча жоюу наркын эсептешүү жүргүзүлөт; 

экинчи кезекте жоюлуп жаткан коомдун мүлкүн жөнөкөй акциялардын ээлеринин - акционерлердин ортосунда бөлүштүрүү жүргүзүлөт. 

2. Ар бир кезектин мүлкүн бөлүштүрүү мурунку кезектеги мүлк толук бөлүштүрүлгөндөн кийин жүргүзүлөт. Эгерде коомдун мүлкү биринчи кезектеги акционерлердин ортосунда бөлүштүргөнгө жетишсиз болсо, анда мүлк ошол кезектеги акционерлердин ортосунда аларга таандык болгон акциялардын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. 

3. Мүлктү сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттары мезгил-мезгили менен түшкөн учурда аларды белгилүү кезекте акционерлерге бөлүштүрүү аларга таандык болгон акциялардын санына жараша пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. 

(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы N 264 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

20-статья. Коомду жоюуну аяктоо 

Каттоочу орган тиешелүү буйрук чыгарган учурдан тартып коомду жоюу аяктады, ал эми коом - өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет. 

(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы N 264 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

III Глава 

Коомдун капиталы, коомдун акциялары, облигациялары жана дагы башка баалуу кагаздары 

21-статья. Коомдун капиталы 

Коомдун капиталы - бул коомдун милдеттенмесинен тышкаркы активдери. 

Уставдык капитал коомду уюмдаштыруу учуруна карата толук төлөнүшү керек жана эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

(КР 2006-жылдын 27-январындагы N 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

22-статья. Коомдун акциялары 

1. Коом тарабынан чыгарылуучу акциялар жөнөкөй жана артыкчылыктуу болушу мүмкүн. Жайгаштырылган артыкчылыктуу акциялардын саны коомдун бардык акцияларынын 25 пайызынан ашпашы керек. 

2. Коомдун бардык акциялары энчилүү болот жана документарсыз түрүндө чыгарылат. 

3. Коом аны юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөргөн күндөн тартып акцияларынын уюмдаштырылган чыгарылышын бир айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан каттоодон өткөрүүгө милдеттүү

4. Коом акциялардын мурдагы чыгарылышынын жыйынтыктарын каттоодон өткөргөндөн кийин кошумча чыгарууну ишке ашырат. 

Чыгарылган акцияларды жайгаштыруу баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндөгү чечимде белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 

5. Мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү учурунда түзүлгөн акционердик коомдун эмгек жамаатынын ортосунда андан ары бөлүштүрүп берүү үчүн коомго берилген акцияларды бөлүштүрүү талаптагыдай өткөрүлбөсө, анда бул кемчиликтер белгилүү болгон учурдан тартып 1 айдын ичинде менчиктештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан кайрадан бөлүштүрүп берүү үчүн бул акциялар мамлекетке кайтарылат. 

23-статья. Жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүү 

1. Коом акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча кошумча акцияларды чыгарууга же жайгаштырылган акцияларды майдалоо жолу менен жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүүгө укуктуу. 

2. Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын көбөйтүү тууралу чечими менен акциялардын саны, аларды жайгаштыруунун мөөнөттөрү жана шарттары, анын ичинде жайгаштыруу тартиби жана коомдун уставына ылайык акцияларды алууга артыкчылык укугу бар акционерлерге коомдун кошумча акцияларынын баасын коюу тартиби аныкталышы керек. 

3. Менчиктештирүүнүн жана мамлекеттен ажыратуунун натыйжасында түзүлгөн акционердик коомдор кошумча эмиссия учурунда акциялардын уюмдаштыруу жагындагы чыгарылышынын уставдык капиталына кирген негизги каражаттардын баланс наркында киреше жагынан айырма келип чыкканда, баланс наркын баалаганга чейинки суммага коомдун капиталын көбөйтүп, акция ээлеринин акциялардын калыбына келтирүү наркы үчүн алардын уюмдаштыруу жагындагы чыгарылышынын үлүшүн да кошуп, кайра каттоодон өткөрүүгө милдеттүү. Кошумча эмиссияны катташкан акционердик коомдор ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин 1 жылдын ичинде акция ээлеринин акциялардын калыбына келтирүү наркы үчүн алардын уюмдаштыруу жагындагы чыгарылышынын үлүшүн да кошуп, баланс наркын кайра баалоо өткөрүүгө милдеттүү

Кийинки эмиссиялардын акцияларына ээлик кылган акционерлер уставдык капиталдын көбөйгөнү катталган жыл ичинде өз үлүшүн уставдык капиталдын ушул көбөйүшүнө чейинки коомдун түзүмүнө шайкеш келгидей абалга жеткириш үчүн каражаттарды толук салууга укуктуу. 

Негизги фонддордун кайра бааланышына байланыштуу уставдык капиталды көбөйтүү уставдык капиталды көбөйтүүнүн суммасына барабар болгон акциялардын номиналдык наркын көбөйтүү менен жасалат. 

Мындай болбогон учурда андан кийинки эмиссиялардын акцияларына ээлик кылган акционерлердин үлүшү уставдык капиталдын иш жүзүндө төлөнгөн бөлүгүнө ылайык кайра эсептелүүгө тийиш. 

Мында жалпы чогулуштардагы кворумдун эсебин алуу жана добуштарды эсептөө иш жүзүндө төлөнгөн акциялар менен жүргүзүлөт. 

24-статья. Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын азайтуу 

1. Коом акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен акциялардын бир бөлүгүн сатып алуу же аларды бириктирүү жолу менен жүгүртүлүүчү акциялардын санын азайтууга укуктуу. 

2. Коом бир жылдан ашпаган мөөнөткө колдоо акцияларынын өтүмдүүлүгү үчүн өз акцияларын кошумча рынокто сатып алууга укуктуу. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөргөндө бул максаттар үчүн сатып алынган акциялар добушка ээ болбойт. 

Коом сатып алган акцияларын бир жылдан ашпаган мөөнөт ичинде жайгаштырууга милдеттүү, антпесе аларды жок кылууга милдеттүү болот. 

3. Коомдук жүгүртүлүүчү акцияларын сатып алуу же жок кылуу жолу менен алардын санын азайтууга бардык кредиторлорго кабарлангандан кийин гана жол берилет. Бул учурда коомдун кредит берүүчүлөрү коомдун тиешелүү милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда орундатышын талап кылууга укуктуу. 

4. Коомдордун айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүгүртүлүүчү акциялардын санын азайтуунун башкача тартиби каралышы мүмкүн. 

25-статья. Акционерлердин - коомдун жөнөкөй акцияларынын ээлеринин укуктары 

1. Коомдун ар бир жөнөкөй акциясы акционерге - анын ээсине бирдей көлөмдөгү укуктарды берет. 

2. Акционер төмөндөгүдөй мүлк укуктарына ээ: 

а) коомдун иштешинен түшкөн кирешенин (дивиденддин) бир бөлүгүн алууга; 

б) коом жоюлган учурда анын мүлкүнүн бир бөлүгүн алууга; 

в) акциялардын бардыгын же алардын бир бөлүгүн жарандарга, юридикалык жактарга, мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мураска калтырууга; 

г) ушул Мыйзамдын 7-статьясында жабык акционердик коомдор үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен акцияларды болбосо алардын бир бөлүгүн сатууга же дагы башка жол менен башка жарандардын же юридикалык жактардын менчигине өткөрүп берүүгө

д) акцияларды же алардын бир бөлүгүн күрөөгө болбосо ишенип башкаруу үчүн башка жарандарга же юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө

е) коомдун уставына ылайык акционердик коом тарабынан чыгарылуучу акцияларды артыкчылык иретинде сатып алууга. 

3. Акционер төмөндөгүдөй мүлккө кирбеген укуктарга ээ: 

а) ушул Мыйзам жана коомдун уставында белгиленген тартипте акционердик коомдун иштерин башкарууга катышууга; 

б) добуш берүү укугу менен акционерлердин чогулуштарына катышууга; 

в) акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибине киргизүү үчүн сунуш берүүгө

г) өз укуктарын сот тартибинде коргоого, коомдун кызмат орундагы адамдарына, ошондой эле ушул акционердин мүлктүк укуктары бузулган жана ага мүлктүк зыян келтирилген шартта, ушул Мыйзамдын 75-статьясына ылайык бүтүмдөрдү коом тарабынан жасоого кызыкдар болгон адамдарга карата доо арыз берүүгө

д) бул чечим менен ушул акционердин мүлктүк укугу бузулган жана ага мүлктүк зыян келтирилген шартта, мындай чечим чыгарылган учурдан тартып бир жылдын ичинде коом тарабынан кабыл алынган чечимди талашууга; 

е) анын бул эмиссияга катышууга чыныгы укуктары бузулган, ал эми ага ушул эмиссия тарабынан мүлктүк зыян келтирилген шартта, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан акциялардын чыгарылышы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып 2 айдын ичинде эмиссиянын жана/же эмиссия менен байланыштуу жол-жобрлордун аныктыгын сот тартибинде талашууга; 

ж) коомдун иши тууралу ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган тартипте маалымат алууга; 

з) бул акционердин мүлктүк укуктары бузулган жана ага мүлктүк зыян келтирилген шартта, ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр боюнча акционерлердин жана коомдун өзүнүн кызыкчылыгын коргоодо сотко кайрылууга. 

4. Акционер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана коомдун уставына ылайык башка да мүлктүк жана мүлккө кирбеген укуктарга ээ боло алат. 

5. Акционерлердин чогулушуна катышууга жана акционердин ар кандай маселелер боюнча өзүнө таандык болгон акциялар менен добуш берүүгө анын укугу кандайдыр бир жактар, мамлекеттик органдар же сот тарабынан чектелиши мүмкүн эмес; 

6. Акционердик коомдун органдарынын аракети (аракетсиздиги), чечими менен ага келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толук толтуруу акционердин бузулган укуктарынын талаптагыдай калыбына келтирилиши болуп саналат. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128, 2008-жылдын 2-июнундагы N 110, 2009-жылдын 24-июлундагы N 245, 2012-жылдын 29-майындагы N 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

26-статья. Коомдун артыкчылыктуу акцияларынын ээлеринин - акционерлеринин укуктары 

1. Эгерде ушул Мыйзам же коомдун уставы менен башкасы каралбаса, коомдун артыкчылыктуу акцияларынын ээлери - акционерлер акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү укугуна ээ болбойт. Артыкчылыктуу акциялар анын ээлерине - акционерлерге укуктардын бирдей көлөмүн берет. 

2. Артыкчылыктуу акцияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде дивиденддин өлчөмү жана коом жоюлган учурда (жоюу наркы) артыкчылыктуу акциялар боюнча төлөп бериле турган наркты аныктоонун тартиби аныкталууга тийиш. Дивиденддин жана жоюу наркынын өлчөмү туруктуу акча суммасында же артыкчылыктуу акциялардын номиналдык наркына карата пайыз менен аныкталат. Эгерде коомдун уставы менен аларды аныктоонун тартиби белгиленсе, артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддин өлчөмү жана жоюу наркы белгиленди деп эсептелинет. 

Коомдун уставы менен артыкчылыктуу акциялар боюнча төлөнбөй калган же толук төлөнбөй калган дивиденд топтолуп жана кийин төлөнө тургандыгы (артыкчылыктуу акциялар) белгилениши мүмкүн. 

Коомдун уставында артыкчылыктуу акцияларды жөнөкөй акцияларга конвертациялоонун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары да аныкталышы мүмкүн. 

3. Артыкчылыктуу акциялардын ээлери - акционерлер коомду кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндөгү маселени чечүүдө акционерлердин жалпы чогулушуна добуш берүү укугу менен катышат. 

Артыкчылыктуу акциялардын ээлери - акционерлер артыкчылыктуу акциялар боюнча төлөнө турган дивиденддердин өлчөмүн жана (же) жоюу наркын азайтуу учурларын кошуп алганда артыкчылыктуу акциялардын ээлеринин - акционерлердин укуктарын чектеген коомдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү маселени акционерлердин жалпы чогулушунда чечүүдө добуш берүү укугуна ээ болушат. 

4. Артыкчылыктуу акциялардын ээлери - акционерлер артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынбаган жана (же) дивиденддерди толук эмес төлөп берүү чечими кабыл алынган акционерлердин жылдык жалпы чогулушунан кийинки чогулуштан баштап анын компетенциясындагы бардык маселелер боюнча акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү укугуна ээ болушат. Артыкчылыктуу акциялардын ээлеринин - акционерлердин жалпы чогулушка катышуу укугу аталган акциялар боюнча топтолгон бардык дивиденддер толук өлчөмдө төлөнүп берилген учурдан тартып токтотулат. 

5. Артыкчылыктуу акциялардын ээлери - акционерлер жогоруда аталган укуктардан тышкары ушул Мыйзамдын 25-статьясынын 2-пунктунун в, г, д, е пунктчаларында, 3-пунктунун а, г, д, е, ж пунктчаларында белгиленген укуктарга ээ. 

27-статья. Коомдун облигациялары жана дагы башка баалуу кагаздары 

1. Коом өз уставына ылайык Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндөгү мыйзамында каралган облигацияларды жана дагы башка баалуу кагаздарды чыгарууга укуктуу. 

2. Облигацияларды жана дагы башка баалуу кагаздарды чыгаруу акционердик коомдун жалпы чогулушунун же ушул Мыйзамга ылайык директорлор кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт. 

3. Облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде чыгаруунун көлөмү, жайгаштыруунун тартиби, тындыруунун мөөнөтү жана дагы башка шарттары аныкталууга тийиш. Облигациялар документардык же документарсыз түрүндө чыгарылышы мүмкүн. 

Коом тарабынан облигацияларды чыгаруу, өздүк капиталдын көлөмүнөн ашпаган суммага гана жол берилет. 

Коом облигацияларды тындыруунун бир жолку мөөнөтү менен же белгилүү мөөнөттө сериялар боюнча тындыруу мөөнөтү менен облигацияларды чыгара алат. 

Облигацияларды тындыруу аларды чыгаруу жөнүндөгү чечимге ылайык акчалай түрүндө же дагы башка мүлк менен жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Коом облигациялардын ээлеринин каалоосу боюнча аларды мөөнөтүнөн мурда тындыруу мүмкүнчүлүгүн шарттоого укуктуу. Бул учурда облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде тындыруу наркы жана мөөнөтүнөн мурда тындырууга сунуш кылышы мүмкүн болгон мөөнөттөн эрте болбогон мөөнөт аныкталууга тийиш. 

Акционердик коом өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага, мурдагы чыгарылган акциялар жайгаштырылгандан кийин жана өзүнүн иштешинин үчүнчү жылынан эрте эмес, ушул убакытка карата коомдун эки жылдык балансын тийиштүү түрдө бекиткен шарттарда облигацияларды чыгарууга укуктуу. 

Облигацияларды чыгаруу үчүн коом төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) акыркы отчеттук жыл үчүн жана акыркы 3 жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болуу; 

2) акыркы жылдын ичинде өз ишин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу; 

3) коомдун финансылык отчету көз карандысыз аудитордун корутундусу менен ырасталышы керек; 

4) корпоративдик башкаруу кодексине ээ болушу. 

Коом квалификациялуу инвесторлор үчүн облигацияларды чыгарууга укуктуу, мында коомдун ишинин мөөнөтүнө карата ушул пункттун алтынчы абзацында белгиленген талаптар колдонулбайт. 

Кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн облигацияларды чыгаруу үчүн коом кайра уюштурулгандан кийин бирден кем эмес жылдык балансын бекитүүгө, ошондой эле ушул статьянын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

Мурдагы чакырылыштагы акциялар жайгаштырылгандан кийин коом тарабынан берилген же болбосо үчүнчү жактар тарабынан бул максаттарда коомго берилген чоңдукка акционердик коом камсыздоо чоңдугуна камсыздалган облигацияларды чыгарууга укуктуу. Мында акционердик коомдун капиталынын өлчөмүнө жана аны иштөө мөөнөтүнө карата ушул пунктун алтынчы абзацында көрсөтүлгөн талаптар акционердик коом тарабынан камсыздалган облигацияларды чыгарылган учурда колдонулбайт. 

Камсыздалган облигацияларды чыгаруунун жайгаштыруунун жана жабдуунун тартиби, шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128, 2009-жылдын 19-январындагы N 7, 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39, 2016-жылдын 20-майындагы N 68, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

28-статья. Коомдун акцияларын жана дагы башка баалуу кагаздарын төлөп берүү 

1. Коомдун кошумча акцияларын чыгаруу аны чыгаруу жөнүндөгү чечимге ылайык аныкталган мөөнөттүн ичинде, бирок ал жайгаштырыла баштаган учурдан тартып бир жылдан кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш. Коом акциялардын андан мурунку чыгарылышынын жыйынтыктарын каттаганга чейин кошумча акцияларды чыгарууга укуксуз. 

Коом өзү чыгарган акцияларды жайгаштырууну аларды чыгаруу катталгандан кийин гана баштоого укуктуу. Акцияларды жеке сунуштоодон алынган каражаттар топтоо эсебинде сакталат. Ачык сунушталган баалуу кагаздарды (облигацияларды кошпогондо) сатуунун жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалуу кагаздарды ачык сунуштоону болду же болгон жок деп тааныганга чейин андеррайтинг кызматын же брокердин депозитарийинин кызматын жүзөгө ашырган брокердин банктык эсебинде сакталат. Коомго жазылуу мөөнөтү жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту каттоо аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар боюнча мыйзамдарына ылайык аларды жайгаштыруунун жүрүшүндө түшкөн каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат. 

Акцияларга конвертирленип жайгаштырылган акциялардын жана баалуу кагаздардын саны уюштуруу документтеринде жана баалуу кагаздарды чыгаруу тууралу чечимде көрсөтүлгөн сандан ашпоого тийиш. 

2. Коомдун акцияларын жана башка баалуу кагаздарын төлөп берүү акча, баалуу кагаздар, башка буюм же мүлктүк укуктар болбосо акчалай наркы бар дагы башка укуктар менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Коомдун акцияларын төлөп берүүнүн түрлөрү аны уюмдаштыруу учурунда уюмдаштыруу келишими же коомдун уставы менен, ал эми кошумча акциялар жана дагы башка баалуу кагаздар - баалуу кагаздарды чыгаруу тууралу чечим менен аныкталат. 

Жайгаштырылышы ачык сунуш кылуу менен коштолгон кошумча чыгарылган акциялар акча каражаттары менен гана төлөнөт. 

Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте акцияларды сатып алуу жолдорун кошпогондо, акциялардын жайгаштыруудагы эмиссиянын бүтүшүнөн алынган акционердик коомдун каражаттарынан акционерге кайтарып берүүгө жол берилбейт. 

3. Коомдун акцияларына конвертирленген кошумча чыгарылган акцияларды жана баалуу кагаздарды төлөп берүү рынок наркынын негизинде коомдун директорлор кеңеши аныктаган жайгаштыруу баасы боюнча, бирок алардын номиналдык наркынан төмөн болбогон баада жүргүзүлөт. 

Коом акцияларды жайгаштырууну жайгаштыруу баасынан төмөнкү баада жүргүзүүгө төмөндөгүдөй учурларда укуктуу: 

- коомдун жөнөкөй акцияларынын ээлери артыкчылыктуу сатып алуу укугун ишке ашыруу - жөнөкөй акцияларды жайгаштыруу баасынан 90 пайыздан төмөн болбогон баа менен; 

- андеррайтер катышканда кошумча акцияларды мындай акцияларды жайгаштыруу баасына карата пайыздык катышта белгиленген андеррайтерге сыйакынын өлчөмүнөн ашпаган жайгаштыруу баасы менен жайгаштыруу. 

4. Ачык коом акцияларга конвертирленген кошумча чыгарылган акцияларды жана баалуу кагаздарды ачык, ошондой эле жабык жайгаштырууга укуктуу. 

Жабык коом акцияларга конвертирленген коомдун акцияларын жана баалуу кагаздарын ачык жайгаштыруу жүргүзүүгө укуксуз. 

Коомдун кошумча чыгарылган акцияларын акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарга конвертирлөө жолу менен жайгаштырууну конвертирленген акцияларга мындай баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндөгү чечими менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 

5. Коомду уюмдаштырууда акцияларды төлөө үчүн чыгарылган мүлктүн акчалай наркын баалоо уюмдаштыруучулардын ортосундагы макулдашуу боюнча жүргүзүлөт. Коомду уюмдаштырган учурда анын акцияларын төлөө анын уюмдаштыруучулары тарабынан уюмдаштыруу келишиминде аныкталган наркы боюнча жүргүзүлөт. 

Эгерде ушундай жол менен сатып алынган коомдун акцияларынын наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмдөрүнөн көбүрөөгүн түзсө, анда коомдун акцияларын жана башка баалуу кагаздарын төлөөгө чыгарылган мүлктү көз карандысыз баалоочулар тарабынан акчалай баалоо зарыл. Коомдун уставы акциялар менен төлөнүшү мүмкүн болгон мүлктөрдүн түрлөрүнө чек коюшу мүмкүн. 

6. Эгерде коом ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө чыгарылган акцияларды жайгаштыра албай турган болсо, акционерлердин кезектеги жалпы чогулушунда аталган акцияларды тындыруу жолу менен коомдун уставдык капиталын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алынууга тийиш. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128, 2006-жылдын 27-январындагы N 15, 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) 

29-статья. Акцияларга конвертирленген коомдун акцияларын жана баалуу кагаздарын жайгаштыруу учурунда акционерлердин укуктарын камсыз кылуу 

1. Акцияларга конвертирленген коомдун акцияларын жана баалуу кагаздарын ачык жайгаштырган учурда коомдун уставында коомдун акцияларынын ээлери - акционерлер ал баалуу кагаздарды коомдогу аларга таандык болгон акциялардын санына пропорционалдуу санда сатып алууга артыкчылык укугу бар экендиги каралууга тийиш. 

Кошумча чыгарылган акцияларга конвертирленген акцияларды жана баалуу кагаздарды сатып алуу артыкчылык укугуна аларды жайгаштыруу башталган күнгө чейин кеминде 40 күндөн кечиктирбестен акцияларды сатып алган акционерлер ээ болушат. 

Акцияларга конвертирленген акцияларды жана баалуу кагаздарды коом тарабынан жайгаштыруу башталган күнгө чейин кеминде 20 күн калганда, аларды сатып алууга артыкчылык укугу бар акционерлерге тапшырык кат жөнөтүлүүгө, ошондой эле басма сөздө билдирүү жарыяланууга тийиш. Тапшырык кат менен жөнөтүлгөн жана басма сөзгө жарыяланган билдирүүдө төмөндөгүлөр камтылууга тийиш: 

- акционердик коомдун аталышы; 

- кошумча чыгарылган акцияларды же акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган күн; 

- акционер сатып алууга укуктуу болгон акциялардын же акцияларга конвертирленген баалуу кагаздардын саны жана жайгаштыруу баасы; 

- аларды сатып алуу тартиби; 

- жайгаштырылуучу кошумча акцияларды же акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды сатып алуунун артыкчылык укугу бүткөн күн. 

2. Акционер коомго акцияны жана акцияга конвертирленген баалуу кагаздарды сатып алуу жөнүндө жазуу жүзүндө арызын жөнөтүү жолу менен өзүнүн артыкчылык укугун толугу менен же жарым-жартылай ишке ашырууга укуктуу. Мындай арызда төмөндөгүлөр камтылууга тийиш: 

- акционердин аты (аталышы) жана жашаган жери (турган орду); 

- ал сатып ала турган баалуу кагаздардын саны; 

- баалуу кагаздарды төлөө жөнүндө документ. 

Аталган арыз коомго жайгаштырылган кошумча акцияларды жана акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды сатып алууга артыкчылык укугу аяктаган күндөн кечиктирбестен жөнөтүлүүгө тийиш. 

Эгерде коом акцияларды жана акцияга конвертирленген баалуу кагаздарды ачык жайгаштырса, акционер акцияларды жана акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды сатып алууга болгон өзүнүн артыкчылык укугун каалаган адамга өткөрүп берүүгө укуктуу. 

3. Акциялар менен акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарды ачык жайгаштырууда, аларды сатып алуунун артыкчылык укугун колдонбоо жөнүндө, ошондой эле мындай чечимдин колдонуу мөөнөтү тууралу чечим акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынат. 

Коом чыгарган акциялар менен баалуу кагаздарды сатып алуунун артыкчылык укугун колдонбоо жөнүндөгү чечим акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен белгиленген мөөнөткө, бирок мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып бир жылдан ашпаган мөөнөткө колдонулат. 

30-статья. Коомдун фонддору 

Коом фонддорду түзүүгө укуктуу. Фонддун максаты, түзүүнүн тартиби жана түзүлө турган фонддун өлчөмү коомдун уставы болбосо акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат. Фонддор жалаң гана коомдун таза кирешесинен түзүлөт. 

IV Глава 

Коомдун дивиденддери 

31-статья. Акционердик коом тарабынан дивиденддерди төлөп берүү тартиби 

1. Дивиденддер акционердин менчиги болуп эсептелет. Дивиденддер акционерлердин арасында алардын менчигиндеги болгон акциялардын санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт. 

Дивиденддер акционердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен акча каражаттары же башка мүлктөр менен төлөнүп берилет. Коомдун салык төлөөдөн кийин калган пайдасы (таза пайдасы) дивиденддерди төлөп берүүнүн булагы болуп саналат. Артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддер акционердик коомдун ушул максаттар үчүн мурда түзүлгөн атайын фонддорунун эсебинен төлөнүп берилүүсү мүмкүн. 

Акционердик коом дивиденддерди төлөп берүүгө акционердик коомдун тескөөсүндө калган жыл ичиндеги иштердин жыйынтыгы боюнча таза пайданын кеминде 25 пайызын багыттоого тийиш. 

2. Акционердик коом финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча тиешелүү мезгил аяктагандан кийин жайгаштырылган акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алууга (жарыялоого) укуктуу. 

Дивиденддерди төлөп берүү, дивиденддин өлчөмү жана аны төлөп берүүнүн формасы жөнүндө чечим акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынат. Дивиденддерди акчалай төлөгөндө акционердин жазуу жүзүндөгү арызына ылайык, төлөп берүү накталай же накталай эмес формада жүргүзүлөт. Дивиденддердин өлчөмү директорлор кеңеши же директорлор кеңеши болбогон учурда башкармалык тарабынан сунуш кылынгандан көп болуусу мүмкүн эмес. 

Коомдун директорлор кеңеши дивиденддерге багытталуучу каражаттардын көлөмү жөнүндө маселени акционерлердин жалпы чогулушуна алып чыгуунун алдында дивиденддерди төлөп берген учурда коомдун банкрот болуу коркунучу жөнүндө маселени кароого милдеттүү

Дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечимде төмөнкү маалыматтар болуусу тийиш: 

1) дивиденддердин өлчөмү жана берүүнүн формасы жөнүндө

2) аны жарыялаган учурдан тартып коомдун акционерлердин алдында дивиденддерди төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилиги келип чыгуучу иш жүзүндө дивиденддерди төлөп берүүнүн орду жана датасы жөнүндө

3) дивиденддерди алууга укугу бар акционерлерди каттоонун акыркы датасы жөнүндө

Дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечимди акционердик коом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү

3. Дивиденддерди төлөп берүүнүн тартиби коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат. Дивиденддерди төлөп берүү күнү акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат жана дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн эрте жана мындай чечим кабыл алынгандан кийин 120 күндөн кеч болушу мүмкүн эмес. 

Дивиденддерди төлөп берүүнүн датасы расмий жарыяланганга чейин 30 күндөн кечиктирбестен коомдун акциясын сатып алган адамдар дивиденддерди алуу укугуна ээ болушат. Жүгүртүүгө чыгарылбаган же коомдун балансында турбаган акцияларга дивиденд төлөнбөйт. 

Дивиденддерди төлөп берүү үчүн дивиденддерди алууга укугу бар адамдардын тизмеси түзүлөт. Тизмени түзүү үчүн акциялардын номиналдуу кармоочусу өзү алардын кызыкчылыгында акцияларга ээлик кылган адамдар жөнүндө маалыматтарды берет. 

4. Акционердик коом акциялардын ар бир категориясы (түрү) боюнча жарыяланган дивиденддерди төлөө күнү келген күндөн тартып талап боюнча бардык акционерлерге төлөп берүүгө милдеттүү. Акционер акционердик коомдун карызынын пайда болуш мөөнөтүнө карабастан, жарыяланган дивиденд акционердик коомдун күнөөсү боюнча төлөнбөгөн учурда акционердик коомдон жарыяланган дивиденддерди сот тартибинде төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу. 

Эгер акционердик коом акционерге ага тиешелүү дивиденддерди төлөп берүү күнүнөн кийин төлөп бербесе, анда ага тиешелүү дивиденддерге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча үстөк пайыздар чегерилет. 

5. Дивиденддерди төлөп берүү мөөнөттөрүн жана тартибин бузган же төлөп бербеген акционердик коомдун кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР 2006-жылдын 31-июлундагы N 145, 2011-жылдын 5-октябрындагы N 163, 2016-жылдын 22-мартындагы N 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

32-статья. Дивиденддерди төлөөнүн чектөөлөрү 

1. Эгерде дивиденд төлөнгөн учурга карата ал банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жооп берсе же көрсөтүлгөн белгилер коомдо дивиденддерди төлөөнүн натыйжасында пайда болсо, коом акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) тууралу чечим кабыл алууга укуксуз. 

Коомдун айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен дивиденддерди төлөөгө башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн. 

2. Эгерде артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алынбаса, коом жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоолор) тууралу чечим кабыл алууга укуксуз. 

V Глава 

Коомдун акционерлеринин реестри 

33-статья. Коомдун акционерлеринин реестри 

1. Коомдун акционерлеринин реестринде төмөндөгүдөй маалыматтар көрсөтүлөт: 

- коом тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган акциялардын саны жана категориялары (типтери) тууралу; 

- ар бир катталган жак жөнүндө, анын менчик ээсиби же акциялардын номиналдык кармоочусу экендигин көрсөтүү менен; 

- ар бир энчилүү акция жөнүндө, акциянын сатып алынган убактысы, ар бир акционердеги мындай акциялардын саны тууралу алардын реквизиттери (юридикалык жак - акционерлер үчүн турган жери жана эсептешүү эсеби, жеке жак - акционерлер үчүн паспортунун маалыматтары жана жашаган жери) көрсөтүү менен; 

- коомго же көз карандысыз реестр кармоочуга берилген маалыматтар боюнча акцияларга күрөө укугуна ээ болгон, ошондой эле күрөө кармоочу ушундай акциялар менен добуш берүү укугуна ээ экендигин же ээ эместигин көрсөтүү менен акционерлердин реестрине киргизилүүгө тийиш болгон жактардын реквизиттери жөнүндө, акцияга укуктарды сатып алуунун башка негиздери тууралу жана акцияларды күрөө милдеттенмелерине байлоо фактылары жөнүндө; акцияларды майдалоо жана бириктирүү жөнүндө; баалуу кагаздар боюнча кирешелерди төлөө тууралу. 

2. Коом баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында коомдун акцияларынын уюмдаштыруу жагындагы чыгарылышы катталган учурдан тартып бир айдан өткөрбөй Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык коомдун акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону камсыз кылууга милдеттүү

3. Тиешелүү лицензиянын жана коом менен келишимдин негизинде реестрди жүргүзүү боюнча өз ишин жүзөгө ашыруучу каттоочу коомдун акционерлеринин реестрин кармоочу боло алат. 

Ачык акционердик коомдо баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген, коомго көз карандысыз болгон каттоочу, акционерлердин реестрин кармоочу болуп аныкталууга тийиш. 

4. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы N 245 Мыйзамы менен алып салынды) 

5. Коомдун акционерлеринин реестринде катталган жак өзүнүн маалыматтарынын өзгөргөндүгү тууралу коомдун акционерлеринин реестрин кармоочу өз учурунда кабардар кылууга милдеттүү. Эгерде алар тарабынан өздөрүнүн маалыматтарынын өзгөргөндүгү тууралу маалымат берилбесе, коом менен көз карандысыз реестр кармоочу буга байланыштуу чыгашалар үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

6. Коомдун акцияларын сатып алган жак акционерлердин реестрине жазуу жазылган учурдан тартып алар боюнча бардык мүлктүк жана мүлккө кирбеген укуктарды алат. 

7. Эмитенттин акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу реестрдин кармоочулары коомдун акционерлери, акцияларынын номиналдык кармоочулары тууралуу маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтарды ачып берүүгө милдеттүү

8. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттүн ичинде акционерлердин реестринин баштапкы эсепке алуу документтерин, чогулуштардын протоколдорун сактоого милдеттүү, бирок 5 жылдан кемитпей кармап, андан кийин мамлекеттик архивге өткөрүп берүүгө тийиш. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128, 2009-жылдын 24-июлундагы N 245, 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

34-статья. Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюу 

1. Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюу акционердин же акцияларды номиналдык кармоочунун талабы боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган документтер берилген учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбестен ишке ашырылат. 

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюудан баш тартууга жол берилбейт. Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюудан баш тартылган учурда аталган реестр кармоочу коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюу жөнүндө талап коюлган учурдан тартып беш күндөн кечиктирбестен жазууну талап кылган жакка жазып коюудан баш тартылгандыгы тууралу жүйөлүү билдирүү жөнөтөт. 

Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн. Соттун чечими боюнча акционерлердин реестрин кармоочу көрсөтүлгөн реестрге тиешелүү жазууну жазууга милдеттүү

3. Ачык акционердик коомдун акционерлеринин реестрине акцияларды акы төлөтүп ээликтен ажыратуу менен байланышкан жазууну киргизүү акцияларды ээликтен ажыратуу боюнча бүтүм фондулук биржада жүргүзүлгөндүгү жөнүндө күбөлөгөн фондулук биржанын жана/же депозитарийдин тиешелүү документтеринин негизинде гана жүзөгө ашырылат. 

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы N 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

35-статья. Коомдун акционерлеринин реестринен көчүрмө 

Коомдун көз карандысыз реестрин кармоочу акционердин же акциялардын номиналдык кармоочусунун талабы боюнча коомдун акционерлеринин реестринен көчүрмөнү берүү жолу менен акцияга алардын укуктарын тастыктоого милдеттүү, ал баалуу кагаз болуп саналбайт жана ал берилген учурга карата акцияларга ээлик кылууга акционердин укуктарын тастыктайт. 

 

VI Глава 

Коомду башкаруу 

36-статья. Коомду башкаруу органдары 

1. Акционердик коомдун башкаруу органдары болуп төмөндөгүлөр саналат: 

1) акционерлердин жалпы чогулушу - башкаруунун жогорку органы; 

2) директорлор кеңеши - акционерлердин жалпы чогулуштарынын ортосунда коомго жалпы жетекчиликти ишке ашырган акционердик коомдун башкаруу органы; 

3) аткаруу органы - коомдун учурдагы ишине жетекчилик кылган орган. Ал жекече же коллегиалдуу (башкарма, дирекция) болушу мүмкүн; 

4) текшерүү комиссиясы - контролдоочу орган. 

2. Акционерлеринин саны элүүгө чейин болгон акционердик коомдун уставында директорлор кеңешин түзбөстөн иштөө каралышы мүмкүн. 

Аткаруу органынын жана текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү бир эле учурда коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткара алышпайт. 

3. Коомдун башкаруу органынын иши коомдун уставы жана коомдун ички документтери менен жөнгө салынат. 

4. Мамлекеттик кызматчылар Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн, ушул статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы жайылтылбаган коомдун мүчөлөрү боло алат. 

Коомдун директорлор кеңешинин курамына мамлекеттик кызматчыларды тандоо жана көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 

5. Башкаруу органдарын шайлоо боюнча бардык ченемдер ушул Мыйзам менен гана белгиленет. 

(КР 2009-жылдын 11-майындагы N 152, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

37-статья. Акционерлердин жалпы чогулушу 

1. Акционерлердин жалпы чогулушу коомду башкаруунун жогорку органы болуп саналат. 

Коом коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) тарабынан белгилене турган мөөнөттө жыл сайын акционерлердин жалпы чогулушун (акционерлердин жылдык жалпы чогулушун) өткөрүп турууга милдеттүү, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен. Жылдык чогулуштан тышкары өткөрүлгөн акционерлердин жалпы чогулуштары кезексиз болуп саналат. 

Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизүү менен жана/же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланышкан өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен акционерлердин жылдык жалпы чогулуштарын өткөрүүнүн башка мөөнөтү белгилениши мүмкүн. 

2. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүчү күн жана тартиби, аны өткөрүү тууралу акционерлерге билдирүү тартиби, акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда акционерлерге берилүүчү материалдардын (маалыматтын) тизмеси ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык директорлор кеңеши тарабынан белгиленет. 

(КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги N 33, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

38-статья. Акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясы 

1. Акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына төмөндөгү маселелер кирет: 

1) коомдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү же коомдун жаңы редакциядагы уставын бекитүү

2) коомду өзгөртүп түзүү

3) коомду жоюу, жоюу комиссиясын түзүү жана жоюу балансын бекитүү

4) акционердик коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын өзгөртүүөбөйтүү же азайтуу) жөнүндө, ошондой эле акцияларга конвертирленүүчү баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

5) ачык коом кошумча чыгарган акцияларынын же коомдун акцияга конвертирленүүчү баалуу кагаздарын жабык жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

6) ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган коомдун акцияларын же акцияга конвертирленүүчү баалуу кагаздарын сатып алууга акционердин артыкчылыктуу укуктарын колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алуу; 

7) ушул Мыйзамдын 73-статьясына ылайык ири бүтүм жасоо жөнүндө чечим кабыл алуу; 

8) артыкчылыктуу акцияларды жөнөкөйлөрүнө конвертациялоо; 

9) коомдун жетекчисин жана коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрүн же коомдун жекече аткаруу органынын (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) иштерин жүзөгө ашыра турган адамды шайлоо; 

10) мындай баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим алынган күнгө карата жалпы номиналдык наркы коомдун активдеринин баланстык наркынын 50 же андан жогору пайызын түзгөн акцияларга конвертацияланбоочу облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды коом тарабынан чыгарылышы жөнүндө чечим кабыл алуу; 

11) коомдун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн (текшерүүчүсүн) шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу; 

11-1) аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү

12) дивиденддердин өлчөмү жана төлөө тартиби жөнүндө чечим кабыл алуу; 

13) директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү

14) акционерлердин мурдагы жалпы чогулуштары кабыл алган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерди алып салуу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

15) коомдун резервдик жана башка фонддорун пайдалануу; 

16) коомдун директорлор кеңешинин, аткаруу органынын (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

17) эгерде директорлор кеңешиндеги орундардын саны уставда аныкталбаса, коомдун директорлор кеңешинин сан жагындагы курамын аныктоо; 

18) акционердик коомдун жылдык бюджетин, коомдун жылдык отчетторун, баланстарын, киреше жана чыгаша эсептерин бекитүү, анын киреше менен чыгашаларын бөлүштүрүү

19) эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү

20) коомдун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө (текшерүүчүлөргө) төлөнүүчү сыйакы менен компенсациянын өлчөмүн бекитүү

21) директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо; 

22) ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомдун уставы тарабынан акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына берилген дагы башка маселелерди чечүү

Ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, акционерлердин жалпы чогулушу ушул Мыйзам менен коомду башкаруунун башка органдарынын компетенциясына берилген маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуксуз. 

2. Ушул статьянын 1-пунктундагы 1-23-пунктчаларда көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечим акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына кирет. Акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына кирген маселелер, эгерде ушул Мыйзам менен башкасы белгиленбесе, башкаруунун башка органынын чечимине берилбейт. 

3. Акционерлердин жылдык чогулушу: 

- коомдун аткаруу органдарынын жылдык бюджетин, отчетун, жылдык балансты, чыгашалар менен кирешелеринин эсебин бекитет, анын кирешелери менен чыгашаларын бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат; 

- директорлор кеңешинин мүчөлөрүн, текшерүү комиссиясын шайлайт жана эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо, аткаруу органынын мүчөлөрүн бекитет; 

- күн тартибине киргизилген башка маселелерди чечет. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128 2008-жылдын 28-июлундагы N 181, 2017-жылдын 28-июлундагы N 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

39-статья. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, добуш берүүгө коюлган маселелер боюнча акционерлердин жалпы чогулушунда төмөндөгүлөр добуш берүү укугуна ээ болушат: 

коомдун жөнөкөй акцияларынын ээси болушкан акционерлер; 

ушул Мыйзамда каралган учурлардагы коомдун артыкчылыктуу акцияларынын ээси болушкан акционерлер; 

Кумулятивдик добуш берүү учурун кошпогондо, акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү "бир акция - бир добуш" принциби боюнча жүзөгө ашырылат. 

2. Ушул Мыйзамдын 38-статьясынын 1-пунктундагы 1-8-пунктчаларда саналган маселелер боюнча чечимдер коомдун добуш берүүчү акцияларынын жалпы санынын кеминде үчтөн эки добушунун көпчүлүгү менен кабыл алынат. Акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүүгө коюлган маселе боюнча добуштарды эсептөө биргелешип добуш берүүчү бардык акциялар боюнча жүргүзүлөт, анын чечилишинде коомдун жөнөкөй жана артыкчылыктуу акцияларына ээлик кылышкан акционерлер добуш берүү укугуна ээ болушат. 

3. Эгерде коомдун уставы менен башкасы белгиленбесе, ушул Мыйзамдын 38-статьясынын 1-пунктундагы 2, 5-7, 10, 12, 15, 20-пунктчаларда көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечим коомдун директорлор кеңешинин сунушу боюнча гана акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынат. 

4. Ушул Мыйзамдын 38-статьясынын 1-пунктундагы 9-18-пунктчаларда көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечим акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан акционерлердин чогулушуна катышкан добуш берүүчү акциялардын ээси болушкан акционерлердин кеминде үчтөн эки добушунун көпчүлүгү менен кабыл алынат. 

5. Ушул Мыйзамдын 38-статьясынын 1-пунктундагы 19-20, 22-пунктчаларда саналган маселелер боюнча акционерлердин жалпы чогулушунун чечими чогулушка катышкан коомдун добуш берүүчү акцияларынын ээси болушкан акционерлердин жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 

6. Акционерлердин жалпы чогулушунун ушул Мыйзамдын 38-статьясынын 1-пунктунун 21-пунктчасында көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечими кумулятивдик добуш берүү жолу менен гана жүзөгө ашырылат. 

Кумулятивдик добуш берүүнү өткөргөн учурда коомдун добуш берүүчү ар бир акциясына коомдун директорлор кеңешиндеги орундардын жалпы санына барабар добуштардын саны туура келүүгө тийиш. Акционер ага таандык болгон акциялар боюнча добуштарын толугу менен коомдун директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлердин бирөө үчүн берүүгө же аларды бир нече талапкердин ортосунда бөлүштүрүүгө укуктуу. 

Коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган директорлор кеңешинин орундарынын санына тең болгон санда эң көп добуш алган талапкерлер коомдун директорлор кеңешинин курамына шайланды деп эсептелинет. 

7. Коомдун уставын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча акционерлердин жалпы чогулушунун чечими чогулушка катышкан акционерлердин - коомдун добуш берүүчү акцияларынын ээлеринин жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 

8. Акционерлердин жалпы чогулушун алып баруу тартиби боюнча акционерлердин жалпы чогулушунун чечим кабыл алышынын тартиби коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен бекитилген коомдун ички документтери менен белгиленет. 

9. Эгерде коомдун добуш берүүчү акцияларынын ээси болушкан бардык акционерлер катышкан чогулушта карама-каршы чечим бир добуштан кабыл алынбаса, жалпы чогулуш күн тартибине киргизилген маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуксуз. Эгерде мөөнөт аз болсо же чогулушту чакыруу жөнүндө кабар жөнөтүлбөгөн болсо, чогулуштун чечимдери чогулушта бир добуштан кабыл алынса юридикалык күчкө ээ болот. 

10. Акционерлердин жалпы чогулушу кабыл алган чечимдер, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган тартипте жана мөөнөттө, бирок бул чечимдер кабыл алынгандан кийин 30 күндөн кечиктирилбестен акционерлерге жеткирилет. 

11. Акционер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламдаш органы ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, коомдун уставынын талаптарын бузуу менен кабыл алган акционерлердин жалпы чогулушунун чечимдерине сот тартибинде даттанууга укуктуу. 

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

40-статья. Сырттан добуш берүү өткөрүү жолу менен (суроо-жооп жолу менен) кабыл алынуучу акционерлердин жалпы чогулушунун чечими 

1. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими сырттан добуш берүү өткөрүү жолу менен (суроо-жооп жолу менен) кабыл алынышы мүмкүн. Сырттан добуш берүү өткөрүү жолу менен (суроо-жооп жолу менен) жалпы чогулушту өткөрүү тартибине талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн. 

Ушул Мыйзамдын 38-статьясынын 1-пунктундагы 2-4, 9, 11, 16, 22-пунктчаларында көрсөтүлгөн маселелер боюнча акционерлердин жалпы чогулушунун чечими сырттан добуш берүү өткөрүү жолу менен (суроо-жооп жолу менен) кабыл алынышы мүмкүн эмес. 

2. Эгерде добуш берүүгө коомдун добуш берүүчү акцияларынын бардыгы болуп 60 пайызынан кем болбогон акционерлер катышса, акционерлердин жалпы чогулушунун сырттан добуш берүү жолу менен (суроо-жооп жолу менен) кабыл алынган чечими жарактуу деп эсептелинет. 

3. Сырттан добуш берүү добуш берүү үчүн бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. Акционерлерге добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү күнү коом бюллетендерди кабыл алууну аяктаганга чейин 30 күндөн кечиктирилбестен белгиленүүгө тийиш. 

4. Сырттан добуш берүү өткөрүүдө коомго акционерлер бере турган бюллетендер нотариуста же бул коомдун акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону ишке ашыруучу көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

5. Добуш берүүнүн жыйынтыктары чечим кабыл алынгандан кийин 30 күндөн кечиктирилбестен акционерлерге билдирилет. 

41-статья. Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга болгон укук 

1. Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмеси коомдун акционерлеринин реестринин маалыматтарынын негизинде директорлор кеңеши тарабынан белгилене турган күнгө карата түзүлөт. 

Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмеси түзүлүүчү күн акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн мурда жана жалпы чогулушту өткөрүү күнүнө чейин кеминде 30 күн мурда белгилениши мүмкүн эмес. 

Акционерлердин жалпы чогулушун сырттан добуш берүү жолу менен өткөрүү учурунда кворумду аныктоого жана добуш берүүгө ушул Мыйзамдын 48-статьясынын 2-пунктуна ылайык коом алган бюллетендер катышат, акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмеси түзүлүүчү күн жалпы чогулушту өткөрө турган күнгө чейин кеминде 45 күн жана 60 күндөн ашыгыраак калганда белгиленет. 

2. Жалпы чогулушка катышууга укугу бар акционерлердин тизмесин түзүү үчүн акциялардын номиналдык кармоочусу өзү таламдарын билдирип, акцияга ээ болгон жактар жөнүндөгү маалыматтарды тизме түзүлүүчү күндө берет. 

3. Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмеси ар бир акционердин аты-жөнүн (аталышын), анын дарегин (турган жерин), өзүнө таандык болгон акциялардын саны жана категориясы (тиби) жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт. 

4. Акционердин талабы боюнча коом аны акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмесине киргизилгендиги тууралу маалыматты ага берүүгө милдеттүү

5. Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмесине өзгөртүүлөр төмөнкүдөй учурларда гана киргизилиши мүмкүн: 

- аталган тизме түзүлгөн күнгө чейин ага киргизилбеген жактардын бузулган укуктары кайрадан калыбына келтирилгенде; 

- аны түзгөн учурдагы кетирилген катаны оңдогондо; 

- директорлор кеңеши белгилеген күндөн кийин, бирок акционерлердин чогулушуна чейин добуш берүү укугу бар акцияны сатып алган акционер акционерлердин реестрине киргизилгенде. 

42-статья. Акционерлердин жалпы чогулушунун өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалымат 

1. Ачык коомдун акционерлерине акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тууралу билдирүү аларга жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жана маалыматты басма сөзгө жарыялоо жолу менен ишке ашырылат. 

2. Жабык коомдун акционерлерине акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тууралу билдирүү аларга жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү менен ишке ашырылат. 

Коом акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө акционерлерге массалык маалыматтын дагы башка каражаттары (телекөрсөтүү, радио) аркылуу кошумча билдирүүгө укуктуу. 

3. Жабык коом акционерлердин жалпы чогулушун өткөргөнгө чейин 10 күндөн кечиктирбестен аны өткөрүү тууралу билдирүүгө милдеттүү

Ачык коом акционерлердин жалпы чогулушун өткөргөнгө чейин 20 күндөн кечиктирбестен аны өткөрүү тууралу акционерлерге билдирүүгө милдеттүү. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланууга тийиш. 

4. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүү төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

- акционерлердин жалпы чогулушунун аталышын, аны өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун; 

- акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмесинин түзүлгөн күнүн; 

- акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибин; 

- акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда акционерлерге бериле турган маалымат (материалдар) менен акционерлерди тааныштыруу тартибин. 

5. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда акционерлерге бериле турган маалыматка (материалдарга) төмөндөгүлөр кирет: 

- коомдун финансы-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчету; 

- коомдун финансы-чарбалык ишин жылдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн) жана коомдун аудиторунун корутундусу; 

- коомдун директорлор кеңешине талапкерлер жөнүндө маалыматтар; 

- коомдун аткаруу органына жана текшерүү комиссиясына (текшерүүчүсүнө) талапкер тууралу маалыматтар, эгерде алар акционерлердин жалпы чогулушунда шайлана турган болсо; 

- коомдун уставына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоору же коомдун жаңы редакциядагы уставынын долбоору. 

Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда акционерлерге милдеттүү түрдө бериле турган кошумча маалыматтын (материалдардын) тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомдун уставы менен белгилениши мүмкүн. 

6. Эгерде акциялардын номиналдык кармоочусу коомдун акционерлеринин реестринде катталган жак болуп саналса, акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүү акциялардын номиналдык кармоочусуна жиберилет. Акциялардын номиналдык кармоочусу аны өзүнүн кардарларына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же кардар менен түзүлгөн келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө жеткирүүгө милдеттүү

7. Акционерлердин жалпы чогулушуна катыша турган акционерлердин тизмеси түзүлгөн күндөн кийин акционерлердин реестрине кирген акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тууралу малыматты акционерлерге бербегени үчүн коом жоопкерчилик тартпайт. 

8. Бир акционерден турган коомго акционерлерди кабардар кылуу, акционерлердин жалпы чогулушуна даярдык көрүү, кворумду аныктоо жол-жоболору, акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү жана добуштарды эсептөө боюнча ушул Мыйзамдын талаптары жайылтылбайт. Мындай коом Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кабыл алынган чечимди жазуу жүзүндө жол-жоболоштурууга милдеттүү

43-статья. Коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун күн тартибин түзүү 

1. Бардыгы чогулганда коомдун добуш берүүчү акцияларынын кеминде бир пайызынын ээси болгон коомдун акционерлери (акционери) коомдун финансылык жылы аяктагандан кийин 30 күндөн кечиктирбестен акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибине бирден ашпаган сунуш берүүгө жана уставга ылайык коомдун шайлануучу органына талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу. 

2. Акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибине маселелерди коюу боюнча сунуштар жазуу жүзүндө коомдун дарегине берилет, анда сунуш берүүнүн жүйөсү, маселени койгон акционердин (акционерлердин) аты-жөнү, ага таандык болгон добуш берүүчү акциялардын саны көрсөтүлөт. 

3. Шайлануучу органга талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуш киргизген учурда, анын ичинде өзүн-өзү көрсөткөндө, талапкердин аты-жөнү, ошондой эле талапкерди көрсөткөн акционерлердин аты-жөнү, аларга таандык болгон добуш берүүчү акциялардын саны көрсөтүлөт. 

4. Күн тартиби боюнча, анын ичинде шайлануучу органдарга талапкерлер боюнча акционерлердин сунуштарын коомдун катчысы коомдун директорлор кеңешинин кароосуна коет. 

5. Коомдун директорлор кеңеши келип түшкөн сунуштарды карап чыгууга жана аларды акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибине киргизүү жөнүндө же көрсөтүлгөн күн тартибине киргизүүдөн баш тартуу тууралу чечимди бул статьянын 1-пунктунда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен кабыл алууга милдеттүү. Акционер (акционерлер) тарабынан коюлган маселе акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибине шайлануучу органды шайлоо боюнча добуш берүүгө талапкер болгондордун тизмесине киргизилүүгө тийиш болгон талапкерлер сыяктуу эле киргизилүүгө тийиш, буга: 

- акционер (акционерлер) тарабынан ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген мөөнөт сакталбаган; 

- акционер (акционерлер) ушул статьянын 1-пунктунда каралган сандагы коомдун добуш берүүчү акцияларынын ээси болбогон; 

- статьянын 3-пунктунда каралган маалыматтар толук эмес же анык болбогон; 

- сунуштар ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбеген учурлар кирбейт. 

6. Маселени акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибине же коомдун шайлануучу органын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн талапкерлердин тизмесине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө коомдун директорлор кеңешинин жүйөлүү чечими маселени койгон же сунуш киргизген акционерге (акционерлерге) ал кабыл алынган учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт. 

Эгерде коомдун уставында директорлор кеңешин, коомдун катчысынын кызматын түзүү каралбаса, коомдун уставы компетенциясына акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө жана анын күн тартибин бекитүү тууралу маселени чечүү кирген коомдун белгилүү адамы же органы жөнүндө көрсөтмөнү камтууга тийиш. 

44-статья. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык 

Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүүдө коомдун директорлор кеңеши төмөндөгүлөрдү аныктайт: 

- акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү күнүн, ордун жана убактысын; 

- акционерлердин каттоо башталган жана аякталган убактысын; 

- акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибин; 

- акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укуктуу болушкан акционерлердин тизмеси түзүлгөн күндү

- акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө акционерлерге билдирүү тартибин; 

- акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда акционерлерге берилүүчү маалыматтын (материалдардын) тизмесин; 

- добуш берүү үчүн бюллетендердин мазмунун. 

Чогулуш башталганга чейинки акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу үчүн келишкен акционерлерди каттоого бөлүнгөн убакыт бир сааттан ашпайт. 

45-статья. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу 

1. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу коомдун директорлор кеңешинин же аткаруу органынын (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) чечими менен төмөндөгүдөй негиздерге таянып өткөрүлөт: 

- жеке өзүнүн демилгеси менен; 

- коомдун аткаруу органынын талабы менен; 

- коомдун добуш берүүчү акцияларынын кеминде 10 пайызынын ээси болушкан акционердин (акционерлердин) талабы менен; 

- коомдун текшерүү комиссиясынын талабы менен; 

- баалуу кагаздар боюнча мыйзамдар бузулган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын талабы менен. 

Чечимде акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүнүн түрү (ачык же сырттан добуш берүү) аныкталууга тийиш. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын талаптары акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү түрүн көрсөтүүнү камтыса, коомдун директорлор кеңеши аны өткөрүү түрүн өз чечими менен өзгөртүүгө укуксуз. 

Сырттан добуш берүү түрүндөгү (суроо-жооп жолу менен) акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө коомдун директорлор кеңешинин чечиминде төмөндөгүлөр аныкталууга тийиш: 

- добуш берүү үчүн бюллетендин мазмуну; 

- добуш берүү үчүн бюллетендерди акционерлерге берүү күнү жана ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын жана коомдун уставынын талаптарына ылайык башка маалыматтар (материалдар); 

- коомдун добуш берүү үчүн бюллетендерди кабыл алууну аяктаган күнү

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү тууралу чечим кабыл алынган учурдан тартып 45 күндөн кечиктирилбестен коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) тарабынан ишке ашырылат. 

2. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө талапта чогулуштун күн тартибине киргизиле турган маселелер аларды киргизүүнүн жүйөсү көрсөтүлүү менен жол-жоболоштурулууга тийиш. 

Коомдун директорлор кеңеши ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын талабы боюнча чакырылып жаткан акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун күн тартибиндеги маселелердин жол-жоболоштурулушуна өзгөртүү киргизүүгө укуксуз. 

3. Эгерде акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу тууралу талап акционерден (акционерлерден) келип чыкса, ал анын аты-жөнүн (аталышын), ага таандык болгон акциялардын санын, категорияларын камтууга тийиш. 

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө талапка акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылган адам (адамдар) кол коет. 

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун чакырылышына түрткү болгон акционер (акционерлер) чогулуш аяктаганга чейин өзүнүн акциясын ажыратып алууга укуксуз. 

4. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар кезексиз жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө талап койгон күндөн тартып 10 күндүн ичинде коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу тууралу же чакыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш. 

Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын талабы боюнча акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруудан баш тартуу тууралу чечим төмөндөгүдөй учурларда гана кабыл алынышы мүмкүн: 

- чогулушту чакыруу жөнүндө талап коюунун ушул Мыйзамда белгиленген тартиби сакталбаганда; 

- акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылган акционер (акционерлер) коомдун добуш берүүчү акцияларынын 10 пайызына ээ болбосо; 

- коомдун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун күн тартибине киргизүү үчүн сунуш кылынган маселелердин бири да анын компетенциясына кирбесе; 

- күн тартибине киргизүү үчүн сунуш кылынган маселе ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе. 

5. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу же аны чакыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим аны чакырууну талап кылган адамдарга ал кабыл алынган учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбестен жиберилет. 

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруудан баш тартуу жөнүндө чечим сотко даттанылышы мүмкүн. 

6. Эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн ичинде коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы тарабынан (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн ишти жүзөгө ашырса) акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынбаса же аны чакыруудан баш тартуу тууралуу жүйөлөштүрүлбөгөн чечим кабыл алынса, ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн анын чакырылышын талап кылган жактар, акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду аргасыз кылуу жөнүндө талаптар менен баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу. 

7. Эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн ичинде коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы тарабынан (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн ишти жүзөгө ашырса) акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынбаса же аны чакыруудан баш тартуу тууралуу жүйөлөштүрүлбөгөн чечим кабыл алынса, акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду аргасыз кылуу жөнүндө чечимди кабыл алууга баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун укугу бар. 

Баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду аргасыз кылуу жөнүндө чечиминде аны өткөрүүнүн мөөнөтү жана тартиби көрсөтүлөт. Баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечимин аткаруу акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу менен кайрылган жана аны талап кылган жакка, же болбосо анын өтүнүчү боюнча коомдун органына же алар макул болгон шартта башка жакка жүктөлөт. Коомдун директорлор кеңеши (байкоочу кеңеши) мындай орган боло албайт. Мында баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечимине ылайык акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрө турган коомдун органы же жак бул чогулушту чакыруу жана өткөрүү үчүн зарыл болгон ушул Мыйзамда каралган баардык укуктарга жана ыйгарым укуктарга ээ болот. 

Эгерде баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечимине ылайык акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу менен кайрылган жана аны талап кылган жак акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрсө, анда бул чогулушту даярдоого жана өткөрүүгө жумшалган чыгымдардын орду акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча коомдун каражаттарынын эсебинен толтурулушу мүмкүн. 

8. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду аргасыз кылуу жөнүндө чечимди аткаруу жүктөлгөн жактын талабы боюнча коомдун акционерлеринин реестрин кармоочу акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүнү акционерлерге жөнөтүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аларды каттоону жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүнү камсыз кылууга милдеттүү

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду аргасыз кылуу жөнүндө чечимди аткаруу жүктөлгөн жактын талабы боюнча коомдун акционерлеринин реестрин кармоочунун акционерлерге билдирүү жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү боюнча көрсөткөн кызматына акы төлөөнүн өлчөмү, почта аркылуу материалдарды жөнөтүү жана акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн зарыл болгон чыгымдар менен байланышкан чыгымдарды төлөө суммасынан ашпашы керек. 

9. Эгерде акционерлердин жылдык жалпы чогулушу ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө чакырылбаса жана өткөрүлбөсө, ушул статьянын 6-8-пункттарында каралган эрежелер ага карата да колдонулат. 

(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39, 2017-жылдын 28-июлундагы N 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

46-статья. Эсептөө комиссиясы 

1. Коомдун добуш берүүчү акцияларына ээ болгон акционерлердин саны 3төн көбүрөөк болгон акционердик коомдо эсептөө комиссиясы түзүлөт, анын саны жана жекече курамы коомдун директорлор кеңешинин сунушу боюнча акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилет. 

2. Эсептөө комиссиясынын курамы үч адамдан аз болбойт. Эсептөө комиссиясынын курамына коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчү), коомдун аткаруу органынын мүчөлөрү, ага тете башкаруучу уюм же башкаруучу адам, ошондой эле талапкерлер тарабынан ушул кызматка көрсөтүлгөн адамдар кирбейт. 

