КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2025-жылдын 28-октябры № 237
Керектөөчү кредит жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын максаты болуп керектөөчү кредитти берүү жана кайтаруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле мындай мамилелердин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин белгилөө саналат.
2. Ушул Мыйзам зайымчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, кредит берүүнүн шарттарынын ачык-айкындуулугун жана салыштырмалуулугун камсыз кылууга, ашыкча карыз жүгүн алдын алууга, ак ниетсиз практикалардын алдын алууга, ошондой эле жоопкерчиликтүү кредит берүүгө дем берүүгө багытталган.
3. Ушул Мыйзамда түз каралган учурларды кошпогондо, ушул Мыйзам турак жай кыймылсыз мүлкүн сатып алууга, курууга же бүтүрүүгө берилген кыймылсыз мүлк менен камсыз кылынган кредиттерге карата колдонулбайт.
4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) көзөмөлүндөгү, анын ичинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган өзүнчөлүктү жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен операцияларды каржылоонун ислам принциптери боюнча жүзөгө ашыруучу, керектөөчү кредиттерди берүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарына жайылтылат.
5. Ушул Мыйзамдын талаптары керектөөчү кредитти берүү менен байланышкан мамилелерге, анын ичинде товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө кредит берилген учурларга да жайылтылат. Мыйзамдардын кредит берүү, каржылоонун ислам принциптери жана товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча акчалай милдеттенмени аткарууну бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) маселелерин жөнгө салуучу жоболору ушул Мыйзам жана банк мыйзамдарынын талаптары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.
Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында керектөөчү кредиттерди жөнгө салууга карата кошумча талаптар белгилениши мүмкүн.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) жылдык натыйжалуу пайыздык ставка - ишенимдүү, жылдык, натыйжалуу, салыштырмалуу эсептөөдөгү пайыздык ставка, аны эсептөөдө кардардын керектөөчү кредитти алуу менен байланышкан төлөмдөрү эске алынат;
2) зайымчы - керектөөчү кредитти алган же алуу үчүн кайрылган жеке жак;
3) кредитор - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык кредиттерди берүүгө укугу бар юридикалык жак;
4) үстөк баа - банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык келишимдер боюнча номиналдык жылдык пайыздык мааниге келтирилген кирешелүүлүктүн ченеми, ошондой эле товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн толук бир жолку төлөмдөгү баасына (наркына) салыштырмалуу зайымчынын милдеттенмесинин суммасынын көбөйүшү;
5) зайымчынын карыздык жүгүнүн көрсөткүчү - зайымчынын бардык карыздык милдеттенмелери боюнча орточо айлык төлөмдөрүнүн суммасынын анын орточо айлык кирешесинин пайыздарда туюнтулган чоңдугуна болгон катышы;
6) керектөөчү кредиттин толук наркы - зайымчынын келишим боюнча керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен байланышкан бардык чыгымдарынын бардык жыйынды өлчөмү, анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) наркынын керектөөчү кредитти берүү менен шартталган көбөйүшү. Толук нарк абсолюттук акчалай туюнтмада көрсөтүлөт жана ушул Мыйзамда жана кредитордун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат;
7) керектөөчү кредит - кредитор тарабынан мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөмдүүлүк шарттарында, анын ичинде керектөөчү кредит келишиминин алкагында акчалай милдеттенмени аткарууну зайымчы тарабынан бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) менен товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө максаттары үчүн берилүүчү кредит же ислам принциптери боюнча каржылоо. Керектөөчү кредит жеке адамдарга гана ишкердик иш жана пайда табуу менен байланышпаган жеке, үй-бүлөлүк же тиричилик максаттары үчүн берилет. Керектөөчү кредиттер тараптардын макулдашуусу боюнча пайызсыз же үстөк баасыз болушу мүмкүн;
8) акчалай милдеттенмени аткарууну бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) - керектөөчү кредит келишиминин кредитор тарабынан берилген шарты, ага ылайык товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча милдеттенме Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген тартипте бөлүгү менен же болбосо андан да кечирээк мөөнөттө аткарылышы мүмкүн;
9) кайра каржылоо - учурдагы керектөөчү кредитти толугу менен же болбосо жарым-жартылай жабуу үчүн жаңы тиешелүү керектөөчү кредит келишимин түзүү;
10) талап кылуу укугун өткөрүп берүү (цессия) - кредитордун милдеттенме боюнча өзүнүн талап кылуу укуктарын башка жакка ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүп берүүсү.
