Кайта келүү
Түзүлгөн күнү: 2023-05-30
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, 2023-жылдын 14-май күнү Нарын шаардык дене-тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде Нарын областынын финансы-кредит уюмдарынын кызматкерлеринин арасында банктар аралык волейбол турнирин өткөрдү. Турнирге жалпы 12 команда катышты.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, аларга баалуу сыйлыктар жана белектер тапшырылды.