> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Аудит боюнча комитет ички контролдоо системасынын, тобокелдиктерди тескөөнүн жана корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүү милдеттерин аткарат. Комитеттин ишине Ички аудит башкармалыгын көзөмөлдөө, бухгалтердик эсепке алуу стандарттарынын шайкеш колдонулушун камсыз кылуу, финансылык отчеттун сапатына байкоо жүргүзүү, тышкы аудитордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү кирет. 

2025-жылы Аудит боюнча комитет тарабынан 28 отурум өткөрүлгөн, анда Ички аудит башкармалыгынын иши, Улуттук банктын финансылык отчету тууралуу материалдар, ички жана тышкы аудиттин сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы, ошондой эле ички контролдоо системасы боюнча жалпы маалымат кароого алынган.  

Аудит боюнча комитет өзүнүн иши тууралуу маалыматты жылдык негизде Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштап турат.  

Тышкы аудиторлордун көз карандысыздыгын гарантиялоо максатында, Аудит боюнча комитет 2024-жыл үчүн финансылык отчетко аудит жүргүзүү боюнча тышкы аудиторлордун жооптуу өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн.