Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы 2023-жылдын 12-майында Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» шаардык стадионунда спорттук жарыш өткөрдү. Аталган жарышка Жалал-Абад областындагы банктардын, финансы-кредит уюмдарынын 100дөн ашык кызматкерлери катышты. 

Жарыштын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, Улуттук банктын баалуу белектери менен сыйланды.