> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Атайын жөнгө салуу режимин түзүү боюнча 

ЭСКЕРТМЕ 

 

Ушул Атайын жөнгө салуу режимин түзүү боюнча эскертме Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) токтому менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого (мындан ары - Жобо) ылайык даярдалган. 

 

1. Ким атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу (билдирме ээси, кошо билдирме берүүчү же параллель тесттин катышуучусу) боло алат? 

Атайын жөнгө салуу режимине кирүү үчүн Билдирме ээси/Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) катары Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак саналат, ал төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) Билдирме ээсинде билдирме берилген күнгө карата милдеттүү экономикалык ченемдерди, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуулардын, ошондой эле тестирлөөгө сунушталган банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү инновациялык операцияларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү аткарылбаган таасир этүү чараларынын жоктугу; 

2) Билдирме ээси жоюу, банкроттук процессинде же атайын режимде болбоого тийиш; 

3) соттун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Билдирме ээсине (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салуунун жоктугу; 

4) Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) уюштуруучуларынын курамында оффшордук аймактарда катталган аффилирленген жактардын же болбосо оффшордук аймактарда жашаган же тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке адамдардын жоктугу; 

5) Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү) төлөөгө жөндөмдүү жана канааттандырарлык финансылык абалга ээ болууга же Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү) атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүү үчүн билдирме сунуштаган күнгө карата акыркы отчёттук финансылык жыл үчүн жетиштүү финансылык ресурстарга ээ болууга милдеттүү

6) атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн кесиптик, техникалык жактан компетенттүү жана жогору абройго, жабдууларга жана башка материалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш. 

 

2. Банктык операциялар жана/же кызматтар чөйрөсүндөгү кызматтарга/технологияларга атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөө үчүн кандай критерийлер колдонулат? 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларга тиешелүү банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө инновациялык кызмат көрсөтүүлөр/технологиялар төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш: 

- банктык операцияларда жана/же банктык кызмат көрсөтүүлөрдө колдонуу үчүн сунушталган инновациялык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жаңы болуп саналат; 

- банктык операцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык чектелсе; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин башка иш менен айкалыштыруу боюнча чектөөлөр, анын ичинде сунушталуучу операциялардын түрү жана тизмеси боюнча чектөөлөр жок болсо; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынбаса жана операцияларды жүргүзүүгө түздөн-түз тыюу салынбаса. 

 

3. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү үчүн билдирмеге кандай талаптар коюлат? 

Атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме (мындан ары - билдирме) Билдирме ээси жана кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) тарабынан Улуттук банкка берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- ушул Жобого карата 1-тиркеменин формасы боюнча даярдалган, Билдирме ээсинин бланкында таризделген арыз ушул Жобого ылайык атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө өтүнүч менен бирге берилет, анда арызга тиркелген документтердин тизмеги камтылууга, ошондой эле жетекчинин колу коюлууга жана Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделүүгө тийиш; 

- ушул Жобого карата 2-тиркеменин формасы боюнча Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) жөнүндө маалымат жана Кошо арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу; 

- ушул Жобого карата 3-тиркеменин формасы боюнча операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалымат, аны тестирлөө Билдирме ээси тарабынан сунушталган. Мында операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалыматта болжолдонгон операциянын, кызмат көрсөтүүнүн/технологиянын мазмуну жана маңызы кыскача көрсөтүлүшү зарыл. Операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө толук маалымат эркин формада, анын ичинде графикалык жана схемалык формаларда кошумча тиркелүүгө тийиш; 

- жарыяланган уставдык капиталдын суммасын көрсөтүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардан тастыктама алуу үчүн реквизиттери менен Билдирме ээсинин/Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же электрондук формалары; 

- Билдирме ээсинин акыркы отчёттук финансылык жыл үчүн тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик/финансылык отчёту; 

- лицензия үчүн төлөмдү тастыктаган документ. Лицензия үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат; 

- лицензия алууга ишеним каттын түп нускасы; 

- эгерде Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынуучу юридикалык жак болуп эсептелбесе, Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында план чегинде/пландан тышкары жерлерде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө Билдирме ээсинин жана Кошо билдирме берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу (1-1-тиркеме); 

- сунушталган операцияны жана кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүдөн күтүлүүчү натыйжаларды болжолдуу экономикалык эсептөөлөр. 

Уюштуруу документтерин жана бухгалтердик/финансылык отчёт берүү талабы Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) катары иш алып барган жактарга таркатылбайт. 

 

4. Билдирмени кароо мөөнөтү 

Билдирме Жобого ылайык документтер тапшырылган учурдан тартып 30 (отуз) жумуш күнү ичинде Улуттук банк тарабынан каралат. 

Улуттук банктын документтерди кароо мөөнөтүнө, эгерде ушул Жободо башкасы каралбаса, Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) (эгер болсо) документтерди жеткире иштеп чыгууга кетирген убактысы кирбейт. 

Эскертүү: атайын жөнгө салуу режими, атайын жөнгө салуу режимин түзүү боюнча билдирмени берүү жана кароо талаптары, атайын жөнгө салуу режимин түзүү, аны өткөрүү шарттары, анын жыйынтыктарын чыгаруу, ошондой эле атайын жөнгө салуу режимин тестирлөөнүн башка талаптары боюнча кеңири маалыматты "Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө" жобосунан таанышууга болот.