2. Ушул Мыйзамда колдонулган башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү тармактарында колдонулгандай мааниде колдонулат.
3-берене. Керектөөчү кредит келишиминин тараптары жана предмети
1. Керектөөчү кредит келишиминин тараптары болуп зайымчы жана кредитор саналат. Керектөөчү кредитти берүү боюнча мамилелерде Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган учурларда зайымчынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуучу башка жактар да катыша алышат.
2. Керектөөчү кредит келишиминин предмети болуп зайымчыга мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөмдүүлүк шарттарында берилүүчү акча каражаттары, ошондой эле кредитор аркылуу төлөнүүчү товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр саналат.
Керектөөчү кредиттин предметине кыймылсыз мүлктү (ипотека), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдөн алып салынган же жүгүртүүсү чектелген башка мүлктү сатып алуу менен байланышкан кредиттер жана бөлүп төлөөлөр кирбейт.
4-берене. Керектөөчү кредитти берүү
1. Керектөөчү кредит керектөөчү кредит келишиминин (мындан ары - келишим) негизинде мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөмдүүлүк шарттарында, анын ичинде пайызсыз кредитти же үстөк баасыз бөлүп төлөөнү (мөөнөтүн кийинкиге калтырууну) берүү учурларында берилет.
2. Керектөөчү кредит жеке жактарга алардын төлөө жөндөмдүүлүгү тастыкталганда берилет. Төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо кредитор тарабынан анын ички жол-жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
3. Керектөөчү кредитти берүүнүн жалпы шарттары, пайыздык ставканын, үстөк баанын өлчөмү жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык жана жеткиликтүү болушу керек жана коммерциялык же банктык купуя сырдын предмети боло албайт.
4. Керектөөчү кредит келишими түзүлгөнгө чейин кредитор керектөөчү кредит жөнүндө маалыматтын толук ачыкталышын камсыз кылууга тийиш. Керектөөчү кредиттин шарттары жана/же үстөк баасы жана/же пайыздык ставкасы жөнүндө толук маалыматты берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
5. Кредитор зайымчыларга керектөөчү кредитти берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө төмөнкүдөй талаптардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү:
1) керектөөчү кредит боюнча натыйжалуу пайыздык ставка керектөөчү кредитти берүү датасына карата декларацияланган (жарыяланган) натыйжалуу пайыздык ставканын маанисинен ашпоого тийиш;
2) керектөөчү кредит келишими түзүлгөнгө чейин керектөөчү кредит жөнүндө толук маалымат, анын ичинде керектөөчү кредиттин берүү шарттары, пайыздык ставкасы же үстөк баасы, толук наркы жөнүндө маалымат мүмкүн болуучу зайымчыга толук ачыкталышы камсыз кылынууга тийиш;
3) зайымчыга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча алынган милдеттенмелерди аткарбагандыгынын же талаптагыдай эмес аткаруунун кесепеттери кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш;
4) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка талаптар.
6. Кредитор зайымчыга керектөөчү кредит келишимин түзгөнгө чейин керектөөчү кредитти берүү шарттары менен таанышуу жана салыштыруу үчүн кагаз же электрондук түрүндөгү стандартташтырылган маалымат барагын акысыз берүүгө милдеттүү.
Маалымат барагы төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) керектөөчү кредиттин түрү жана суммасы же товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн наркы - бөлүп төлөө (мөөнөттүн кийинкиге калтыруу) менен берүүдө;
2) керектөөчү кредиттин колдонуу мөөнөтү, пайыздык ставка, үстөк баа, анын ичинде аларды эсептөө шарттары, ошондой эле, эгерде алар берилүүчү керектөөчү кредиттин шарттарында каралса, башка милдеттүү төлөмдөр;
3) керектөөчү кредиттин толук наркы, ал эми келишимде пайыздарды же башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуу каралган учурларда Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каржылоонун ислам принциптеринин өзүнчөлүгүн эске алуу менен белгиленген тартипте эсептелген жылдык натыйжалуу пайыздык ставка;
4) төлөмдөрдүн өлчөмү, саны жана мезгилдүүлүгү (жабуу графиги);
5) зайымчынын акча каражаттарын алган учурга чейин, ал эми керектөөчү кредитти бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) түрүндө берүүдө - товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү иш жүзүндө өткөрүп бергенге чейин акысыз негизде келишимден баш тартуу укугу жөнүндө маалымат;
6) келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай эмес аткаруунун кесепеттери;
7) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык башка маалымат.
7. Керектөөчү кредитти берүүнүн шарттары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары менен аныкталат.
Керектөөчү кредитти берүүнүн шарттары жана тартиби кардарларды тейлөө жайларында жана кредитордун расмий интернет-сайтында (бар болсо) адамдардын чектелбеген тобу үчүн эркин жеткиликтүүлүк түрүндө милдеттүү түрдө ачыкталууга тийиш.
Керектөөчү кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын өзгөрүшү тууралуу маалымат дароо жарыяланат.
8. Керектөөчү кредитти акчалай милдеттенмени аткарууну бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) түрүндө берүү керектөөчү кредит келишими түзүлгөн датага карата товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн баасына жараша жүзөгө ашырылат. Товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн баасынын кийинки өзгөрүшү тараптардын милдеттенмелеринин өзгөрүшүнө алып келбейт.
Акчалай милдеттенмени аткарууну бөлүп төлөөнү (мөөнөтүн кийинкиге калтырууну) төлөмдүүлүк шарттарында берүүдө үстөк баа ушул Мыйзамдын 8-беренесинде белгиленген мааниден ашпоого тийиш.
5-берене. Керектөөчү кредитти алууда зайымчы тарабынан берилүүчү документтер
1. Зайымчы кредиттик өтүнмөнү кароо үчүн кредиторго инсандыгын ырастоочу документтерди, ошондой эле анын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо жана ушул Мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн зарыл болгон башка документтерди берүүгө милдеттүү.
2. Документтердин минималдуу тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) зайымчынын инсандыгын ырастоочу документ;
2) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ал бар болсо);
3) зайымчынын кирешелери жана зарылдыгына жараша анын үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар аныктыгы ал тарабынан тастыкталуучу документтер же арыздар формасында зайымчы тарабынан же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилет, анын ичинде электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу маалыматтар;
4) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында же келишимде каралган учурларда башка документтер.
Кредитор берилген документтердин аныктыгын текшерүүнү камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
3. Зайымчы тарабынан берилүүчү документтердин тизмегине карата кошумча талаптар Улуттук банк тарабынан белгилениши мүмкүн.
6-берене. Керектөөчү кредит келишиминин шарттары
1. Керектөөчү кредит келишиминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) зайымчынын фамилиясы, аты, атасынын аны жана анын инсандыгын ырастоочу документтин реквизиттери (паспорт же идентификациялык карта), жашаган жери;
2) кредитордун аталышы, уюштуруу-укуктук түрү;
3) керектөөчү кредит объекти жөнүндө маалыматтар (акча каражаттары, товар, жумуш же кызмат көрсөтүү);
4) керектөөчү кредиттин жалпы суммасы жана келишимдин колдонуу мөөнөтү;
5) милдеттенмелерди камсыз кылуу ыкмасы (бар болсо);
6) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте керектөөчү кредиттин пайыздык ставкасы же үстөк баасы, толук наркын, ошондой эле жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасын;
7) керектөөчү кредиттин суммасын берүүнүн жана кайтаруунун тартиби жана мөөнөттөрү;
8) тараптардын укуктары жана милдеттери;
9) кардардын келишим түзүлгөндөн кийин жана кардар акча каражаттарын алган учурга чейин керектөөчү кредитти алуудан акысыз негизде баш тартуу укугу;
10) кардардын керектөөчү кредитти мөөнөтүнөн мурда каалаган убакта кандайдыр бир комиссияларсыз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз жабуу укугу;
11) кредиттик бюролорго кардар жөнүндө маалыматтарды берүүнүн шарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына жана жеке дайындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кардар жөнүндө дайындарды пайдалануунун башка учурлары;
12) кредитор керектөөчү кредит боюнча күрөө предметинен өндүрүп алуу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин үстөк айыптарды (айып пулдарды, туумдарды) эсептөөнү токтотуу милдети, мында керектөөчү кредиттин бүткүл мезгилине эсептелген үстөк айыптын (айып пулдун, туумдун) өлчөмү берилген керектөөчү кредиттин суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш;
13) тараптардын жоопкерчилиги;
14) келишимди өзгөртүүнүн жана бузуунун тартиби;
15) ал жеткис күчтүн (форс-мажор) жагдайларынын келип чыгуу шарттары;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка шарттар.
2. Керектөөчү кредит келишими боюнча зайымчы тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы милдеттенмелерди толук аткаруу үчүн жетишсиз болгон учурда ал боюнча карыз Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген кезектүүлүк тартибинде жабылат. Жабуунун кезектүүлүгүн тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүүгө жол берилбейт.
3. Керектөөчү кредит келишими боюнча жоопкерчилик чараларынын (үстөк айыптын, айып пулдун, туумдун) өлчөмү, эсептөөнүн жана колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталат. Келишимде башка жоопкерчилик чаралары каралышы мүмкүн эмес.
4. Кошуп эсептөөлөрдүн (анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар, үстөк айыптар, айып пулдар, туумдар), анын ичинде керектөөчү кредит реструктуризацияланган учурдагы жалпы суммасы берилген керектөөчү кредиттин суммасынын 60 пайызынан ашпоого тийиш.
5. Керектөөчү кредитти берүү Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык маалыматты ачыкка чыгарууга жана жоопкерчиликтүү кредит берүүгө карата талаптарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
7-берене. Зайымчынын карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн эсептөө жана колдонуу
1. Кредитор төмөнкү учурларда зайымчынын карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн жекече эсептөөгө милдеттүү:
1) керектөөчү кредитти, анын ичинде башка керектөөчү кредитти кайра каржылоо максаты үчүн берүү жөнүндө чечим кабыл алганда;
2) орточо айлык төлөмдүн көбөйүшүнө же келишимдин мөөнөтүнүн узартылышына алып келүүчү келишимдин шарттары өзгөргөндө;
3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка учурларда.
2. Зайымчынын карыздык жүгүнүн көрсөткүчү кредитор тарабынан пайыз менен, үтүрдөн кийин бир белгиге чейинки тактык менен, зайымчынын бардык карыздык милдеттенмелери боюнча орточо айлык төлөмдөрдүн суммасынын, анын ичинде керектөөчү кредитти берүү жөнүндө арыз каралып жаткан кредиторго жеткиликтүү маалыматтарга ылайык анын орточо айлык кирешесинин көлөмүнө болгон катышы катары эсептелет.
3. Кредитор өзүнүн ички документтеринде ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык зайымчынын орточо айлык төлөмдөрүнүн жана орточо айлык кирешесинин суммасын эсептөө тартибин бекитүүгө милдеттүү.
4. Эгерде зайымчынын ушул беренеге ылайык эсептелген карыз жүгүнүн көрсөткүчү, анын ичинде кредитти кайра каржылоо учурунда 60 пайыздан ашса, кредитор зайымчыга мындан ары кредит берүүдөн баш тарткан же келишимдин шарттарына ылайык керектөөчү кредитти толук мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылган учурду кошпогондо, кредитор келишим түзүүгө чейин зайымчыны милдеттенмелерди аткарбоо тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кол койдуруп билдирүүгө милдеттүү. Мындай учурда керектөөчү кредитти берүүгө зайымчынын тобокелдиктер жөнүндө маалымдар экендигин тастыктоочу жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана жол берилет.
Улуттук банк кредиторлор үчүн кредиттик тобокелдикти башкарууга карата кошумча талаптарды белгилөөгө, анын ичинде карыздык жүктүн көрсөткүчүнүн деңгээлине, кредиттердин концентрациясына, пайыздык ставкаларга жана башка параметрлерге жараша чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.
5. Зайымчынын ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн билдирүүлөр менен таанышкан фактысы анын өз колу менен коюлган колу же болбосо санариптик чөйрөнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен ырасталат.
6. Зайымчынын демилгеси боюнча келишимдин шарттары өзгөртүлгөндө, эгерде өзгөртүүлөр төлөмдөрдүн өлчөмүн азайтууну же токтотууну караса, зайымчынын карыздык жүгүнүн көрсөткүчү эсептелбейт.
7. Керектөөчү кредиттердин концентрациясы менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу максаттары үчүн кредитор Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдерди, чектөөлөрдү жана башка талаптарды сактоого милдеттүү.
8-берене. Кредиттин толук наркы
1. Керектөөчү кредиттин толук наркы зайымчынын керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен түздөн-түз байланышкан бардык чыгымдарын камтыйт, анын ичинде:
1) номиналдык пайыздык ставка боюнча чегерилген пайыздар;
2) каржылоонун ислам принциптеринин шарттарында түзүлгөн келишимдер боюнча үстөк баа;
3) товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн наркы менен кредитор аркылуу бөлүп төлөөгө (мөөнөтүн кийинкиге калтырууга) зайымчы тарабынан иш жүзүндө төлөнүүчү сумманын ортосундагы айырма болуп саналган үстөк баа;
4) керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен түз байланышкан камсыздандырууга кеткен чыгымдар (бар болсо);
5) керектөөчү кредит келишимин түзүү менен түз байланышкан нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик алымдар;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түз каралган кыйыр салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр.
Ушул беренеде каралган төлөмдөрдөн тышкары, зайымчыдан башка төлөмдөрдү алууга жол берилбейт, буга керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен байланышпаган, зайымчынын өтүнүчү боюнча анын төлөөгө макулдугу менен берилүүчү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз негизде көрсөтүлүүчү кызматтарга кирбеген акы төлөнүүчү кошумча кызматтарды көрсөтүү учурлары кирбейт.
2. Керектөөчү кредит боюнча номиналдык пайыздык ставка келишимдин шарттарына жараша эсептелгенде күнүнө 0,08 пайыздан ашпоого тийиш. Керектөөчү кредит келишими боюнча пайыздар кредиттин негизги суммасынын азаюучу калдыгына номиналдык ставка боюнча чегерилет.
Товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн наркы пайыздарды эсептебестен бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) формада берилген учурда төлөмдүн бир жолку толук төлөмдөгү баасынан ашпоого тийиш. Товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн наркынын ар кандай жогорулашы күнүнө 0,08 пайыздан ашпаган ставка боюнча пайыздык суммага барабар болгон карызга үстөк баа кошулган шартта гана жол берилет.
Улуттук банк кредиторлор үчүн ушул бөлүктө көрсөтүлгөн маанилерден ашпаган пайыздык ставканын же үстөк баанын башка өлчөмдөрүн керектөөчүлөрдү кредиттөө рыногунун абалын эске алуу менен финансылык туруктуулукту камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында белгилөөгө укуктуу.
3. Керектөөчү кредиттин толук наркы жана натыйжалуу пайыздык ставкасы ушул Мыйзамда каралган тартипте келишим түзүүгө чейин зайымчыга милдеттүү түрдө ачыкка чыгарылууга тийиш.
4. Керектөөчү кредиттин толук наркын бурмалаган же кредиттик келишимдин валютасынан башка валютага байланган төлөмдөрдү индексациялоону караган эсептөө ыкмаларын же шарттарды пайдаланууга жол берилбейт.
9-берене. Керектөөчү кредит келишимин өзгөртүү жана бузуу
1. Керектөөчү кредит келишиминин шарттарын тараптардын макулдашуусу боюнча же эгерде Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында башкача каралбаса, келишимде каралган тартипте өзгөртүлүүгө жол берилет.
2. Зайымчы Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында же келишимде каралган учурларда жана тартипте керектөөчү кредит келишимин бузууга укуктуу.
3. Эгерде зайымчы келишим түзүлгөн күндөн тартып бир айдын ичинде берилген керектөөчү кредитти пайдаланбаса, кредитор бул тууралуу зайымчыга билдирүү жана ага төлөнгөн бардык суммаларды (ал бар болсо) кайтарып берүү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында жана керектөөчү кредит келишиминде каралган башка учурларда бул зайьмчынын укуктарын начарлатпаса жана/же милдеттерин көбөйтпөсө, керектөөчү кредит келишимин бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.
4. Зайымчы керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелерди каалаган убакта, толугу менен же жарым-жартылай, айып пулдарды, комиссияларды жана башка санкцияларды төлөбөстөн мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу. Керектөөчү кредит толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда жабылган учурда кредитор зайымчынын керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелерин кайра эсептөөгө, төлөм графигин жана төлөнүүгө тийиш болгон жалпы пайыздардын суммасын (үстөк бааларды) негизги карыздын азайтылган суммасына пропорционалдуу оңдоого милдеттүү. Милдеттенмелердин өзгөргөндүгү же болбосо толук аткарылгандыгы жөнүндө тастыктоо зайымчынын талабы боюнча аны менен макулдашылган, бирок беш жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берилет.
5. Товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү төлөөнү бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) түрүндө керектөөчү кредит берилгенде зайымчы келишимди бузууга жана төлөнгөн сумманы кайтарып берүүнү же болбосо талаптагыдай эмес сапаттагы товарды (жумушту, кызмат көрсөтүүнү) келишимде белгиленген тартипте алмаштырууну талап кылууга укуктуу.
6. Керектөөчү кредитти кайра каржылоо эки жолудан ашык жүргүзүлбөөгө тийиш.
10-берене. Зайымчынын укуктары жана милдеттери
1. Зайымчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) келишим түзгөнгө чейин керектөөчү кредиттин шарттары менен таанышууга;
2) алынуучу керектөөчү кредит жөнүндө ишенимдүү, толук жана кабыл алуу үчүн жеткиликтүү маалыматты алууга, анын ичинде ал боюнча бардык чыгымдарды абсолюттук суммада да, натыйжалуу пайыздык ставка түрүндө да алууга;
3) кредитордон келишимдин шарттарын белгиленген мөөнөттөрдө тийиштүү түрдө аткарууну талап кылууга;
4) керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбоодон же талаптагыдай эмес аткаруудан келип чыккан чыгашалардын ордун толтурууну талап кылууга;
5) келишим боюнча милдеттенмелерди айып пулдарсыз, комиссияларсыз жана башка санкцияларсыз толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда аткарууга;
6) эгерде көрсөтүлгөн товар, жумуш же кызмат көрсөтүүнү талаптагыдай сапатта болбосо же таптакыр көрсөтүлбөсө, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сатуучу милдеттенмелерди талаптагыдай аткарган учурга чейин, товарды, жумушу же кызмат көрсөтүүнү төлөө боюнча акчалай милдеттенмени аткарууну бөлүп жабуу (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) түрүндө берилген керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууну токтото турууга;
7) талаптагыдай эмес сапаттагы товарды (жумушту, кызмат көрсөтүүнү) алмаштыруу мүмкүн болбогон учурда төлөнгөн суммаларды кайтарып берүүнү талап кылууга, мында кредитор зайымчынын милдеттенмелерин кайра эсептөөгө жана анын төлөгөн төлөмдөрүн кайтарып берүүгө милдеттүү, сатуучуга регресстик укугу менен талап коюуга.
2. Зайымчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кредиторго керектөөчү кредит келишимин түзүү жана аткаруу үчүн зарыл болгон ишенимдүү маалыматтарды жана документтерди берүүгө;
2) алынган керектөөчү кредит келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга (эгерде керектөөчү кредит акчалай формада берилсе);
3) алынган керектөөчү кредитти жана пайыздарды, үстөк бааларды же башка төлөмдөрдү келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө кайтарууга;
4) кредиторго байланыш маалыматтарынын, жашаган жеринин өзгөрүшү же финансылык абалынын олуттуу начарлашы жөнүндө өз убагында кабарлоого.
3. Зайымчы Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарына жана келишимге ылайык башка укуктарга ээ жана башка милдеттерди аткарат.
11-берене. Кредитордун укуктары жана милдеттери
1. Кредитор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) керектөөчү кредитти келишимде каралган тартипте жана мөөнөттөрдө берүүгө;
2) керектөөчү кредит келишимин түзүү жана аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди зайымчыдан суратып алууга;
3) ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында жана жарандык мыйзамдарында жана келишимде каралган учурларда керектөөчү кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү жана пайыздарды (үстөк бааны) төлөөнү талап кылууга;
4) зайымчыга кредитордун алдындагы зайымчынын жоопкерчилигин же керектөөчү кредит боюнча зайымчынын милдеттенмелерин аткарууга байланышкан жоопкерчилигин камсыздандыруу келишимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана чекте түзүүнү сунуштоого.
2. Кредитор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) зайымчыга анын укуктары жана милдеттери жөнүндө, керектөөчү кредитти алуу жана аны жабуу шарттарын бузуу менен байланышкан тобокелдиктер жөнүндө, кредит берүү шарттары жөнүндө, анын ичинде керектөөчү кредиттин толук наркы жөнүндө абсолюттук түрдө жана натыйжалуу пайыздык ставка түрүндө, келишимдин шарттарын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жана тартиби жөнүндө ишенимдүү, толук жана жеткиликтүү маалымат берүүгө;
2) керектөөчү кредитти берүү шарттарын жана эрежелерин тейлөө жеринде жана расмий интернет-сайтында (эгерде бар болсо) жайгаштырууга;
3) керектөөчү кредит келишими боюнча кредитордун милдеттенмелерин бузуудан улам зайымчыга келтирилген чыгашалардын ордун толтурууга;
4) зайымчы керектөөчү кредиттин эсебинен товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү төлөө боюнча акчалай милдеттенмени аткарууну бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) менен алганда жана андан жогоруда көрсөтүлгөн товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн талаптагыдай эмес сапаты же алардын алынбагандыгы жөнүндө билдирүү алганда сатуучуга карата талаптар жөнгө салынганга чейин келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууну токтото турууга, андан кийин зайымчынын милдеттенмелерин кайра эсептөөгө;
5) эгерде керектөөчү кредиттин эсебинен бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) менен берилген сапатсыз товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү алмаштыруу мүмкүн болбогон учурда, кредитордун сатуучуга регресстик талаптарды коюу укугу менен зайымчыга керектөөчү кредит келишими боюнча төлөнгөн суммаларды кайтарып берүүгө;
6) зайымчы, анын керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелери жана алардын аткарылышы жөнүндө кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана көлөмдө кредиттик бюрого маалымат берүүгө;
7) жеке маалыматтарды коргоо, банк жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
8) банк мыйзамдарында же келишимде каралбаган комиссияларды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү зайымчыдан албоого;
9) жарнама жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоого жана туура эмес же толук эмес жарнама үчүн жоопкерчилик тартууга;
10) камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түз каралган камсыздандыруунун милдеттүүлүгү түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, зайымчыга керектөөчү кредитти алууга байланыштуу камсыздандыруу келишимин түзүү же түзүүдөн баш тартуу укугун камсыз кылууга.
3. Кредитор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана келишимге ылайык башка укуктарга жана башка милдеттерге ээ.
12-берене. Керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу
1. Керектөөчү кредит келишими боюнча зайымчынын милдеттенмелерди аткаруусу кепилдиктер, кепилдик берүү, мүлктү, баалуу кагаздарды же акча каражаттарын күрөөгө коюу жана Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында жана келишимде түз каралган камсыз кылуунун башка формалары менен камсыздалышы мүмкүн.
2. Кепилдикти жана/же кепилчиликти берүүчү жактардын төлөө жөндөмдүүлүгү Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Камсыз кылуу керектөөчү кредитти берүүнүн милдеттүү шарты болуп саналбайт.
Зайымчынын өмүрүн жана ден соолугун же башка жеке тобокелдиктерин камсыздандыруу керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары таанылбайт.
