Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 2023-жылдын 15-майынан тартып 18-май күндөрү «Арена Каракол» спорт залында Ысык-Көл областынын финансы-кредит уюмдарынын кызматкерлери арасында мини-футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.  

Мелдешке Ысык-Көл областында жайгашкан финансы-кредит уюмдарынын ичинен 16 команда катышты.  

Оюндун жеңүүчүлөрү медаль жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйланды.