Кайта келүү

2023-жылдын 14-майында, «Адинай» жана «Ынтымак» сейил бактарынын аймагында Бишкек шаарынын мэриясынын көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган спорттук жарыш Улуттук банктын, микрофинансылык уюмдардын кызматкерлеринин жана Улуттук банктын өнөктөштөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү

Жарышка үч жаш категориясы боюнча 750дөн ашык адам катышты. Жарыштын негизги максатынан болуп сергек жашоо образын жайылтуу жана финансы секторунун кызматкерлерин дене тарбия жана спортко активдүү тартуу саналат.  

Жарыштын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине грамоталарды жана эстелик белектерин тапшырды.