13-берене. Керектөөчү кредит келишими боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү
1. Кредитор Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык зайымчынын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон шартта, керектөөчү кредит келишими боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу. Мында зайымчы жаңы кредиторго карата мыйзамдар жана келишим менен ага берилген бардык укуктарды жана милдеттерди сактап калат.
2. Кредитор талап кылуу укугун өткөрүп берүүнү Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
3. Керектөөчү кредит келишими боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө кредитор жаңы кредиторго зайымчынын келишим боюнча милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде карыздын өлчөмү, төлөмдөрдүн графиги, эсептелген пайыздар (үстөк баа) жана берилген камсыз кылуу жөнүндө маалыматты берүүгө укуктуу. Мындай маалыматты берүү укук берилген милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө жана жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жол берилет.
4. Керектөөчү кредит келишими боюнча талап кылуу укугу өткөрүп берилген жак жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө, ошондой эле банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого, алардын купуялуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү жана аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
5. Керектөөчү кредит келишими боюнча талап кылуу укугу өткөрүп берилген жак зайымчынын келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарышы жөнүндө маалыматты кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кредиттик бюрого берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Керектөөчү кредит келишими боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүүчү кредитор талап кылуу укугу келишимине зайымчынын милдеттенмелерди аткаруусу жөнүндө маалыматты кредиттик бюрого өткөрүп берүү жөнүндө шартын киргизүүгө милдеттүү.
14-берене. Талаш-тартыштарды чечүү жана зайымчынын укуктарын коргоо тартиби
1. Керектөөчү кредит келишимдеринен келип чыккан талаш-тартыштар сот тартибинде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган соттон тышкары, анын ичинде медиация формаларында чечилүүгө тийиш.
2. Зайымчы жана кредитор талаш-тартышты сотко чейинки тартипте, анын ичинде кредиттик уюмга жана Улуттук банкка, ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароого ыйгарым укуктуу башка органдарга жана уюмдарга даттануу жолу менен же болбосо талаш-тартыштарды чечүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка ыкма менен чечүүгө укуктуу.
3. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу медиация жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте медиацияны колдонуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4. Талаш-тартыштарды сотко чейинки же соттон тышкары жөнгө салуу тараптардын процессуалдык мыйзамдарда белгиленген тартипте сотко кайрылуу укугун чектебейт.
15-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Керектөөчү кредитти берүүнүн шарттарын бузуу, анын ичинде керектөөчү кредиттин толук наркын жашыруу, зайымчыны келишимдин шарттары боюнча адаштыруу, ушул Мыйзамда каралбаган комиссияларды же төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык-укуктук, административдик жана башка жоопкерчиликке, ошондой эле кредитордун жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар менен байланышкан чыгымдарды зайымчыга төлөп берүү милдетине алып келет.
2. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинде белгиленген мааниден ашкан пайыздык ставка же үстөк баа белгиленген учурда кредитор төмөнкүлөрдү камтыган жоопкерчиликти тартат:
1) зайымчынын керектөөчү кредит боюнча пайыздар (үстөк баа) боюнча карызынын суммасын ушул Мыйзамда келишим түзүлгөн датага карата белгиленген өлчөмдөн ашпаган номиналдык ставка (үстөк) боюнча кайра эсептөөнү жана ашыкча чегерилген суммаларды зайымчынын негизги карызын жабууга сарптоону же болбосо аларды зайымчыга кайтарып берүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салууну жана/же банк мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууну.
3. Ушул беренеде каралган жоопкерчилик чараларын колдонуу кредиторду жана зайымчыны ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө келишимдик милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт.
16-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам анын күчүнө кирген күндөн кийин түзүлгөн керектөөчү кредит келишимдерине карата колдонулат.
4. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин түзүлгөн керектөөчү кредит келишимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эгерде мындай өзгөртүүлөр ал күчүнө киргенден кийин киргизилсе, ушул Мыйзамда белгиленген эрежелер боюнча киргизилет.
|
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Жапаров |
|
|
|
|
|
2025-жылдын 25-сентябрында |
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |







