Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата социалдык тармактарда өткөрүлүүчү викторина
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валюта – сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Улуттук банктын расмий баракчаларында интернет колдонуучулар арасында «Кыргыз сому тууралуу беш факт» викторинасын Facebook (@kyrgyzbank1992) жана Instagram (@nbkr_kg) социалдык тармактарында 2023-жылдын 15-майынан 19-майына чейин өткөрөт.
Катышуучу болуу жана баалуу сыйлыктарды утуп алуу мүмкүнчүлүгүн ээ болуу үчүн сиз Улуттук банктын социалдык тармактардагы (Instagram, Facebook) аккаунтунун катталуучусу болушуңуз керек.
Викторинанын катышуучусу викторина аяктаганга чейин 1 (бир) гана байгенин ээси боло алат.
Викторинада берилген суроого биринчилерден болуп туура жооп жазган катышуучу викторинанын жеңүүчүсү деп табылат.