3. Эсептөө комиссиясынын курамына көз карандысыз реестр кармоочунун өкүлү кирүүгө тийиш. 

4. Акционерлердин жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясы жалпы чогулушта акционерлер (алардын өкүлдөрү) добуш берүү укугун ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан маселелерди, добуш берүүгө коюлган маселелер боюнча добуш берүү тартибин түшүндүрөт, добуш берүүнүн белгиленген тартибин жана добуш берүүгө катышууга акционерлердин укугун камсыз кылат, добуштарды эсептейт жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт, шайлоо үчүн берилген бюллетендерди архивге өткөрүп берет. 

47-статья. Акционерлердин жалпы чогулушуна акционерлердин катышуусунун тартиби 

Акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу укугун акционер жеке өзү, ошондой эле өзүнүн өкүлү аркылуу тике ашырат. 

Акционер каалаган учурда акционерлердин жалпы чогулушундагы өз өкүлүн алмаштырууга же акционерлердин жалпы чогулушуна жеке өзү катышууга укуктуу. 

Акционерлердин жалпы чогулушундагы акционердин өкүлү Кыргыз Республикасынын ммйзамдарынын же буга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын же жазуу жүзүндө түзүлгөн ишеним каттын көрсөтмөлөрүнө негизделген ыйгарым укуктарга ылайык иш жүргүзөт. Добуш берүүгө ишеним кат келген адам жана өкүл жөнүндөгү (аты же аталышы, жашаган жери же жайгашкан жери, паспорт маалыматтары) маалыматтарды камтууга тийиш. Акционерлердин - жеке жактардын ишеним катка койгон колдорунун аныктыгы көз карандысыз реестр кармоочу, же болбосо нотариус же нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу башка жактар тарабынан күбөлөндүрүлөт. 

Акционер өзүнө таандык болгон акциялардыи бүткүл пакетине, ошондой эле анын ар кандай бөлүгүнө ишеним кат бере алат, ошентип, ишеним кат бир, ошондой эле бир нече мыйзамдуу өкүлдөргө берилиши мүмкүн. 

Акционердин атынан добуш берүүгө катышууга ишеним кат коомдун аткаруу кызмат адамдарына берилбейт. 

Кыргыз Республикасынын резиденти болбогон акционерлер берген добуш берүү ишеним каты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулууга тийиш. 

Коомдун жалпы чогулушун директорлор кеңешинин төрагасы же директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн бири, же аткаруу органдын (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) жетекчиси ачат. Добуш берүүгө катышуучулар ачык добуш берүү менен чогулуштун төрагасын шайлашат, андан ары чогулушту шайланган төрага алып барат. 

2. Тизме түзүлгөн күндөн кийин жана акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү күнүнө чейин акция берилген учурда, акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укуктуу акционерлердин тизмесине киргизилген адам, ошондой эле коомдун акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону жүзөгө ашырган адам акция алган адамга, анын акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу укугу бар экенин кабарлоого милдеттүү. Көрсөтүлгөн эреже акцияны өткөрүп берүүнүн андан кийинки ар бир жолку учуруна да колдонулат. 

3. Эгерде коомдун акциясы бир нече жактын жалпы үлүштүк менчигинде турса, анда акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү боюнча ыйгарым укуктарды алардын каалоосу боюнча жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын бири же алардын жалпы өкүлү ишке ашырат. Аталган адамдардын ар биринин ыйгарым укуктары талаптагыдай жол-жоболоштурулууга тийиш. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

48-статья. Акционерлердин жалпы чогулушунун кворуму 

1. Эгерде акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу үчүн каттоо аяктаган учурга карата бардыгы болуп коомдун жайгаштырылган добуш берүүчү акцияларынын 60 пайыздан ашыгына ээ болгон акционерлер (алардын өкүлдөрү) катталса, акционерлердин жалпы чогулушу чечим кабыл алууга (кворум бар) укуктуу. 

2. Добуш берүү үчүн бюллетендерди акционерлерге жөнөткөн учурда (сырттан добуш берүү учурунда) жөнөтүлгөн бюллетендерде сунуш кылынган, акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүчү күнгө чейин бир күндөн кечиктирбестен коом тарабынан алынган добуштар кворумду аныктоо жана добуштардын жыйынтыгын чыгаруу учурунда эске алынат. 

3. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн кворум жок болгон учурда акционерлердин жаңы жалпы чогулушун өткөрүү күнү жарыяланат. Акционерлердин жаңы жалпы чогулушун өткөрүү учурунда күн тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт. 

Болбой калган чогулуштун ордуна чакырылган акционерлердин жаңы жалпы чогулушу, эгерде ага катышуу үчүн каттоо аяктаган учурга карата бардыгы болуп коомдун жайгаштырылган добуш берүүчү акцияларынын 40 пайыздан кем болбогон добушуна ээлик кылган акционерлер (алардын өкүлдөрү) катталса, чечим кабыл алууга укуктуу. Акционерлеринин саны 10 миңден ашкан коомдун уставында болбой калган чогулуштун ордуна акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн азыраак кворум каралышы мүмкүн, бирок ал коомдун жайгаштырылган добуш берүүчү акцияларынын добушунун 30 пайызынан кем болбойт. 

Акционерлердин жаңы жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүү ушул Мыйзамдын 42-статьясында каралган тартипте ишке ашырылат. 

4. Кворум болбой калгандыгына байланыштуу акционерлердин жалпы чогулушун өткөрө турган күн жылдырылган учурда 30 күндөн кечиктирилбестен акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укуктуу болгон акционерлер акционерлердин болбой калган жалпы чогулушуна катышуучу акционерлердин тизмесине ылайык аныкталат. 

49-статья. Добуш берүү үчүн бюллетень 

1. Чогулуштун күн тартибинин маселелери боюнча акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү добуш берүү үчүн бюллетендер менен жүргүзүлөт. 

2. Добуш берүү үчүн бюллетендин мазмуну коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) тарабынан бекитилет. Добуш берүү үчүн бюллетень акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу үчүн катталган акционерге (анын өкүлүнө) берилет, буга сырттан добуш берүү өткөрүү учурлары кирбейт. 

3. Добуш берүү үчүн бюллетенде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш: 

- коомдун аталышы; 

- акционерлердин жалпы чогулушу өтө турган жер, күнү жана убактысы; 

- добуш берүүгө коюлган ар бир маселенин жазылышы жана анын каралыш кезеги; 

- добуш берүүгө коюлган ар бир маселе боюнча добуш берүүнүн "макул", "каршы" же "калыс" деген сөздөр менен жазылган варианттары. 

Коомдун директорлор кеңешинин, текшерүү комиссиясынын же коомдун аткаруу органынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө маселе боюнча добуш берүү өткөргөн учурда добуш берүү үчүн бюллетенде талапкер (талапкерлер) тууралу маалыматтар камтылууга тийиш, мында анын аты-жөнү көрсөтүлөт. 

50-статья. Добуш берүү үчүн бюллетендер менен жүргүзүлүүчү добуш берүү учурунда добуштарды эсептөө 

Күн тартибинин ар бир маселеси боюнча добуш берүү үчүн өзүнчө бюллетень колдонулат. Добуш берген адамдын добуш берүүнүн мүмкүн болгон варианттарынын бирине гана калтырган добуштар эсептелет. Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бузуу менен толтурулган добуш берүү бюллетени жараксыз деп табылат жана аларда камтылган маселелерге берилген добуштар эсепке алынбайт. 

Добуш берүү үчүн бюллетендерди сактоо тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. 

51-статья. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол 

1. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт, ага эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коюшат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол кеминде үч нускада түзүлөт, алардын бири акционерлердин бул чогулушун тейлеген көз карандысыз реестр кармоочуда сакталат. 

2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин добуш берүү үчүн бюллетендери эсептөө комиссиясы тарабынан мөөр басылат жана сактоого коомдун архивине тапшырылат. 

3. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол акционерлердин жалпы чогулушунун протоколуна кошо тиркелүүгө тийиш. 

4. Добуш берүүнүн жыйынтыктары акционерлердин добуш берүү жүргүзүлгөн жалпы чогулушунда жарыяланат. 

52-статья. Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколу 

1. Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколу акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөндөн кийин 15 күндөн кечиктирилбестен үч нускада түзүлөт, алардын бири акционерлердин бул чогулушун тейлеген көз карандысыз реестр кармоочуда сакталууга тийиш. Бардык нускаларга акционерлердин жалпы чогулушунда төрагалык кылган адам, акционерлердин жалпы чогулушунун катчысы кол коет жана коомдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. 

2. Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколунда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: 

- акционерлердин жалпы чогулушунун өткөн жери жана убактысы; 

- коомдун добуш берүүчү акцияларына ээлик кылган акционерлер ээ болгон добуштардын жалпы саны; 

- чогулушта добуш берүүгө катышкан акционерлер ээ болгон добуштардын саны; 

- чогулуштун төрагасы (президиуму) жана катчысы, чогулуштун күн тартиби. 

Коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун протоколунда сүйлөнгөн сөздөрдүн негизги жоболору, добуш берүүгө коюлган маселелер жана алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, чогулуш кабыл алган чечимдер камтылууга тийиш. 

Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколун сактоо тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. 

53-статья. Коомдун директорлор кеңеши 

Ушул Мыйзам менен акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына киргизилген маселелерди кошпогондо, директорлор кеңеши коомдун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. 

Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө алардын өз милдеттерин аткарып жаткан мезгилине сыйакы төлөнүшү жана алардын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууга байланышкан чыгымдары компенсацияланышы мүмкүн. Мындай сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмү акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен белгиленет. 

54-статья. Коомдун директорлор кеңешинин компетенциясы 

1. Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөндөгү маселелер кирет: 

- акционердик коомдун стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын саясатын калыптандыруу, ошондой эле аткаруу органы тарабынан аларды ишке ашыруу үчүн контроль жүргүзүү

- (абзац КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

- (абзац КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

- ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, коомдун ички документтерин кабыл алуу, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү

- ушул Мыйзамдын 73-статьясына ылайык ири бүтүм жасоо жөнүндө чечим кабыл алуу; 

- аткаруу органын шайлоо жана төлөнүүчү сыйакынын өлчөмүн белгилөө

- коллегиалдуу аткаруучу органдын жетекчисин шайлоо; 

- аткаруу органынын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралу чечим кабыл алуу; 

- акциялар боюнча дивиденддердин өлчөмү жана аны төлөп берүүнүн тартиби боюнча сунуштарды даярдоо; 

- коомду кайра уюштуруу жагынан, ошондой эле коомдун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча акционерлердин жалпы чогулушунда негизделген сунуштарды берүү

- аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо. Аудитор акционерлердин жылдык чогулушунда бекитилбеген учурда, акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырбоо үчүн директорлор кеңешинин компетенциясына аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо жана бекитүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо кирет; 

- жүгүртүлүүчү акциялардын өлчөмүн, алардын санын көбөйтүүнүн же азайтуунун шарттары менен тартибин акционерлердин жалпы чогулушуна сунуш кылуу; 

- акционерлердин жалпы чогулушунда карала турган материалдарды даярдоо; 

- акционерлердин жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышына контроль жүргүзүү

- коомдун катчысын шайлоо; 

- мындай баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата жалпы номиналдык наркы коомдун активдеринин баланстык наркынын 50 пайызына чейинкини түзгөн акцияларга конвертацияланбоочу облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды коом тарабынан чыгарылышы жөнүндө чечим кабыл алуу. 

2. Директорлор кеңешинин компетенциясына төмөндөгү маселелер кириши мүмкүн: 

- ушул Мыйзамдын 45-статьясынын 6-8-пункттарында каралган учурларды кошпогондо. коомдун акционерлеринин жылдык жана кезексиз жалпы чогулуштарын чакыруу; 

- ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибин түзүү жана бекитүү, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушун даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан башка маселелер; 

- аткаруу органынын, текшерүү комиссиясынын, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү, коомдун катчысы жана аудитору менен контракттарды түзүү

- акционерлердин жалпы чогулушунун жана директорлор кеңешинин чечимдерин аткаруу органы аткарбай койгон учурда, сотто коомдун атынан катышуу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана коомдун уставында каралган дагы башка маселелер. 

Ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди чечүү коомду башкаруунун башка органына берилиши мүмкүн эмес. 

3. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, директорлор кеңешин түзбөстөн ишин жүзөгө ашырышкан акционердик коомдордо коомдун уставы менен жалаң гана директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелер акционерлердин жалпы чогулушунун же аткаруучу органдын компетенциясына ыйгарылышы мүмкүн. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128, 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39, 2017-жылдын 28-июлундагы N 154, 2021-жылдын 29-ноябрындагы N 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

55-статья. Коомдун директорлор кеңешин шайлоо 

1. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган тартипте акционерлердин жалпы чогулушунда 3 жылдан ашпаган мөөнөткө шайланышат. 

Эгерде директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өтүп кетсе, ал эми директорлор кеңешинин жаңы курамы шайлана элек болсо, анда директорлор кеңеши өзүнүн милдеттерин директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин аткара берет. 

Коомдун директорлор кеңешинин курамынын мүчөлүгүнө шайланган адамдар чектөөсүз бир нече ирет кайра шайланылышы мүмкүн. 

Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Директорлор кеңешинин чакыртып алынган мүчөсүнүн ордуна курамга кирген мүчөсүнүн ыйгарым укуктары директорлор кеңешинин бүткүл курамынын ыйгарым укуктарынын аякташы менен токтотулат. 

Коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун директорлор кеңешине жана (же) коомго жазуу жүзүндө арыз берүү менен, кандай убакта болбосун өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө өткөрүп бере алат. Эгерде арыздын өзүндө арыз берилген күндөн эрте болушу мүмкүн эмес болгон башка күн көрсөтүлбөсө, бул учурда коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары арызды директорлор кеңеши караган күндөн тартып токтотулат. 

Эгерде директорлор кеңешинин курамынын калган саны анын жарымынан аз болсо, директорлор кеңешинин курамында кандай болбосун өзгөрүүлөр директорлор кеңешинин бүткүл курамын шайлоо менен жүзөгө ашырылат. 

2. Директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун акционери болбошу мүмкүн, коомдун директорлор кеңешинин курамына шайлануучу адамдарга карата коюулуучу талаптар коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилген ички документ менен белгилениши мүмкүн. 

3. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн сан жагынан курамы так болуп, жана 3төн кем жана 11ден көп болууга тийиш эмес коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен төмөндөгүдөй аныкталууга тийиш. 

Ачык сунуштардын шарттарын жана баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектин каттаган ачык компанияларда ачык сунуштар аркылуу жүгүртүүгө чыгарылган баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн бүткүл мезгилинде директорлор кеңешинин курамынын 30 пайыздан аз эмеси директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү болууга тийиш. 

Коомдун акционерлеринин - добуш берүүчү акциялардын ээлеринин саны экиден ашпаган акционердик коомдо коомдун уставы менен директорлор кеңешинин курамынын так санын түзүү каралышы мүмкүн. 

4. (КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128 Мыйзамына ылайык алынып салынган) 

5. (КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128 Мыйзамына ылайык алынып салынган) 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128 2008-жылдын 28-июлундагы N 181, 2016-жылдын 22-мартындагы N 25, 2017-жылдын 28-июлундагы N 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

56-статья. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы 

1. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан өздөрүнүн ичинен директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгү менен шайланат. 

Коомдун директорлор кеңеши каалаган учурда директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгү менен өзүнүн төрагасын кайрадан шайлап алууга укуктуу. 

2. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы анын ишин уюштурат, коомдун директорлор кеңешинин жыйналыштарына чакырат жана ага төрагалык кылат, коомдун жыйналыштарында протоколдун жазылышын уюштурат. 

3. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы жок болгон учурда, анын милдеттерин буга коомдун директорлор кеңеши тарабынан ыйгарым укук берилген директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн бири аткарат. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

57-статья. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышы 

1. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышы директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан анын өзүнүн демилгеси менен же төмөндөгүлөрдүн талаптары боюнча чакырылат: 

- коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн); 

- коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) же коомдун аудиторунун; 

- коомдун аткаруу органынын же коомдун уставы менен аныкталган башка адамдардын; 

- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар боюнча мыйзамдарынын бузулушу аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын. 

Директорлор кеңешинин жыйналышы зарылчылыгына карата, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышын чакыруу жана аны өткөрүү тартиби коомдун уставы же коомдун ички документи менен аныкталат. Коомдун уставында коомдун директорлор кеңешинин чечимин сырттан добуш берүү (суроо-жооп жолу менен) аркылуу кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралышы ыктымал. 

2. Коомдун директорлор кеңешинин жыйынын өткөрүү үчүн кворум коомдун уставы менен аныкталат, бирок коомдун директорлор кеңешинин шайланган мүчөлөрүнүн санынын жарымынан кем эмес болууга тийиш. 

Ачык компаниянын директорлор кеңешинин жыйынында милдеттүү түрдө директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмес санда болууга тийиш. 

Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн саны коомдун уставында каралган сандын жарымынан аз болгон учурда коомдун директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлоо үчүн коом акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууга милдеттүү

Коомдун директорлор кеңешинин калган мүчөлөрү акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жана даярдоо жөнүндө гана чечим кабыл алууга укуктуу. 

3. Эгерде ушул Мыйзамда, коомдун уставында же директорлор кеңешинин жыйналышын чакыруу жана өткөрүү тартибин аныктоочу ички документинде башкасы каралбаса, коомдун директорлор кеңешинин жыйналышынын чечими акционерлердин жалпы чогулушунда шайланган директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн добуштарынын көпчүлүгү менен кабыл алынат. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышында маселелерди чечүү учурунда коомдун директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. 

Коомдун директорлор кеңешинин бир мүчөсүнүн добушун коомдун директорлор кеңешинин башка мүчөсүнө өткөрүп берүүгө жол берилбейт. 

Коомдун уставында коомдун директорлор кеңеши тарабынан чечим кабыл алууда коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн добуштары бирдей болуп калган учурда директорлор кеңешинин төрагасынын добушу чечүүчү добуш боло тургандыгы каралышы мүмкүн. 

4. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышында протокол жазылат. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколу ал өткөрүлгөндөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен жазылат. Жыйналыштын протоколунда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: 

- аны өткөргөн жери жана убактысы; 

- жыйналыштын күн тартиби; 

- жыйналышка катышкан адамдардын тизмеси; 

- добушка коюлган маселелер жана алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары; 

- директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер. 

Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколуна жыйналышка төрагалык кылган адам жана катчы кол коюшат жана алар протоколдун туура жазылгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы N 154 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

58-статья. Коомдун аткаруу органы 

1. Коомдун учурдагы иштерине жетекчилик коомдун жеке аткаруу органы же коллегиалдуу аткаруу органы (башкарма, дирекция) тарабынан ишке ашырылат. 

Эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо, коомдун аткаруу органынын мүчөлөрү акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан ушул Мыйзам же коомдун уставы менен аныкталган тартипте бир жылдан ашпаган мөөнөткө шайланат. 

Коомдун аткаруу органынын мүчөлүгүнө шайланган адамдар чексиз бир нече жолу кайрадан шайланышы мүмкүн. 

Эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо, директорлор кеңешинин, акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аткаруу органынын ыйгарым укуктары келишим боюнча коммерциялык уюмга (башкаруучу уюмга) же жеке ишкерге (башкаруучуга) өткөрүп берилиши мүмкүн. Эгерде коомдун уставында башкасы каралбаса, түзүлүүчү келишимдин шарттары коомдун директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. 

Акциялардын 50 пайызынан ашыгына мамлекет ээ болгон коомдун аткаруу органына шайланган адамдар, алардын иштеген мезгилинде коомдун финансылык көрсөткүчтөрү начарлаган жана/же рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча терс тенденциялар сакталган учурда кайрадан шайланышы мүмкүн эмес. 

Аны банкроттукка алып келген же канааттандырарлык эмес иши, кынтыктуу жүрүм-туруму же жумуш орду боюнча укук бузууларды жасагандыгы үчүн ээлеген кызматынан четтетилген коомдун кызмат адамдары акцияларынын мамлекеттик пакети бар коомдун башкаруу органдарына шайланышы мүмкүн эмес 

2. Акционерлердин жалпы чогулушунун же коомдун директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо коомдун аткаруу органынын компетенциясына учурдагы иштерге жетекчилик кылуунун бардык маселелери кирет. Коомдун аткаруу органы акционерлердин жалпы чогулушунун жана коомдун директорлор кеңешинин чечимдерин аткарууну уюштурат. 

3. Коомдун жеке аткаруу органынын, коомдун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, башкаруучу уюмдун же башкаруучунун коомдун учурдагы иштерине жетекчилик кылуу боюнча укуктары менен милдеттери ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары, коомдун уставы, коом менен түзүлүүчү келишим, коомдун укуктук документтери менен аныкталат. Келишимге коомдун атынан коомдун директорлор кеңешинин төрагасы же коомдун директорлор кеңеши ыйгарым укук берген адам кол коет. 

4. Жыл сайын акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө кеминде 20 күн калганда коомдун аткаруу органы жылдык отчетту, балансты, кирешелердин жана чыгашалардын эсеп-кысаптарын, жылдык бюджетти даярдап, акционерлердин бул материалдарды алышы үчүн мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга тийиш. 

Аткаруу органы жылдык отчетту, балансты, кирешелердин жана чыгашалардын эсеп-кысаптарын, жылдык бюджетти акционерлердин жалпы чогулушуна берүүгө тийиш. 

5. Аткаруучу орган үзгүлтүксүз, бирок кварталында кеминде бир жолу директорлор кеңешинин алдында коомдун финансылык-чарбалык иштери жана коомдун максаттарын жана саясатын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128, 2011-жылдын 5-октябрындагы N 163, 2016-жылдын 22-мартындагы N 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

59-статья. Коомдун жеке аткаруу органы (директор, башкы директор) 

1. Коомдун жеке аткаруу органы ишеним катсыз эле коомдун атынан иш жүргүзөт, анын ичинде анын таламдарын билдирет, коомдун атынан бүтүмдөрдү түзөт, кызмат орундарын бекитет, коомдун бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет. 

2. Жеке аткаруу органынын милдетин аткарып жаткан адамга башка уюмдардын башкаруу органдарындагы кызмат менен айкалыштырып иштешине коомдун директорлор кеңешинин жана акционерлердин жалпы чогулушунун макулдугу менен гана (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) жол берилет. 

3. Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы чогулушунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, коомдун уставына жана түзүлгөн келишимге ылайык каалаган убакта коомдун жеке аткаруу органы менен келишимди бузууга укуктуу. 

60-статья. Коомдун коллегиалдуу аткаруу органы (башкарма, дирекция) 

1. Коомдун коллегиалдуу аткаруу органы коомдун уставынын, ошондой эле коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан бекитилүүчү коомдун ички документинин (жобосунун, регламентинин же дагы башка документтин) негизинде иш жүргүзөт, анда чакыруу мөөнөтү, чакыруу жана өткөрүү тартиби, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу тартиби белгиленет. 

2. Коомдун коллегиалдуу аткаруу органынын жыйналышында протокол жазылат. Коомдун коллегиалдуу аткаруу органынын жыйналышынын протоколу коомдун директорлор кеңешинин, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө (текшерүүчүгө), коомдун аудиторуна алардын талаптары боюнча берилет. 

Коллегиалдуу аткаруу органынын жыйналыштарын өткөрүүнү анын жетекчиси уюштурат, ал коллегиалдуу аткаруу органынын бардык документтерине жана жыйналыштарынын протоколдоруна кол коет. Коллегиалдуу аткаруу органынын жетекчиси коомдун уставына, коомдун директорлор кеңешинин жана коллегиалдуу аткаруу органынын чечимдерине ылайык коомдун атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт. 

3. Коомдун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөсүнүн милдетин аткарып жаткан адамга башка уюмдардын башкаруу органдарындагы кызмат менен айкалыштырып иштөөгө коомдун директорлор кеңешинин жана акционерлердин жалпы чогулушунун макулдугу менен гана (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) жол берилет. 

4. Директорлор кеңеши Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, коомдун уставына, түзүлгөн келишимдерге ылайык каалаган учурда коомдун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрү, башкаруучу уюм же башкаруучу менен түзүлгөн келишимдерди буза алат. 

61-статья. Коомдун катчысы 

1. Акционерлеринин саны 50дөн ашыгыраак болгон акционердик коомдордо коомдун катчысынын кызмат орду белгиленүүгө тийиш. Коомдун катчысы - бул директорлор кеңеши же жалпы чогулуш (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) менен шайлана турган кызмат адамы, анын компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет: 

- коомдун акционерлери менен алардын өз укуктарын ишке ашыруу маселелери боюнча байланышуу; 

- коомдун акционерлеринин реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча контролдук кылуу; 

- акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартиби боюнча акционерлердин сунуштарын түзүү

- акционерлердин жалпы чогулуштары боюнча материалдар менен коомдун акционерлерин камсыз кылууну жүзөгө ашыруу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдун акционерлеринин жалпы чогулуштарынын, директорлор кеңешинин жыйналыштарынын материалдарын сактоону камсыз кылуу. 

2. Коомдун уставында коомдун катчысынын башка да милдеттери каралышы мүмкүн. Акционерлеринин саны 50 жана андан аз болгон акционердик коомдордо коомдун уставында жогоруда аталган маселелер компетенциясына тиешелүү болгон коомдун белгилүү бир адамы же органы көрсөтүлүүгө тийиш. 

62-статья. Коомдун текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү

1. Коомдун финансы-чарбалык ишине контроль жүргүзүү үчүн акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан коомдун текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү) шайланат. Эгерде коомдун уставында башкасы белгиленбесе, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчүсү) коомдун акционерлеринин ичинен шайланат. 

Акциялардын 50 пайызынан ашыгына мамлекет ээ болгон коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) курамына шайланган адамдар катары менен үч жолудан ашык шайланышы мүмкүн эмес. 

2. Коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) ушул Мыйзам менен белгиленбеген компетенциясы коомдун уставы менен аныкталат. 

Коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) иштөө тартиби акционерлердин жалпы чогулушунда бекитилүүчү коомдун ички документи менен аныкталат. 

3. Коомдун финансы-чарбалык ишин текшерүү коомдун жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча, ошондой эле коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн), коомдун директорлор кеңешинин же коомдун добуш берүүчү акцияларынын жалпысынан 10 пайызынан кем эмесине ээ болгон акционерлеринин (акционеринин) талабы боюнча жүргүзүлөт. 

Текшерүү комиссиясы үзгүлтүксүз, бирок кварталында кеминде бир жолу директорлор кеңешине аткарылган иштер жөнүндө маалымат берет. 

Текшерүү комиссиясынын иштеринин натыйжалары акционерлерге коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунда билдирилет. 

4. Коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) талабы боюнча коомдун башкаруу органдарында кызмат ордун ээлеген адамдар коомдун финансы-чарбалык иши жөнүндөгү документтерди берүүгө милдеттүү

5. Коомдун текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү) төмөндөгүлөргө укуктуу: 

- акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылууга; 

- компаниянын каражаттарынын эсебинен көз карандысыз эксперттерди жана аудиторлорду тартууга; 

- каралып жаткан маселелер түшүндүрүүнү талап кылган учурларда текшерүү комиссиясынын жыйналыштарына аткаруучу органдын мүчөлөрүнүн катышууларын талап кылууга; 

- коомдун кызмат адамдарынан анын иштөөсү үчүн зарыл болгон документтерди берүүлөрүн талап кылууга; 

- аудиторду шайлоо боюнча сунуштарды берүүгө же аны менен келишимди бузуу жөнүндө маселеге демилге көтөрүүгө

- коомдун аудиторунан түшүндүрмөлөрдү алууга. 

6. Коомдун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчү) бир эле убакта коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү боло албайт, ошондой эле коомдун башкаруу органдарында дагы башка кызматтарды ээлей албайт. 

Коомдун кызматкелери текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү боло алышпайт. 

7. Текшерүү комиссиясынын жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок кварталында кеминде бир жолу өткөрүлөт. Текшерүү комиссиясынын жыйналыштарын чакыруунун жана өткөрүүнүн тартиби коомдун ички документтери менен белгиленет. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128, 2011-жылдын 5-октябрындагы N 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

63-статья. Коомдун аудити 

Коомдун аудитору аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде коомдун финансылык отчетторунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин аныктоо максатында көз карандысыз текшерүүнү ишке ашырат, ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр боюнча алдын ала корутунду берет. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту жыл сайын аудитордук текшерүүдөн өткөрүп турууга милдеттүү болгон коомдор көз карандысыз аудиторду тартууга тийиш. 

Аудитордук уюм жана/же коомдун аудитору коомдун директорлор кеңеши тарабынан тандалат жана коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун чечими менен бекитилет. 

Эгерде акционерлердин жалпы чогулушунда аудитордук уюм жана/же коомдун аудитору бекитилбесе, анда директорлор кеңеши тарабынан кайрадан аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо өткөрүлөт жана акционерлердин жалпы чогулушун өткөргөн күндөн 45 күндөн кечиктирбестен акционерлердин кезексиз чогулушунун кароосуна киргизилет. 

Аудитордук текшерүү акционерлердин жалпы чогулушунун, коомдун директорлор кеңешинин, текшерүү комиссиясынын чечими боюнча же коомдун добуш берүүчү акцияларынын кеминде 10 пайызына ээлик кылган коомдун акционеринин (акционерлеринин) талабы боюнча каалаган учурда өткөрүлүшү мүмкүн. 

Акционер (акционерлер) финансылык отчеттуулуктун тууралыгын текшерүү жана ырастоо үчүн коомдун аудиторун же башка көз карандысыз аудиторду тартууга укуктуу. Анын кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөө аудитти өткөрүүгө демилге көтөргөн адамдын эсебинен жүзөгө ашырылат. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128 2008-жылдын 2-июнундагы N 110, 2017-жылдын 28-июлундагы N 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

64-статья. Коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) жана коомдун аудиторунун корутундулары 

Коомдун финансы-чарбалык ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундулар түзүлөт: 

- коомдун текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү) тарабынан; 

- коомдун аудитору тарабынан. 

Корутундуда төмөндөгүлөр камтылууга тийиш: 

- коомдун отчетторундагы жана башка финансы документтериндеги маалыматтардын аныктыгын тастыктоо; 

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансы отчетун берүүнүн тартиби, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы-чарбалык ишти жүргүзүүдөгү ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартип бузуу фактылары жөнүндөгү маалыматтар. 

