> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

«Спорт» сериясындагы коллекциялык монеталары  

   

«Азия оюндары» монетанын алдыңкы бетинде Ханчжоу шаарында өткөрүлүүчү XIX Азия оюндарынын расмий эмблемасы түшүрүлгөн, анда кытай инь-янь символунун алкагында спорттун ар бир түрү боюнча Азия оюндарына катышуучу спортчулар пиктограмма түрүндө берилген. Монетанын четине тегерете: «Азия оюндары 2022 / 2022 Asian Games» аталышы, сапат белгиси (Ag 925), салмагы (31,10 g) жазылган, ошондой эле монетанын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. 

Монетанын арткы бетинде спортчулардын элеси, ал эми борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын четине тегерете: «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуусу жайгаштырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2022) көрсөтүлгөн. 

 

Монеталардын мүнөздөмөлөрү 

   

Монетанын аталышы  

Номиналы  

Металлы   

(сапат белгиси)  

Салмагы  

(г)  

Өлчөмү  

(мм)  

Сапаты  

Нускасы 

(даана)  

Сатуу баасы 

 (сом)  

Азия оюндары  

10 сом      

күмүш 925°   

31,10   

38,61*38,61   

proof    

1 000   

3 740  

   

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.   

Бардык коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.