> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын чечими менен түзүлгөн.  

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети туруктуу иштеген коллегиалдуу комитети болуп саналат.  

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук берилген. 

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети өз ишин Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына таянуу менен жүзөгө ашырат.  

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин жеке курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет.  

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин курамына Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү көзөмөл блогунун куратору (Комитеттин төрагасы), Улуттук банктын төрагасынын орун басары (кеңеш добуш берүү укугу менен), Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет.  

2024-жылдын отчёттук мезгили ичинде: 

- Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 53 отуруму өткөрүлгөн; 

- бардыгы болуп 155 маселе каралган, алардын ичинен: 

а) 123 маселе коммерциялык банктардын иши боюнча; 

б) 9 маселе БФКУлардын (банк эмес финансы-кредиттик уюмдар) жана башка юридикалык жактар иши боюнча; 

в) 23 маселе Улуттук банктын көзөмөл блогунун ченемдик, отчёттук жана уюштуруу иштери боюнча.