65-статья. Коомдун кызмат адамдарынын жоопкерчилиги 

1. Акционердик коомдун кызмат адамдары болуп төмөндөгүлөр саналат: 

- директорлор кеңешинин мүчөлөрү

- аткаруу органынын мүчөлөрү

- текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү

- коомдун катчысы; 

- башкы бухгалтер. 

2. Акционерлерге жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө түздөн-түз нускоолорду, буйруктарды же коомдун аткаруу органынын мүчөлөрүнө өтүнүч же сунуш түрүндөгү дагы башка көрсөтмөлөрдү берүү менен коомдун учурдагы ишин башкарууга кийлигишүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленгенден тышкаркы учурларда тыюу салынат. 

3. Коомдун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн күнөөлүү иш-аракеттери (аракетсиздиги) менен келтирилген зыян үчүн коом жана акционерлер алдында жоопкерчилик тартышат. 

Коомдун директорлор кеңешинин, аткаруу органынын, текшерүү комиссиясынын коомдун зыян тартышына алып келген чечимге каршы добуш берген же добуш берүүгө катышпаган мүчөлөрү коомго келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартышпайт. 

4. Ушул статьянын жоболоруна ылайык жоопкерчиликти бир нече адам тарткан учурда, алардын коом алдындагы жоопкерчилиги тилектеш болот. 

5. Эгерде финансы-чарбалык иш жөнүндөгү отчет коомдун финансылык абалынын чагылдырылышын олуттуу түрдө бузса, анда коомдун аталган документине кол койгон кызмат адамдары мунун натыйжасында материалдык зыян келтирилген үчүнчү жактардын алдында субсидиардык жоопкерчилик тартышат. 

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы N 110, 2008-жылдын 28-июлундагы N 181, 2016-жылдын 22-мартындагы N 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

65-1-статья. Убактылуу сырткы башкаруу 

1. Жумуштар таасирин тийгизген зонада иштеп жаткан же жашап жаткан адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына түздөн түз коркунуч келтирген коомдун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузгандыгынын негиздери боюнча коомдун жер казынасын пайдалануу укуктары токтотулуп турган, ошондой эле коом тарабынан аларды четтетүү үчүн зарыл чаралар көрүлбөгөн учурда, коомдун башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары коомдун жер казынасын пайдалануу укугу токтотулуп турган мөөнөткө токтотулуп турат. 

Мындай учурларда коомдун башкаруу органдарына, коомдун жер казынасын пайдалануу укуктарын токтотуп туруу үчүн негиз болгон жумуштар таасирин тийгизген зонада иштеп же жашап жаткан адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына келүүчү коркунучту четтетүүгө байланышкан чечимдерди кошпогондо, коомдун операциялык (административдик-чарбалык жана финансылык) ишине байланышкан чечимдерди кабыл алууга тыюу салынат. 

2. Коомдун экономикалык ишин улантууну камсыз кылуу максатында, ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык убактылуу сырткы башкаруу коомдун жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу жөнүндө чечимдин колдонуу мөөнөтүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилет. 

Убактылуу сырткы башкаруу киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы убактылуу сырткы башкаруучуну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети караган тартипте дайындайт. 

Коомдун операциялык ишмердигин убактылуу сырткы башкаруучу болуп жеке жак дагы, юридикалык жак дагы дайындалышы мүмкүн. 

3. Убактылуу сырткы башкаруучу коомдун уставында, ушул Мыйзамда, акционердик коомду башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган коомдун аткаруу органынын бардык ыйгарым укуктарына ээ болот. 

Коомдун жер казынасын пайдалануу укуктарын токтотуп туруу мезгилине карата бардык банктык эсептери тейлөөчү банктын юрисдикциясына карабастан, убактылуу сырткы башкаруучунун толук башкаруусуна өткөрүп берилет. 

Убактылуу сырткы башкаруу мезгилинде орто жана төмөнкү звенонун кызматкерлерине эмгек акы төлөө өз убагында жүргүзүлүүгө тийиш. Ушул максатта убактылуу сырткы башкаруучу кызматкерлерге эмгек акы төлөө үчүн коомдун финансылык каражаттарын тескөөгө укуктуу. Ыйгарым укуктары токтотулуп турган коомдун башкаруу органдарына кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө кандайдыр бир формада тоскоолдук кылууга тыюу салынат. 

4. Убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарланат. 

5. Коомду убактылуу сырткы башкаруу мезгилинде акционерлердин жалпы чогулушу жана директорлор кеңеши тикелей нускамаларды, буйруктарды, өтүнүчтөр же сунуштамалар түрүндөгү башка көрсөтмөлөрдү убактылуу сырткы башкаруучуга берүү жолу менен коомду учурдагы башкарууга кийлигишүүгө укуксуз. 

6. Убактылуу сырткы башкаруучу жер казынасын пайдалануу укугу токтотулуп турган мөөнөттүн ичинде коомдун бүткүл мүлкүнүн сакталган, бузулбаган, адамдар жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз абалда күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү

(КР 2021-жылдын 12-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

VII Глава 

Жайгаштырылган акциялардын коом тарабынан сатып алынышы жана сатылышы 

66-статья. Жайгаштырылган акциялардын коом тарабынан сатып алынышы 

1. Өздөрү жайгаштырган акцияларды өзүнүн акционерлеринин арасында жайылтуу, кийин сатып өткөрүү же жокко чыгаруу үчүн сатып ала алат. Мындай акциялар сатып алынган күндөн тартып бир жылдын ичинде сатылууга тийиш, андай болбогон учурда коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу үч айлык мөөнөт ичинде аталган акцияларды жокко чыгаруу аркылуу коомдун уставдык капиталын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү

Коом тарабынан сатып алынган акциялар добуш берүү укугуна ээ болбойт, алар добуш берүүдө эсепке алынбайт, алар боюнча дивиденддер эсептелбейт. 

Коомдун өзү чыгарган жана сатып алган акциялары менен аларды сатып алгандан бир жыл өткөндөн кийин бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салынат. 

Коомдун өзү чыгарган жана сатып алган акцияларынын жалпы суммасы коом чыгарган акциялардын жалпы санынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. 

2. Коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын азайтуу жөнүндөгү чечиминин негизинде сатып алынган акциялары сатып алынгандан кийин тындырылат. 

Эгерде жүгүртүүдө калган акциялардын номиналдык наркы уставдык капиталдын ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мииималдуу өлчөмүнөн аз болуп калса, анда коом жайгаштырылган акциялардын бир бөлүгүн алардын санын азайтуу максатында сатып алуу аркылуу коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуксуз. 

3. Акцияларды сатып алуу жөнүндөгү чечимде сатып алынуучу акциялардын категориялары, ар бир категория боюнча сатып алынуучу акциялардын саны, сатып алуу баасы, төлөөнүн түрү жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш. 

Коомдун акцияларды сатып алуу баасы ушул Мыйзамдын 71-статьясына ылайык аныкталат. 

Белгилүү категориядагы акцияларга ээ болгон ар бир акционер аларды сатып алуу жөнүндө чечимге келгенде аталган акцияларды сатууга укуктуу, ал эми коом аларды сатып алууга милдеттүү. Эгерде сатууга коюлган акциялардын жалпы саны ушул статьяда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен коом тарабынан сатып алына турган акциялардын санынан аша турган болсо, акционерлерден акциялар билдирилген талаптарга пропорциялуу түрдө сатып алынат. 

4. Акцияларды сатып алуу жүргүзүлүүчү мөөнөткө кеминде 30 күн калганда коом акцияларын сатып алуу жөнүндө чечим чыгарылган белгилүү категориядагы акциялардын ээлерине - акционерлерге кабарлоого милдеттүү. Кабарламада ушул статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында келтирилген маалыматтар камтылууга тийиш. 

5. Артыкчылыктуу акцияларды сатып алуу коомдун уставында каралган баа менен же акциянын рынок наркы боюнча жүзөгө ашырылат. 

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

67-статья. Жайгаштырылган акциялардын коом тарабынан сатып алынышына чектөөлөр 

1. Коом өзү жайгаштырган акцияларды төмөнкү учурларда сатып алууга укуксуз: 

- коом тарабынан чыгарылган акциялардын жыйынтыгы катталганга чейин; 

- эгерде сатып алуу учуруна карата коомдо Кыргыз Республикасынын ишканалардын банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык банкроттуктун (кудуретсиздиктин) белгилерине жооп берсе же аталган белгилер бул акцияларды сатып алуунун натыйжасында пайда боло турган болсо. 

2. Коом бардык акцияларды сатып алмайынча жайгаштырылган акцияларды сатып алууга укуксуз, аларды сатып алуу талаптары ушул Мыйзамдын 70-статьясына ылайык коюлган. 

68-статья. Коомдун акцияларын бириктирүү жана бөлүп жиберүү 

1. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен коом жайгаштырылган акцияларды бириктирүүгө укуктуу, анын натыйжасында коомдун эки же андан көп акциясы ошол эле категориядагы жаңы акцияга конвертирленет. Мында коомдун уставына коомдун жарыя кылынган акцияларынын санына байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. 

Бириктирген учурда бөлүнүн калган акциялар пайда болсо, алар коом тарабынан ушул Мыйзамдын 71-статьясына ылайык аныкталган рынок баасында сатып алынат. 

2. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен коом жайгаштырылган акцияларын бөлүп жиберүүгө укуктуу, анын натыйжасында бир акция ошол эле категориядагы эки же андан көп акцияга конвертирленет. Мында коомдун уставына коомдун жарыя кылынган акцияларынын санына байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. 

3. Коомдун акцияларынын санынын өзгөрүшүн каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 

69-статья. Акционерлердин талабы боюнча коом тарабынан акциялардын сатып алынышы 

1. Акционерлер - добуш берүүчү акциялардын ээлери өздөрүнө таандык болгон акцияларды толугу менен же бир бөлүгүн сатып алууну төмөндөгүдөй учурларда талап кылууга укуктуу: 

- эгерде алар коомду кайра уюштуруу же бүтүм түзүү жөнүндөгү чечимге каршы добуш беришсе, коом кайра уюшулганда же ири бүтүм түзүлгөндө, мындай чечимди коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу кабыл алат; 

- коомдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе же алардын укуктарын чектеген коомдун уставынын жаңы редакциясы бекитилсе, эгерде алар тиешелүү чечимдин кабыл алынышына каршы добуш беришкен болсо. 

Банк иштерин жүргүзүүчү коомдун акционерлеринин коомдон акцияларды сатып алууну талап кылууга укуксуз. 

2. Өздөрүнө таандык болгон акцияларды сатып алууну коомдон талап кылууга укуктуу акционерлердин тизмеси күн тартибине ушул Мыйзамга ылайык добуш берүү акцияларын сатып алууну талап кылуу укугунун пайда болушуна алып келүүчү маселелер киргизилген акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар коомдун акционерлеринин тизмеси түзүлгөн күнгө карата коомдун акционерлеринин реестринин маалыматтарынын негизинде түзүлөт. 

3. Коом тарабынан акциялардын сатып алынышы жалпы чогулушта акцияларды баалоону жана сатып алууну талап кылуу укугунун пайда болушуна алып келүүчү чечим кабыл алынгандан мурдагы алты ай ичиндеги орточо баасынан кем болбогон баа боюнча жасалат. 

70-статья. Акционерлердин өздөрүнө таандык болгон акциялардын коом тарабынан сатып алынышын талап кылуу укугун жүзөгө ашыруу тартиби 

1. Коом акционерлердин өздөрүнө таандык болгон акцияларды коомдон сатып алуу баасында жана тартибинде сатып алууну талап кылуу укугунун бар экендиги жөнүндө акционерлерге маалымдоого милдеттүү

2. Күн тартибине ушул Мыйзамга ылайык добуш берүү акцияларды сатып алууну талап кылуу укугунун пайда болушуна алып келүүчү маселелер киргизилген акционерлердин жалпы чогулушунун өткөрүлүшү жөнүндө акционерлерге билдирүүдө ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар камтылууга тийиш. 

3. Акционердин өзүнө таандык болгон акцияларды сатып алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талабы акционердин жашаган жерин (турган ордун) жана сатып алууну талап кылып жаткан акциялардын санын көрсөтүү менен коомго жиберилет. 

Коомдун өзүнө таандык болгон акцияларды сатып алышы тууралу акционерлердин талаптары акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 45 күндөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш. Коом белгиленген мөөнөттө акцияларын сатып алууну талап кылган акционерлердин акцияларын талап коюлган күндөн тартып 30 күндүн ичинде сатып алууга милдеттүү

4. Коом тарабынан акциялар күн тартибине ушул Мыйзамга ылайык добуш берүүчү акцияларды сатып алууну талап кылуу укугунун пайда болушуна алып келүүчү маселелер киргизилген акционерлердин жалпы чогулушунун өткөрүлүшү жөнүндөгү билдирүүдө көрсөтүлгөн баа менен сатып алынат. Акционердик коомдун өзү чыгарган акцияларды сатып алуунун көлөмү коом тарабынан чыгарылган акциялардын жалпы санынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. Эгерде сатып алуу жөнүндө талап билдирилген акциялардын жалпы саны жогоруда аталган чектөөлөрдү эске алуу менен коом тарабынан сатып алынышы мүмкүн болгон санынан ашык болсо, анда акционерлердин акциялары билдирилген талаптарга пропорционалдуу түрдө сатып алынат. 

71-статья. Мүлктүн рыноктук баасын аныктоо 

1. Мүлктүн рыноктук баасы коомдун акцияларынын же башка баалуу кагаздарынын баасын камтуу менен, мүлктүн наркы жөнүндө толук маалыматы болгон жана аны сатууга милдеттүү болбогон сатуучу сатууга макул боло турган баа, ал эми мүлктүн наркы жөнүндө толук маалыматы болгон жана аны сатып алууга милдеттүү болбогон сатып алуучу сатып алууга макул боло турган баа болуп саналат. 

2. Эгерде коомдун уставында башкасы белгиленбесе, мүлктүн рыноктук баасы коомдун директорлор кеңешинин чечими менен таанылган рынок котировкаларынын же мүлктү көз карандысыз баалоочулардын корутундусунун негизинде аныкталат. 

Ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган учурларда коом мүлктүн рыноктук баасын аныктоого милдеттүү

3. Мүлктүн рыноктук баасын аныктоого көз карандысыз байкоочуну тартуу ушул Мыйзамдын 70-статьясына ылайык коомдун акционерлеринин өзүнө таандык болгон акцияларын сатып алган учурда милдеттүү болуп саналат. 

VIII Глава 

Ири бүтүмдөр 

72-статья. Коом тарабынан мүлктүн сатып алынышы же ээликтен ажыратылышы менен байланышкан ири бүтүмдөр 

1. Ири бүтүмдөр болуп коом тарабынан мындай бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө чечим кабыл алган күнгө карата коомдун активдеринин баланстык наркы 10 жана андан ашык пайызын түзгөн бүтүм же өз ара байланыштуу бир нече бүтүмдөр эсептелет. 

2. Ири бүтүмдүн жүйөсү болгон мүлктүн баасын аныктоо ушул Мыйзамдын 71-статьясына ылайык коомдун директорлор кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат. 

3. Ушул Мыйзамдын VIII главасынын талаптарын бузуу менен жасалган бүтүмдөр сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

73-статья. Коом тарабынан ири бүтүмдөрдү жасоо 

1. Бүтүм жасоо жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата наркы коомдун активдеринин баланс наркынын 20дан 50гө чейинки пайызын түзгөн ири бүтүмдү жасоо тууралу чечим коомдун директорлор кеңеши тарабынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Коомдун уставында наркы коомдун активдеринин баланс наркынын 20 пайызынан аз болгон бүтүмдү жасоо тууралу директорлор кеңешинин чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн. 

2. Бүтүм жасоо жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата наркы коомдун активдеринин баланс наркынын 50 пайызын түзгөн ири бүтүмдү жасоо тууралу чечим коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан коомдун добуш берүүчү акцияларынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем болбогон добушу менен кабыл алынат. 

Коомдун уставы менен акционерлердин жалпы чогулушунда коомдун активдеринин баланстык наркынын 50 пайызынан азыраак нарктагы бүтүм жөнүндө чечим алынышы белгилениши мүмкүн. 

3. Коом өзүнө таандык болгон социалдык-маданий максаттарга пайдалануучу объекттерди өзү каалагандай тескегенге укуктуу. 

(КР 2004-жылдын 13-августундагы N 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

74-статья. Коомдун жөнөкөй акцияларынын 50 жана андан ашык пайызын сатып алуу 

1. Өз алдынча же өзүнүн биригишкен адамы (адамдары) менен бирдикте коомдун жайгаштырылган жөнөкөй акцияларынын 50 же андан ашык пайызын өзүнө таандык болгон акцияларды эске алуу менен сатып алууга ниеттенген адам акцияларды сатып ала турган күнгө чейин 30 күндөн кечиктирбестен аталган акциялардын сатып алуу баасын белгилеп, сатып алуу жөнүндөгү сунушу менен коомго жазуу жүзүндөгү арызын жиберүүгө милдеттүү

2. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган адамдын коомдун жөнөкөй акцияларын сатып алуу жөнүндөгү сунушу бардык акционерлерге - жөнөкөй акциялардын ээлерине сунуш алынгандан кинин 30 күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө билдирилет. 

3. Акционер сунуш алынгандан кийин 30 күндөн кечиктирбестен акцияларды сатып алуу жөнүндөгү сунушту кабыл алууга укуктуу, ал эми мындай сунуш жасаган адам аларды сатып алууга милдеттүү

4. Акционерлерге карата акцияларды сатып алуу жөнүндөгү сунушта коомдун жөнөкөй акцияларынын 50 же андан ашык пайызын сатып алып жаткан адам жөнүндө маалымат (аты же аталышы, дареги же жайгашкан жери), сатып алынуучу акциялардын саны жана баасы, акцияларды сатып алуу мөөнөтү жөнүндөгү маалыматтар камтылууга тийиш. 

5. Банктын түздөн-түз же кыйыр түрдө контролдук кылуу укугун берүүчү акциялар пакетин сатып алуу өзгөчөлүгү атайын Мыйзам менен жөнгө салынат. 

IX Глава 

Коомдун бүтүм жасоого кызыкдар болушу 

75-статья. Кызмат адамдарынын жана алардын биригишкен жактарынын коом тарабынан бүтүм жасоого кызыкдарлыгы 

Коом тарабынан бүтүм жасоого кызыкдар адамдар катары өзүнүн биригишкен адамы (адамдары) менен бирдикте коомдун добуш берүүчү акцияларынын 20 же андан ашык пайызына ээ болгон коомдун кызмат адамдары, акционер (акционерлер) таанылат, эгерде алар жана (же) алардын жакын туугандары жана (же) алардын аффилирленген адамдары: 

- мындай бүтүмдүн тарабы болуп саналышса же ага өкүл же ортомчу катары катышса; 

- бүтүмдүн тарабы болуп саналган же ага өкүл же ортомчу катары катышкан юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын) 20 же андан ашык пайыздарына ээ болушса; 

- бүтүмдүн тарабы болуп эсептелген же ага өкүл же ортомчу катары катышкан юридикалык жактын кызмат адамдары болуп саналышса. 

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

76-статья. Коом тарабынан бүтүм жасалышына кызыкдарлык жөнүндө маалымат 

Ушул Мыйзамдын 75-статьясында аталган адамдар коомдун директорлор кеңешине, коомдун текшерүү комиссиясына (текшерүүчүсүнө) жана коомдун аудиторуна төмөндөгүдөй маалыматтарды жеткирүүгө тийиш: 

- өздөрү жеке же биригишкен адам (адамдар) менен бирдикте коомдун добуш берүүчү акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын) 20 же андан ашыгыраак пайыздарына ээ болгон юридикалык жактар жөнүндө

- башкаруу органдарында кызмат орундарын ээлеген юридикалык жактар жөнүндө

- кызыкдар адамдар катары тааныла турган коом менен болжолдонуп жаткан бүтүмдөрдү (болгон кызыкчылыктын мүнөзүнө жана деңгээлине тийиш болгон бүтүмдүн шарттары жана мүнөзү жөнүндө, бардык олуттуу фактылар жөнүндө) жасоо жөнүндө

Ачык коом ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдү алардын түзүшү жөнүндөгү маалыматты мындай бүтүм түзүлгөн күндөн тартып 5 күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо аркылуу ачышы, ошондой эле баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бүтүм жөнүндө (болгон кызыкчылыктын мүнөзүнө жана деңгээлине тийиш болгон бүтүмдүн шарттары жана мүнөзү жөнүндө, бардык олуттуу фактылар жөнүндө) маалыматты камтыган билдирүү жибериши керек. 

Ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдүн шарттары жана мүнөзү жөнүндө маалымат, анын ичинде болгон кызыкчылыктын мүнөзүнө жана деңгээлине тийиш болгон бардык олуттуу фактыларды ачуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коом тарабынан түзүлүүчү коомдун кварталдык, жылдык отчетторуна кошулушу керек. 

Коом каалаган акционердин талабы боюнча ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүм жөнүндө толук маалыматты берүүгө милдеттүү

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

77-статья. Анын жасалышына кызыкчылыгы болгон бүтүм түзүү тартибине карата талаптар 

1. Ушул Мыйзамдын 75-статьясында аталган адамдар кызыкдар болгон коом тарабынан бүтүм түзүү жөнүндөгү чечим, коомдун директорлор кеңешинин аны жасоого кызыкпаган директорлордун көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 

2. Коом тарабынан бүтүм түзүүгө кызыкдар болгондо, аны жасоо жөнүндө чечим кабыл алуу ушул Мыйзам менен акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына тиешелүү болгон учурда, ал чечим акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан коомдун добуш берүүчү акцияларынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси менен кабыл алынат. Бул учурда бүтүмдү түзүүгө кызыккан акционерлердин акциялары жалпы добуштардын санын эсептегенге катышпайт, ошондой эле бул маселе боюнча добуш бербейт. 

3. Ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүм төмөнкүдөй шарттарда гана түзүлүшү мүмкүн: 

- ээликтен чыгарылган мүлк же көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн коом ачган нарк аталган мүлктүн же кызматтардын ушул Мыйзамдын 71-статьясына ылайык аныкталган рыноктук баадан төмөн эмес, же болбосо мүлктү же кызматтарды сатып алуунун наркы ушул Мыйзамдын 71-статьясына ылайык аныкталган ушул мүлктүн же кызматтардын рыноктук баасынан жогору эмес; 

- ушул бүтүм боюнча коомдун аудиторунун корутундусу болгон учурда. 

4. Бүтүм түзүүгө, анын жасалышына кызыкдар болгондо ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген акционерлердин жалпы чогулушунун чечими талап кылынбайт, эгерде: 

- бүтүм коомдун башка тарап менен ушул Мыйзамдын 75-статьясына ылайык таламдаш жак ушундай деп таанылган учурга чейин, кадимкидей эле чарбалык иш-аракетти жүзөгө ашыруу процессинде жасалса (акционерлердин кезектеги жалпы чогулушу өткөрүлө турган күнгө чейин мындай чечим талап кылынбайт). 

5. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрө турган күнгө карата коом менен башка тараптын ортосунда чарбалык алакалардын уландысы катары жасалуучу бүтүмгө кийин кызыгуу пайда болорун аныктоо мүмкүн болбогон учурда ушул статьянын 3-пунктунун талаптары акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан коом менен башка тараптын ортосунда жасалышы мүмкүн болгон бүтүмдөрдүн мүнөзүн жана суммалардын жогорку чегин көрсөтүү менен келишимдик мамилелерди түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган шартта аткарылды деп эсептелинет. 

6. Эгерде коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы кызыкдар жактар болуп саналса, бүтүм акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен ушул статьянын 3-пунктуна ылайык жасалышы мүмкүн. 

7. Бүтүм жасоого кызыкдар болгондо аны түзүү тартибине карата кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн. 

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

78-статья. Бүтүм жасоого кызыкдар болгондо ага карата талаптарды сактабоонун кесепеттери 

1. Бүтүм жасоого кызыкдар болгондо ага карата ушул Мыйзамдын 76 жана 77-статьяларында каралган талаптарды бузуу менен жасалган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз деп табылышы мүмкүн. 

2. Кызыкдар жак коомдун жана акционерлердин алдында коомго жана акционерлерге келтирилген зыяндардын өлчөмүндө жоопкерчилик тартат жана ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгында ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен бүтүмдөрдү түзүүдөн улам коомго жана акционерлерге келтирилген зыяндардын ордун толтурууга, ошондой эле коомго мындай бүтүмдөрдөн алынган бардык кирешени кайтарып берүүгө милдеттүү. Эгерде жоопкерчиликти бир нече жак тартса, анда алардын коом алдындагы жоопкерчилиги тилектеш болот. 

3. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу аркылуу кызыкдар жак менен бүтүм түзүү жөнүндө чечим кабыл алган коомдун кызмат адамы мындай бүтүмдөн коомго жана акционерлерге келтирилген зыяндардын өлчөмүндө коомдун жана акционерлердин алдында жоопкерчилик тартат. 

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

X Глава 

Коомдогу эсеп жана отчеттуулук, анын документтери. Коом жөнүндө маалымат 

79-статья. Коомдун бухгалтердик эсеби жана финансы отчеттуулугу 

1. Коом Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансы отчетторун берип турууга милдеттүү

2. Коомдогу бухгалтердик эсептин уюштурулушу, абалы жана аныктыгы, тиешелүү органдарга, Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине отчетту жана башка финансы отчетторун өз убагында берип туруу, ошондой эле коомдун иштери жөнүндө акционерлерге, кредиторлорго жана массалык маалымат каражаттарына берилүүчү маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык коомдун аткаруу органы тартат. 

3. Коомдун жылдык отчету акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө кеминде 30 күн калганда коомдун директорлор кеңеши тарабынан алдын ала бекитилүүгө тийиш. 

(КР 2021-жылдын 9-августундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

80-статья. Коомдун документтерин сактоо 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коом өзүнүн бардык документтерин сактоого милдеттүү

81-статья. Коомдун маалымат бериши 

1. Коом жөнүндө маалымат ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык берилет. 

2. Акционерлеринин саны 500дөн ашуун болгон же эч болбогондо баалуу кагаздардын 1 чыгарылышын ачык жайгаштырган коом жыл сайын акционерлердин жылдык чогулушунан кийин 2 ай ичинде, кийинки отчеттук жылдын 1-июнунан кечиктирбестен массалык маалымат каражаттарында коомдун финансы-чарбалык иши тууралу жылдык отчет жарыялоого милдеттүү

Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизүү менен жана/же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланышкан өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен коомдун финансылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетту жарыялоонун башка мөөнөтү белгилениши мүмкүн. 

(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39, 2020-жылдын 3-апрелиндеги N 33, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

82-статья. Коом тарабынан акционерлерге маалыматтын берилиши 

1. Коом акционерлердин төмөндөгүдөй документтерди алышын камсыз кылат: 

- коомдун уюмдаштыруу документтерин, коомдун уюмдаштыруу документтерине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду; 

- коомдун мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүлгөнү тууралу күбөлүктү

- коомдун баалуу кагаздарынын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөргөндүгү тууралу күбөлүктү

- коомдун ички документтерин; 

- мамлекеттик органдарга берилүүчү жылдык, кварталдык, дагы башка отчетторду; 

- коомдун баалуу кагаздарынын эмиссияларынын проспекттерин; 

- коомдун акционерлеринин жалпы чогулуштарынын, коомдун директорлор кеңешинин жыйналыштарынын, коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) протоколдорун; 

- акционерлерге тиешелүү болгон акциялардын санын жана категориясын көрсөтүү менен коомдун биригишкен адамдарынын тизмелерин; 

- коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) коомдун аудиторунун, мамлекеттик финансы контролунун корутундуларын; 

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, коомдун уставы, коомдун ички документтери, акционерлердин жалпы чогулушунун, коомдун директорлор кеңешинин чечимдери караштырган дагы башка документтерди; 

- коомдун финансылык-чарбалык ишкердигиндеги олуттуу фактыларга тиешелүү, анын ичинде ири бүтүмдөр жана ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр жөнүндө материалдарга. 

2. Акционердин талабы боюнча коом ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген документтердин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген дагы башка документтердин көчүрмөсүн суроо-талапты алган күндөн тартып 5 жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө акысын төлөтүү менен берүүгө милдеттүү. Төлөмдүн өлчөмү коом тарабынан белгиленет жана ал документтин көчүрмөсүн даярдоого жана почта аркылуу жөнөтүүгө кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш. 

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы N 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

83-статья. Коом тарабынан маалыматтардын милдеттүү түрдө жарыяланышы 

1. Коом ушул Мыйзамдын 81-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан бөлөк төмөндөгүлөрдү жарыялоого милдеттүү

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда коомдун акцияларын эмиссиялоо проспекти менен кудуреттүү инвесторлордун таанышып чыгуусунун тартиби жана жери жөнүндө маалыматты; 

- ушул Мыйзамда белгиленген тартипте коомдун акционерлеринин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүнү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу дагы башка маалыматтарды. 

2. Коом, анын ичинде жабык коом, облигацияларын жана баалуу кагаздарын ачык жайгаштырган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген көлөмдө жана тартипте маалымат жарыялоого милдеттүү

(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

84-статья. Коомдун биригишкен жактары жөнүндө маалымат 

1. Коомдун биригишкен жактары акцияларды сатып алгандан кийин 10 күндөн кечиктирбестен өздөрүнө таандык болгон акциялар жөнүндө коомго жана баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү

2. Эгерде биригишкен жактын күнөөсү менен аталган маалымат берилбей же өз убагында берилбей калгандыгынан улам коомго мүлктүк зыян келтирилсе, биригишкен жак келтирилген зыяндын өлчөмүндө коом алдында жоопкерчилик тартат. 

XI Глава 

Корутунду жоболор 

85-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилсин. 

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып акционердик коомдор 1 жыл ичинде коомдордун уставдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

2. Ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда камтылган ченемдер карама-каршы келген учурда, ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат. 

3. Ушул Мыйзам киргизилген учурдан тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын: 

- "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы N 60 Мыйзамынын 2 бөлүгүнүн 4-главасынын 52-79-статьялары; 

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-декабрындагы N 148 Мыйзамынын 2-статьясынын 6-11-пункттары; 

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131 Мыйзамынын 6-статьясынын 2-6-пункттары. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин; 

- ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына тиешелүү болгон маселелер боюнча керектүү ченемдик актыларды кабыл алсын. 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизсин. 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Акаев 

  

  

  

2003-жылдын 28-январында 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган