> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

«Кыргызстандын жаратылышы» сериясына арналган монеталар 

 

2026-жылдын 16-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызстандын жаратылышы» сериясындагы «Өрүкзар» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. 

Монетанын алдыңкы бетине гүлдөп турган, кооз өрүк бутагы чагылдырылган. Бажырайып ачылган өрүк гүлү жазды, кыргыз жеринин жаңылануусун жана мол түшүмдү элестетет. Монетанын жогорку бөлүгүнүн сол жагында улуттук оймо-чийме, төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы «10 сом» атайын стилде түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында «Өрүкзар» деген жазуу тигинен жайгаштырылган. Жазуу ири шрифт менен берилген, бул композициялык баланс түзүп, монетанын кайсы тематикага таандык экендигин көрсөтүп турат. 

Монетанын арткы бетинде бышып турган өрүктүн мөмөлүү бутагы чагылдырылган. Монетанын сол жагында жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө кыргыздын улуттук оймо-чиймелери түшүрүлгөн. Ал эми оң жагында «Кыргызстандын жаратылышы» деген жазуу тигинен жайгаштырылган. Монетанын сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана монетанын салмагы (28,28 g) тигинен көрсөтүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби жана монетанын чыгарылган жылы (2026) жайгаштырылган. 

 

Монеталардын мүнөздөмөлөрү:   

 

Монетанын аталышы   

Номиналы   

Металлы  (сапат белгиси)   

Салмагы (г)   

Өлчөмү (мм)   

Сапаты   

Нускасы (даана)   

Сатуу баасы (сом)   

Өрүкзар

10 сом 

Күмүш 925  

28,28    

38,61*33,00  

Proof  

1 000   

8 220 

 

Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана ага сертификат тиркелип өзүнчө кутучага салынып коюлган. 

Коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.