Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгы 2023-жылдын 19-майында Э. Кутманалиев атындагы шаардык стадионунда спорттук жарыш өткөрдү. Аталган жарышка Улуттук банктын областтык башкармалыгынын жана Талас областындагы коммерциялык банктардын филиалдарынын 50дөн ашык кызматкерлери катышты. 

Жарыштын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, Улуттук банктын баалуу белектери менен сыйланды.