Улуттук валютанын 30 жылдыгына арналган викторинанын жеңүүчүлөрүн
сыйлоо аземи
2023-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында улуттук валютанын 30 жылдыгына арналган «Кыргыз сому жөнүндө беш факты» викторинасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Викторина 2023-жылдын 15-майынан 19-майына чейин Улуттук банктын Facebook жана Instagram социалдык тармактарындагы расмий баракчаларында активдүү интернет колдонуучулары арасында өткөрүлдү.
Викторинанын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:
Р.Магомедов
А.Токмергенов
А.Элебесов
К.Нарынбеков
К.Келдибеков
Абдисатар уулу Б.
Кайрат кызы Ш.
Т.Белеков
Н.Давлетова
Викторинанын бардык жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз жана активдүү катышканыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!