> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

"Кызматташуунун Шанхай уюму" коллекциондук монетасы

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кызматташуунун Шанхай уюмуна арналган "Кызматташуунун Шанхай уюму" коллекциондук монетасы 2007-жылдын 2-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган.

Коллекциондук монета күмүштөн жасалган жана эл аралык "пруф" сапатына ээ. Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ.

Монетанын алдынкы бетинде Кызматташуунун Шанхай уюмунун түстүү эмалң менен берилген эмблемасы: уюмга кирген өлкөлөрдүн аймагы бөлүп көрсөтүлгөн жер шаарынын сүрөттөлүшү түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө айланта "КЫЗМАТТАШУУНУН ШАНХАЙ УЮМУ" ("Шанхайская организация сотрудничества") жазуусу берилген. Ал эми анын төмөнкү бөлүгүндө Кыргызстан элдеринин биримдигин туюнткан боз үйдүн түндүгү чагылдырылган. Монетанын сол жагында анын салмагы жана эмнеден жасалгандыгы (Ag 925/28.28), оң бөлүгүндө монетанын номиналы келтирилген.

Кыргыз Республикасынын герби монетанын арткы бетинин негизги композициялык мотиви болуп саналат. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2007) берилген.

Ар бир монета акрил кабыкчасына капталып, сертификаты менен кошо өзүнчө кутучага жайгаштырылган.

Монетанын мүнөздүү өзгөчөлүгү:

Аталышы  

Номиналы 

Чыгарылган жылы 

Металы 

Сапаты 

Салмагы (г) 

Диаметри (мм) 

Нускасы (даана) 

Баасы 

Кызматташуунун Шанхай уюму

10 сом 

200

Күмүш 925 

Пруф 

28.28  

38.60  

1000 

Сатуу аяктаган