> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

500 сом номиналындагы банкнота 

  

Номинал  

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы  

Өлчөмү  

Түсү  

Сериясы 

500 сом 

10.05.2023-ж. 

144 х 68 мм 

Күлгүн  

Бешинчи 

500 сом  

01.01.2017-ж.  

144 х 68 мм  

Күлгүн  

Төртүнчү өркүндөтүлгөн 

500 сом  

01.12.2010-ж.  

144 х 68 мм  

Күлгүн  

Төртүнчү 

500 сом  

01.11.2005-ж.  

160 х 76 мм  

Күлгүн-кызгылтым   

Үчүнчү 

500 сом  

28.08.2000-ж. 

160 х 76 мм  

Күлгүн-кызгылтым  

 

2023-жылы чыгарылган 500 сом номиналындагы банкнота 144х68 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан жасалган. Банкноттун басымдуу түсү - күлгүн. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу көп тоналдуу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Анда сандык номинал "500" жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби бар микрооптикалык коргоо тилкеси түшүрүлгөн. 

Портрет, жазуулар ("КЫРГЫЗ БАНКЫ", "БЕШ ЖҮЗ СОМ", "500", "ТӨРАГА"), Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы банкноттун алдыңкы бетинде рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн. 

 

 2023-жылдагыүлгүдөгү 500 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери 

 

Банкноттун алдыңкы бетинде "Манас" эпосунун залкар манасчысы Саякбай Каралаевдин сүрөтү жана "САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ 1894-1971" деген жазуу бар. Портреттин астында "БЕШ ЖҮЗ СОМ" деген жазуу бар. Портреттин сол жагында түсүн өзгөртүүчү боек менен жасалган орнамент бар; банкнотту жантайыңкы алып кароодо, эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот. Банкноттун номиналы "500" банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында жайгашкан. Банкноттун жогорку оң жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жана "ТӨРАГА" деген жазуулар, ошондой эле Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы жайгашкан. Банкноттун ылдыйкы оң жагында ромб түшүрүлгөн, банкнотту жантайыңкы алып кароодо асан-үсөн сыяктуу, сомдун графикалык белгиси С көрүнөт. Ромбдун үстүндө сүрөттөрдүн фрагменттерин жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт. 

 

Банкноттун арткы бетинде Кыргызстандын көк тиреген бийик тоолорунун алкагында Манастын күмбөзү тартылган. Банкноттун жогорку сол бурчунда "500" номиналы, анын астында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу бар. Банкноттун сол тарабында жарыкка салып кароодо ромбду түзгөн сүрөттөрдүн фрагменттери жана чыгарылган жылы "2023" көрсөтүлгөн. Банкноттун ортосунда "500" номиналын камтыган күлгүн-кызгылтым түстүү тилке жана ромб түрүндөгү Улуттук банктын логотиби бар. Төмөнкү оң бурчта номинал сан түрүндө "500" жана "БЕШ ЖҮЗ СОМ" деген жазуу бар. Банкноттун сериялык номерлери банкноттун жогорку оң жана төмөнкү сол бурчтарында жайгашкан. 

 

2016-жылдагы үлгүдөгү 500 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери  

  

Банкноттун алдыңкы бетинде улуу манасчы Саякбай Каралаевдин элеси классикалык оюп басуу ыкмасында түшүрүлгөн. Банкноттун оң бөлүгүндө улуттук оюу-чийменин рельефтик сүрөттөлүшүнөн жарыкка салып кароодо "сом" деген жазуу чагылып көрүнөт.  

 

Банкноттун арткы бетинин оң бөлүгүндө седеп түстүү тилкеден "500" деген сандын жыш кайталанышын жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазууну көрүүгө болот. Банкноттун арткы бетинин төмөн жагында анын чыгарылган жылы ("2016") берилген.   


 2016-жылдагы үлгүдөгү 500 сом номиналындагы банкноттун айырмалоочу белгилери 

  

2010-жылы чыгарылган 500 сом номиналындагы банкнот 144х68 мм өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто күлгүн түс басымдуулук кылат. Банкноттун кагазында түссүз була камтылган, ультра-кызгылт (мындан ары УК) жарыкка салып кароодо люминесцияланган кызыл түстөгү булалар көрүнөт. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу локалдуу суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине ээ. Анда "500 СОМ" деген майда сөздөрдүн катар тыгыз берилишинен турган көзөнөкчө түрүндөгү коргоо тилкеси түшүрүлгөн. Банкноттун алдыңкы бетиндеги портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "БЕШ ЖҮЗ СОМ" деген жазуулар, "500" деген сан, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы рельефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн.   

 

Банкнот өзгөчө дизайнга жана өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ  

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору жагында илбирстин майда сүрөттөлүшүнөн турган "500" деген сан, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, банкноттун кызыл түстө берилген сериялык номери жайгаштырылган. Банкноттун сол жагында кыргыздын залкар манасчысы Саякбай Каралаевдин элеси, жана "САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ (1894-1971) деген жазуу берилген. Чоңойтуп кароодо портрет "Саякбай Каралаев" деген жазуунун кайталанган жыштыгынан турган майда тамгалардан турат. Портреттин сол жагында Саякбай Каралаевдин элеси, "500" деген сан жана шумкардын сүрөтүнүн чагылдырылышынын баары түстүү чагылдырылган голографиялык тилкеде жайгашкан. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо шумкардын учуу оңдон солго карай өзгөрөт. Портреттин арткы планында "Кыргыз Банкы" деген жазуунун улам кайталап берилишин байкоого болот. Портреттин алдында "БЕШ ЖҮЗ СОМ" деген текст жазылган. Портреттин сол тарабындагы ак купондо кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери, жогорудан төмөн карай тигинен жайгаштырылган. Банкноттун оң жагында ачык-күрөң түстөгү айлананын фонунда Манастын скульптурасынын сүрөттөлүшү рельефтүү берилген. Суу белгисинин ак тилкесинде жайгашкан, бири-бирине дал келген сүрөттөлүш, жарыкка салып кароодо "сом" деген сөздү чагылдырат. Банкноттун төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин рельефин камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "500" деген цифралык номинал даана көрүнөт. Банкноттун жогорку сол жана төмөнкү оң бурчтарында "500" деген сан түшүрүлгөн.   

 

Банкноттун арткы бетинде Кыргызстандын көк тиреген бийик тоолорунун алкагында Манастын күмбөзүнүн сүрөттөлүшү берилген. Банкноттун жогорку жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу жана "500" сом деген сан түшүрүлгөн. Банкноттун чок ортосунда седеп түстүү боек менен аткарылган тилке "500" деген сан жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" жазуу жүзүндө иридисценттик элемент берилген. Банкноттун төмөн жагында "500" деген сан, жазуу жүзүндө "БЕШ ЖҮЗ СОМ" жана банкноттун "2010" деген чыгарылган жылы түшүрүлгөн.   

  

2005-жылы чыгарылган 500 сом номиналындагы банкноттор банкноттун узак мөөнөткө колдонулушуна өбөлгө түзгөн бир кыйла өркүндөтүлгөн техникалык мүнөзгө ээ:  

- банкноттук негиз катары кагаздын бат кирдеп калбай турган сапатын жогорулатуу үчүн тез эскирип калбоо жана атайын коргоо касиети боюнча мыкты сапаттагы пахтадан жасалган банкноттук кагаз пайдаланылат;  

- банкноттун бышык болуучу касиетин жогорулатуу үчүн банкноттордун бурчу атайын иштелип чыккан "Cornеrstone" элементтеринин жардамы менен күчөтүлгөн;  

- голограммалардын тышкы таасирлерге карата туруктуулугун жакшыртуу үчүн чаралар кабыл алынган;  

- банкноттун арткы бетинде 2005-жылы чыгарылгандыгы көрсөтүлгөн. 

 

2000-жылдагы чыгарылган 500 сом номиналындагы банкноттор 160х76 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто күлгүн-кызгылтым түс басымдуулук кылат. Кагазга кызыл, ачык жашыл булалар жана УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз булалар киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкнот көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган "500" деген микротексттүү коргоо тилкесине жана оюм-чийимге ээ. Тилкелүү код банкноттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген.   

 

Банкноттун алдыңкы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн тик жайгаштырылган төрт штрихтик белги жана "500" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "500" деген цифра жогорулатылган рельефтик ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Анын жанында бүркүттүн сүрөттөлүшү түрүндөгү жана "500" деген цифралык номиналдагы голограмма орун алган. Голограмманын сюжети - улуттук оюм-чийим, "500" деген цифралык номинал жана кыргыз валютасынын эл аралык коду (KGS). Чок ортосунда, оюм-чийимдин ичинде чегилип аткарылган "500" номиналынын чагылышы; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр; кыргыздын залкар манасчысы Саякбай Каралаевдин элеси (анын айтуусу боюнча "Манас", "Семетей", "Сейтек" трилогиясынын толук варианттары жазылып алынган), жана "САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ (1894-1971)" деген текст жайгаштырылган. Ак купондук тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку рельефте аткарылган шарттуу белги берилген. Төмөнкү тарабында "500" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "500" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "БЕШ ЖҮЗ СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери (цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт), ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин рельефтик сүрөттөлүшүн камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "500" деген цифралык номинал даана көрүнөт.  

 

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "500" деген цифралык микрошрифтти камтыган "500" деген сан жайгаштырылган. Чок ортосунда манасчынын айкели жана "Манас" эпосунан сүрөттөлүштөр берилген. Оң тарабында үч бурчтук түрүндөгү өтмө регистр орун алган. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийменин оң тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "500" деген жазуу орун алган. Банкноттун сол жак бөлүгүндө иридисценттик боек менен аткарылган улуттук оюм-чийим жана "500" деген цифралык номинал орун алган. Сол тарабында тигинен жайгаштырылган оюм-чийимде "БЕШ ЖҮЗ СОМ" деген текст жайгаштырылган. Төмөнкү тарабында "500" деген цифралык номинал жана банкноттун чыгарылган жылы "2000" берилген.